1916-жыл — улутчулдук эмес, ал тарых

«Кыргыз эл» коомдук бирикмеси мекенчил атуулдардын башын бириктирип, улуттук аң-сезимди көтөрүү үчүн маданий жана рухий багытта ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан уюм. Бул багытта бирикме «Кыргыз макалдары», «Кыргыз китеби», «Муундан муунга» ж.б. долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Алар кечээ жакында үркүндүн 95 жылдыгына карата Каркыра жайлоосунда эскерүү күнүн белгилеп, үркүн шейиттерине арналган эстелик ташты ачуу аземин өткөрдү.

Кылыч РЫСАЛИЕВ, «Кыргыз эл» коомунун теңтөрагасы: «Суу менен жалаң сөөк аккан учурлар болуптур»
Кылыч мырза, үркүн шейиттерин эскерүү күнү эмне себептен Каркырада өттү?
Көл кылаасында 1916-жылы Боом, Бедел, Ак-Шыйрак, Жети-Өгүз, Сары-Жазга эл качып кырылган эле. Бул жерлерден башка, Каркырага да качкан эл болгон. Ага тарых күбө. Жергиликтүү элдин айтымында, ошондо 30-40 миң адам курман таап, тоо-талаа, жол бүт эле сөөккө толуп, Чымынды-Сайдан агып түшкөн суу менен убагында жалаң сөөк аккан учурлар болуптур. Буга чейин Каркыра, Сан-Ташка мал союлуп бата кылынбаптыр. Жергиликтүү эл колунан келгенин кылып, табылган сөөктөрдү кепиндеп көөмп, коюн союп бата кылышкан экен. Бирок ал жерге атайы жылкы арнап, эл чогулуп, куран окуп бата жая элек. Ушул себептерден улам биз үркүндүн 95 жылдыгына карата дал ушул Каркырага эскерүү күнүн өткөрөлү деп чечтик. Бул иш-чара ата-бабаларыбызга арналып, келечегибиз үчүн өткөрүлдү. Таазим, сый-урмат жана ынтымак — биздин максат ушул.

Эмне иш-чаралар аткарылды?
Негизинен бул жолу үркүнгө үч эстелик коюлду. Биринчиси, Сан-Ташта, Каркыранын өзүндө (кыргыз-казак чек арасына жакын жерде), анан Бишкек-Каракол жолундагы Түп районунун Талды-Суу айылын көздөй кайрылган жолдун оң жагына коюлду. Каркырадагы Көкөтөйдүн ашы өткөн аянттагы Манас атабыздын таш тулгасынын жанына коюлган эстелик ташыбызга Манас атабыздын эн тамгасын, антын жазып койдук. Биздин маалымат боюнча, ушул үч жерде катуу кыргын болуп, сөөктөр көмүлгөн эмес. Иш-чаранын негизги бөлүгү таштарды ачуу аземине жана малга бата кылып, куран окуп, тилек айтууга арналды.

Каражат маселеси кандай чечилди?
Бул демилгебизди Ысык-Көл облусунун кулундары колдошту. Өзүбүз акча чогулттук. Андан сырткары Талас облусу акча которуп берди. Жалпы жонунан бул иш-чарага 700 миң сом акча каражаты кетти. Биз бул эскерүү күнүн өткөрүүгө Кыргызстандын жети дубанына кат жазганбыз. Бул күндү эскерип эле калбай, ата-бабаларыбызга таазим этип куран окутуу менен бирге алар сактап келген алакандай болгон жерибизди кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү үчүн элди биригүүгө чакыруу. Манас атабыз да ушул Каркыра жайлоосунда кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырган. Биз дагы бабаларыбыздын салтын улап элибизди ынтымакка чакырабыз.

Демек, бир сөз менен айтканда, иш-чаранын мүдөөсү өткөндөргө таазим жана элдик ынтымак турбайбы?
Эртеңки келечек азыр башталат. Элди ар дайым ошол элдин ички эрки, тилеги көтөрөт. Эч бир саясатчы же саясат эмес, карапайым эл өзү гана ынтымагы жана эрки менен өзүн көтөрүп, өсүп-өнүгөт. Эскерүү күнү Каркырада өтө тургандыгы бир чети төлгө, жакшылык ооматка болгон тилегибиздин белгиси. Бул жер — Айкөл атабыз Манас көрүп билген жер. Кыргыз дал ушул жерден Чоң Казатка аттанган. Наркы улуу, жери куттуу, ыйык Каркыра ушундай жакшылыктын жери.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ, Кыргыз эл жазуучусу, «Манас эл» кыймылынын төрагасы: «700 миң кыргыздын 45 пайызы кырылган»
Асан агай, кыргыздын башына түшкөн 1916-жылдагы окуя тууралуу эмне дейсиз?
Жашоо деген жаңыланып турган нерсе. Ошол агып турган жашоо дайрасында адам баласы кармана турган көрүнүштөр болуш керек. Мурункунун ачуу сабагы болобу же үлгү сабагы болобу, айтор, тарых өз тажрыйбасын кийинки муунга калтырат. Үркүн биздин кыргыз эли кандай учурда эл катары жок болуп кетиши мүмкүн экенин көрсөткөн. Бул каргаша кыргыз элинин жеке тагдырынан эле келип чыккан нерсе эмес. Ал жалпы дүйнө жүзүндөгү тарыхый өнүгүштүн бир чоң көрүнүшү. Анткени ошол XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү болгон. Айрым элдер ушул мезгилде жоголуп кеткен. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн саякатчылар келип кайсыл элдин начар жактары бар экенин изилдеп, алардын жерин кантип ээлеп алыш керек экенин тактап, чабал элди кайрадан багындыруу маселеси келип чыккан.

Бүгүнкү күн деле биздин мамлекет үчүн опурталдуу болуп турат. Сиз кандай ойлойсуз?
Туура айтасың. Биз азыр да так ошондогудай тарыхый шартта жашап жатабыз. Туш тарабыбызды азыр да баягы эле чоң-чоң өлкөлөр курчап турат. Калкынын саны 1 миллиарддан ашкан мамлекеттер бар. Дүйнө мурдагыдан да ыкчам өнүгүп атат. Ошондуктан биз кыргыз мамлекети эгемендүүлүгүбүздү сактайбыз десек жоголуп кетпеш үчүн эң негизгиси ички ынтымагыбызды бекемдеп, экономикабызды кубаттандырып чоң өлкөлөр менен эриш-аркак болуп жашай турган чакан өлкөнүн үлгүсүн табышыбыз керек. Аны таппасак алдыбызда дагы эле үркүн коркунучу турат. Менин түшүнүгүмдө азыр деле үркүн жүрүп жатат. Себеби, мына кыргыз эли 1916-жылы 700 миң адам болсо ошонун 45 пайыздайы кырылган. Азыр таза кыргыз 3 млн. болсо анын 1 млн.дон ашыгы миграция болуп сыртка кетип калды. Албетте алар жакшы турмуштан кеткен жок. Бул биздин XIX кылымдын аягындагы үркүн сабагын жакшы өнүктүрө албай, дале баягы ыкчам өнүккөн дүйнөдөн артта калып жатканыбызды көрсөтөт. 1916-жылы орусташтыруу жүрсө азыр кытайлашуу, түрктөшүү, батышташуу сыяктуу көрүнүштөр жүрүп, алар экономикалык өзүнүн рычагдары менен бизге кол салып жатат. Биз андыктан үркүндү илимий жактан изилдеп, кийинки муунга анын сабагын тактап жыйынтык чыгарып беришибиз зарыл. Үркүн маселесин так чечсек биз кыргыз мамлекетинин келечегин чечебиз. Бул окуяны биз башка бир элди жек көрүү же улутчулдук менен аралаштырып жибербешибиз керек.

Бабалар эстелигинин ордундагы кафелер
Бишкектин 10-кичи району тарабындагы түштүк дарбазасында үркүн шейиттеринин эстелигин коюуга өкмөт тарабынан 4 гектар бөлүнүп берилген. Ал аянтка баштапкы план боюнча республикалык маанидеги мемориалдык комплекс тургузулушу керек эле. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Тескерисинче, үркүндө шейит кеткен ата-бабаларга арналып тургузула турган тарыхый мемориалдык комплекстин ордуна азыр «Манхэттен», «Фиеста» деген сыяктуу кафелер курулган. Убагында бул боюнча сот иштери деле жүрүптүр, бирок баягы эле акчанын күчү чечүүчү фактор болуп, ал аянттан биздин тарых үчүн болгону 25-30 гана сотых жер калтырылган. Азыр ал жерди да алдырып жиберүү коркунучу бар.
Түштүк дарбазасына таш эстелик 1991-жылы тургузулуп, бирок бир топ убакытка чейин каралбай, таштын ар кайсы бетине сүрөт тартылып, жаман, уят сөздөр жазылып, тегереги таштандыга толуп келген. Жада калса кимдир бирөөлөр таштын бетиндеги жазуу тактасын кошо бузуп, чыгарып кетишкен экен. Кийинчерээк «Кыргыз эл» биримдиги демилге кылып 4 гектардан калган аянтчаны тазалап, таш эстеликти сырдап, кайра жаңы такта салып, «1916-жыл Үркүн» деген жазуусун калыбына келтирген. Ал эми кечээ Боом капчыгайында үркүнгө арналып салынган таш эстеликтин «1916» деген жазуусун кимдир бирөөлөр атайын эле карасанатайлык менен талкалап салганын көрдүк.

Ырас биздин үркүн маселесин эскергенибиз кайсы бир улуттарга же мамлекеттерге жакпайт. Андыктан таш эстеликтер жогорудагыдай карасанатайлыкка туш болуп жатышы мүмкүн. Эгер мындай жорукту көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн өзүбүздүн көпкөн жаштарыбыз жасап жатса анда арбак урат.

Кыргыз өзү эл деле эмес окшойт…
Ыйлап туруп айта турган көкөй кести, 1916-жылы кыргыздын каймагын падышалык Россия кырды, андан кийин кулакка тартып, тап катары жоюп коммунисттик саясат мойсоду. Улуу Ата мекендик согушта эң мыкты 317 миң уулду бердик. Андан калгандарын брежневдик сенектик доор аракка ууландырды. Акыркы 20 жылда, биз өзүбүздү-өзүбүз кырып, адамдык аброюбузду талкалап, элитаны жоготуп анын ордуна криминал лөктөрүн идеал тутуп, мамлекетибиздин коопсуздугуна доо кетирип келебиз. 7-апрелде, түштүктөгү окуяларда биз каратып туруп эле өзүбүздү өзүбүз кырып салдык. Өткөн окуялардан сабак алсак кана? Дагы деле дардаңдап уруу-уруу, түндүк-түштүк болуп бөлүнө калып, кайсы бир жакшы чыкма сөрөй эптеп эле бийликке жетүүнү максат кылып сырткы күчтөр менен ымала түзүп, акчасын алып, өлкөнүн эркиндигин соодалап ийгенге даяр болуп турат. Тарыхтан сабак алып, биригүүнү ойлогон эл минтпейт эле. Бир туруп намысыңа келип, бир туруп арданып анан кыргыз өзү эл деле эмес окшойт деген ойго келет экенсиң.

Эгер чындыкты айта турган болсок, 1916-жылы үркүндүн келип чыгышына да так азыркыдай кызыл тебетей үчүн көрүнгөн мамлекет жетекчилерине кошомат кылган бий, болуштар чоң салым кошкон. Анда түндүктүн жакшы чыкмалары ич ара жайыт талашып, бийлик талашып, бирдиктүү боло албай бирин-бири жамандап, биринен-бири озунуп баскынчыларга жагынып, аларга таянып алып бири-бирине үстөмдүк кылып турганына тарых күбө. Курманжан датканын уулу Камчыбекти ак падышанын желдеттерине саткан өзүнүн жакын тууганы Карасакалдар, өзү барыш үчүн чет элдиктер менен тең ата сүйлөшүүгө жарай турган Бекназарларын уулап көзүн тазалаган Абилбийлер азыр да бар. Андыктан учурда артка бир кайрылып ар кандай учурда кырылган кыргызды эстеп алалы, 30-40ка жакындаган хан болчулар алдыдагы президенттик шайлоодо эң негизгиси мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп, карапайым элдин тынчтыгын сактоого тийиш.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, Бишкек – Каркыра,
«Жа
ңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий