Ай-санат

“Календарь” деген түшүнүктү “ай-санат” деп айтууну сунуш кылам. Колдонулуп жүргөн кыргыз календары “кыргызмын” деген жаранды иренжите турган абдан чаржайыт жана келишимсиз!

Баамдап көрүңүздөрчү – “Баш оона, көчүк оона, бут чалын” жана башка, абдан жарашыксыз жана максатсыз.

Бештин үчүнчү айы, үчтүн төртүнчү айы, жетинин үч-жарымынчы айы ж.б., ушундай да болобу? Эч ылайыксыз, баш аламан.

Кыргыз эли үчүн арданып кетем. Бугу, аркар, кулжа, теке, эчки деп келип, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы деп жыл аяктайт.

Анан, болбой эле, айланчыктап тогоолго такашат… Айларды антип атасак, койдун – “кууту, тууту, кыркын, купка” деген аттарды деле ылайыктасак болот экен да (Койду кырккандан кийин кралин куйган чуңкурга малышат, аны “купка” деп коёт)!

Автомобиль чыгаргандарда, кийим бычкандарда ж.б. тармактарда “дизайн” деген түшүнүк бар. Бул – формасы боюнча келишимдүүлүк, жарашыктуулук дегенди түшүндүрөт. Ал эми биздин ушул календарыбызда дизайндын жыты да жок!

Кыскасы, бул вариант жарабайт деп эсептеймин. Искусствонун адиси катары мен кыргыздын жаңы ай-санатын түздүм. Жаңы ай-санатты түзөөрдө белорустардын, украиндердин, казактардын календарларын карап чыктым.

Украиндер, мисалы, апрелди – зелень – жалбырактар саргайды дегенди туюндурат экен.

Казактар жыл которулгандыгы, каңтарылгандыгы январь айы – “каңтар” дешет экен. Абдан туура. Аш-тойдун айын – октябрды “казанас” деп аташыптыр. Туура, жарашат.

Орто Азияда, мисалы, мартты – “нооруз” айы десек туура болчудай.

Кыскасы, менин ай-санатым:

Январь – алгач ай, февраль – шалбырт, март – нооруз, апрель – көктөм, май – мемир, июнь – бал кымыз, июль – жай чилде, август – берекет, сентябрь – коңур күз, октябрь – казанас, ноябрь – кыш илеп, декабрь – кычыроон.

Менин ушул ай-санатымды баамдап, талдап колдоп бериңиздер.

… Биз, кыргыз деги кызыкпыз, Ысык-Көлдү – Ыскөл, Жалал-Абадды – Жаллабат деп бириктирип айталы деп чыктык. Анда “Чоң-Сары-Ой” – Чоң-Сарай” болуп калып жатпайбы.

Абзацты – “тып” дейли, параграфты – “бап” дейли деп чыгышты депутаттар, башка проблема түгөнүп калгансып.

“Азаттык” – “тик учак”, “кыйгач учак” деп чыгышты, самолёт, вертолётту. Кыргыз радиосу “хорду” – “шыгыр” деп айта башташты. Эч коошпойт. Анан – “үн алгы”, “сын алгы” деп чыгышты. Кажетсиз. Троллейбус, автобус, стол, стул, расписание, каникул, экзамен, светофор сыяктуу сөздөрдү которуштун кереги барбы?! Албетте, кереги жок которуштун.

Которсок логикалык жактан туура которсок. Мисалы, мороженое – бал муздак эмес, “кар-каймак” десек туура болчудай, остановканы аялдама эмес – “кылчактама” десек туурараак болмок. “Азаттык” нефтти – “мунайзат” дешет, “жер май” десек туура келмек…

Илгери кыргыз телерадиодо иштеп жүргөнүбүздө Дооронбек Садырбаев кээ бир орусча түшүнүктөрдүн кыргызча таамай-так котормосу жок экендигин мисал келтирип, бир топ кыжаалат болчу эле.

Учкул сөз, афоризмдер которулганда сөзмө-сөз которуудан оолактоого туура келет.

Астар ТЫНАЛИЕВ, композитор,
«Азаттык»,
23.08.2011ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий