Нагыз улутман, ырлары түгөл — Түгөлбай Казаков

Анда менин романтикага бай студенттик жылдарым эле да. Улуттук маданият, салт, улуттук оюндар, улуттук тилибиз, улуттук музыкалык аспабыбыз – комуз жана кийимдерибиз, анын ичинде,  ак калпагыбыз тууралуу, анан да ошол кездеги жалпы эле  мазмуну социалисттик, формасы улуттук болгон маданиятыбыз жагдайында курсташтарыбыз менен талашып-тартышып, бирибиз илимий коммунизмдин духун бек карманып: «Ооба, ушундай болот, акыры баарыбыз бир улутка айланабыз, советтик эл деген бир эл болобуз, ал кезде улуттук айырмачылыктар  болбойт» десек,  кай бирибиз: «Жок,  коммунизм кезинде да улуттар болот, андыктан улуттук маданият да болот, ар бир улут өзүнүн улуттук маданияты менен социалисттик маданияттын мазмунун байытат. Ар бир элдин дили башка, демек тили өлбөйт, маданий байлыктары өлбөйт!» деп  бек турар элек.

Мына ошол күндөрдүн биринде мен, шаарды тең экиге бөлө чубалжый каттаган №7 сары автобуста бара жаткан элем. Жанымда эки адам жогорудагыдай темада акырын  кобур-кобур үн салып келатышкан. Алардын бири коңур үндүү, мага далысын сала, бушайман боло сүйлөп келатты.  «Бу деген өтө чоң социалдык проблема да… Муну чечиш кыйын го… Оор маселе да…» деген коңур үнү негедир тааныш. Катуу бушайманга түшкөн, анын чечилиш жолун издеп, бирок таппай, ичинде бук болуп жарылганы тургандай… Бирок, ал үндү кайдан укканымды таппай,  далысын салган алиги адамды далысынан ашыра карай албай, улам кылчактап келаттым.

Аңгычакты: «Мейли эмесе, мен калдым» деп, Улуттук академиянын жанындагы аялдамадан баягы адам түшүп баратты… Артына кылчак карап кол булгалай калганында карасам, ал обончу  Түгөлбай Казаков экен.

Күндө телевизордон көрүп, ырларын ырдап, студенттик  кечелерде «Алтын балалыгыбызды» кошо эскерип, «Жамгыр төгүп» шаарда бирге жаанда калып, «Элегиябызды» кошо айтышып, «Жыйырманчы жазда» жапырт  чогуу жашап жүргөн студент жаштардын сүйүктүү обончусу   Түгөлбайды жанынан көрүп, бир автобуста «келгенимди» айтып, канча күнү сыймыктанып эстеп жүргөнүм эсимде.

Мына ошондогу басса-турса тапанчадай тыпыйып, куйган кыттай орногон, ырдаса жаңы асый күлүктөй окторулган, ыры  ичине батпай жанар тоо болуп жанып турган ошол  Түгөлбай бүгүн кыргыздын нагыз улутман, улуттук наркыбызга нардай эмгек кылган мыкты инсандарыбыздын бири болуп калган кезеги.

Студенттик кездер, албетте,  артта калды. Бүгүн кыргыз коому  ошондогу күткөн эгемендүүлүгүбүзгө жетип, ошонун да барк-баасын билип-билбей турган чагыбыз эмеспи. Мен бул ирет анын кейиш-түү жактары туурасында эмес, жалпы кыргыз дүйнөсүн алга сүрөгөн, кыргыз экендигибизди мээбизге сайып, күн  сайын эскертип турган улуу «Манасыбыз» менен бирге, жалпы маданий, адабий мурастарыбыз,  анын рухий мааниси, аларды жараткандардын сабында өз ордун ээлеп турган  Түгөлбай сындуу нарк күткөн бир асыл адамыбыз  тууралуу азыноолак сөз кылгым келди.

Бир ирет, тээ 80-жылдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жарыялаган макаласында философ Азис Салиев кыргыздын алгачкы композитору А.Малдыбаевдин чыгармачылыгы тууралуу жазып келип: «Биз Абдыкемдин «Кызыл жоолукчаны» менен жашап, ошону менен бирге эмгек талаасында орок оргонбуз, кызылча чапканбыз» деген канаттуу сөздөрүн окуган элем.  Философтун бул сөздөрү  мага музыкалык чыгармачылыктын маани-маңызын, анын адам турмушундагы ролун, аң сезимине тийгизген  таасирин, тарбия-таалимин  таасын түшүн­дүргөн эле. Ошондон бери кыргыз музыкалык чыгармачылыгы туурасында жүздөгөн макалалар  же изилдөөлөр жазылгандыр, бирок А.Салиевдин жогорку сөзүндөй курч жана таасын илимий  ойду окуй албагандаймын.

Анын сыңарындай, совет мезгилиндеги биздин муундун жашоосу да, сүйүүсү да, ою да, кечелери менен тою да, албетте, «ырдын пири»  Рыспай менен  жамгырын ыр кылып, ырын өмүр бою жамгыр кылып нөшөрлөткөн Түгөлбай,  «Тоолорун» түбөлүк ырдап өтөр Аксуубай жана «Элмирасына»  өмүр бою жетпей өтөр Калыбек жана да айылдын аппак таңдарын күнүгө эске салган  Атайбек агаларыбыздын ырлары менен өтчү эле го!

Ошондо Түкөмдүн «Ильястын ырын» ырдап боздобогон, «Шумкарын» ырдап аны менен бирге  «дүйнө безбеген», «Алтын балалыгын» ырдап, балалыгын эскерип жыргалга батпаган, «Жамгыр төктүсүн» ырдап жаштык махабатын эсине салбаган,  «Сүйүү жазы» менен «Жыйырманчы жазын» ырдап жаштыгын  чакырып кусаланбаган, «Эстелигин» ырдап улуу согушта курман болгон жакындарына аза күтпөгөн  кыргыз жоктой туюлар эле. Айрыкча,  80-жылдардын башында элдик күү «Насыйкатты» аккордеонго салганда  кыргыз жан дүйнөсүнүн  дагы бир байыркы табериги жаңырып,  жаңы заманга жарашып «жарк» эте түшкөнүн эч  ким тана албас.

Андай болсо, анын бул ырлары кыргыздын жан дүйнөсүнө уялап, андан түбөлүк орун таап, ал дүйнөнү байыткан дагы жана жаңы жан дүйнөнү жараткан дагы, аны андан ары тараткан дагы улуу күчкө эгедер  экендиги чын. Антпесе, Түгөлбайдын ар жылдарда жазган ар ыры ар жылдардын  бүктөмдөрүндө кошо бүктөлүп, унутулуп калбайт беле! Анын чыгарган аз, бирок саз ырлары  туулгандан  кайберендин баласындай тура жүгүрүп, өлбөй өмүрүн улап, биздин муун менен кошо жашап келатат.

Анткенинин сыры Түкөмдүн өз чыгармачылыгына жасаган чынчыл мамилесинде деп билем. Чынчыл мамилесинде гана эмес, өзүнүн нукура адамдык ариетинин  тазалыгы менен ар-намыстуулугунда дагы деп ойлойм. Ал деле мактанып, ар күнү бирден обон жазып, ар айда бирден концерт өткөзүп, өзүнүн  «жылдыз» экенин азыр деле көргөзө берсе болмок, бирок ал ошо жетимишинчи-сексенинчи жылдарда жылдызы балбылдап жанып, арышы ашууну апчып турганда да антпеген. Баарынан да, кайсы жыл экени так эсимде жок,  Рыспай акеге, Асанкалый акеге анан да Түкөмө «КРнын эмгек сиңирген ар­тис­ти» наамы  филармонияда чогуу тапшырылып калганда, башкасын коёюн, Түкөм  «Мен бул сыйлыкты Рыспай аке менен бирге алып жатканыма уялып жатам. Адегенде Рыспай аке алып, андан соң шашпай биз алсак татыктуу болмок» деген сөзү бүт кыргызды ыраазы кылган эле. Ошол сөзүн Түкөмдү көргөн ар бир кыргыз бүгүн да эстейт болуш керек.

Бул бир. Экинчи дагы бир айтар сөз–Түкөмдүн нукура  патриот экендиги.  Өзүнүн кыргыз деп соккон жүрөгүн шам кылып күйгүзгөн  кадимки Данко сымал ал бүгүн кыргыз телесинде «Улутман» деген автордук берүүсү менен дагы да кыргызга кызмат кылып келатат. Ал өз берүүсүндө эч нерседен  жалтайлабай, улутубуздун эң бир көйгөйлүү маселелерин козгоп, элдик салттарыбыздын, нарктарыбыздын, тилибиздин, дилибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн жол издеп, башкалардын жетегинде жүрүп  жоголуп кетпей, кантип кыргыз бойдон калабыз? деген талылуу суроолорго жооп издеп келатат.

Ал ушул берүүсү менен бирге, кыргыз тил байлыгына «улутман» деген сөздүн батыл киришине, анын ар күнү дамаамат колдонулушуна да салым кошту. Бул сөз бирдеме десе эле күнөө тага берүүчү «улутчул» деген сөзгө  жанаша, анын маңызын андан ары тереңдете, улутунун наркын билген, салтын сыйлаган, улутунун руху менен жашаган нагыз мекенчил адамдын элесин берген жаңы да, мазмундуу да сөз катары кыргыз дүйнөсүнө биротоло кирди. Ошол берүүлөрүндө биздин сүйүктүү каарманыбыз «мен» деген далай  атуулдарыбызды кепке тартып, өзүнүн  пулеметтун огундай чачыраган  таасын, коргошундай салмактуу  сөздөрү, айкын-ачык ойлору, коңгуроонун үнүндөй коңур добушу менен телеэкрандын көркүн да, мазмунун да ачып келет.

Албетте, мен музыка изилдөөчү эмесмин. Мен,  болгону,  Түкөмдүн ырын сүйүүчүлөрдүн, анын кадыр-баркын сыйлагандардын, чыгармачыл эмгегин кадырлагандар- дын, инсандык сапаттарын байкап-баамдап жакшы ниетте жүргөн миңдеген кыргыз  атуулдарынын  гана биримин. Ошентсе дагы, анын  улуттук кыргыз музыка өнөрүндөгү орун-очогун да, анын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымын да байкап, баамдап жүргөндөн алыс эмесмин.

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу,
“Кыргыз Туусу”, 02.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий