Курманжан — буйуртма тарых курмандыгыбы?

Журт башы Роза Отунбаева үстүбүздөгү жылды Курманжан датканын 200 жылдыгынын урматына атаган. Алымбек датка менен Курманжан даткадан тараган урпактар катарыбызда барбы деген ынтаа менен иликтеп көрүп, даткалардын бешинчи мууну Чыныбек Абдыкапаровду маекке тарттык.

Чыныбек мырза, сиз даткалардын кандайча урпагысыз?
— Бул жыл Курманжан датканын урпактары үчүн гана эмес жалпы коомчулукка чоң из калтыра турган жагдай түзүп турат. Мен кадимки Алымбек датка менен Курманжан датканын улуу баласы Абдылдабектен тараган тукумдун урпагымын. Алымбектин баласы Абдылдабек, Абдылдабектен Мырзапаяз, Мырзапаяздан Абдыкапар, Абдыкапардан мен.

Таеке журтубуз Сарбагыш. Кадимки Ормон хандын Үмөтаалысынын Чынаркан деген кызы менин чоң таэнем. Бул жөнүндө 40-50 жыл мурда айтуу өтө кыйын болгон. Ал учурлар биз үчүн абдан оор эле. «Манаптын теги», «манаптын урпактары» деп совет доорунда көп жакшылыктардан кемсинет элек. Тагыраагы, кемсинтишет эле. Натыйжасында биздин улуу муун турмуштук бийиктиктерге жетише албай, басынтуудан «жер карама» болуп калган. Чыңгыз агабыз жазган маңкурттай бийлик же доор, ошол абалга жеткирип койгон. Ал агаларыбыз жогорку билимдүү, оозунда сөзү бар келбеттүү жигиттер эле, кайрандар. Азыр биз коомчулукка ыраазычылык билдиребиз. Журтубуз керектүү инсандарын тарыхтан таап учуру келгенде өздөрү эле ордуна коет экен. Тектүү, нарк-насилдүү, салт-санааны ыйык туткан кыргыз мына минтип даткалар темасына кайрадан кайрылып отурат.

— Даткалар темасы эгемендик алган алгачкы күндөн тарта эле козголбоду беле…
— 1991-жылы биринчи ажо Аскар Акаев Ошко бир жагдай менен барып калыптыр. Мен Ош областык кеңешинин депутаты болчумун. Эл чогулган жыйында Аскар Акаев Ош коогалаңына саясий баа берип, Түндүк-түштүк маселесинен кеп козгоп калды. Анан кеп арасына, «Түштүктөн чыккан менменсинген адамдар силерге эмне кылып берди эле, Түндүк-Түштүк дейсиңер» деген таризде Орозбек Абдыкадыровдон баштап, ыраматылык Насирдин Исанов анда тирүү эле ошол кишини кошуп сөз айтты. Акаев сөзүн бүткөндөн кийин суранып жарыш сөзгө чыктым. «Аскар Акаевич, сиз тарыхтын кийинки барактарын ачтыңыз. Мен андан аркы барактарын ачайын. Тарыхый инсандарга кайрылсак… ошол инсандардын бири тирүү болгондо 90-жылы Ош окуясы болбойт эле. Алар: Алымбек датка жана Курманжан датка. Экөө бир үй-бүлөдөн чыккан. Ошол муштумдай аял — Курманжан датка орус баскынчыларына кырдыртпай, кан төктүрбөй «элим-жерим» деп кыргыздарды сактап калды эле. Алымбек датка дагы бирдиктүү мамлекет болуу максаты менен жүрүп, 1862-жылы ордо кутумуна кабылып курман болгон. Мына быйыл Курманжан даткага 180 жыл болуп атат. Ошону жетектеп өткөзүп коелу» деп пикиримди айттым.

— Демек, 91-жылы Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси сизден чыккан турбайбы?
— Аскар Акаев ордунан тура калып, жаныма келип учурашып, демилгени шыр колдогон. Бир жума өтүп-өтпөй указын кабыл алып, мааракени жарыялап, комиссия түзүлүп ошол жылы Курманжан датканын 180 жылдык тою Алайдын «Ак-Босогосунда» өткөн. Быйыл Курманжан датка жөнүндө даректүү тасма тартылып анын ачылышына Роза Исаковна дагы чакырылган экен. Кайрадан сунуш айттык. Роза Исаковна «аял киши үйдүн куту» деген өңүтүн карап, үстүбүздөгү жылды Курманжан датканын урматына атаган.

