Публицист Эсенбай Нурушев: “Бизге идеология эмес, Азирети Мыйзам керек”

– Эсенбай мырза, биз улуттук идеологияны издегени-бизге мына жыйырма  жыл болду, бирок жыйырма жылдан кийин деле аны таптык деп ишенимдүү айтыш кыйын. Эмне үчүн бул процесс көпкө созулуп кетти деп ойлойсуз?
– Биринчиден, идеология дегендин өзү эмне,ушуну аныктап алыш керек. Идеология десе бизде айтып-деп, же жазып койсо эле элдин баарын бириктирип, бир көгөнгө байлап сала турган кандайдыр бир сыйкырдуу идеяны түшүнүшөт.Андай идея дүйнөдө жок. Андан калса азыр демократия, плюрализм деп айгайлап жатабыз, мындай шартта баарына бирдей жага турган идеология табыш өтө  кыйын.

Экинчиден, тактап алганыбыз абзел: бизге мамлекеттик идеология керекпи, же жалпы улуттук идеология зарылбы? Түпкүлүгүндө бул экөөнүн айырмасы деле жок. “Нейшн”(орусча – нация) деп Батыштагылар коомду, мамлекетти айтат, биздегилер ошону сөзмө-сөз которуп, андан эки башка концепция жасап алышты. Макул дейли, эгер ушул аныктамага ылайык бизге жалпы улуттук идеология керек десек, ал алеки саатта калыптана калбайт, он жылда, атүгүл жүз жылда барып табыларын деле кудай билет. А жок, бизге мамлекеттик идеология керек десек, анда азыркы сандаган партиялардын баарын таркатып, плюрализм дегенди жоюп, мамлекет эмне десе ошону кыңк этпей аткарган эски режимге кайтыш керек. Керекпи ушундай идеология? Керек деген күндө да мындай түзүлүштү түзүү эми мүмкүн эмес.

Идеология жарабаса, анда бизге эмне керек?
– Менимче, бизге идеология эмес, жалпы улуттук маданият жетпей жатат. Бул айрыкча саясий, укук чөйрөсүндө зарылдын зарылы болуп турат. “Бардыгына бир мыйзам” идеясы, мисалы, керек болсо бүт улутка, мамлекетке бирдей өлчөмдө иштеген маданият да, идео­логия да болуп бере алат.

Тарыхка кайрылсак, Рим империясы эмне үчүн күчтүү, бакубат болгон? Байыркы римдиктер дал ушул принципти пир тутушкан. Качан гана бийликке тойбогон императорлор бул принципти бурмалап, аны өз кызыкчылыгына ылайыктап өзгөртө баштаганда империянын да ооматы кете баштаган, акыры барып кыйрап жок болгон.

Же азыркы замандагы өнүккөн өлкөлөрдү алалы, баары ушул идея менен ирденип, ошонун аркасында адамзаттын көчүн баштаган абалга жетишти. А бизде эмне болуп жатат? Мыйзамды биринчи кезекте бийликтегилер бузуп жатат. Эки ирет режим алмашты, эки жолу тең биринчи болуп Конституция таламайга түштү. Дегеле бизде реформа дегендин бар болгон мааниси эле ушу баш мыйзамды өзгөртмөй, оңдомой болуп калды. Бийликке ким келсе да болгон күчүн ушундан чыгарат, башкага акылы, жөндөмү жетпейт. Айласы кеткенде бу кыргызга Путинге, же “азиялык арстандардын” аталарына окшош бир лидер керек экен, ансыз болбойт экен деп акылмансынып калышат.

Менимче, бизге конкреттүү эч кандай реформатор-лидердин кереги жок. Бизге бир гана лидер керек. Анын атын Азирети Мыйзам дешет. Биздин табынганыбыз да, сыйынганыбыз да ушул лидер болушу керек. Андан башка жол издеген, пайгамбар издеген, менимче, жомок, куру кыял.

– Бирок лидердин ролун деле таптакыр жокко чыгарып салууга болбойт го? Айталы, Кытайда Ден Сяопиндин, Малайзияда Мохаммад Мохатхирдин ролун?
– Алардын кыйындыгы эмнеде болду? Дал ушул мыйзам амирине таянганда болду. Мисалы, азыркы Сингапурдун «атасы» Ли Куан Ю мыйзам үстөмдүгүн, ал баарына бир экенин такай айтып эле тим болбос­тон, керек учурда күчкө салып киргизген, кыңыр кыйшыны чыккан өз туугандарына да иш козготкон. Анын тажрыйбасы катаң, бирок адилет мыйзамдын күчү менен баарын жасаса: экономиканы көтөрсө, өкмөттү коррупциядан тазаласа, кылмыштын кылтасын кыркса, улут, тил чөйрөсүндө бирикпегенди бириктирсе болорун, мыйзам деген улуттук идеология болуп берерин тастыктады. Ли Куан Ю өзүнүн китебинде Сингапурду жалпы элдик жыргалчылыктын мамлекети эмес, биринчи кезекте адилеттүү коом деп атайт.

Кана эми бизден да ушундай бир лидер чыкса, ал өнүккөн Кыргызстандын атасы болмок. Биздеги лидерлер эмне деген гана экспери­мент­терди жасашпады, бир да реформа аягына чыккан жок, ар кайсынын башын кармап, ара жолдо таштап салышты. Мыйзам үстөмдүгү керек деп айтышканына жыйырма жылдан ашты, бирок бирөө да муну ишке ашыра алган жок.

Айтмакчы, Сингапур мунун баарын бир эле системада – парламенттик системада жасады. Бизде болсо былтыр эле жаңы Конституция кабыл алдык эле, эми алты ай өтө электе кайра президенттик башкарууга кайтышыбыз керек дегендер чыгып жатат.

– Бүгүн эле окудум, демилгечи топ президенттик башкарууга кайтып, Курултай институтун киргизиш керек деп сунуш айтышыптыр.
— Курултайды, менимче, жарандык бийликтин институту катары пайдаланса болот. Жылына бир жолу чогулабы, эки жолу чогулабы, мамлекеттик бийликтегилерге сын айтып, алар жасап жаткан ишке элдин мамилесин билдирип, ошол аркылуу деле аларга таасир көрсөтсө болот.Бирок курултай мамлекеттик институт болгондо анда улуттук мамлекетти жок кылууга жол ачылат.

Алар  бийликти көзөмөлдөөчү укугу  болсун  деп  жатышат.
– Анда 900 адамдан турган өзүнчө бир гипермамлекет, “монстр” пайда болот. Түркмөнбашы муну тажрыйбалап көрбөдүбү. Көп нерсени эл маслахаты аркылуу жасады,  элди өзүнө пайдаланды. Бизде да кимдир-бирөө элдик курултайды өзүнө пайдаланып кетпейт деген кепилдик барбы?

Дегинкисинде азыр бизде идеология дегендин баары кыргыздын улуттук мамлекетине каршы, аны жок кылуу багытында иштеп жатат. Мисалы, түндүк-түштүк маселесин алалы, бу эмне идеология эмеспи? Идеология, болгондо да түркөй идеология. Же жарандык коомдун активисттерин алалы, алар парламенттин ишине такай катышып турсун, тигил же бу маселени депутаттар менен бирге талкууласын, керек болсо добуш беришсин, атүгүл мыйзам долбоорлорун сунуш кылышсын деген демилгелер айтылбадыбы. Андай болсо элдин эпсиз акчасын коротуп,120 депутатты шайлап, кармап отургандын кандай кажети бар? Мыйзам чыгаруу ишин жалаң ошол жаранчыл коомдун лидерлерине, НПОчуларга өткөрүп берүү керек, алар казынадан акча албайт, өңчөй гранттардын эсебинен жашайт, мамлекеттин бюджетине да пайда болмок.

Иши кылып, эл бийликтин ишин көзөмөлдөшү керек, эл бийликтин эгеси деген идеяны, принципти бизде абсурдга айлантып жиберишти. Мындай демилгелердин артында да идеология турат, анткени идеология деген тигил же бул идеяга массалык мүнөз берип, элдики кылып көрсөткөндөн чыгат.

Курултай идеясын деле барып-келип эле мамлекетти алмаштыргысы келгендер ойлоп тапты, аны биздин байыркы, көөнө демократиянын институту, ошого кайтып баруу керек деп ташбыйкат кылгандар, объективдүү мааниде алганда, оппортунисттер. Эгер байыркы долбоорлор ушунчалык эле мыкты, прогрессивдүү болсо, анда европалыктар эбак эле партиялык, парламенттик демократия дегенди жыйыштырып салып, афина демократиясына өтүп алышмак. Ошо кездегидей болуп, эч кандай шайлоо-майлоо деп отурбай, тек гана чүчү кулак кармашып, ар бири кезектешип президент, премьер-министр, депутат, судья болуп турушмак. Мындайды алар демократия деп эсептешпейт, гипердемократия же анархо-демократия деп коюшат.

Айрым эксперттер бизде да демократия эмес, анархия гана бар дешет.
– Бизде дал ушул анархо-демократия адисинен ашынып, анархо-коммунизм идеологиясына айланып баратат. Бул идея деле демократиянын өзүндөй эле тээ байыркы доорлордо жаралган, атап айтканда, күн чыгыш мифологиясына, диний ишенимдерге негизденген жаңы дүйнө тааным – гностицизм  менен кошо пайда болгон. Кийин ал өзүнчө бир ырааттуу формага салынып, теорияга айланган. Анын бир идеологу  1649-жылы “Адилеттүүлүктүн Жаңы Мыйзамы» (The New Law of Righteousness) деген памфлетинде: «Баарына бир Кудай болбош керек, ар ким өзүнө-өзү Кудай болушу керек», — деп жазган. Анархо-коммунизмде бу идея «баарына бир мамлекет болбош керек, ар ким өзүнө-өзү мамлекет болушу керек» маанисине ээ болгон.Бул идеология мамлекети жок, адамдар эркин болуп, бир-бирине жардамдашып жашаган коомду идеал көрөт. Азыр бизде эл мамлекетти контролдош керек деген платформадагы бардык идеяларда байкалбаганы менен объективдүү түрдө ушундай мүдөө жатат.

Демек, идеология пайдалуу эмес, зыяндуу дейсизби?
– Идеология дегенди улуу француз революциясынын маалында Дестют де Траси деген ойлоп тапкан. Анын ийиримине кирген ойчулдар «илимдин падышасы» деп аталган философияны коомдук ушул абройдон ажыратып, анын ордуна идеялар жөнүндөгү жаңы илимди коёбуз деп ойлошкон. Аларга убагында Наполеон да кошулуп, бирок кийин аларды улуттун душмандары, элдин башын маң кылган келжиректер деп атаган.

Идеология темасына учурунда Карл Маркс кайрылып, аны бурмаланган аң-сезим деп атаган. Башка философтор менен ойчулдар, мисалы, К.Мангейм, Р.Барт да аны иллюзия, ой-санаадан түзүлгөн жалган дүйнө катары сыпатташкан.  Идеологиянын тарыхын изилдегендер анын кырктан ашуун ар түрдүү түшүндүрмөсүн аныкташкан.

Идеология – илим эмес, илим-билимди пайдаланган саясий, маданий көрүнүш. Идеологиядан кутулуш кыйын, бирок ансыз жашаган ийги.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 30.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий