А.Бернштам. “Кыргыздардын пайда болушу, алгачкы маалыматтар”

Минусин коргон маданиятынын аякташы менен Енисейлик коомдоштуктардын тарыхый өнүгүшүнүн жаңы этабы башталат. Минусин коргон маданиятынын көрүстөндөрүндө чагылдырылган мүлк жагындагы теңсиздиктин күчөшү, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана колодон куюп, буюм жасоого адистешкен кол өнөрчүлөрдүн бөлүнүп чыгышы, алмашуунун өнүгүшү — мына ушулардын бардыгы уруулук түзүлүштүн негизи болгон жамааттык эмгектин жоюлушуна алып келди. Уруунун ролунун жоюлушу менен бирге, албетте, анын атрибуттары да жок болду.

Баарынан мурда, турмуштан эндогамия, б.а., башка уруулардын адамдары менен никелешүүгө тыюу салынган салт жок болду. Малды кайтарууга байланыштуу келип чыккан согуштардын күч алышы, согуш туткундарынын, алардын ичинде күңдөрдүн сөзсүз түрдө пайда болушу ар түрдүү расалык типтердин, ошондой эле, тилдердин, маданияттын жана ушу сыяктуулардын аралашуусуна өбөлгө түздү. Биз тараптан жогоруда изилденген бир кыйла байыркы мезгилдерден бери өнүгүп, күч алып өсүп отурган алмашуу, ошондой эле, Борбор Азияда, б.а. карасук доорунан бери енисейликтер байланышта болуп келген аймактардагы тийиштүү саясый конъюнктуралар бул аралашуу процессин тездетүүгө таасирин тийгизип, Енисейдин калкынын этностук курамында кескин өзгөрүүлөрдү пайда кылган.

Мындай жагымдуу таасири болгон жагдай-шарттарга, баарынан мурда, гуннулар75, андан кийин сяньби уруулук союзунун ролун жана анын Енисейлик уруулар менен өз ара мамилелерин көрсөтүүгө болот. Биз дал ушул уруулар союзунун тарыхы аркылуу «кыргыз» деген аталыш менен алгачкы ирет таанышып отурабыз.

Өткөн бапта биз кыргыз урууларынын келип чыгышына негиз болгон Жогорку Енисейдеги мал багып өстүрүүчү уруулардын пайда болушунун жана өнүгүшүнүн этаптарын карап чыккан элек. Азыр болсо, бизге кыргыз деген этноним алда канча мурда эскерилген жазма булактарга көңүл бурмакчыбыз.

«Кыргыз» этнониминин алда канча байыркы мезгилдеги эскерилиши, биз жогоруда көрсөткөндөй, кытай тексти Шицзиде, анын гуннулардын шанүйү Мао-Тундун жортуулу жөнүндө айтылган бөлүгүндө учурайт. Текстте мындай деп айтылат: «… андан кийин алар (гуннулар) түндүктө Хуньюй, Цзюй-ши, Динлин, Гэгунь жана Цайли ээликтерин баш ийдирди. Ошондуктан гунну аксакалдары (дачэнь) менен жакшылары (Гуй-жэнь) шанүй  Мао-Тунга багынышып, аны акылман деп табышты76». Андан ары мындай делинет: «…ошол учурда» (201-ж. көрсөтүлөт) жана андан ары биздин темабызга тиешеси жок окуялар жөнүндө баяндалат. Жогоруда келтирилген үзүндүнүн Шицзи текстинде алган ордуна караганда окуя 201-жылы болгон деп белгиленүүгө тийиш. Бул адабиятта да орун алып, «кыргыз» термининин «гэгунь» формасында эң байыркы мезгилдеги эскерилиши б.з.ч. 201-ж. таандык деп эсептөө кабыл алынган. Бирок бул анчалык так эмес. Текстте дата окуя баяндалгандан кийин коюлган жана ал кийин гуннулардын Түндүк Кытайдын чектеринде жүргүзгөн аракеттери менен байланышкан. Эгер ушундай болсо, анда окуянын дал 201-ж. орун алганына толук ишеним жок. Эгерде, ал окуянын 201-жылга тиешеси жок болсо, анда, ал эң болбогондо 209-жылдан кийин орун алышы мүмкүн, анткени биз азыр талдап жаткан темадан мурдагы окуялардын датасы 209-ж менен белгиленген. Ошондуктан, кыргыздар жөнүндөгү эң алгачкы эскерүү б.з.ч. 209-жылдан кийинки мезгилге таандык деп айтса болчудай.

Эми арасында кытай транскрипциясындагы «кыргыз» эскерилген беш этнонимди талдоого өтөлү.

Хуньюй уруулары, сыягы, Түндүк Моңголиянын, а мүмкүн Забайкальенин тургундары болсо керек. Алсак, алар кийинчерээк хунь (мунун хуньюй менен байланыштуу экенинде шек жок) формасында гуннулар бирикмесинин түпкү урууларынын бири катарында эскерилет77.

Цзюй-ши этнонимин талдоо көрсөткөндөй, бул аталыш жазылган иероглифтер байыркы учурда «кыйчак»78 деп окулган, бул «кыпчак» деген түрк этнониминин кытайча транскрипциясы экени шексиз. Ал кезде байыркы кыпчактар, калыбы, Енисейден алыс эмес аймакта мүмкүн Алтайда турушса керек. Алардын, өң-түспөлүнүн байыркы кыргыздарга окшоштукка ээ болгону кокустук эместир; бул өң-түспөл орто кылым авторлорун дайыма кызыктырып келген.

Тексттен көрүнүп тургандай, бул урууларга жакын жерде жашаган синли (цайли) урууларынын абалы таптакыр белгисиз. Бизге, Забайкалье аймагында, ошол доордо жашаган уруулар жөнүндө башка бир кытай булактарынан белгилүү болгондуктан, алар менен бирге Батыш Алтай уруулары да болгон, мүмкүн алар Эртиш бойлорун мекендеп турушса керек деп болжолдоо туура болор эле.

Динлин жана гэгунь деген дагы бир эки уруу аталыштарын талдоого өтөлү. «Динлин» аталышынан кытайлар кайсы элди билишкен деген суроого жогоруда жарым- жартылай токтолуп өткөнбүз. Сыягы, сөз Енисейлик уруулар да ичине кирген бүткүл түндүк уруулары жөнүндө болуп жатса керек79. Енисейлик уруулардын ичинен бул жерде гэгунь же цзянь-кунь гана аталган. Бул аталыш Енисей менен Орхон дарыяларынын байыркы аталыштарынын транскрипциясы болуп саналат.

Бул уруунун Енисейдин жогорку тарабында орун алганы айдан ачык көрүнүп турат, б.а. Енисейлик уруулардын ичинен алар бир кыйла түштүгүрөөктө жашаган, демек, гуннуларга бир кыйла жакын жайгашып, аларга тааныш болгон. Ал гана эмес, ошол эле кытай булактарынан белгилүү болгондой, «гэгунь» деген ат менен, сыягы, бүткүл түштүк динлин уруулары түшүнүлсө керек. Бул жөнүндө кийинки бир кызыктуу факт айгинелеп турат.

Б.з.ч. 99-ж. гунну шанүйү (беги) Цзюй Ди-хэу кытай колун талкалап, кытай кол башчысы Ли Линди туткундап алат. Ага мунапыс берип, «шанүй Ли Линге тийиштүү урмат-сый көрсөтүп, аны өзүнүн кызына үйлөндүрөт»80. Башка бир кытай булагындагы маалыматка караганда булакта Хакас деп айтылган кыргыздардын аймагын ээликке берет81. Хакас жериндеги Ли Лин жашап турган жайдын так орду жөнүндө ошол учурда Ли Линге келип жолугуп кеткен анын досу Соувунун айтканына караганда ал Бэйхэй82 көлүнүн жээгинде жашап турган. Бэйхэй бул Байкал көлүнүн кытайча аталышынын эле дал өзү, которгондо «Түндүк деңиз» дегенди билдирет.

Төмөндө, биз кийин кыргыз мамлекетинин чек аралары жөнүндө сөз кылганыбызда кыргыз мамлекетинин эң четки чыгыш чек арасы Байкалга жетип турганын билдирген фактыга туш болобуз.

Жогоруда айтылгандардан мындайча жыйынтыкка келүүгө болот: сыягы, Жогорку Енисейден тартып, Тувадан Байкалга чейинки аймакты кыргыз уруулары жердеген, ал эми алардын түндүгүндө динлиндер жайгашкан. Азыр эле биз эскерип кеткен гэгундар динлиндер сыяктуу эле гуннулар тарабынан каратылып, бул саясый окуянын натыйжасында бир кыйла кызык этностук процесстер болуп өткөн. Гэгундардын гуннулар менен байланыш-алакаларынын күч алышы табигый түрдө эндогамянын бузулушуна алып келген; бул болсо этностук жактан ар түрдүү болгон уруулардын өкүлдүгүнүн ортосунда никелешүүгө мүмкүнчүлүк ачкан. Натыйжада бул эки башка типтеги уруулардын аралашуусуна алып келген; бул аралашуу жөнүндө кытай булактарында мындай бир кызыктуу кабар жазылып калган. Ал булактарда VI—IX кылымдардагы кыргыздар жөнүндө сөз болот: «Адамдары жалпысынан бойлуу келет, чачы сары, кызгылт жүздүү, көк көз. Кара чач жакшы жышаан катары эсептелбейт, ал эми сургулт кара көздүүлөр Ли Линдин тукумдары деп эсептелинет»83.

Бул келтирилген үзүндү өтө кызык. Эгерде «кара чач жакшылыктын белгиси катары эсептелбесе…, анда эндогамия жөнүндөгү эски түшүнүктөр сыягы, өз маанисин али жогото элек болсо керек. Ал эми сургулт кара көздүүлөрдүн Ли Линдин тукумдары деп аталышканы да кызык. Уламыштарга караганда, кытайлар байыркы кыргыздардын расалык тибинин өзгөрүшүн Ли Лин менен байланыштырышат, ал эми чындыгында, сөз гэгундардын Борбор Азия уруулары менен жапырт аралашуусу жөнүндө бара жатат.

Келтирилген фактылардан көрүнүп тургандай, гэгундар башка уруулар менен аралашканга чейин, эң болбоду дегенде, раса жагынан динлиндерге таандык болгон жана биз жогоруда көрсөткөндөй (I бапты кара) маданияты жагынан алардан айырмаланган эмес. Бирок б.з.ч. III к. аягы ченде алар динлиндерден айырмаланып, башка этнонимди алып жүргөн, демек, ошол маалда алар жалпы динлин уруулар союзунун курамындагы өз алдынча уруу болгон.

Кыргыз тиби гуннулар менен байланыша баштагандан тарта динлин урууларынын калган массаларынан улам кескинирээк түрдө айырмалана баштайт. Алмашылып жаткан замандар чегинде, сыягы кыргыз урууларынын динлин субстратынан олуттуу түрдө бөлүнүү процесси жүрсө керек.

Кытай булактары тарабынан белгиленген бул процесс материалдык маданияттын эстеликтери боюнча, атап айтканда, минусиндик коргон маданиятынын андан ары өнүгүшү жана б.з.ч. II кылымга жана б.з. I—II кылымдарына таандык болгон таштык маданий этабынын материалдары боюнча бир кыйла толук изилдениши мүмкүн84.

Бул эстеликтер ошол мезгилдеги кыргыздардын маданиятынан кабар бере алары анык. Таштык өтмө этабынын эстеликтери үстү дээрлик байкалбаган чуңкурларга жалгыздан көмүлгөн чоң көрүстөндөрдөн турат. Көр 1,5 метрден 4 метрге чейинки тереңдикте курулуп, ички беттери устундар же тактайлар менен капталып, кээде таманына да тактай төшөлгөн. Көрдө адатта бир гана адамдын жасаты коюлган, бирок кээде бир эле көрдө көмүлгөндөрдүн саны үчкө жетет.

Бетине гипстен бет кеп жабылып, мумияга айлантып, катырылган өлүктөр көп кездеше турган көрлөр таштык этабынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп саналат85. Бет кептер көп учурда боёлгон. Жасаттын жанында териден, куурайдан жана кездемеден, көп учурда кытай шайысынан жасалган куурчактар жатат. Бул жерде жасоо ыгы боюнча минусиндик коргон маданиятына таандык карапаларга окшогон, бирок мурда белгисиз болгон, арка (дого) жана бурама (эшилме) түрүндөгү оймо-чиймелер менен кооздолгон карапалар коюлган; мында жыгачтан жасалган буюмдардын көптүгү өтө мүнөздүү көрүнүш, булар таштык тибиндеги, Оглахты деп аталган алда канча ири көрүстөндөрдө өзгөчө көп учурайт86. Аталган көрүстөндөрдүн материалдары боюнча, байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилигинин айрым бир үлгүлөрүн калыбына келтирсе болот.

Бул доордо дыйканчылык бир кыйла өнүгүүгө жетишет. Бирок отурукташкан чарба менен катар жашоосун улантып жаткан мал чарбачылыгы да өз маанисин жоготкон эмес. Адамдардын отурукташып жашагандыгын кеңири аймакты камтыган көрүстөндөр далилдейт, бул болсо адамдардын ал жерде узак мезгил бою жашап турганын билдирет; ошондой эле, буга жыгач үйлөргө окшоштурулуп бейиттин ички беттеринин жыгач устундар менен капталганы, таруунун даны менен темир кетмендердин көптүгү айгине боло алат.

Мал чарбачылыгында мурдагыдай эле койлор басымдуулук кылган. Эмгек куралдарын, асем буюмдарды жана башка ар түрдүү турмуш-тиричиликке керектүү нерселерди жасоодо темир кеңири колдонулуп калган. Мында темир үзөңгүлөрдүн пайда болгонун жана темир жоо-жарактардын кеңири тараганын белгилөө өтө маанилүү. Мындан башка да, жыгачтан, териден, жүндөн жасалган көптөгөн буюмдардан, чеберлик менен жасалган бет кептерден жана башкалардан кол өнөрчүлүгүнүн жакшы өнүккөнү жетишээрлик даана байкалат.

Алмашуу да орун алган, ал, сыягы, эми дайыма жүрүп турса керек, муну кытай күзгүлөрүнүн, тыйындарынын жана айрыкча, кездемелеринин табылгалары далилдеп турат.

Ушул жердеги, ошондой эле, кийинчерээк теги, б.з. III—V к. көрүстөндөрдөн табылган өлүктүн бетине кийгизилген бет кептер өтө кызыгууну туудурду; бул бет кептер өлгөн адамдын портретин сактап калууга жасалган аракет болсо керек. Эгерде мурдагы бет кептер өлүктүн бетине чапталып жасалып, андан кийин кийгизилип коюлган болсо, кийинчерээктеги бюст түрүндөгү бет кептер өзүнчө жасалып, андан кийин постаменттерге коюлган.

Бет кептерди изилдеп-үйрөнүүдө бир кызыктай көрүнүштөрдү байкадык. Эгерде алгачкы учурда жасалган бет кептер түсү жана беттин түзүлүшү боюнча алганда ак жуумал жана соку баш тибиндеги бет кептер болуп чыкса; афанасьев көрүстөндөрүнөн тартып Минусин көрүстөндөрүнүн краниологиялык материалдарына бүт жана толугу менен окшош экени аныкталды, б.а. динлин тибин көрсөттү; ал эми алда канча кечирээктеги көрүстөндөрдөн табылган бет кептердики жалпак мурун, чалыр көз, түсү бозомук болуп чыкты. Булардан башка да, эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо, аралаш, гунн-динлин тибиндеги бет кептер да табылды87.

Таштык мезгилинин материалдары боюнча байкалган бул фактылардан биз ар түрдүү (эч болбогондо, эки) расалык типтин аралашып, сиңишүү процессин көрүп турабыз. Бул аралашуу процесси Енисей аймагына борбор азиялык уруулардын келишине жана алар аркылуу бул жакка кытай маданияттын киришине байланыштуу болгону талашсыз. Гуннулар менен бир катар, сыягы, б.з. алгачкы кылымдарында бул тарапка сянбилер да келишсе керек88. Сянбилердин келишин биз, биринчиден, ошол эстеликтер жашап турган мезгилге, экинчиден, сыртынан караганда анчалык байкала бербеген бир фактыга таянып аныктадык. Оглахты көрүстөнүнөн аялдар менен эркектердин өрүлгөн чачтары табылган89.

Чачты өрүп коюу салтын Борбор Азияда сянбилер гана колдонушкан, кийин бул салт Кытайга өткөн. Сянбилер түндүк тарапка 147—156-жж. аралыгында, алардын жол башчысы Таньшихуай гуннулардын аймагына кирип барууга аракеттенген «динлиндердин жолун тосуп, токтоткон» учур ченде келишсе керек; гуннулардын Монголиядагы бийлиги кулап, кийин аларды сянбилер тамсалагандан соң ал жер ээн калган болучу90.

Адамдын башынан кесилип алышкан мындай өрмө чачтар Ноин-Улин көрүстөнүндө (шанүй көрү — №6 бейит коргон) табылган; алар гуннуларга көз каранды болгон сянбилер тарабынан тартуу иретинде берилген чачтар болсо керек.

Оглахты көрүстөнүндө табылган өрмө чачтар сыягы, Енисейлик уруулардын сянбилер менен түздөн-түз кагылышуусунан кийин алып келинсе керек, анткени гуннулар чачтарын өрүшкөн эмес. Ал эми бул эпизод, биз жогоруда көрсөткөндөй, б.з. 1- жүз жылдыгынын орто чендерине туура келет. Мүмкүн Оглахты көрүстөнүн да дал ушул мезгилге таандык кылса болор.

Гуннулардын, андан кийин сянби урууларынын байыркы кыргыздардын өлкөсүнө басып киришинин натыйжасында түндүктө, Ачинск—Красноярск аймагында кечирээктеги минусиндик коргондор пайда болгон деп эсептесе болот91.

Динлин урууларынын бир бөлүгү түштүк урууларынын кысымы астында түндүккө сүрүлүүгө аргасыз болгону толук табигый нерсе. Кыргыздар болсо өз жеринде кала берген, анткени бир нече кылым кийинчерээк биз Енисейден жана а түгүл түштүгүрөөктө, Тувадан алардын эстеликтерин жолуктурабыз. Алар өз мекенин таштап кетишпей, борбор азиялык мамлекеттердин системасына кирип калганы анык. Мунун натыйжасында өзүлөрүнүн алгачкы расалык тибин жоготуп, өз маданиятынын мүнөзүн өзгөртүшкөн. Бул гипс бет кептер жана таштык көрүстөндөрүндөгү, атап айтканда, Оглахты көрүстөнүндөгү табылгалар менен далилденип турат.

Ал эми түндүккө ооп кетишкен динлиндер болсо мындай аралашууга кабылган эмес, алардын этногенези башка нук менен жүргөн, буга Сибирь элдеринин ичинен динлиндердин белгилерин баарынан көбүрөөк сактап калышкан Енисейлик остяктар далил боло алат92.

Цянь-кундардын борбор азиялык уруулар — гуннулар жана сянбилер менен аралашуу процессинде кыргыз түрк уруулары биротоло калыптанып бүтөт.

Негизинен Оглахты көрүстөнүнүн материалдары боюнча белгилүү болгон таштык өткөөл этабынын эстеликтеринин, кантсе да, мурдагы, минусиндик коргон маданияты менен байланышы аз. Оглахты көрүстөнүнүн маданияты — кечирээктеги тагар маданиятынын өнүгүшүнүн базасында эмес, өзгөчө шарттардын натыйжасында пайда болгон, бул өзгөчөлүктөр жөнүндө жогоруда белгилегенбиз. Ошол эле убакта кечирээктеги тагар маданиятынын өнүгүү багытын алгачкы чаатастардын таш коргондору түздөн-түз улантып отурган. Мында VI—X кк. кыргыз мезгилинин бейит коргондору алгачкы чаатастар менен байланыштуу болгондой көрдүн конструкциясы, буюм-тайымдары, карапалары — бүт баары тагар маданияты менен түздөн-түз генетикалык байланышта турат93.

Таштык көрүстөндөрү сыяктуу эле, чаатастарда кытай маданиятынын таасиринин изи байкалат, анда Оглахты көрүстөнүндөгүдөй эле моңголоид  тиби басымдуулук кылган, аралаш антропологиялык типтин белгилери бар бет кептер учурайт94. Оглахтыдагыдай эле, мында да эркектер менен аялдардын өлүктөрүнүн өрүлгөн чач- тары бар, ал эми башка бир көрдө өрүлгөн чачы бар эркектин жыгачтан жасалган статуэткасы табылган95.

Эртерээктеги чаатастардын тагар маданияты менен жакындыгы жана бул бейит коргондордун инвентарлар боюнча гана Оглахты көрүстөнү менен окшоштугу эртерээктеги чаатастар борбор азиялык маданияттын таасири астында турган жергиликтүү калктын эстеликтери болуп саналат деп болжолдоого мүмкүндүк берет. Оглахты көрүстөнү жана жалпы эле таштык тибиндеги эстеликтер, сыягы, ошол эле мезгилдеги, бирок башка жактан ооп келген калкка, ошол маалда жергиликтүү калк менен байланыша баштаган сянбилерге таандык экендиги көбүрөөк ыктымал. Мына ушул процесстин натыйжасында түркий этностук тип болгон байыркы кыргыздар келип чыккан динлиндер менен моңгол калкынын аргындашуусун айгинелеген аралаш антропологиялык тип пайда болгон96.

Бизде бул аралашуунун тарыхы боюнча маалыматтар аз, бирок бул маселе боюнча б.з.ч. I к. үчүн аздыр-көптүр конкреттүү материалдар бар. Алар байыркы кыргыз урууларынын Түндүк Кыргызстандын аймагы менен болгон байланыштарынын тарыхы боюнча алгачкы материалдар болгондуктан ого бетер маанилүү.

Б.з.ч. 49-ж. түндүк гуннулардын шанүйү Чжи-Чжи Кытайга кызмат кылуудан баш тартып, өзүнүн кошуундары менен түндүктөгү бир катар урууларга, алардын ичинде усундарга каршы жортуул баштап, аларды өз кол алдына бириктирүүнү көздөйт97.

Кытай булактарынын маалыматына караганда, усундарга каршы жортуул Чжи-Чжи шанүйдүн элчисин өлтүрүп, болгондо да анын башын кесип алып, кытай акимине берип жиберилгенине байланыштуу болгон. Шанүй Чжи-Чжинин элчиси усундардын кенже гунмосу (жол башчысы) Уцзютка аскердик союз түзүү жөнүндөгү сунушун тапшырууга тийиш болучу98.

Усундардын 8 миң атчан аскери Чжи-Чжи тарабынан талкаланат. Усундарды кыйраткан соң Чжи-Чжи колун түндүккө (б.а. Тянь-Шандан түндүк тарапка) буруп, Уге (угулар, уйгур99) урууларын талкалап, багындырат. Чжи-Чжи өзүнүн жортуулун динлиндер менен согушуп, аларды кыйратуу менен аяктайт. Чжи-Чжинин согуштук ийгиликтери өз бийлиги астына уге, гэгунь жана динлин аскерлерин бириктирген түндүк гуннулардын согуштук кубаттуулугун чыңдайт. Мына ушундан кийин гана түндүк гуннулар усундарга каршы жортуулдарын улантат.

Чжи-Чжи өзүнүн ордосун цзянь-кунь урууларынын ичине жайгаштырат; ошол кездеги кытай булагында белгиленген координат боюнча, бул ордо шанүйдүн ордосунан (шанүйлөрдүн Монголиядагы, Хангай аймагындагы ордосу айтылып жатат) 7000 ли  батышта (муну түндүк-батыш деп түшүнүү керек) жана чеши урууларынан 5000 ли түндүк тарапта жайгашкан (Чеши — азыркы Синьцзяндын чыгыш бөлүгү)100. Бул координаттар Енисейге эмес, андан бир кыйла батышыраак чөлкөмгө алып келет. Чжи-Чжи өз ордосун негиздеген цзянь-кунь урууларынын жашаган жерин анык- тоо үчүн анын жортуулу учурунда басып өткөн жолун талдап көрөлү.

Усундарды талкалагандан кийин Чжи-Чжи түндүк тарапка жөнөйт. Бул демек, анын Түндүк, Кыргызстандан Балхаш тарапка жөнөп, ал жерде угелерди талкалаганын билдирет. Сыягы, угелер Иле өрөөнүндө, Иле же Жуңгар Ала-Тоосунда жашап турушса керек. Чжи-Чжи уге урууларынын батышындагы цзянь-кунь аскерлерин да талкалайт101. Мында Енисей жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес экендиги айдан ачык көрүнүп турат. Бул жерде, чынында Балхаштын түндүк бойлору жөнүндө сөз болуп жатса керек. Чжи-Чжи өзүнүн жортуулунун аягында согушкан динлиндер деп аталган уруулар динлиндер эмес, ошол аймакты мекендеген түндүк уруулары болсо керек, анткени кытайлар жалпы эле түндүктөгү бардык урууларды динлиндер деп аташкан. Бирок, дегинкисинде, сөз Тянь-Шанды жана анын тоо тармактарын карай созулуп жаткан аймактарда жашаган кыргыздардын бир бөлүгү жөнүндө болуп жатат. Дал ушул батыштагы цзянь-кундардын ичинде Чжи-Чжи өзүнүн ордосун орноткон.

Ал ушул жерден түштүктү көздөй, усундарга каршы экинчи жортуунун баштайт102. Каңгүй уруулар союзунун чет-жакаларында тынчтыкты камсыз кылуу максатында Талас суусун жиреп кирет. Каңгүйлөр өзүлөрүнүн ээлиги менен усундардын ээлигинин аралыгында буфер түзүү максатында Чжи-Чжи башында турган түндүк гуннуларды чакырат103. Дагы бир фактыга көңүл буруп көрөлү. Каңгүйлөр Чжи-Чжиге, анын цзянь-кундардын ичиндеги ордосуна элчилерин жиберип, жардам көрсөтүүнү суранышканда, ал макулдугун берет да, «өзүнүн аскерлери менен батышка, каңгүйлөрдүн жерине жөнөйт»104. Ошентип шанүй Чжи-Чжи чыгыштагы цзянь-кундардан чыгып кетип баратып, жолдо усундарга кол салат. Бул цзянь-кундардан усундарга карай жортуулда байыркы кыргыз уруулары да аңын аскерлеринин курамында болгондугун жана алар түндүк Тянь-Шандын тоо этектерине жана Талас суусуна чейин жетишкенин ырастап турат. Бул жортуул б.з.ч. 47—46-жж. кышында болгон.

Ушундан кийин жогорку Талас шанүй Чжи-Чжинин ордосу болуп калат; ушул жерде ал б.з.ч. 36-ж. кытай кол башчылары Чэнь Тань жана Гань Янь-шоу тарабынан талкаланат105. Талас өрөөнүндөгү катакомбаларда өлүктү көмүүдөгү өзгөчөлүктөр дал ушул окуялар менен байланыштуу, бирок ал жөнүндө сөз төмөндө болот (VII бап). Ошентип, б.з.ч. 47-ж. цзянь-кунь урууларынын кайсы бир бөлүгү түндүк гуннулар менен бирге Тянь-Шандын аймагына келишинин эң алгачкы талашсыз датасы болуп саналат.

 Бул окуялар цзянь-кундардын бир бөлүгүнүн батышта мекендеп жашап калышына себеп болгон, муну III к. ортосу ченге жакын мезгилге таандык кытай булагы Вэйлио да белгилейт106. Вэйлионун бул маалыматы белгилүү кытай окумуштуусу Ма-Дуань- линдин  кытай энциклопедиясы Вэньсяньтункао тарабынан да кайталанып, окумуштуулардын арасында чоң талаш-тартыштарды туудурат; алардын бир бөлүгү бул маалыматты четке кагышса, экинчи бир бөлүгү туура деп табышат107. Ошондой болсо да, цзянь-кундардын бир бөлүгүнүн батыштан орун

алгандыгынын эки башка булак тарабынан ырасталышы жана анын Ма Дуань-лин тарабынан кайталанышы кокустук эместир. Бул бири-бирине үндөш маалыматтарды б.з.ч. 47-ж. түндүк гуннулардын жортуулдарынын маршруттарын талдоодо көрсөтүлгөн фактылар менен айкалыштырганыбызда, бизге цзянь-кундардын Тянь-Шандын кайсы бир аймагында орун алгандыгын так болжолдоого мүмкүндүк берет. Сыягы, алар б.з.ч. I к. гана эмес, III кылымда жашап турушса керек, анткени Цяньханьшудан өз алдынча турган булак болгон Вэйлио кайрадан батыштагы цзянь-кундар жөнүндө кабарлайт.

Келтирилген фактылар кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы үчүн эки маанилүү корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Биринчи корутунду төмөнкүдөн турат: кытай жылнаамаларынын маалыматтары цзянь-кундардын өз айлана-чөйрөсүндөгү уруулар менен гана эмес, ошондой эле түндүк гуннулар менен да аралашканын конкреттүү сүрөттөйт. Экинчи корутунду ошол эле фактылардын негизинде келип чыгып, байыркы кыргыздардын эки бутакка бөлүнүп кеткендигин, алардын бир бөлүгү (көпчүлүк бөлүгү) Енисейде калып (бул бөлүктүн базасында VI—X к. кыргыз мамлекети келип чыккан), экинчиси — Тянь-Шань аймагында отурукташып, азыркы Кыргызстандын аймагын биринчи жолу мекендеген бөлүгүн түзгөнүн ишенимдүү көрсөтүп турат.

Экинчи корутундунун, — буга биз төмөндө дагы бир аз кайрылабыз, — кыргыз элинин ата мекени болгон Кыргызстандын тарыхы үчүн чоң мааниси бар. Бул корутунду Тянь-Шань менен Енисей кыргыздарынын ортосунда болуп турган тынымсыз байланыштарды ырастайт; бул байланыш жөнүндө кийинки баптарда токтолмокчубуз.

Енисейге кайрадан кайрылып, төмөнкүдөй корутундуга келүүгө болот. Б.з.ч. III к— б.з. II к. бою, гуннулар менен сянбилер доорунда түпкү теги динлиндик болгон цзянь- кунь урууларынын түштүк бөлүгү борбор азиялык уруулар менен аралашып, мунун натыйжасында алардын маданиятында, расалык тибинде, ошондой эле, сыягы, тилинде да олуттуу өзгөрүүлөр болгон, бул өзгөрүүлөр акыр аягында VI к. карата енисейлик кыргыздардын түрк урууларынын келип чыгышына алып келди.

Ушуну менен кыргыздардын этногенезинин биринчи этабы аяктайт.

75:  Гуннулар жөнүндө адабияттар өтө көп. Кара: К. Иностранцев. Хунну и Гунну. ЛИЖВЯ, ТТС,Л., 1926; McGovern.The Early Empires of the Central Asia…(Биздин рецензия быз менен салышт.: ВДИ, № 3-4,1940). Азыркы учурда Ленинград университетинин эмгектеринде биздин «Очерк истории гуннов» деген эмгегибиз басылууда, анда, атап айтканда, ушул маселе боюнча бүт бардык негизги адабият берилген (Бул эмгек 1951-ж. жарыкка чыккан).

76: Шицзи,гл 110, л 10. Цяньханьшу,гл 84а, л. 86. Мында этнонимдер башкачараак транскрипцияда берилген, алардан көрүнүп тургандай Цайли деп аталган акыркы уруу — Синли, тагыраак Лунсинли деп башкача окулат. Комментатор Янь Шы-гу «бул беш чакан ээликтердин аталыштары» деп жазат.

77: Хуньюй жөнүндө кара: Шицзи, гл. 110. Хуньюй — Борбор Азиянын Байыркы көчмөн урууларынын синоними, жун менен бирдей. Хуньюй (кийин Хунь) жөнундө кара: Таншу; И.Бичурин. Собрание сведений..,ч. I, стр. 17.

78:  Байыркы айтылышы төмөнкү сөздүк боюнча калыбына келтирилди, кара: В.  Karlgren. Analitic dictionary of Chinese and Sinno- Japanese. Paris. 1923.

79:  Динлиндер жөнүндөгү маселенин адабиятына берилген маалыматты, кара: Г. Г р у м м — Гржимайло. Белокурая раса в Средней Азии.

80:  Цзяньханьшу,гл.96а;И. Бичурин. Собрание сведений…,ч. 1, стр. 51.

81:  Таншу; И. Бичурин. Собрание сведений…,ч. 1, стр. 51.

82:  Цзяньханьшу,гл. 96а.

83:  Таншу;И. Бичурин. Собрание сведений…, ч. 1, стр. 443. Кыргыздар жөнүндө ушуга окшош маалыматты автору белгисиз Худуд ал-Алам (X к.) жана XI к. автору Гардизи да берет

84:  С. Теплоухов. Опыт классификации…, стр. 50; Г. Сосновский. История СССР…, ч. II, стр. 413.

85:  С.Теплоухов.Опыт классификации…,стр. 51;С. Киселев.Маскииз древнейших Чаа- тас. Известия гос музея им. Мартьянова, № 1, Минусинск, 1935. «I — беттин кеби; II — баштын бет маңдайынын бир бөлүгүнүн кеби (кулактары менен); III — баштын бет маңдайынын бир бөлүгүнүн кеби (моюну менен) жана IV — бюст-кеп», стр. 5. С. Киселевден маселеге тийиштүү адабияттарды кара.

86:  Г. Сосновский.О находках Оглахтинского могильника. ПИМК, 1933, №7—8.

87:  С. Киселев (көрсчыг., кара:стр. 5)мындай деп жазат: бет кептер физиономиялык (бет түспөлү) тиби боюнча үч топко бөлүнөт: I. Бети ири, бет сөөгү анча байкалбайт, эриндери бир кыйла калың, көздөрү түз, ээги алдыга чыгып турат, мурду жука, узун, бир аз бүкүр келет; II. Бети ири, бир кыйла жазы, эриндери калың, көздөрү түз, мурундары кырдач; III. Бети бир кыйла жука, узун, бет сөөгү анча байкалбайт, эриндери жука, көздөрү түз, ээги орточо, мурду быйпыгый, бир аз кетирекей.

88: Саньгочжи; И. Бичурин. Собрание сведений…,ч. 1, стр. 169.

89:  Г.Сосновский. О находках Оглахтинского могильника.  ПИМК, 7—8,1933.

90:  Саньгочжи; И. Бичурин. Собрание сведений…,ч. 1, стр. 169.

91:  Кара: В. К а р ц е в. Ладейское и Ермолаевское городища. Жыйнак «В честь Городцова». Труды РАНИОН, IV, 1928.

92:  С. Киселев. Разложение рода и феодализм на Енисее. Известия ГАИМК, 65, стр. 26

93:  А. Евтюхова. К вопросу о каменных курганах на среднем Енисее. ТГИМ, вып. 8, 1938, стр. 111 ж.к.6.

94:  С. Киселев. Саяно-алтайская археологическая экспедиция в 1938 г. ВДИ, №1, 1939, стр. 252 ж.к.6.

95:  С. Киселев. Көрс. чыг., стр. 254.

96:  С. Киселев. Разложение рода и феодализм на Енисее, стр. 25 ж. к. 6.,ошонуку эле. Маски из древнейших чаатас. Минусинск, 1935.

97:  А. Н. Бернштам. Из истории гуннов I в. до н.э. (Хуханьеи Чжи-Чжи шаньюй). СВ,т. 1, 1940. Мында маселеге тиешелүү адабияттар бар. Биздин төмөнкү макалабызды салыштырабыз. «Гунн- ский  могильник Ноин-Ула и его историко-археологическое значение». ИАН ООН, №4,1937.

98:  Кара. Цяньханьшу,гл86б. И. Бичурин. Собрание сведений…, ч. 1, стр. 76.

99:  F.Hirth- Üder die Wolga-Hunnen und Hiung – Nu. SKAW zu München, 1889 г. Bd, II, h,II.

100:  Цяньханьшу.гл. 846,л. 5а; И. Бичурин. Собрание сведений…,ч. 1,стр. 77.

101: Ц я н ь х а н ь ш у, гл. 496, л. 56; И. Б и ч у р и н. Собрание сведений…, ч. 1, стр. 77.

102:  Бул сюжет биринчи жолу биздин төмөнкү эмгегибизде талданган. «Археологическйй очерк Северной Киргизии. Фрунзе, 1941, стр. 48 ж.к.б.

103:  Цяньханьшу, гл. 94, л. 7а; И. Б и ч у р и н. Собрание сведений…, ч. 1, стр. 77.

104:  Цяньханьшу, гл. 70, л. 9а;J.De Groot. Die Hunnen der vorchistlichen Zeit. Chinesische Urkunden zur Geschichte Asiens. Berlin-Leipzig. 1921-1926, стр. 229-234 .

105:  Ed. Chavannes. Les pays  d’ Occident d’apres le Wei-Lio.- Toyng Pao. Ser2,t.  VI. Leydes  1905.

106: Вэньсяньтункао, 339, л. 5а.

107:  Ed. Chavannes.  көрс.чыг. F.Hirth.  Nachvorte zuz Inschift der Tonjuquq. W.Radloff,

АТИМ. В. Бартольд. Киргизы. Фрунзе, 1927.

Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы,
жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер, А.Бернштам,
http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Добавить комментарий