— Курманжан датка энебиз тууралуу маалыматтардын эң тагын сиздер билсеңиздер керек, датканы элге жайылтууда тарыхчыларыбыздын айрым мүчүлүштүктөрүн байкадыңызбы?
— Ачыгын айтуу керек, эки тарых жазылып калды. Совет мезгилинде бул инсандар тууралуу жазылган тарых көп эле бурмалоого тушугуп, буйуртма болуп калган. Ошол булактардан пайдаланып кээ бир тарыхчылар, санжырачылар Шабдан менен Курманжан датканын ортосундагы кызматташуу мамилесин, жакындык мамиле катары жайылтып жүргөнү- аша чапкандык. Шабдан баатыр1875-76-жылдары Скоблев менен бирге жортуулга барып калганда Курманжан датканын үйүндө болуп, анан «баш кошуу» жөнүндө сөз айткан имиш. Бул чындыкка дал келбеген божомол. Тарых барактарына үңүлсөк Курманжан 1811-жылы жарыкчылыкка келиптир. Ал эми Шабдан 1839-жылы төрөлгөн экен. Байыркы эмес, азыркы кыргыз жигиттер өзүнөн 28 жаш улуу айымга сөз айтпайт. Өз кезегинде айымдар да 28 жашка кичүү жигиттерди карап койбойт. Курманжан датка өз доорунун кадырман инсаны болгон. Шабдан дагы абдан барктуу эле. Кыргыз шартында андай адепсиздик болгон эмес. Биз Курманжан датка жөнүндө элге так маалыматты жеткиришибиз керек. Күмөндүү имиш-имиштер менен элдин башын айлантуу туура эмес. Кала берсе арбактар баарын көрүп турат эмеспи. Бирок, тарых баарын ордуна коет. Азыркы тарыхчылар Курманжан датка темасына кайрадан баш коюп жатат. Шабдан Абдраманов деген тарыхчы-жазуучу көзү тирүүсүндө бир топ эмгектерди жазып калтырды. Таштанбек Кененсариев изилдеп жүрөт. Датканын кичүү уулу Камчыбектен калган муундан жакын карындашыбыз, тарыхчы Турсунай Өмүрзакова баш оту менен киришип изилдеп жатат. Курманжан датка тууралуу архивдик материалдар Ташкентте, Санк-Петербургда, Москвада, ал турсун Францияда, Кытайда бар экен. Сааты келген учурда датка энебиз тууралуу чын маалыматтар толук элге жетет деген ишеним бар. Даткалардан калган урпактар да өз аракетибизди кылып тарыхтын бурмаланган жактарын оңдоо максатында иш алып барып жатабыз. Былтыр апрель окуясынан кийин күзгө маал Шабдандын урпактары менен жолуктук. Буйуртма тарыхта «Шабдан баатыр, Абдылдабекти туткундаган» деп жазылып калбады беле. Алар катачылык кетирсе бизде эмне күнөө, кечиришели деген тыянакка келип, тарыхый булактардын негизинде ба рдыгын чечмеледик. Экөөнүн ортосунан эч нерсе өтпөптүр. Шабдан бир жолу дагы Абдылдабекти «тутуп алам» деп аракет жасабаптыр. Кагаз жазган жокпуз, протокол түзгөн жокпуз. Нагыз кыргызча кол кармашып, ынтымакташып «Адигине менен Тагай бир тууганбыз» деген бүтүмгө келдик.

— Куда-сөөк болгон жоксуздарбы?
— Убакыт көрсөтөр. Толук бир жыл болуп калды. Жакшылык-жамандыктарга бири-бирибизди чакырышып, катышып жатабыз. Аруу тилектер али алдыда.

— Алымбек , Курманжан даткалардын тукуму көп жылдар бою куугунтукталган дешет, ушул чынбы?
— Бул инсандардын урпактары оор тагдырларды кечиришкен. Өздөрүнүн көздөрү тирүүсүндө эле 1876-жылы орустарга каршы болгон салгылашууда улуу баласы Абдылдабек каза тапкан. 1895-жылы ак жерден караланып кичүүсү Камчыбек дарга асылган. Ошол эле жылдары экинчи уулу Батырбек каза болгон. 1917-жылы октябрь революциясына кызмат кылган неберелери Кадырбек Азизбеков, Жамшитбек Карабеков деген балдары куугунтукталып, атылып кеткен. Башка көптөгөн балдары төгүлүп-чачылып, Ташкентти көздөй качып баш калкалашкан. Чоң атабыз Мырзапаяз 1932-жылы экинчи жолу сүргүнгө айдалган боюнча дайынсыз. Жетер жерине жеттиби же жетпей жок болдубу билбейбиз. Менин таятам Жамшитбек билимдүү, орусча таза сүйлөгөн инсан эле. Жамшитбек Алымбек датканын жээни. Түн ичинде келип кайдадыр алып кетишкен экен, ал кабарсыз. Совет доорунда датканын урпактарынын тагдыры өтө оор болгон. Абдылдабектен тараган дагы бир тукум Адышев Муса Мырзапаязович илимдер академиясында иштеп жүрүп, кызматка байланыштуу өмүр баянын жазганда «манаптын теги» деп жазгын» деп талап кылышчу экен. Ушинтип түздөн-түз абройу тебеленген. Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылыч» романын жазып жатканда эл арасында айлап жүрүп маалымат чогултчу. Менин апам куйма кулак киши эле, өз энеси, башында айтып өткөн Чынаркан чоң таэнемден укканын эл жапырт уйкуга киргенде түнү менен Төкөмө айтып берчү. Сак-сактап жашырынып турар эле. Бизден улуу муундарыбыз да жогорку билимдүү, өз учурларынын алдыңкы сабында турган инсандар болгон. Аларга дагы кысымдар болуп турган. Басынтуудан, сарсанаадан баардыгы ооруп 50-60 жаш курактарында дүйнөдөн өтүп кетишти. Атамдын агалары бири-бириникине каттаганда «Айланайын, тегиңди айта көрбө, ишиңден кол жууйсуң» деп эскертип турушар эле. Эң начар жерлерде турчубуз. Турмушубуз оор болду.

— Жеке өзүңүз андай кысымдарды сездиңизби?
— Советтик партиянын катарына өтө албай кыйналгам. 1971-жылы Жогорку окуу жайды бүтүп Хайдаркан сымап комбинатында орус улутундагылар менен иштедим. «Потомки манапов» дап ачык айтышчу. Башында маани берчү эмесмин. Көрсө, түп тамырыман бери иликтениптирмин. Иш боюнча башкаларга салыштырмалуу деңгээлибиз натыйжалуу болсо дагы кызматтык тепкичтерге көтөрүлбөйт элек.

— Оомалуу-төкмөлүү тагдыр да, бир кезде куугунтукталып, убайым тартсаңар, азыр даткалардын теги аталып даражаңыздар көтөрүлүүдө…
— Ушу инсандардын аты, касиети менен бүтүндөй коомчулугубуз көкөлөсө. Баркы, даңкы менен элибиз бийиктесе. Эл арасында болгондон кийин элдин ийгилиги биздики да.

— Сиз бир караганда сүрөттөгү Курманжан датка энебизге түспөлдөшүп кетет экенсиз, датканын даанышмандыгы, эрктүүлүгү, чечкиндүүлүгү, жакшы сапаттары сиздерде барбы, балким сиздер азыркы учурдун талабына жараша лидерлик даражага жеткен чыгарсыздар?
— Коомчулук баа берер. Уучубуз куру эмес. Мен «Тоо кен» өнөр жайында көп кызмат кылдым. «Сымап» комбинатында жетекчи кызматтарга чейин көтөрүлдүм. Андан кийин «Кыргыз алтында» биринчи вице-президент болуп иштедим. «Гос. Гор. Технозордо» иштедим. Каракечеде жылына 30-50 миң тонна көмүр казып алышчу экен, мен барганда 200 миң тоннадан ашырдым. Акыркы кездери «Кыргыз эл биримдиги» деп коом түзүп, кыргыздын кырк уруусун чогултуп, курултайын өткөрүп Түндүк-Түштүк маселесин жоюу максатында аракет кылып жүрөм.

— Курманжан датканын элеси, сөөлөтү, келбети бар кыздарыңыздар барбы?
— Өң-келбети окшош деп айтуу кыйын. Бирок, калкка кадыры сиңген кыздарыбыз бар. Бишкек шаарындагы №51 орто мектептин директору Суусар Мураталиева, врач Хандөөлөт Сарбанова деген карындаштарыбыз бар. Курманжан датканын өмүр жолун бүтүндөй изилдеп жаткан Турсунай Өмүрзакова деген сыймыктанган карындашыбыз бар.

— Балдарыңыз Курманжан датканын урпактары экенин билеби?
— Эки уул, эки кызым бар. Орус мектепте окуп калышкан. Азыр кыргызча үйрөнүшүп, кызыгып калышты. Неберемдин атын Алымбек койгом. Ушул неберемден өткүрлүктү, каада- нарктуулукту байкайм. Ата жолун жолдоп, даткалардын тукумун улаган чыныгы кыргыз жигиттеринен болсо…

— Аттары улук инсандардын урпагысыз да, түшүңүзгө кирип, аян берген учурлар болобу?
— 180 жылдыгында элеси түшүрүлүп жасалган килемче үй бөлмөдө тартылып турат. Күндө эртең менен ийилип таазим кылып, Куран түшүрөм. Аян алган эмесмин…

Лира Азат, “Кереге” («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий