Жусуп жана 1916-жыл

Мындан туура 95 жыл илгери, боорунда дан орулуп, мөмө жемиштердин берекеси төгүлүп келберсиген өрүштөрдө төрт түлүк мал бетеге, шыбак шимүүргө ныксырап семирип турган август айында падышалык Россиянын жазалоочу отряддарынын мылтыктары, замбректери атылып, кылычтар шилтенип бей-күнөө кыргыздын каны төгүлүп турган бейм. Кеминдин, Токмоктун эли селейди, эл буркурады, боздоду. Дал ушул кезде Кочкор менен Жумгал эли Чүй жакка кулак түрүп, түн уйкуларынан кетишти. Мындан бир аз күн мурда август айынын башында «аскерге жарактуу эркектерди оруска бербейбиз» деп каршылык көрсөтүшүп, Акпадышага (Николай — II) нааразы болушкан Аксуулуктарга (Беловодский) жасалоочу солдаттар биринчи ок жаадырышкан. Кыргыздын улуу үркүнү ушул айда башталып, геноцидке айланган.

Улуттун трагедиясы болгон Үркүн жөнүндө көптөгөн илимий эмгектер көркөм чыгармалар жаралды, 95 жыл ичинде. Ошол көркөм чыгармалардын эң олуттуусу акын Исак Шайбековдун атактуу «Кайран эл» поэмасы болуп эсептелет. Ал эми илимий-тарыхый эмгек улуттун кеменгери Жусуп Абдрахмановго таандык. Бул эки инсан тең улуу трагедияны өз баштарынан өткөрүп, орду толбос, кайтып келбес жакын адамдарынан ажыраган. Кытайга үркүп кайра кайтып келишкен. Акын Исак Шайбеков «Кайран эл» поэмасында кыргыздын башынан өткөн окуяны көркөм сөз менен кынаптап жаратканы кынтыксыз. Сын айтуу мүмкүн эмес. Бирок, окуяны көркөм тил эмес, адамдан өтө кылдаттыкты, изденүүнү талап кылган тарыхый эмгектин да өзүнчө оор салмагы бар эмеспи, мындай эмгекти Жусуп Абдрахманов жараткан. Кеменгердин бул эмгеги «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» деп аталып, ал 1932-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасы тарабынан басылып чыгарылган. Бул баалуу эмгек Сталинизм, тоталитардык системанын темир сандыгында 58 жыл бою окурмандардын колуна тийген эмес. Жусуп Абдрахмановдун атактуу «Күндөлүктөр» деген эмгегинен 1928-жылы 12-ноябрында жазылган мындай саптар кездешет.

Капысынан «Коммунстическая мысль» журналы колума тийип, андан 1916-жыл жөнүндө жазылган макаламды көрдүм. Макалада айрым талаш маселелер курч, даана жазылыптыр. Бирок, анча так эмес.

Өзүңүздөр бул саптардан баамдагандай кыргыздын улуу Үркүнүнө кыргызда эң биринчи болуп кеменгер Жусуп, кашкай Жусуп, акылман Жусуп колуна калем алып баштаган. Ал кезде башка кыргыздардын көбүнө кат сабаты жоюла элек, тамга тааный элек, айрым адамдар гана жазганды билишкен. Баалуу тарыхый эмгек жараткан Жусуп азыркылардай ЖОЖду, аспирантураны окуп илимий жетекчи алган эмес, тарыхый эмгек жаратууга. Ал болгону Ананьевадагы 3 жылдык орус тузем мектебинде, андан кийин Караколдогу жогорку башталгыч мектепте, Октябрь революциясынан кийин Верный шаарында 6 ай аскердик окуу жайда окуган, бирок ал тубаса акылын катал турмуштун академиясын окуган. Кеменгердин илимдин диктатордук даражасына татыктуу жогоруда айтылган «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» тарыхый эмгегине гезиттин кийинки сандарында кайрылабыз.

Азыр болсо 1928-жылы «Коммунистическая мысль» журналына жазган «Жолдош Меницкийдин макаласы жөнүндө» деген макаласына орун берип, окурмандардын назарына коюуну эп көрдүм. (Бул макаланы кезинде мен да которгон элем, бирок сыпайкерчилик кылууну жана башкалардын да кеменгерге кызыктарлыгын эске алып, Советбек Макеновдун орусчадан которгон калемине кезек бердим-авт.)

Жолдош Меницкийдин макаласы жөнүндө
1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн айкындоонун тарыхый мааниси бар.

1916-жылдагы көрөтүлүш революциячыл акт болгондугу талашсыз. Азыр маселе мында эмес, ошо көтөрүлүштү чыгарган себептердин таптык жана улуттук табиятын аныктоодо турат.

1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык күрөштүн кээ бир, анын үстүнө өтө маанилүү элементтери бар дегенге баарыбыз макулбуз. Көтөрүлүш «төмөнкүлөрдүн» кысымы астында, жергиликтүү эзүүчү төбөлдөрдүн кээ бир бөлүгүнүн жан тартышы жана айрым бөлүгүнүн каршылык көрсөтүшү менен башталган дегенге да макулбуз. Бирок бул көтөрүлүш толук жана бүт бойдон таптык мүнөздө болуп, анда улуттук жагдайларга жол берилген эмес дегендикке жатпайт. И.Меницкий улуттук жагдайларга жол берилген эмес деп ойлойт.

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы эмнеде?
Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы: ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905-06-жылдардагы революциянын көз карашынан карап, мындан бир «майда-барат» нерсени — 1905-06-жылдардагы революцияда дыйкандар эмес, жумушчу табы жетектөөчү күч болгондугун көз жаздымында калтырып коет. Орто Азиядагы 1916-жыл жөнүдө мындай пикир айтууга мүмкүн эмес. Жолдош Меницкий мындан башка да бир жагдайды — 1905-06-жылдардагы революцияда аракет кылган күч орус дыйкандарынан тышкары поляк дыйкандары да болгондугун, анан бул көтөрүлүштүн таптык мүнөзү дал ушунда тургандыгын унутуп коет. 1916-жылы аракет кылган күч жергиликтүү гана калк болгон, бул калк орус дыйкандарын мындай коелу, ал түгүл ошол кезде Түркистанда жашап турган бирин-экин жумушчулардан да колдоо алышкан эмес. Ырасын айтканда, орус дыйканы тараптан мындай колдоо болушу да мүмкүн эмес эле, анткени падышанын колонизатордук саясатынан улам анын кызыкчылыктары жергиликтүү калктын кызыкчылыктарына кайчы келип турган. 1916-жылдагы көтөрүлүш нукура таптык көтөрүлүш болгондо, ошол кезде Түркистанда жашап жаткан алдыңкы жумушчулар өзүлөрүнүн саясий аң-сезим жагынан артта калгандыгына карабастан, көтөрүлүштү колдоп чыгышмак болчу. Түркистандын жергиликтүү калкынын көтөрүлүшкө өзүнчө чыгышы жана ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук мүнөз алып калышы анын нукура таптык эмес мүнөздө болушу түшүндүрүлөт.

1916-жылдагы көтөрүлүш жергиликтүү буржуазиянын да, ошондой эле кайсы улуттан экендигине карабастан, башка бардык эксплуататорлордун да адам чыдагыс эзүүсүнө каршы нараазылык билдирген эзилген таптардын гана чыгышы болгон деп ырастоо — 1916-жылдын тарыхый жүзүн будамайлоо, чындыкты бурмалоо, социалдык жана улуттук айрым топтордун өз ара мамилелерин түшүнбөө дегендик.

Жергиликтүү калктын ичиндеги дифференциялануу жагында маселе Жолдош Меницкийге көрүнгөндөй абалда болсо, анда биз Улуу Октябрь революциясынын 9-жылында жергилктүү калктын эмгекчи катмарларын жергиликтүү чөйрөдөгү патриархалдык-феодалдык жана эксплуататор төбөлдөрдүн таасиринен куткарып алуу зарылдыгы жөнүндө ооз ачпайт элек да.

Түркистандын жергиликтүү калкы өнүгүүнүн кандай баскычында тургандыгы менен эсептешер болсок, анда бул кокустук эмес, мыйзам ченемдүүлүк. Айтсак, алардын кээ бирлери (кыргыздар жана түркмөндөр) уруулук-патриархалдык мамилелерден феодализмге, башкалары (өзбектер) феодалдык мамилелерден сода капитализмине өтө баштаган.

Кийинки учурда жана ушундан улам ал кезде азыркы Өзбекстандын кыйла райондорунда феодалдык мамилелер али сакталып турган, анан эксплуататор төбөлдөр катары феодал төбөлдөрдүн жүзү ачылбай калган (бул материал «Коммунистическая мысль» журналынан (1926. № 1-2) тексти боюнча которулуп басылды).

Көтөрүлгөндөр жергиликтүү калктан чыккан кызмат адамдарына жана оокаттуу адамдарга каршы кээ бир жерлерде репрессиялык чараларды көргөн деген негизде өзүнүн «таптык күрөш» теориясын чыгарууга, башкача йатканда Жолдош Меницкийдикиндей көз карашта турууга таптакыр болбойт.

«Түркистандын дыйкандары жана көчмөндөрү жетилип келе жаткан революцияда жеңип чыккан орус дыйканы гана келгиндер башкармасынын колонизатордук жырткыч саясатын тыйпыл кыларын эң сонун түшүнүшкөн». Жолдош Меницкий үзүл-кесил ушундайча ырастайт, бирок чындык мындай эмес. Колониялык көз каранды өлкөдөгү орус дыйканынын ролунан эч нерсени түшүбөгөн адам гана ушинтип жазат. Анткени, Түркистанды колониялоо негизинен агрардык багытта жүргөндүгү, анан бул жагдай орус дыйканын аргасыздан «чыныгы колонизатор» жергиликтүү калктын жер-суусун тартып алган баскынчы кылып койгондугу белгилүү. Ошондуктан жергиликтүү дыйкандар жана көчмөндөр үчүн орус дыйканынын өзү падышачылыктын колонизатордук саясатын «тыйпыл кылуучу» күч эмес, жырткыч колонизатор болгон. Ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштөн ошол кездеги түзүлүшкө караганда орус дыйканы көп жабыр тарткан.

Жолдош Меницкийдин башка дагы бир жобосу жайында эмес. Ал — «ата-мекендик», башкача айтканда, орус капиталы менен жергиликтүү капиталын жана жергиликтүү калктын эксплуататор төбөлдөрүнүн өз ара мамилелери, туурарагы байланыштары туурасындагы маселе. Жолдош Меницкийдин пикирине караганда мындай болуп чыгат: жергиликтүү капитал ата мекендик капитал менен конкуренциялашууга жарай алаар бөтөнчө күч болгон эмес, ал ата мекендик капиталга кызмат кылып турган, ошондуктан аларда сепаратчылдык умтулуулар болбоптур, алар падышалык бийликти кулатуу, Түркистанды Россиядан бөлүп алуу жөнүндө, албетте ойлошкон да эмес экен».

Ата мекендик капиталдын күчү жөнүндө талашпайлык, бирок сепаратчылдык умтулуулар болбогондугу жөнүндө келгенде алаш-ордочулардын жана «ШураИсламиянын» 1917-жылдагы иштери жөнүндө, булар жергиликтүү эксплуататор төбөлдөрдүн жана динчилердин «партиялары» болгондугун, алар Россияга көз карандысыз, панисламдык бирдиктүү мамлекет түзүү идеясын үгүттөшкөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.

Эмне, бул сепаратчылдык эмеспи? (Правда Востока» — 12/VIII. №183.)

Орусчадан которгон Советбек Макенов

Даярдаган Жолдошбек Токоев, «Айгай», («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий