22-август – эгиз эл элдешкен күн

1847-жылы 22-августта Казакстандагы Копал коргонунда (азыркы Талды-Коргон шаары) казактардын Улуу жана Орто жүзүнүн бийлик  өкүлдөрү болгон султандары жана бийлери, ошондой эле кыргыздардын манаптары менен бийлеринин ортосунда расмий түрдө  достошуу аземи болуп  өткөн. Бул күн  кыргыз жана казак элдеринин карым-катнаш тарыхындагы маанилүү окуялардан болгон десек жаңылбайбыз. Анткени, бул достук жөнүндөгү келишимдин түзүлүшү Казак хандыгын кайра калыбына келтиргенге жетише алган бүткүл казактын ханына (1841-1847-ж.ж) чейин көтөрүлгөн Кенесары Касым уулунун Кыргызстанга 1845-жылдан тартып жасаган жортуулдары менен башталган кыргыз жана казак – эгиздей элдин ортосундагы, эки жылдык мезгил-мезгилинде чоң кандуу салгылашууга айланып турган согуштун токтолушу эле.

Баарыбызга белгилүү, Кенеса-ры хандын бул аракети 1847-жылдын жазында Токмокко жакын Майтөбө  тоосунун этегиндеги Текеликтин сеңири деген жерде анын  өзүнүн жана бир далай султан, бийлери менен кошо жоокерлеринин  колго түшүп, курман болуусу менен аяктаган. Демек,  өч алышуу коркунучу дагы да толугу менен жоюла элек, ал тутанса каякка алып бармак, али белгисиз болчу.

Ушундай кыйчалыш учурда, азыр бизге белгилүү болуп тургандай,   көбүн эсе Россия империясынын ортомчулук аракетинин негизинде, (чындыгында анын мындай далалаты дайым эле туруктуу болбогон жана  өз кызыкчылыгын көздөгөн кыргыз менен казактардын  ортосунда мамилелерде бардыгы күткөн тынчтыкты орнотууга шарт түзгөн экен. Дегинкиси бул бейкуттук бир жарым кылымдан ашык мезгилде дээрлик бузулган жок. Ылайым эле кыргыз-казак бир туугандык алакалар түбөлүккө  созулат деген ишеничтебиз.

Эки  бөлүктөн  турган бул келишимдин түп нускалары кош тилдерде (орус-казак, орус-кыргыз) түзүлгөндүктөн (азырынча кыргыздар тарабыныкы колубузга тие элек болсо да, анын бар экендигинде шек жок), сиздердин назарыңыздарга толук болгон орус тилдеги вариантын сунуш этүүнү туура таптык:

«а) 1847 года августа 22 дня. Мы, ниже сего приложившие собственные тамги Кыргызского народа бии, присланные по довернности народа нашего к пограничному начальнику сибирских киргизов генерал-майору Вишневскому, дали сие условие в том:

1-е. Обязуемся с народом киргиз (т.е. казах-Д.С.) Большой и Средней орды как подданными Великого Российского государя жить дружно и в спокойствии не делать баранты (угон скота – Д.С), грабёж и смертоубийства, возникаемые между нами незначительные разборы удовлетворять обоюдно по решению нашим степным законом.

2-е. Проходящим через место наших качевьев караванам и торговцам не делать никаих притеснений, а напротив оказывать им защиту и по возможности пособие.

Условие сие обязуемся соблюдать свято и не нарушен, а в случае малейщего не исполнения мы подвергаем себя ответственности гнева Божия.

На подлинном приложили печати: Уметали Урманов, Джантай Атекин (тагыраагы Карабеков – Д.С.), Тамги: Джалантуш (жаңылыш жазылган тагыраагы Джангарач — Д.С.) Исхожин и Токтор Каравчинуров. Верно: секретарь Иван Яценко».

«б) 1847г. августа 22 дня. Мы, ниже сего приложившие печати, тамги султаны и бии Большой орды в присутствии г-на пограничного начальника сибирских киргизов генерал-майора Вишневского с манапами и почетными людми кыргызского народа заключили между собой следующее условие:

1-е. Обязуемся с кыргызовским (ушул жерине сиздердин көңүлүңөрдү бурамын, мындан көрүнүп тургандай, XIX кылымда эле орус чиновниктери биздин элдин атын тупатуура жазышкан экен да, кигиз дебей! – Д.С.) народом жить дружно и в спокойствии, не делать баранты, грабежа и смертоубийства, возникаемые между нами разные претензии удовлетворять обоюдно по решению нащими степными законами.

2-е. Ежели мы нарушим обоюдное наше спокойствие барантою, грабежом и смертоубийством, то подвергаем себя гнево божию и взысканию по российским законам.

Подписали и приложили тамги: Али Адилев, Акиш Аблаев, Рустем Асфандияров, Сюк Аблаев, Булень Шанхаев, Тувганбай Конгелдин, Ачеке Дайырбеков, Супатай Алибеков, Дийканбай Кобсалов, Сары Алтаев.

Өзүңүздөр баамдагандай келишим ошол кездеги эл аралык мамилелерде колдонулган укук нормаларына толугу менен жооп берет. Демек, бул жагдай, мындан башка маалыматтардай эле, дагы бир ирет кыргыз элинин ошол тапта, кудайдан бөлөк эч кимге көз каранды эмес эгемендүү көчмөн мамлекетке эгедер экендигин күбөлөндүрөт.

Бул келишимдин демилгечиси болуп, анын иш жүзүнө  ашырылышына ортомчу болгон Россия империясы көптөгөн тарыхый архивдик документтерден көрүнгөндөй, кыргыздардын Ормон хан Ниязбек уулу (1792-1855-жылдары жашаган) башкарган мамлекетинин болгондугун жана анын Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъекти катары таанылгандыгын айкындайт.

Жогорудагы жагдай көптөгөн санжыраларды жана тарыхчыларды кызыктырган дагы бир суроого жооп берүүгө  мүмкүнчүлүк берет. Мунун маңызы, ошол мезгилде кыргыз коомчулугунда Ормон менен Жантайдын бийликтик артыкчылыгынын даражасы тууралуу эле. 1847-жылы 24-октябрда Ормон Ниязбек уулунун орус  өкмөтүнүн  өкүлү генерал-майор Н. Вишневскийге жазган катына жана башка маалыматтарга таянсак, Копалдагы кыргыз-казак тынчтык келишимине кол коюшкан. Үмөталы Ормон уулу (сарыбагыш уруусунан), Жантай Атекин (тагыраагы – Карабек уулу — сарыбагыш), Токтор Карачоро уулу (кебетеси саяк уруусунан же моңолдор), Жангарач Эшкожо уулу (солто), Ормон Ниязбек уулу тарабынан кыргыз элинин атынан  өкүлчүлүк кылуу ишеничи ыйгарылган. Ал эми каттын аягында  өзүн кара кыргыздардын башкы манабы деп аташы Ормондун ошол таптагы Кыргызстандагы эң жогорку бийликтин – хан титулунун ээси экендигинен ачык белги берип турат.

Өз убагында (1944-жылы) белгилүү кыргыз тарыхчысы, болочок академик Бегимаалы Жамгерчинов кыргыз элинин тарыхындагы ушул мезгилин Ормон хан доору деп, улуу казак аалымы Шокан Уалихановдун аныктамасын, кайталап белгилегендиги үчүн Совет Өкмөтүнүн аткаминерлери тарабынан (1955-ж.) ыгы жок жемеге алынган. Андыктан бул тема туңгуюкка камалып, ушул күнгө  чейин нагыз иликтөөгө  алына электигин айтсак болот.

Акырында, жогоруда айткандарга байланыштуу кээде эң маанилүү мамлекеттик жыйындарда, мезгилдүү басма сөз беттеринде, ал эмес илимий эмгектерде да кыргыз элинин Енисейдеги VII-XIII-кылымдардагы каганатынан бөлөк совет бийлигинин дооруна чейин деги эле мамлекети болгон эмес деген ниглисттик пикирлерди укканда аргасыздан  өкүнүп, өзү­бүздүн тарыхка болгон кайдыгер мамилебизден улам улуу урпактарыбыздын арбактарына ыксыз шек келтирип жаткандыгыбыздан качан арылаар экенбиз деген ойго кабылабыз.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
гуманитардык факультетинин деканынын орун басары,
профессор, Кыргыз Республикасынын
илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,
«Азаттык»,
23.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий