Энелердин сыр сандыгынан. Терини иштетүү

Терини иштете билүү да чоң өнөр. Ар ким ар кандай ыкмада ашатат. Бири күйүүчү майга дагы бири айна менен айранга ашатса бизге Кочкор районунун тургуну Калбүбү Чүкүева тери иштетүүнүн төмөнкү түрлөрүн баяндады.

Тери түгү менен жана түксүз иштетилет. Тери иштетүүнүн челдөө, ашатуу (малмага салуу), өңдөө (бордоо), жыдытуу, ийлөө, ыштоо, наар түшүрүү жана башка ыкмалары бар.

Челдөө. Жаңы союлган малдын терисиндеги челди кырып, тазалоо.

Ашатуу. Жаңы союлган малдын териси тегиз, күнөс жерге жайылып кургатылат, бетине ашаткы (туз, айран, ун же улпак аралашмасы) сыйпалат. Ал кургап баратканда 4-5 ирет кайталанып ашаткы сыйпалат, күндүн илеби кайткан соң, тыкан оролуп коюлат. Бул ыкма 7-10 күн кайталанып, тери ийине келгенде ным бойдон баканга арта салынып, көлөкөгө жайылат. Ашаткыга кирген тери балбырап, жумшарат.

Жыдытуу. Жылкы, төө, уй, кийик, эчкинин терисин нымдуу жерге же шар сууга эки-үч күн бастырып коюп, жүнүн устара менен шыпыруу. Койдун терисин жылуулай же жылуу суу бүркүп эки-үч күн ороп койсо жүнү жыдып бошойт. Аны кол менен жулуп алыш керек.

Ийлөө. Ашатылган жана чылгый майда жандык жана аң терилерин колго ушалап, керип-чоюп, ийине жеткирүү. Бодо малдын талкуу аталган дүкөнгө салынып илинет. Колдо иштетилген булгаарыны кооздоо наар түшүрүү, көркөмдүк берүү чийме сын бооздоо деп аталат. Колдо ийленген тери жумшак болгондуктан, ич жагынан көркөм калыпты дөшүгө коюп, жыгач балка аркылуу сырт жагынан көрүп тегерете акырын уруш керек.

“Айыл деми” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий