Улуттун акылкарачачтары

Бий өнөрүнүн таң чолпону – Бүбүсайра Бейшеналиева
Балет өнөрү бизге совет доорунда келди. Ошентсе дагы дүйнөлүк классика болуп таанылган бул касиеттүү өнөрдөн  биздин элдин уучу кур эмес. Кыргыз улуттук сахналык хореографиясына алгачкы ак жарыгы менен негиз салган улуу бийчи-балерина Бүбүсайра Бейшеналиева. Ал 1941-жылы Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солистка болуп эмгек жолун баштаган. Ошондо улуу тоолордун койнунда өскөн кыргыз кызы дүйнөлүк классикалык үлгүлөрдүн бири М.Раухвергердин “Чолпон” балети менен тушоосун кесип, түбөлүктүү өнөр сересинин кайталангыс баалуу берметине айланаар болочок тагдыр тапкан эле.

Бүбүсайра Бейшеналиева жөн гана бийчи эмес, бул сейрек өнөрдөгү улуу чебер экендигин баса белгилеп айтууга арзыйт.  Балет өнөрүндө ал жараткан Анар, Раймондо,  Одетта ак куу, Зейнеп, Аврора ханыша, Эсмеральда, Жульетта, Лауренсия, Китри ж.б. образдар Б.Бейшеналиеванын элеси менен кайкып учкан карлыгачтай искусствобуздун алтын тарыхында жаркырап  сакталып калгандыгы чындык.

Совет доорунун бир жакшы жагы таланттуу инсандарга  ар дайым көңүл бурулуп, мамлекеттик деңгээлде эске алынып, бааланып турбады беле. Ал 1954-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти болгон. Андан соң Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лау-реаты, СССРдин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Роберт Уразгильдеевдин “Ал куду эки мүрүсүнө канат бүткөндөй, ичтен оргуштап кайнаган бир сулуу, керемет күчүнө күч кошулуп жаткандай, чарк айланган бийден жүз күн бийлесе да таптакыр чарчабай тургандай болчу” деп айтканы бар.

Ага Теңир талант менен кошо ажайып сулуулукту берген. Ал сахнага чыкканда көрүүчүлөр аткарган ролунан да анын сулуулугуна арбалышкан.

Улуттук маданиятыбыздын айдыңында жана да дүйнөлүк балет искусствосунун ааламында чолпондой чачыраган анын ак жарыгы эч качан өчпөйт.

Мадам Баттерфляй – Кайыргүл Сартбаева
Кыргыздын улуттук маданиятына чоң аброй алып келген Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасы В.А.Власов, В.Г.Фере,  А.Малдыбаевдин авторлугу менен либреттосун жазган Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, К.Маликовдун “Айчүрөк” операсы менен ачылганына тарых күбө. Классикалык өнөрүбүздүн алгачкы карлыгачтары Сайра Кийизбаева,  Мариям Махмутова,  Майнур Мустаева, Мунзия Эркинбаева, Жапар Садыков,  Мамбеталы Кыштообаев,  Кыдырбек Чодронов ж.б. залкарлар өз эстафетасын кийинки муунга өткөрүп кете беришти.

Ошол залкар алп таланттардын аягы келип Айчүрөктү касиеттүү сахнага алып чыккан эжебиз Кайыргүл Сартбаева. Кайыргүл эже бул образды  200гө жакын ирет сахнага алып чыккандыгы эмне деген керемет.

К.Сартбаеванын улуттук искусствого сиңирген эмгеги да, анын тарыхында алган орду да чоң. Бүткүл өмүрүн, өнөрүн театрга арнаган Кайыргүл эже ушул бүгүнкүгө чейин улуттук опера жана балет театрында 60га жакын спектаклге катышып, ал эми анын аткаруусундагы элдик ырлар, Абдылас Малдыбаевден баштап бүгүнкү күндүн залкары Муратбек Бегалиевге чейинки композиторлордун, обончулардын жараткан 600дөн ашык ырлары кыргыз улуттук радиосунун алтын фондуна жазылган.

Кыргыздын булбул таңшык ырчы кызына  Теңир өзү теңдешсиз талантты аябагандыгы чындык. Анын үнү лирика-драмалык сопрано. Учурунда ал Москвадагы П.И.Чайковский  атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүрүп келген. Белгилүү композиторлордун ырларын,  романс­тарын жогорку чеберчиликте аткаруу менен улуттук искусствонун сыймыгы аталды.  Бир нече жолу  эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү болду. Айрыкча ага атак-даңк алып келген Ж.Пуччинининин “Чио-Чио-Сан” операсындагы Баттерфляйдын ролу болду. Токиодо өткөн “Мадам Баттерфляй” эл аралык конкурсунда ал “Дүй­нөдөгү  ири опера сахналарында ырдай алат” деген медаль алган.  Ушул эле ролу менен  СССРдин эл артисти ардактуу наамына татыктуу болду. Айчүрөк менен Баттерфляйдын ролун азыр деле кемелине келтире аткарып коёт. Таланттын күчү ушунда. “Театр менин экинчи үйүм, театрсыз бир күн да жашай албайм” дейт эже маектешүүлөрүбүздүн биринде. Жүрөгү кыргыз деп соккон мекенчил, залкар катары элдик тагдыр күткөн Кайыргүл Сартбаева эжебиз кылым жашын көрсүн.

Алыкулга ыр жаздырган – Зууракан Кайназарова
Кыргыз аялдарынын ичинен аты легендага айланган эжелерибиздин бири – Зууракан Кайназарова. Ал Сокулук районундагы Жыламыш айылынын кызы. Маалыматтарга караганда 1902-жылы 18-июнда туулган.

Зууракан Кайназарова Кыргызстандагы Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры болгон сейрек инсандардан. Ал бүткүл өмүрүн эмгекке гана арнагандай, ишинде бир эмес, бир нече адамдын нормасын аткаргандыгы менен таң калтырган. Айрыкча согуштан кийинки жылдарда ал чоң каармандыкты көрсөткөн. Зууракан эжеге  таланттуу акын Алыкул Осмоновдун арнаган ыры абдан төп келген:

Кызылча эмне? Аккан каны турмуштун,
Эң өжөрү, эң кыйыны жумуштун.
Андай болсо Кайназардын келини,
Миң центнерден түшүм алат деп уктум.

Миң деген сөз айтылбасын курбекер,
Буга теңсиз эч бир баатыр, эч бир эр.
Эрдин эри барып тартып алмайын,

Карыз бербейт, кара мүртөз кара жер. 

Бул жакшы аял, эң этибар жолдо экен,
Кылдат, чебер, таалими бар колдо экен.
Биздин күндүн ушул укмуш адамы,
Кандай күлүп, кандай уктайт болду экен?!”

Акындан ашырып айтыш кыйын го. Канткен менен мындай алп адамдын эмгеги бааланбай калган эмес. СССР Жогорку Советинин биринчи жана үчүнчү чакырылышында, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон. Үч жолу Ленин ордени менен сыйланган. “Эмгек Кызыл Туу” орденинин кавалери. Бир нече жолу медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. Мындай залкарлардын тарыхта калган аты кийинки муундар үчүн үлгү жана сыймык болуп жашай бермекчи.

“Боз балдары” дүйнө кыдырган – Динара Асанова
Динара Асанова деген ким эле? РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын жана Бүткүл Союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон бул аялуу ысымды укканда биздин кыргыз эли гана эмес, дүйнөдөгү миллиондогон кино сүйүүчүлөр жүрөгүнөн кусалуу өткөрүп эскеришет. Анткени ал тагдыр ченеген өз өмүрүндө таланттуу режиссер катары не бир  мүнөздөрдүн, образдардын ачылышын жаратпадыбы. Өзүнүн каармандарынын чөйрөсүн, мезгилин, коомдун ички-тышкы динамикасын айкалыштырып чагылдырып, ошонусу менен миллиондогон көрүүчүлөрдү адамзаттын улуулугун, кымбаттыгын ойлонууга сыйкырлап, өзүнө тартып турган керемет көркөм тасмаларды руханий байлык катары калтырып кетпедиби.

Ал адегенде “Кыргызфильм” студиясында иштеп, андан соң ВГИКтин режиссердук факультетин бүтүргөн. Дипломдук иши болгон В.Распутиндин чыгармасына жазылган “Рудольфио” көркөм тасмасы эң жакшы деген баага татыган. Бирок чыгармачылыктагы чыныгы мыкты эмгек катары саналган “Тоңкулдактын башы оорубайт” көркөм тасмасы менен тушоосун кескен.

Анын күндөлүктөгү бир жазганында мындай саптар учурайт: “Мен адамды сүйөм, мен табиятты сүйөм. Бирок, мен эч бир түшүнбөймүн, эмне себептен адам өзүн-өзү кыйнайт жана өзүнүн бул жарык дүйнөгө келген вазийпасын түшүнбөйт. Эмне себептен ал өзүнүн мажүрөөлүгү менен аёо сезимин чакырат? Мен аёо сезимин көргүм келбейт-бул адамды, анын табиятын кемсинтет.” Динара Асанова мына ушундай ички дүйнөсү бийик, кадамы чечкиндүү, максаты ачык, таланттуу инсан болгон. Ал эч кимге ыксыз багынгысы келген эмес, ошонусу менен ал өзүнүн кайталангыс  талантын, мүнөзүн мажүрөө адамдардан алда канча бийиктигин далилдеген. Кайсы бир себептер менен анын жылдызы “Кыргызфильмден” эмес, Ленинграддан ачылган.  Ал “Ленфильмде” “Таштанды”, “Жан дүйнөнүн ачкычы”, “Чыр-чатактын балдары” “Кайгы”, “Аялы чанып кетти”, “Сен эмнени тандап алат элең?”,  “Асылым, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым…” ж.б. он гана көркөм тасма тарткан. Бирок анын даңазасы өз мезгилинде дүйнөлүк деңгээлде угулган. Өзгөчө анын атын чыгарган “Боз балдар” көркөм тасмасы үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгы тапшырылган. Бул тасмада  ролдорду жалаң өспүрүм балдардан тандап, залкар артисттерден кем эмес турмуштагыдай ойноткондугу менен ал режиссёрдук бийиктигин  көрсөттү.

Динара Асанованын талантын россиялык белгилүү ишмерлер да жогору баалашкан. Искусство чебери В.Приемыхов мындай дейт:” Мындай режиссер, сценарист үчүн бир эле мезгилде иштөө кыйын дагы, жеңил дагы. Динара кесиби боюнча эле эмес, ал жан дүйнөсү менен режиссер. Ошондуктан жеңил жазылган эпизоддор күчтүү чыгып, ал эми ийгиликке жетет деп кыйналыш менен жазган эпизоддор байкалбай калышы мүмкүн. Динара менен иштөө тобокелге салуу дагы. Ага болгону ишенүү гана керек.” Ал эми оператору Ю.Векслер:”Аны менен иштеш оңой.  Фильмдин катышуучуларына толук эркиндик берүү иллюзиясын түзөт дагы ар бирине педагогикалык жол таап, толук ишенимге (балдарга да) ээ. Бул өтө кыйын нерсе”, — деген. Ал Е.Васильева, А.Петренко, Е.Соловей, Федосеева-Шукшина, Е.Цыплакова, М.Левтова сыяктуу белгилүү артисттер менен мыкты иштешкен.

Кинорежиссер Геннадий Базаровдун айтканы мындай: “Динаранын биздин “Кыргызфильмге” келип иштей турган тилеги бар эле.  Акыркы мезгилде ошентип жүргөн.  Биз Динара экөөбүз көп сырдашчубуз. Анткени бала чактан бирге өскөнбүз.  Шаардан барып Чаекте бир класста окуп, бирге бүттүк.  “Кыргызфильм” студиясында режиссердун ассистенти болуп иштеп жүрдү. ВГИКке менден эки жыл кийин тапшырган эле. Ал  окууну бүткөндө кайрадан Ленинградга кетерин айтты.  Бул жерде эле калбайсыңбы дедим.  Так ошондо Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев болуп турганбыз. Мага кошулуп алар да бизге кошулуп иштөөнү сунуш кылышты.  Динара өзүнүн шарты ошого туура келип жатканын айтып, болгон жок”.

Таланттуу кинорежиссер Динара Асанова өмүрдүн 42 гана күлгүн жашын жашап, кыска өмүрүндө “Ленфильмде” ээ болгон атак-даңкы канчалык айтылса дагы, ал кыргыздын кызы деп таанылган. Бул болсо элибиздин чоң сыймыгы.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 23.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий