Бексултан Жакиев, Кыргыз Эл жазуучусу: «Эркиндикке элибизди Манас жеткирген»

— Бексултан агай, «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүдө ат көтөргүс эмгек кылганыңызды кыргыз эли билет. Ошондой эле эпосубузду бүткүл адамзаттын оозеки мурасы менен айкалыштыруу жагдайында тынымсыз иш жүргүзүп келатасыз. Биз Сиз менен «Манас» эпосундагы улуттар достугу боюнча маек курсакпы дедик эле. Улуу эпосто элдердин достугу кандайча чагылат? Улуттардын, элдердин ынтымакта жашоосу жагдайында Манас бабабыздын чакырыгы бүгүнкү күндө да аябай актуалдуу болуп турат да?
Көп улуттуу өлкөдө «эл достугу» деп аталган проблема дайым маанилүү болуп келген, маанилүү бойдон кала берет. Аны чычалоо жолу менен эмес, бирөөлөрдү кемсинтүү, же бирөөлөрдөн кемсинүү сезими менен эмес, кылдат, акыл менен жөнгө салуу зарыл. Минтип айтканымдын себеби көп улуттуу Совет доорунда «Эл достугу» дегенди жаагыбыз талыганча кыйкырдык. Кыйкырып атып, өзүбүздү да, өңгөлөрдү да тажаттык. «Сөздү көп айтса тантык болот» демекчи, көрүнгөн жерде көрүнгөндөй ойкуштата берип, бул чакырыктын баркын кетирип салганбыз. Чакырык түрүндө, мыйзам боюнча ал доордо бардык улуттардын укугу бирдей делинген менен, иш жүзүндө бир улутту башка улуттардан жогору коюу саясаты жүргүзүлгөн. Республикадагы мерчемдүү кызматтарга бирөөнү дайындоо, бюджетти пландоо, курулуш, дагы башка толгон-токой маселелер Москва аркылуу гана чечилчү. Ошол доордогу «Эл достугу» саясатында достуктун жоктугу Совет бийлигин кулатып тынды. Жакшы ураан, туура чакырыктардын адилеттик менен ишке ашпаганынын кесепети болду бул. «Манас» эпосунда буга окшогон куру кыйкырыктар, тынымсыз чакырыктар жок. Андагылар айтылган сөздү текке кетирбеген, сөз кудуретин өтө сыйлаган адамдар болгон.

Бекем достукту, ажырагыс ынтымакты эле ажырагыс бекем достукту ураан-чакырыксыз эле ыйык туткан алар. Эл-жер үчүн, үзөңгүлөш достору үчүн кан-жанын аябай салгылашкан эрдигинде, жасаган ишинде болгон Манас баатырдын чоролорду шыктанткан үндөөсү. Чакырык, ураан дегендер учуру келгенде гана ташталган. Маселен, Чоң Казатка бараткан жолдо, Алманбет Сыргакты жанына алып, чалгынга жөнөйт. Эрдиги, кадыр-баркы жагынан Алманбетке да, Чубакка да тең келе албаган ичи тар Кыргыл чал Алманбет менен Чубактын достугун бузуп, ыркын ыдыратуу максатында Чубактын кошуунуна салып-уруп жетет да: «Чубак болбой куруп кал! Алакөөдөн акмагым, ааламды бузам дечү элең… Алманбет чалгын чаларбы?! Кытайдан келген кысталак Алманбеттен кем болсоң, кеңеште жок, кепте жок, келберсиген эр Чубак оорукта жатып каларбы?!» — деп намысына тийип ардантканда, Чубак Алманбетти кууп жетип, Алманбеттин кытайлыгын козгоп, экөө кылычтарын кындан сууруп, кан төгүшөрдө, Манас жетип, бүгүнкү күнгө чейин лакап болуп калган: «Бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөктөргө кеп кетет! Ынтымакты унутуп, кайда кетти эсиңер?!» деген атактуу чакырыгын айтып, чатакты токтоткон. Ушундан кийин Алманбет менен Чубак бардык салгылаштарда бирин-бири ажалдан сактаган, кыйышпас дос болгон. Манас тиги экөөнүн бирин кытай, бирин кыргыз деп бөлгөн эмес. Андай оюна да кирбеген. Экөөнү бирдей кыргыз катары көргөн.

Деги эле эпосубузда улутуна карап мамиле жасаган учурду жолуктурбайбыз. Анда адамгерчилигине, акылына, иштеген ишине, эрдигине жараша мамиле болгон. Совет доорунан бери улут маселесине келгенде көңүл улоочулук, болор-болбос көшөкөрлөнүүчүлүк саясаты үстөмдүк кылып келе жатат. Мындайга кыргыздар да, кыргыз эместер да көнүп алганбыз. Бир өлкөнүн жарандары болгон соң, укугубуз да, милдетибиз да бирдей болгон соң, максатыбыз да бир болуш керек. Ал максат өлкөбүздүн, элдин кызыкчылыгы! Кыргыз эместер Кыргызстанда командировкада жүргөндөй өлкө тагдырына кайдыгер жашаганы жакшы эмес. Ал эми кыргыздар өңгө улуттагы кыргызстандыктардан өзүн артык көрсө, жагымсыз жосун. Маселен, жарандарды кызматка көтөрүү улутуна (ошондой эле регионуна) карата эмес, адистигине, даярдыгына, билимине, түшүнүгүнө, калыстыгына жараша жүргүзүлмөйүн ынтымак бекемделбейт. Антпегенде улуттук трайбализм, регионалдык трайбализм, ошондой эле кадр маселесиндеги иждивенчество күч ала берет. Тактап айтканда, кызматка » улутубуздан кааласа да көтөрөт (регионубуздан), улутубуздан каалабаса да көтөрөт (регионубуздан)» деген догурунуучулук өкүм сүрө берет. Айтарым, көп улуттуу өлкөдө кадр тандоо, кызматка көтөрүү адистигине, жөндөмүнө, билимине, даярдыгына жараша жүргөн кезде гана улуттардын укугу да, милдети да бир максатта туура сакталат. Ошондо гана улуттар арасында интеграция, коомубузда консолидация тез өнүгүшү мүмкүн.

Эмне үчүн Манастын жети осуяты идеология катары иштей албай калды? Канткенде Манас бабабыздын осуяттары мамлекеттик идеологиянын өзөгүн түзөт?
Манастын жети осуяты жакшы ниет менен эле сунушталган болуу керек. Анда дурус ойлор айтылган. Бирок өтө чоркок тил менен жазылгандыктан жугуму жок болуп калган. Адамдын көңүлүн өзүнө тарта албайт. Кыскасы, жети осуятта күнөө жок, күнөө тилинин мээримсиздигинде. «Манаста» калкыбызга осуят болор керемет ойлор жетөө эле эмес, андан алда канча көп. Аларды таап, кармап калуу үчүн эпосту ар кай жеринен чолуп албай, баштан аяк бүт билгенибизде биз, кыргыздар, өзүбүздүн ким экенибизди, кайдан, кантип келгенибизди, дээринде ар-намыстуу, мыкты эл экенибизди билип жашамакпыз. «Манасыбыздын» маани-маңызын билбей майдаланып жатканыбыз жан кейитет. Мансапкордукка, дүнүйөкордукка алдырып жатабыз.

Ала-Тоо аянтындагы түндүк көтөргөн аялдын эстелиги алынып, анын ордуна Манас баатырдын эстелиги орнотулмакчы болуп жатат. Ушул боюнча Сиздин оюңуз кандай?
Туура чечим кабыл алынды деп эсептейм. Буга чейин анын ордуна Манастын эстелиги коюлсун, Чынгыз Айтматовдун эстелиги коюлсун деген сунуштар айтылып келбеди беле. Ушинтип жүргөндөрдүн кайсы бирлери азыр тетири сүйлөп калганына таң калам. Деги эле оң басканды унутуп, тетири жөнөгөндөр көбөйдү арабызда. Бул кыргыз элине жат сапат экенин унутпайлы! «Манас» эпосун жомок дейбизби, дебейбизби, Манас баатыр болгон дейбизби, болбогон дейбизби, эмне десек да, «Манас» эпосу, Манас баатыр кыргыз элинин улуттук ар-намысынын, аң-сезиминин калыптанышында эбегейсиз зор роль ойногондугун унутсак, кесир болот. Өзүбүздү өзүбүз жоготконго тете болот. Эркиндиктин идеясы «Манаста» кенен, мыкты айтылган. Ал эми эркиндикке элибизди Манас жеткирген. Ошондуктан борбор аянтыбызда Эркиндиктин символу катары Манас баатырдын эстелигинин турганы эң туура. Манастын бет маңдайында Чыкебиздин эстелигинин турганы да жөндүү чечим болгон. Кыргыз атагы үчүн Манасыбыз менен Чыкебиздин киндиги туташтай сезилет мага. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата кыргыздын киндиги туташ эки кереметине эстелик тургузуу, август айында орозо кармап, эгемендүүлүктүн майрамы менен Айт майрамынын бир учурга туш келиши — Жараткандын элибизге ыроологон жакшы жышааны. Ошол касиеттүү жышаанды кармап калсак экен…

Айтканыңыз келсин. Маек куруп бергендигиңиз үчүн чоң рахмат.

Маек курган Нургазы Мусаев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий