Замирбек Үсөнбаев, КР Эл артисти: «Акындык – адам өмүрүнө тете өнөр»

Ырчылар сыны ыр болот,
Ырдап кеткен жерине
Ырыс менен кут конот
, — деп кыргыздын маңдайына бүткөн залкар төкмөлөрүнүн бири Калмырза бабабыз өз доорунда айтып кетиптир.

Анын сыңары, борборубуздагы Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармония дал ошондой кут конгон жер эмеспи. 1936-жылы түптөлгөн, эчен залкар ырчылар, обончулар, комузчулар, аткаруучулар өз өнөрлөрүн калың журтка тартуулаган филармониянын директору, КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, төкмө ырчы Замирбек Үсөнбаевге кайрылып, ырчылык өнөр тууралуу кеп козгоону туура көрдүк.

— Замирбек агай, маегибиз жалаң «өнөр алды — кызыл тил» тууралуу гана болсун. Алгач, өзүңүздүн чыгармачылыгыңыздан сөз учугун чубасаңыз. Айтылуу төкмө бабабыз Алымкулдун кулуну болуу оорбу, жеңилби?
— Башынан эле баса белгилегим келет, ырчылык өнөр ар бир муун сайын эле кайталана бербей турган кубулуш экен. Тээ өткөн замандын залкарлары Эсенамандан — Үмөтаалы ырчы, Балыктан — Найманбай чыгыптыр. А калган ырчыларыбыздын жолун улаган урпактары жок экен. Болсо да, уул-кызы эмес, бир-эки муундан кийин чыгат экен. Эми өзүмдү айтсам, атам Алымкулдун деңгээлине жете албасам да, колума комуз алып, ырчылык өнөрүн улап келем. А мунун да өз себеби бар…

— Ал кандай себеп?
— Себеби, апам акын киши болгон. Мен 12ге чыкканда, атам каза болуп, таалим-тарбиянын көбүн апамдан алдым. Албетте, өз кезегинде атамдын таасири күч болгон дечи. Үйгө залкар ырчылар келип, комуз чертишип, төгүп ырдашып, чер жазышчу. 6-7 жашымда эле атамды ээрчип ырчылардын топ жыйынына барып жүрдүм.

— Комуз кармаганда эсиңизде калган бир жылт эткен өзгөчө таасирдүү учурду эстесеңиз…
— Эсимде, үйгө Коргоол атам келип, менин комузга ынтаалыгымды сезген го: «Чертип жүр, муну Токтогул өзү берген, бул — Токомдун комузу» деп өзүнүн колундагы комузду карматкан. Мына ушундай жышааналуу күндөр улуу чыгармачылыктын жолуна түшүүгө төлгө болгонуна ыраазымын. Токомдун комузун дале ардактап сактап келем.

— А качан ырдап чыктыңыз эл алдына?
— 1968-жылы, 16дан 17ге кеткенимде. Ага чейин апам көпчүлүккө ырдатпай, көздөн да, сөздөн да калкалап келиптир, азыр ойлосом…Апам: «Балам, улуу төкмөлөрдүн жолун жолдоп атасың, 40ка чыккычакты колуңа калем алып ыр жазба. Анткени, ырдаган менен жазма акындын айырмасы асман менен жердей. Мокоп каласың, шар кетпей каласың»- деп айтчу эле. Апамдын айткандары туура экенине ынанам.

— Бизде төкмө акын деп айтыла берет го, менимче төкмөлүк менен акындыктын айырмасы бар болсо керек.
— Негизи, кыргызда ырчы деп эле койгон. Ал эми төкмөлүк — ошо ырчылыктын бир багыты, а акындык тууралуу айта турган болсок, акындардын баары эле төкмө деген наамга жеткен эмес. Бул наамды эл өзү берген. Андыктан, Алымкул төкмө деп аталышы — элдин берген жогорку баасы. Ал эми казактарда айтыскер деп эле коюшат азыр.

— Казак өнөрү тууралуу сөз болуп кетти, сөздү улай, казак-кыргыз төкмөлүгүнө токтолуп кетсеңиз. Бири-биринен кандай айырмалары бар?
— Айырмасы — кыргызда айтыштын уңгулуулугу сакталып турат. Бизде айтайын деген ойду алдын ала жаттап албай, эч болбо дегенде 20-30 сап жаңыртып ырдайбыз. А казактар атайын даярданышат, жаттап айтышат. Муну өз кезегинде Түгөлбай Сыдыкбеков агабыз да белгилеп кеткен. Кыргызда төкмөлүктүн багыты кенен, мүмкүнчүлүгү жогору келет, а казактарда төкмөлөр жокко эсе.

— Ар бир доордун өз акыны бар дегенге кошуласызбы?
— Албетте. Негизи эле акындык өнөр — адамдын өмүрүнө тете өнөр. Ал заманга жараша, чөйрөгө жараша өнүгөт. Акынды акын кылган — ошо өзү жашаган доор менен эли. Эмне үчүн Арстанбек, Казыбектей ырчылар чыккан кыргыздан? Алар өз доорунун көйгөйүн ырдап чыкканы менен улуу.

— Өз доорунун акыны дедиңиз. Өткөн доордун залкарлары Токтогул менен Жеңижок аталарыбызды биринен бирин өйдө көрүп, ушу азыр «жиликтегендер» чыгып жатпайбы…
— Жок, антүү дегеле туура эмес. Токтогул менен Жеңижок аталарды бири-бирине салыштырып, өйдө-ылдый дештин өзү — туура эмес! Алардын ар бири өзүнчө залкар. Токтогул — революцияны жүрөгү менен кабыл алып, жаңы заманда булбулдай сайрап, кыргыз элине эгемендүүлүктүн эң сонун жемиштерин жеткирген акын. Элибизде:Төрт аягы төп жорго деп коет.Токтогул атабызда ырчылык, комузчулук, кара сөзгө чечендик, куудулдук — баары болгон дешет.

Жеңижок атабызды — ырдын пири дешкен. Күнү-түнү төгүп ырдаса да, бир сөзүн эки кайталаган эмес. Жеңижок бабабыздын «Аккан суу» деген чыгармасын эле айтсак жетиштүү. Алар кыргыз үчүн тоодой кызматын өтөп кеткен адамдар. Биз, азыркылар, мурункуларды өз жайына койсок. Булар бири-бирин сыйлашкан, бири-бирине жогору баа беришкен инсандар. Ысмайыл атабыздын: «Замирбек балам, мен Калык, Осмонкул, Алымкул менен үзөнгүлөш жүрдүм. Ушулардын «мен булбулмун, мен дайрамын, мен океанмын» деп айткандарын кулагым чалган эмес» деп айтканы бар. Улуулардын улуулугу ушунда эмеспи.

— Илгери, устаттык кылып шакирттерине өз өнөрүн, өз үлгүсүн таштап кетүү үчүн жанына ээрчитип алып жүрүп ырчылыкты үйрөтүшчү экен. Бүгүнкү күндө акындыктын мектеби бар деп айта алабызбы? Же бүгүнкү информация мол заманда ырчылык өнөрдүн деле кереги жокпу?
— Акындыктын мектебин түзүү тилегим бар. 1991-жылдан 2008-жылга чейин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун музыка жана фольклор кафедрасында сабак берип келгем. Мына ошол жерде өнөрлүү балдарга дастан айтуу, Манас айтуу, комуз өнөрү боюнча сабак өтүлөт. Бир топ шакирттерди өз колум менен тарбияладым. Ырас, бир кезде комузду колуна алгандарды таппай издеп калган мезгилдер да өттү. А бүгүн кудайга шүгүр, ырчылык өнөрдүн деңгээли улам жогорулап бараткандай.

— Урпактарына улуу мурас калтырган бабаларыбызды — өнөр адамдарын баркына жете баалай алдыкпы-албадыкпы деп ой калчайсызбы?
— Менин жүрөгүмдү ушул ойлор кыжаалат кылып кыйнап келет. Өтүп кеткен улуу аксакал — өнөр адамдарын дале болсо деңгээлине жеткире баалай албай келгенибизди жашыра албайбыз. Эскерип, эстеп келебиз дечи, бирок ошо эскерүүлөрдү уюштурууга келгенде, эл өзү эле калып калат. Мамлекеттик деңгээлге чыгара эскерүү жокко эсе. Бул жагынан коңшу казак туугандар кыйын чыкты. Ардактап, алаканыбызга сала турган өнөрлүү адамдарыбыздын сөөгүн агарта албай келгенибизди моюнга алып коюубуз керек. Дагы жакшы, кыргыз өзү өнөрдү баалаган уюткулуу, уңгулуу калк болгондуктан улам, ырчылык өнөр үзүлбөй келе жатат.

— Деги эле кыргыз элин кандай эл деп баалайсыз?
— Кыргыз элинин ой жүгүртүүсү кенен, жүрөгү таза, дили тунук. Мына, ырдаганыма 40 жылдан ашып барат, эл алдына ырдап чыкканда, ушундай бир кунт коюп, кулагы менен эмес, жүрөгү менен угушат. жыргап угушат, ыйлап угушат…Бирөөнүн ырдап аткан сөзүнө ыйлаган эл аз. Ошон үчүн Манас атаны, Улуу дастанды, манасчыларды берген, кудайым кыргызга. Өз элим үчүн сыймыктанып, кыргызымды улуу эл деп айтышка акым бар. Кыскасын айтканда,
Сан жагынан аз элбиз,
Сапаты жактан таза элбиз!

— Бали, сөзүңүзгө, бар болуңуз!

Маектешкен  Нурбүбү Бөдөшова, «Айкын саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий