Сөз дайра. 08-16.08.2011

(Уландысы. Башы)

Кыргыздар “шымал” деген сөздүн маанисин билбей калдык.

“Манаста” «Шымаланып сел келди,
                   Шымал жактан жел келди» дейт же “Күнжүрүшү- Анжыян, шымал жагы – ойроттор” дейт.

Күнжүрүш дегени — Күн Чыгыш жагы, Анжыян дегени — Түндүк жагы же түндүк жагында ойроттор жашайт дегени. Ошентип шымал деген – түндүк тарап дегенди билдирет. Кээде түндүктөн соккон желди же шамалды: “Шымалдын жели, шымалдын шамалы” деп койот.

Кыргыздын байыркы сөздөрүнүн дагы бири – “сара” деген сөз. Бул да колдонулбай, унутулуп калды. Ошол эле “Манаста”:

Акундун кызы Айчүрөк,
Ургаачынын сарасы-дейт.

Сара деген – ургаачынын сырттаны, төрөсү, эң жакшы, эң мыктысы деген маанини түшүндүрөт. Мисалы: Баатырлардын сарасы — Манас, жердин сарасы — Ала-Тоо дейт.

Кыргызда: -Хандын калабынан сактасын,
                   Карачанын дооматынан сактасын деген сөз бар. Адегенде  “Хандын калабы” дегенин түшүндүрө кетели. Калабы деген — Калаба деген сөз. Ыр сабына келгенде “калабы” болуп өзгөрүүгө учурап кетет. Ошентип Калаба — чатагы деген сөз же Хандын чатагынан сактасын дегени. Ал эми Карача дегени –  бөлөк-бөтөн, чет элдик же чет өлкө, чет мамлекет дегенди түшүндүрөт экен.

Арбап деген сөз бар экен. Мисалы: Агам Ак үйдөгү арбап кишилердин бири дейт. Арбап деген – кожоюн, чоң кызматкер, мансаптуу  дегенди билдирет экен.

Кепер дегенди да билбей калдык. Илгери айылдагы табып кишилер сыркоолоп калган адамдын тамырын кармап туруп: мунуңар “кепер суук экен”же “кепер ысык экен” деп койгон.

Кепер суугу — адамдын чыйрыгып, ак жайдын күнү да үшүп турганы.
Кепер ысыгы — эти от менен жалын болуп ысып турганы.

Дабир деген сөз бар.

Мисалы: Эрге дабир келгенде,
                Элге тарайт атагы,-дейт. Дабир деген- кези келгенде, ооматы келгенде, жолу ачылганда, багы ачылганда-деген мааниде.

Чайла-деп коет. М: —Көкүрөгүм чайлап кетти,-дейт. “Көкүрөгүмө бугум толуп кетти” деген маанини билгизет. Дагы бир мисал: -Отузга жашың чыкканда, отурткан гүлдөй чайлайсың,-дейт. Гүлдөй жайнап, бажырайып, көркүңө келесиң дегени.

Же “душмандар жер чайлап кетти” дейт. Жерибизге нээти бузук адамдар толуп кетти дегени. “Чайла” деген сөз оң дагы, ошол эле учурда терс дагы мааниде колдонула берет.

Пар деген сөз куштун жүнү, куштун канаты, куйругу дегенди түшүндүрөт. Буга далил катары куштун жүнүнөн жасалган жаздыкты кыргыздар “пар жаздык” деп атап келгенин айтсак болот.

Дагы бир мисал: —Кушту учурган пар болот,-дейт. Паранда же канаттуу деген сөз ушундан чыккан.

Эми ушул эле “пар” дегендин башка бир маанисин чечмелесек “тең” дегенди да түшүндүрөт. Ал сага “пар” эмес экен дейт. “Тең” эмес экен дегени.

“Темир дат болот, киши дак болот” деген да сөз бар. Дак болот дегени түңүлөт, көңүлү калат деген мааниде. М: —Жамандан көңүл дак болот,-дейт.

Коноо деген сөз бар. Алыстан ат чаба турган жерди ушинтип атаган. Мисалы, Коноого чапчу күлүктөй элирип турду,-дейт.

Конолголуу жер — түнөп кетүүгө ыңгайлуу жер. Мисалы: Алар конолголуу жер издеп жүрүштү.

Чомочо деген сөз бар. М: Атадан алтоо туулдум деп чомочоңду көтөрбө,-дейт. Чомочо дегени боюңду көтөрбө, өөдөсүнбө, кадыр-баркыңа, мансабыңа салба дегени.

Борч — карыз, бересе деген мааниде.

Мисалы: Насыя борчко малынба,
                Насыя борчко малынсаң, айлыңдан доо кетеби?-дейт. Карызга батсаң туш-тушуңдан доолагандар келе берип, айлаңды алты кетирет дегени.

Бөлөк-бөтөн элден ооп келип, аралашып, дилин, тилин үйрөнүп, акырындап ошол элдин ырын ырдап, муңун муңдап жүрүп өзүбүздүн кыргызга айланып кеткендей эле, бөлөк-бөтөн тилден кирген сөздөр да акырындап ошол элдин тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп, өз тыбышынан ажырап, “өңү-түсүн” жоготуп отуруп, акыры ошол элдин тилине сиңип кетет.

Мисалы монгол тилинде чер токой деген маанини билдирген шибэр деген сөз кыргыз тилине киргенден кийин шибер болуп, калың чөп дегенди туюндуруп калган.

Ошол сыяктуу эле арабдар эсил деген сөздү түшүнбөйт. Анткени арабдын хасил деген сөзү биздин тилге өткөндө ушинтип эсил болуп өзгөргөн. Ошол эле араб элинин шакь дегени шек, сабаб дегени себеп, хирмиз дегени кырмызы, худрат дегени кудурет, нукат дегени нокот, кубла дегени кыбыла, мусала дегени маселе, бекишт дегени бейиш, хаптияк дегени аптээк, дузак дегени тозок, кылта дегени келте, мех дегени мээр болуп таанылбай калган. “Бул асты чийилген сөздөр айтылуу тилчи Карбоз Дыйкановдун (“Кыргыз тилинин тарыхынан”-Ф. , Мектеп, 1980-ж.) китебинен алынды.

Демек мына ушул “кыргызга” айланган араб сөздөрү аркылуу азыр биз арабдар менен деги эле арабча сүйлөшө албайбыз. Араб алфавити менен араб дини Борбор Азияга IХ кылымда дал ушул аймактын элин исламдаштырыш үчүн киргенин аты ааламга дайын аалымдар өз эмгектеринде ташка тамга баскандай жазып калтырган. Кезинде мына ошол араб доорунун үстөмдүгү менен таңууланып, бирок заман оошкон сайын ооздон түшүп кала берип, акыры керектелбей калган мынабул: агзам, бүйнат, важип, алаба, ибрет, лаал, маазир, магарип, мусалдас, расул, садык, сайкал, сакабат, сейит, сукут, таштит, тилсим өңдүү араб сөздөрүн азыр биз дээрлик түшүнбөйбүз.

Тил деген деле эл сыяктуу бирде кемип, бирде толуп, бирде жалаң топу кийип, чалма салынса, бирде жалаң калпак кийип зыңгырап, ай мунарлуу тоолордо ат ойнотуп, оомал-төкмөл бу дүйнөнүн аласалган дайрасында ичер суусу түгөнүп, көрөр күнү батканча ага берет. Далай тилдер алдуу-күчтүү элдердин үстөмдүгүнө чыдабай соолуп, жок болуп кетет…

Сууга суу, дайрага дайра кошулуп байыгандай, сөзгө сөз кошулуп байыйт. Мында талаш жок. Бирок өз тилин бекем сактаган кыргыздар убагында иран-араб тилинен кирген сөздөрдү дароо эле таманына май төшөп, дароо эле кабыл ала койгон эмес. Көпкө чейин өгөйлөп, жанына жакын жолотпой “качкан”. Чын-чынында эле иран-араб тилинен кирген сөздөр кыргыздарга кыйыр түрдө, бул элдердин өзүлөрү аркылуу түз кирбестен, аларга жакыныраак, карым-катышы күчтүүрөөк, канатташ жашаган тажик, өзбек, казак, татар тилдери аркылуу “араң” кирген. Анткен менен кыргыздар ошол араб, иран тилдеринен кирген сөздөрдүн башына “оронгон” чалмасы менен этеги жер шыпырган көйнөк-дамбалдарын сыйрып салып, “Ээнбаш” өскөн сакалын тегиздеп, башына ак калпак кийгизип, колуна камчы карматып, атка мингизип, ага дейре ийлеп, өңдөп, элдин элегинен өткөрүп, өз сөзүнө айлантып туруп анан кабыл алган.

Ошол сыяктуу эле тээ бир кезде кароол деген сөз өзүбүздүн түрк тилинен барып орус тилине кирип, караул болуп, чулгоо деген сөз чулки же портянки болуп, түрмө деген сөзүбүз тюрьма болуп, теңге-деньги, казына-казна, ордо-орда, коргон-курган, бүркүт-беркут, кымыз-кумыс болуп орусташып кеткени жалганбы? Бул жагдайда тилдердин “аргындашуусу” мыйзам ченемдүү көрүнүштөрдүн бири.

Анан эле заман астын-үстүн кыйрап, СССР урандысынан туралбай, ага чейин туу туткан жакшылыктарынын баарынан кол жууп, көкүрөгү бош калган биз өңдүү элдердин баарын өз короосуна “агызып” кирүү максаты менен колдоруна крест менен теспе кармаган, “асмандан түшкөн” ыйык китептери жана “укук мыйзамдары” менен куралдаган ар кыл түстөгү диний дагы, диний эмес дагы агымдар, коомдук уюмдар биринин артынан бири сел болуп каптады. Адегенде эле алардын өзүнөн мурда тили кирди бизге.

Эне тилибиз эл аралык маркетинг, мецанат, менеджер, менеджмент, фирма, магистр, магистатура, можаритор, ломбард, лицзензия, листинг, легитим, коммерция, глобализация ж.б. экономикалык, юридикалык жаңы терминдер менен байыды. Дагы байый бермекчи.

Тил дүйнөсүнүн жашоосунда Кудайдан бөлөк бир дагы эл бузалбай турган “сингармония” деген эреже бар. Ошол “сингармония” мындан ары “дингармонияга” айланып кетпегей эле деп корком. Анткени биздеги руханий жандүйнө боштугун “толтуруу” үчүн далбастап жаткандардын эң эле “агрессивдүүсү” да, эң эле “ийкемдүүсү” да ислам динин таратуучулар болууда. Мына ушулардын үгүтчүлөрү менен дааватчылары бүгүн кыргыз тилине да өзүлөрүнүкүндөй сандал менен дамбал кийгизгилери келүүдө. Сөз миллиондогон кулак тыңшап, көз тиктеген радио менен телеканалдар аркылуу араб тилиндеги терминдерди, сөздөрдү, тил сынган аталыштарды, ысымдарды кыргыз тилинин байыртан келаткан ички мыйзамына баш ийдирбестен, араб тилинде гана айтууга, сүйлөөгө, жазууга таңуулап, зордук менен “сиңирип” жаткандыгы туурасында болууда. Бул бери дегенде “жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым”, ары дегенде кыргыз элин эл катары эсептебегендикке жатат.

Сөзүбүз кургак болбос үчүн мисалга кайрылалы. Буга дейре кыргыз тилинин мыйзамы менен жашап, кылымдар бою кыргызча сүйлөнүп, жазылып, окутулуп, кыргызча жашап келаткан аалым (окумуштуу) дегенди мындан кийин накта араб тилинде- халим, илимди – хилм, жумурятты-жумхрят, садаганы-садака, адалды-халал деп айтып, сүйлөшүбүз керек экен. Минтип таңуулоонун артында эмнелер турат? Болбосо атам замандан бери эле адал-арам деген эмне экенин эң сонун ажырата билген кыргыздын урпактары бүгүн башы оома үгүтчүлөрдүн айткан-дегенин арка-жөлөк кылып, эмне үчүн дүкөндөрүн “Халал” деп атай баштады? Баарынан да  бабалардын сөзү түгөп калгансып, айрым төкмө акындарыбыздын “адал” сөзүн садага чаап, “халал” деп, Алланы-Аллах деп ырдап калганы жанды кейитет. Акындардын бул өңдүү өз тилине кыянаттык кылган “саткындыгы” аларга эч качан абийир алып келбейт. От менен ойносо болот. Бирок минтип кара башыл калктын ар-намысы болгон, эң эле ыйык, эң эле аялуу, эң эле кымбат нерсеси- тили менен ойногон болбойт. Мына ушунун өзү эле Кудайды ала чуркагандардын өзүлөрүнүн Кудайга каршы жасап аткан иштери деп айтууга болот.

“Адал” деген араб тилинен кирген диний сөз экенин, ал түпкү маанисинде “таза” дегенди туюнтарын, ислам дининде шарият уруксат бергендердин баары адал болору, уруксат бербегендер арам болору барарыбызга белгилүү.

Кыргыздын ар бир оймоктой сөзүнө океандай ой батканын айтка кетпесек болбос. Кыргыз эли байыртан эле адал менен арамга карата: “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”, “Молдокем чочконун тумшугу тийген жерди арак менен адалдайт” деген ылакаптарын, “Адалдуудан түгү жок, ажыдан бөлөк үйү жок”, «Эшектин күчү адал — сүтү арам» деген макалдарын жөн эле чыгарган эмес чыгар.

Кыргызстандын телеберүүлөрү менен радиоуктуруулары аба ырайы тууралуу маалымдаганда дайыма “бузулган тил» менен жарыя берүүсүн улантып келет.

Маселен алып баруучу: — Бүгүн Бишкекте ала булут каптап, түштөн кийин жамгыр жаашы күтүлөт (же күтүлбөйт),-деп жарыя кылганды адатка айлантып алган. Мына ушул “Бүгүн Бишкекте жамгыр жаашы күтүлөт” деген сөз тизмегин жакшылап ойлонуп көрүңүзчү?

Айылыңызга барып калдыңыз дейли. Атаңыз сизге кайрылып: “Балам, сыртта күндүн көзү кандай экен, карап келчи?” деп сурап калды. Сиз сыртты карап келип: “ата, бүгүн узак мөөнөттүү жамгыр жаашы күтүлөт. Азыр Батыштан Чыгышты көздөй ылдамдыгы 20 секундга жеткен сыдырым жел сого баштады” деп жооп бердиңиз. Бул жоопту уккан атаңыз, ачуусуна чыдабай, бери дегенде эле таягы менен жондон алы бир салат, ары дегенде “кайран бала, айнып калган тура” деп жаны кашайып тим болот.

Ошондуктан телеканалдар менен радиодогу аба ырайын уктуруп жаткан кыз-жигиттерге, “айланайындар, кыргызча эле: “Бүгүн Бишкекте жамгыр жаайт (жаабаса «жаабайт») деп эле айткылачы дээр элем.

Кыргыз эч качан “узак мөөнөттүү жамгыр жаайт (бул сөз орустардын “проливной дождь” дегенинин сөзмө сөз котормосу) же “кыска мөөнөттүү жамгыр жаайт” (кратковременный дождь” дегендин сөзмө сөз котормосу) деп сүйлөгөн эмес.

“Кыска мөөнөттүү жамгыр эмес”,  кыргыз жаап келатып бачым басылып калган жаанды “сокур жаан” деп, күн тийип туруп жааган жаанды “өткүн” деп атаган.

“Узак мөөнөттүү жамгыр эмес” нөшөрлөгөн жаан, кара жаан, ак жаан ж.б.

Кыргыздын татынакай эле кыз-жигиттери экранда, эфирде отуруп алып, мына ушул аталыштарды кыргызча айтуунун ордуна, өз элин өмүрү “жаан, шамал, мөндүр” көрбөгөн, алар эмне экенин билбеген, түркөй, жапайы элден бетер өз элин күн сайын шылдыңдап, күн сайын мазактап, башкаларга шылдың кылып, калькаланган мутант тил менен сүйлөп жаткандыгы үчүн кейийм.

“Саат” тууралуу да ушунун эле өзүн айтар элем.

Мисалы алып баруучу: -Бишкек убактысы боюнча саат 16 болду,-деп кулактандырат. Бул да орус түшүнүгүнөн кыргызга жуккан оору. Ошондуктан 15 саат, 17 саат, 18 саат, 21 саат, 22 саат дебей эле, “ кечки саат 5 болду, түшкү саат 2, кечки саат 6, түнкү саат 12” деп сүйлөп, жазсак туура болмок. Анын үстүнө 15 саат, 16 саат деген 15 будильникти, 16 будильникти түшүндүрүп жатпайбы.

Бүгүн балдардан “Токтогул ким?” деп сурасаң: “Токтогул деген көчө”, “Тоголок Молдо ким?” деп сурасаң, “Тоголок Молдо — парк” деп жооп берген күнгө жеттик. Улуу Чыңгыз Айтматов агабыз маңкуртка айланат деген кыргыз жаштарынын айрымдары “Айтматов ким?” десең “ал деген «обончу” деп орсойот.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”

Соц тармактар:

Добавить комментарий