Кубаныч САТАЕВ, ырчы, обончу: «Атам шамалдай тез дүңгүрөдү»

Кыргыз элине таанымал, бирок арабыздан эрте кеткен өз мезгилинин керемет ырчысы Чубак Сатаевдин тун уулу Кубаныч ата жолун жолдоп келет. Кубанычты балалык чагы, ата-бала мамилеси тууралуу маекке тарттык.

Кубаныч, атаңдын атактуу ырчы боло элек кезиндеги элеси эсиңдеби?
Мен атамдын айылда жүргөнүн төрт-беш жашымдан бери элес-булас билем. Бул 80-82-жылдар болуш керек. Ал ошол кезде айылдык клубда иштечү. Эми ойлосом, атам аябай эмгекчил болуптур. Ал бир жагынан үй салып, бир жагынан жумушка шашып, айтор жаны тынбай жүргөнүн билем. Айылдагы таланттуу балдар чогулуп эстрадалык топ түзүп, анда ырдап, ошол эле учурда балдар бакчасында да мугалим болуп иштеп жүрдү. Атам менен кошо менин аяш атам, кыргызга таанымал ырчы Тургунаалы Нурматовдун да элеси көз алдымда. Атам ал кишини мугалим катары тутунуп, анын кол алдында иштеген. Көрсө, ошол учурда Тургунаалы Нурматов атам иштеген Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылындагы клубдун көркөм жетекчиси экен. Кийин аяш атам Тургунаалы Нурматов жумуштан бошоп, өзүнүн ордуна атамды дайындаган. Ошол учурда дайыма ыр кесе, жаңы жылдык кечелер болор эле. Атам мени мындай салтанаттардын баарына ээрчитип барып жүрдү. Айрыкча жаңы жылда белекке карк болчумун. Себеби атам бир учурда эки-үч жерде иштегендиктен балдары үчүн ар бир мекемеден жаңы жылдык белек алчу. Алардын арасынан издеп жатып сагыз таап алып сүйүнгөн бактылуу балалыгым эстен кетпейт.

— Атаңдын аты чыгып калганы сага кандай таасир этти?
Атамдын мени 2-класска мектепке алып барганын унутпайм. Бул жылдарда атам гастролдоп үй бетин көрбөй калган эле. Мен аны бир жылда беш-алты жолу эле көрбөсөм, калган учурларда ал концерт коюп жүрчү. Атам эмнегедир мен 2-класска барар жылы август айынын аягында айылга жалаң чоң кызматтагылар минген «Чайка» деген машинаны айдатып келди. Ал Ысык-Көл облусунун жетекчисиники экен. Эртеси 1-сентябрда мени ошол машине менен мектепке алып барган. Албетте бул мен үчүн чоң сыймык эле. Окуучулардын баары «Чайканы» карап, анын кнопканы басып койсо терезеси жабылганын көрүп таңкалып, тамшана сөз кылып турушканы азыр да көз алдымда. Бул убакта «Волга» Кыргызстанда эң мыкты деп эсептелген автоунаа эмес беле. Ал эми «Чайка» тууралуу уламыш гана укчубуз. Албетте бул сыймык өзүнчө, экинчиден, ошол мезгилде атамдын ырларын эл жакшы кабыл алып калган эле. Көчөдө эл «Оо, Чубактын баласы, Чубактын баласы» деп коюшса дердейип, сыймыктанып калчумун. Мектепте иш-чаралар болсо мугалимдер сен сөзсүз ырдашың керек деп эле сахнага чыгарып коюшчу. Атам менен жүрүп ырдап-чоордогондорду көрүп өскөнүм үчүн экинчиден, өзүмдө да шык бар экен, мектепте майрамдарда сөзсүз класстын атынан чыгып ырдачумун.

Сенин ырдаганыңды атаң байкап, багыт берген учуру болду беле?
Эми ал кезде жаш баламын да. Өзүнүн ырлары аябай популярдуу болуп турганда ал мага кээде «эч нерседен коркпо, эгер бирөө бир нерсе десе Чубактын баласымын деп кой» дээр эле. Мен улуусу болгондон кийин чындыгында атама көп эркелей алган жокмун. Менден кийин эки иним бар — Бакыт, Таалай деген. Кийин Бакытты машина уруп кетип каза болуп калды. Мен улуу болгондуктан атам мага «эми сен жоопкерчиликтүү бол, инилериңди кара» деп чоң кишиге сүйлөгөндөй олуттуу мамиле кылар эле.

— Менин билишимче, Чубак агабыз кийин үй-бүлөсү менен ажырашып шаарга баса берсе керек эле. Бул учурда сен канча жашта элең?
Таласта жүргөндө атамдын үч-төрт ыры элге белгилүү боло баштаган экен. Чоң апамдын айтуусу боюнча атам ден соолугуна байланыштуу дарыланганга Воронцовкага келип, ал жерден Марат Алыбаев менен таанышат. Марат Алыбаев филармонияда иштеген, «Таазим» аттуу студия ачкан музыка жаатында билимдүү, ошол мезгилдеги жаш композиторлордун бири болгонун билесиздер. Ал киши атамдын ырларын угуп, аккордеон ойногонун көрүп, «Чубак, сен эстрадага ылайык адам экенсиң, айылда жүрө берсең өспөйсүң. Бул жакка кел, ырларыңды эстрадага салалы» деп борборго чакырат. Бул 1987-88-жылдар экен. Атам олку-солку болуп жатып акыры шаарга жөнөйт. Ал ортодо үй-бүлөдө ар кандай пикир келишпестик болот. Ушундан улам ажырашуу болсо керек. Атамдын эки никелүү болгонун элдин баары эле билет.

Экинчи никесинен бир туугандарың барбы?
Бар болсо кана… Бир туугандардын көп болгону жакшы эмеспи. Тилекке каршы, атам экинчи никесинен балалуу болбоптур. Бирок кээ бир учурда досторум тамаша-чыны аралаш «атаңдын башка аялдан да балдары болуш керек» деп калышат. Болсо жакшы эле болмок, бир тууган кылып алат элек.

Атаң менен апаңдын ажырашуусу сага кандай таасир этти? Атаңа жек көрүү сезими пайда болду беле?
— Ал кезде ажырашуу чоң трагедия эле. Бул окуя чындыгында биздин үй-бүлөгө катуу сокку болду. Бир жыл таякелерибиздин колунда жүрүп калдык. Үйдү, атамды, чоң атам менен чоң энемди сагынып ыйлаган күндөр болду. Бирок эң башкысы, атамдын балдарга болгон мээрими эч качан өчкөн жок. Азыр беш баласы менен деле ажырашып басып кетип жатпайбы. Ажырашып жүргөн убакта атам эки күндө бир таенемдин үйүнө бизге келип кетчү. Түн болобу, күн болобу, бошой калса эле кошуна айылдагы бизди көздөй келип балдарын жыттап, белегин берип кетер эле. Ошентип жүрүп атам менен апамдын ажырашуусу бир жылга деле жеткен жок. Кайра эле табышып алышты. Чындыгында ал бир жыл биз үчүн өтө тозок болгон. Көрсө, үй-бүлөдө атанын орду таптакыр бөлөк экен.

— Атаң менен гастролго чыккан учуруң көп эле болгондур?
6-классымда атам менен Ошко барганым эч эсимден кетпейт. Рыспай Абдыкадыровдун үйүнө түнөп, ага эркелеп, Давлет энебиздин колунан даам сызгам. Аялы аябай мээримдүү киши болчу. Рыспай агабыз атамды балам, мени неберем деп коер эле. Байкуш кишинин эркек баласы жок тура. Атам экөөнүн жылдызы келишип, бирин-бири сыйлап турушарына күбө болгом. Бияктан мен, Борончу байкем, атам үчөөбүз самолет менен барганбыз. Ошто концерт коюп бир ай жүрдүк. Ал жактан Ибрагим Жунусовду жылан ойноткон Жетимиш Доскаевди, куудул Дөөлөт Мадымаевди биринчи жолу көргөм. Ибрагим Жунусов атама келип таанышып, сырдашып отурушкан. Ошондо мен чыгармачыл кишилердин бири-бири менен бат эле тил табышып, сыйлашып кетерин көрүп келечекте өнөр адамы болгум келген. Оштун чайканаларында самсы, лагман жеп, көк чай ичип, кыскасы чет мамлекетке баргандай таасир алгам. Өзгөндө Жетимиш Доскаевдин үйүндө отурсак атам заматта эле калемсап бергилечи деп, «Эне тил» деген ырын жазып койгонуна күбө болгом. «Эне тилсиз эр болбойт, эр сүйбөгөн жер болбойт, эне тилин сыйлаган, эч нерседен кем болбойт» деп анан Чыңгыз атабыз кошулган саптарды жазып жатканы азыр да көз алдымда. Атам өзү шамалдай тез кыймылдаган киши эле. Бир ишти бат эле кылып ийчү. Жүрүм-туруму да шамалдай эле. Анын бат атагы чыгып дүңгүрөп, кайра бат эле кеткени да ошондон болду го.

Атаң каза болгондо сен каякта элең?
93-жылы жайында атамды Таласка гастролдоп келди деп уктук, бирок үйгө келген эмес. Мен Таластагы Кыргызстан деген айылга туугандардыкына барып калдым. Ал жакта атамдын концерти болгону жатыптыр. Концертке чейин атамды бөлөм экөөбүз күтүп туруп жолуктук. Атам өзү эмоциясын жашырбаган адам эле. «Оо, мени балам издеп келип калган турбайбы» деп кучактап өпкүлөп, балбалактап жашып алган байкуш киши. Анан мен да артисттердин тобуна кошулуп алып ар айылга концерт коюп жүрдүк. Чындыганда ошол 1993-жылдары эл кыйналып турган. Концертке эл аз келип жатты. Анүстүнө кээ бир айылдарда эми концерт баштайлы деп жатканда жарык өчүп, айтор, татаал нерселер көп болуп жатты. Атам ушуга өтө кейиди окшойт. Себеби ага чейин аншлаг менен концерти өтүп жүргөн ырчынын мындай абалга туш болушу көңүлүн чөгөрөт эмеспи. Койго бартер кылып концерт койгон учурлар да боло баштады. Мен бул учурда дайыма жанында жүрдүм. Таластын борборуна концерт коердон эки күн мурун атам жолдон келатып «көк желкем тырышып, башым ооруп атат, массаж жасап койчу» деп айткан эле. Өлөрүн билгендей бир жума мурун үйгө видеокамера алып барып өзүн биз менен тарттырган. Ага чейин Болот аяш атама «учуп кетип кайра жерге конбой калдым» деп түшүн айткан экен. Ошол каргашалуу күнү атамдар концерт болордун алдында репетиция кылып жатышкан. Мен эшикте жүргөм. Ангыча эле Болот байке «Чубак жыгылып калды» деп эшикке жүгүрүп чыкты. Барсак жанындагы кишилер атама суу чачып эсине келтире албай атышыптыр. Аңгыча дарыгерлер келип ийне сайып, көтөрүп алып кетишти. Эртеси реанимацияга которушту. Үч күндөн кийин сөөгүн алып чыктык. Көрсө инсульт экен.

Атаңдын атын өчүрбөш үчүн ырларын ырдап чыккандан башка дагы эмне иш кылып жатасың?
Буга чейин атамдын чыгармачылыгы боюнча көп эле иш-чаралар болду. Эскерүү концерттери өттү. Кушчубек байкем экөөбүз эл аралап жүрдүк. Мураскер катары атамдын ырларын топтоп Кыргызпатентке каттатып койгом. Быйыл атамдын атынан фонд ачтык. «Чубак Сатаев кечээ жана бүгүн» деген аталыштагы альбомун чыгардык. Эми бул долбоордун концерти 13-сентябрда өткөнү жатат. Казакстандын мегажылдыздары да атамдын ырларын мурдатан эле ырдап келген экен. Азыр Казакстандагы «Музарт» деген топ атамдын «Арман» деген ырын ырдап жүрүптүр. Мындан башка «Арна» деген топ да аткарып жүрөт. Алдыдагы концертте буюрса, кыргыз-казак ырчылары биригип атамды эскерип шоу-концерт өткөргөнү жатабыз. Ошондой эле фонддун атынан атамдын ырын мыкты ырдагандарга сыйлык тапшырылат. Бул быйыл эле болуп токтоп калбайт. Мындай иш-чара жыл сайын өтмөкчү.

— Өзүңдүн жеке чыгармачы-лыгың кандай болуп атат?
— Кудай буюрса, чыгармачылык бир жылдан бери жакшы. Эң башкысы, чыгармачылыкта мага өзөк болгон атамдын ырлары. Башында чындыгында атамдын арты менен элге таанылдым. Албетте атамдын ырына эле ишенип жатып албай өзүм дагы аракеттенип келем. Кудайга шүгүр обон чыгарып, жакында үчүнчү альбомумду элге тартууладым. Жакында «Бөлүнбө, кыргыз» деген ырымды жаздырдым.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий