Жаныбек ӨМҮРАЛИЕВ (Юморалиссмус): «Адамкерчилик илимдеринин доктору болгум келет…»

-Устаттарың ким? Кимге таянасың? «Крышаң» барбы?
-Менин устаттарым, «крышаларым» Шайлообек менен Рамис. Рамисти «двойной» гений, Шайлообекти «тройной» гений дейм. Андан өйдө жок! Стратосфера, ионосфера! Менин жайым сурасаң, Айдараалы «Нөл Шестой» (Жөргөлөк) дегендей, атам кыпчак, апам кыргыз, өзүм мытыис (МТС), машине-трактор станция. Ушуну да мен жаздым. Меники орусча, кыргызча, евро тилде, иливой тилде кете берет. «Я — северо-сухопутный евро-кыпчак» дегенди таап чыктым. Анан, өзүң деле билесиң, биз правофланговый, правошланговый адамбыз, дайыма астыда жүрүшүбүз керек. Элге үлгү болушубуз керек. Элди туура нукка багытташыбыз керек. Түндүк-түштүк деп бөлүнгөнүбүз болбойт. Бөлүнбөй эле жакшы жүргөнбүз. Муну саясатчылар кылды, тукумуң үзүлгүрлөр! Саясатчылар өздөрү жеңил ойлуу «немедей» болушат турбайбы. Түндүк берсе баштыкты, түштүк берер аштыкты. Аштык дегенибиз үрөн, буудай, ун, нан, токоч дегенди түшүндүрөт да, туурабы!

-Азыркы абалың кандай, чыгармачылык эмне болуп атат?
-«Кулак-носту ачпастан, блокнотту ачалы» деп илгери жаздым эле. Эми биз мен акынмын деп көкүрөктү каккандан алыспыз. Мурда эки кишинин бири акын болсо, азыр бир кишинин экөө акын болуп кеткен. Кара блокнотум бар. Мээге бир нерсе «кылт» дей түшсө, ошол блокнотко «жылт» эткизе жазып коем. Кийинчерээк, шарт болуп калса, китеп кылып чыгарып коербуз. Жашоо өз нугу менен өтүп атат. Өзүм дүйнөлүк кароолчулар союзунун мүчөсүмүн. Бир сутка иштеп, бир сутка бош дегендей. Менин өкүнгөнүм, ырларымды карандаш менен жазчу элем. Карандаш өчүп калат экен. Илгери Миңкуштун карандаштары жакшы эле. Далай ырым өчүп калган экен. Ошого өкүнөм. Азыр эми шарик сап менен жазып калдым. Ал деле аман болсун. Жоголуп кеткен жакшы ырларыма өкүнөм. Кээ бир акындар бир ырды улам-улам жазат, оңдоп-тескеп, ийине келтирип дегендей. Мисалы, Шакем ошондой жазат. Көп вариантта. Мен андай жазалбайм. Бир эле шилтеп салам. Кокус жоголуп кетсе, ошо бойдон оомийин болуп калат экен. Карбалас Бакиров жөнүндө сегиз куплет ырым бар эле, эки эле сабы эсте калыптыр: «Кайдасыңар Карбаластай зектерим, каңгыганда мен силерди эстедим…» Карбаластын агасы Бузурманкул Бакиров жөнүндө 10 сап ырымдын эки эле сабы эсте калыптыр. Калганы ошо бойдон жок болду. Апас Жумагулов, Запас Жумагулов, Нимагулов дегендей, запастап жазып койсом болмок экен, таасынгөрү!..Өзүң деле билесиң, мындай саптар менде толтура, «Күмүшай, бизге нимешай», «Жумагүля, без тебя не могу я!», «Деловой — делегой» деген сыяктуу. Эми, менин көп эле учкул сөздөрүм элге тарап кетиптир. Шакеме окшогон, сага окшогон таланттар таратып жүрүшөт, ыракмат. Бирок меники деп жыга чаап, менчиктеп алгандар да болот экен. Андай «авторлор» көп, каражерге кирсин. Баланча деген ресторанда, кафеде сенин ырыңды өзүмдүкү деп уруп ийип премия алдым, кечирип кой, кел жууп берейин деген дос-тааныштар болгон. Бирөөсү айтат, аягында баары мас, түнкү саат бирде ресторандан чыкпайт дейт. Ошондо тура калып менин саптарымды уруп жибериптир: «Неңдурайын, коноктор, токтосун ушул тантырак, тогуз-он мүнөт антракт!» деп. Элдер жыгылып калды дейт. «Керекке терек жыгылат» дейт. Мен эмне ал сөздөрдү сатмак белем. Каалаганча алып, пайдалана беришсин.

-Айылда турат экенсиң, эмне оокат кылып атасың?
-Карабалта менен Кайыңдынын тушундагы этекте Букара, Тельман, Кум-Арык деп коет. Ошол жакта мындайраак жеңелер бар эле, төрт гектар жерин (кыргызча төрт теше деп коет) арендага алып, эки жыл мурда беде сепкем. Эки жыл акысын төлөдүм. Быйыл пайда көрө турган кезим болчу. Сонун болуп чыккан. Мен деле жыргап кеткен жокмун да. Ана чабам, мына чабам деп турганда жеңебиз балдары менен келип беденин көбүн басып алды. 450 түк чөптү басып кетишти. Ыйлагым келди. Делдейип талаада кала бердим. Мен деген ал жерди беш жыл пайдаланышым керек эле да. Мына, кыргызчылык деген кандай! Күйүп кеттим! Жер бир тешеси миң сом. Болуптур, алты миң берейин дедим. Ынабай койду. Өзүм болгону 325 түк алдым. Ээн талаада ачка, ылай суу жутуп жүрүп бактым эле, аягы ушундай болуп бүттү!

-Сүйүү тууралуу ырларың барбы?
-Бир ырым бар. Баса, бир жолу Шакем айтат, сенин «Ушактын жулайымбы муруттарын, ушактын өрттөсөмбү сакалдарын» деген ырың жакшы болчу, эки эле сабы эсте калыптыр деп. Мен өзүм унутуп коюпмун ал ырды. 1975-жылы чыгарыпмын. Шаке эстеп жүрүптүр.

Сүйүү жөнүндө «Антисүйүү» деген ырым бар. Эл жөнөкөй сүйсө, мен тескери сүйүпмүн да. «Сен эгер мен деп күйсөң, мен анда газдай күйөм. Сен мени келбей сүйсөң, мен сени барбай сүйөм. Сен мени антип сүйсөң, Мен сени антисүйөм. Сен бөлөк менен жүрсөң, Мен сени кантип сүйөм?..»

Жолон акенин «4-б класста окуйт элең…» дегениндей, 6-класста окуп жүргөндө 4-класстагы Минеркан деген кызды жакшы көрүп калдым. Кийин бир жолу жолугуп калып, «…ушундай болдуле» десем кейип калды. Ал деле билген эмес да менин бала махабатымды.

-Айткан жок белең?
-Аны мен кыйраткансып, «алтымыш» жыл өткөндөн кийин айтып атпаймбы, өзүм алтымышка чыгалек болсом дагы. Ошондуктан айтыла турган нерсени убагында эле айтып коюш керек экен. Болбосо, көп нерседен калып калат экенсиң. Мен адамкерчилик илимдеринин доктору болгум келет, бул менин сөзүм.

-«Асабада» бир топ эле иштегендей болдуң ээ…
-Ооба. Ошол жылдары «Маңка болуп баратса ырларым, макалчы болуп калармын. Лапша болуп баратса ырларым, лакапчы болуп калармын» деп жаздым. Баса, «Асабада» көп кыздар иштеди, бирок силердин редактыр Чолпон кыйын болчу, катуу жазчу эле. Сүйүн, Жылдыз, Аскер да жакшы жазчу. Баса, эки күн мурда Эркайым учурады эле, «Кыргыз Республикасынын ардактуу корректору» деген наам бергем.

-Шакем экөөңөрдүн окуяңардан айтып бербейсиңби?
-Мен тумак кийчү эмесмин. Чачым эле «тумак» болчу. Бир күнү Шакем суур тумак кийип келди. Кышында болгон окуя. Квартирада турчубуз. Курсташ кыздарыбыз: «Шаке, тумагыңыз кычырайт го!» деп султ-жылт болуп аткан. Анан, кырсыкты кайдан деп дегендей, бешөөбүз мончого жөнөп калдык. Аңгычале кайдан-жайдан, жубарымбек орус, корей балдар тегеректеп калды. «Чак-чук» эле дей түштү. Карасак, «пожилой чалыш» Шакемдин суур тумагы жок, көрсө бизди акмалап келаткан зыянкеч-пыянкеч бандит немелер экен. «Старик, тебе бартер нужен?!» деп бирөөсү өзүнүн эски тумагын ыргытып атпайбы. «Өлө нужен!» дедик. Коен тумак экен. Ошентип, кычыраган суур тумак кийип кетип, кайра коен тумак кийип келгенбиз. Шакем сабакка киргенде эле партанын астына ката калчу. Көрсө, суурдай болбой, жаан же суу кар жааса эле жалпайып калат тура коенчик. Дагы жакшы балдарга жолугуппуз деп күлүп атам, «гумандуу-ыймандуу» бандиттер экен деп. Үшүп калбасын деп өз тумагын ыргыта берип атпайбы. Курсташ, калемдешим Шайлообек Дүйшеевге «Мухаммед (пайгамбар) сыйлыгынын лауреаты» деген дүйнөлүк наам ыйгардым. Шакем буюрса, өлө майлайтын чыгар… Өзүм болсо «Адамкерчилик илимдеринин доктору болгум келет…»

Төлөгөн Онбиржылкиев, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий