Кыякчы, сатирачы жана сүрөтчү саясатчылар

Амангелди Муралиев:
«Сен менин жыргалымсың…» дегендей арноо ырларым жок»
Мурдагы өкмөт башчы, белгилүү коомдук ишмер Амангелди Муралиевдин колуна калем алып, ыр жазуу өнөрү бар. Буга чейин «Горный подснежник» деген китебин чыгарган.

— Амангелди мырза, кантип ыр жазып калдыңыз?
— Ыраакы чыгышта армияда кызмат өтөп жүргөндө ата мекенге болгон сагынычтан, кусалыктан уламбы, айтор, лирикага көңүл буруп калгам. Мекенге болгон сагынычты, ал жактан көргөн, билгендерди кагазга түшүрүп жүрдүм. Армиядан келгенден кийин да жазыла берди ырлар. Өзгөчө Ошто губернатор болуп жүргөндө көп жаздым. Сулайман-Тоо, Апшыр-Сай, Кара-Шоро деген табияттын кооз жерлерине чыкканда, эргүү келип жазгандарым эсимде. Өкмөт башчы, министр катары чет өлкөлөргө чыкканда да ойлор пайда болуп, кыялдар алып учуп дегендей таасирленүү, таңдануу аркылуу да бир топ ырлар жаралган. Жазылган ырлардын баарын топтоп жүрө берчүмүн. Кийин 150дөй ырды акын, профессор Шаповаловдун редакторлоосу менен китеп кылып чыгардым. Китептердин баары дүкөн аркылуу сатылып кеткен. Учурда экинчи китебимди даярдап жатам. Бир күнү жарыкка чыгып калат.

— Кайсыл темага көп ыктайсыз?
— Коомдо болуп жаткан саясый, маданий окуялар, мекен, эл, махабат темалары негизинен. Ош шаары, Сулайман-Тоо жөнүндө ырлар көп. Жалал-Абад шаары тууралуу жазгам.

— Сизге илхом качан келет?
— Илхомду буюртма кылып келтире албайсың да. Ойлонгондо, эс алганда өзүнөн өзү ичке батпай сыртка чыгат экен. Анан дароо эле кагазга түшүрүп, анан аны мыктылап, күчөтүп иштеп чыгасың. Маанисинин тереңдигине көңүл бурасың.

— Адатта акындар, ыр токугандар жакындарына ыр арнашат. Сиз да жубайыңызга ыр арнадыңыз беле?
— Примитивдүү ырларды жаза албайм. «Сен менин жыргалымсың…» дегендей арноо ырларым жок. Философиялык жактан тереңдигине басым жасайм. Ырларымда уйкаштык жокко эсе. Философиялык ой толгоолор орун алган.

Курманбек Осмонов, президенттикке талапкер:
«Бош болгондо аккордеондо ойноп эс алам»
«Ата-Журт» партиясынан депутат болуп, учурда президенттикке аттанган Курманбек Осмоновго аккордеондо ойноо жагынан азыркы саясатчылардын бири да жетпейт. Өзүнүн айтымында, Курманбек мырзанын музыкага болгон шыгы эрте ойгонгон. Бир тууган агасына таасирленип жүрүп эле үйрөнүп алган экен.

— Курманбек мырза, сизге бул өнөр кимден оогон?
— Таятамдан. Ал киши убагында комузда кол ойноткон, такыба киши болуптур. Биздин үйдөн агам экөөбүз аккордеондо ойноп калдык. Агам бул көөнөргүс өнөргө баш-оту менен берилди. Азыр музыкалык окуу жайда иштейт. Мен анткен жокмун. Көңүлүмө жаккан юридикалык кесипти аркаладым. Бирок аккордеонду да таштабадым. Бир уулум өзүмдү тартты. Гитараны жакшы чертет.

— Кимдин ырын жакшы көрүп, ырдап жүрөсүз?
— Кыргыздын эски ыр-күүлөрүнүн баарын эле жакшы көрөм. Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Түгөлбай Казаковдун ырлары өзгөчө жүрөгүмө жакын. Рыспай аке менен далай чогуу отурдук. Түгөлбай менен да жакшы мамиледемин. Ал кишинин «Жамгыр төктүсүн» көп ырдайм. Бош болгондо аккордеондо ойноп эс алам. Орустардын 1-каналындагы «Играй гармонь» деген телеберүүнү жактырам. Калтырбай көрөм.

— Президенттикке аттанып атасыз, бул даражалуу кызматта отурган адам ыр-күүдөн алыс, олуттуу болуш керек го дейм?
— Бул оюңузга кошулбайм. Дүйнөгө белгилүү лидерлердин арасында деле өтө таланттуулар болгон. Кечээ жакында эле көрдүм, Түркмөнстандын президенти гитара чертип ырдап жатат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев домбрада жакшы ойнойт. Талант деген жогору жактан берилген нерсе. Аны кор кылбаш керек. Адамда хобби деген нерсе болот да.

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
«Куугунтукка алышканда, өнөрканамдагы сүрөттөр жоголуп кеткен»
Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин өз кесиби сүрөтчү. Кистини колуна бала кезден кармаган. Кийин турмуш саясатка тартып кетти.

— Жыпар мырза, сүрөтчүлүгүңүз тууралуу кеп кылсаңыз?
— Бала кезден сүрөт тартчумун. Саясат түшүмө да кирген эмес. Уктасам, турсам сүрөтчү болсом деп тилек кылып, кыялданчумун. Мектепте окуп жүргөндө колуман боек түшчү эмес. Балдар үйүндө тарбияланган балдар менен окуп калдым. Ошондо тамактанууну унутуп калып эле Көлдүн жээгинде жүрө берчүмүн сүрөт тартып. Балдар пирожки, котлетин көтөрүп келишип, алдыма коюп коюшчу. Ошол бойдон келип, Чуйков атындагы көркөм окуу жайын бүттүм. Аны бүткөндөн кийин бир катар сүрөт көргөзмөлөрүнө активдүү катышып жүрдүм. Караколдо иштеп жүргөндө чоң сүрөттөрдү буюртмага тартып, аны сатып, акча таап жүрдүм. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи баш болгон бир катар музейлер сатып алышкан. 90-жылдардын башында саясатка баш отум менен кирип кетип, андан чыга албай калдым. Сүрөтчүлүгүм калып кетти.

— Кайсыл жанрда иштечү элеңиз?
— Кесибим боюнча декоратив жасалгалоочумун. Сүрөтчү катары живопись тартып жүрдүм.

— Азыр тартасызбы?
— Саясатта жүрүп, мени куугунтукка алышканда, өнөрканамдагы сүрөттөр, боектор, керектүү жабдыктардын баары жоголуп кеткен. Эмне болуп жоголуп кеткендигин билбей калдым. Жакында эле жабдыктардын баарын алып, кайрадан сүрөт тарта баштасамбы деп, бирок даай албай жүрөм. Көп жылга тартпай койгонго окшойт. Орусча айтканда, сүрөт өнөрүнө «измена» кылып койдум да. Адамды алдасаң болот, бирок сүрөттү алдагандан кийин кайра киришиң кыйын экен. Акыры бир күнү киришем го буюрса.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты:
«Апас Жумагулов бизге асылганыңды токтот, машине алып берейин деген»

Оролуп шибер бутума,
Ойлордун жетпей учуна.
Махабат козгоп сезимди,
Мас болдум гүлдүн жытына.
Жыйылбай ойдун күкүмү,
Жыйрылып денем үшүдү.
Маңдайым сылап өөп жатты,
Мажирүм талдын бүчүрү…

Бул ыр Өмүрбек мырза ышкындай солкулдаган жапжаш кезинде жазылган экен. Кайсы бийкечке арнаганын ким билсин? Айтор, жүрөктөн чыкканы билинип турат. Бирок Өмүрбек мырза элге лирика эмес, сатирасы менен таанымал болуптур. Таржымалын өзү айтып берсин.

— 1990-жылы коммунисттердин келечекте жашоону алып бара албасын билип, жаштар КДК аттуу уюм түзгөн. Анан Акүйдүн астына митинг өткөрдүк. Сүйлөп эле жатабыз. Такыр үнүбүз жетпейт. Анан эмне кылсам деп ойлонуп отурсам эле саясый саптар өзүнөн өзү чууруй баштады. Масалиев баштаган чоңдун баарына арнап түнү менен ыр жаздым. Эртеси плакатка жазып илип койсом, элдин баары оргуштап келе баштаса болобу. Депутаттар өзү чыгып карап коюшат. Апас Жумагулов ал кезде министрлер советинин төрагасы болчу. Жардамчысына «мен жок бекем карачы?» деп күндө жиберет экен. Бир күнү анысы «сиз да чыгыпсыз» деп келиптир. Анан мени чакырып алып, «бизге асылганыңды токтот, кезексиз машине алганга чечим чыгарып берейин» деген болчу. Ал кезде машинени10-15 жылдап кезекке туруп алышчу да. Мен ошондо эл-жер деп чыгып атсак, булар ушинтеби деп аябай нааразы болуп, «машинеңердин кереги жок» деп эшикти тарс жаап чыгып кеткем.

Чоңдорду сындоо деген жок эле да анда. Анан журналисттер айтып калды китеп кылып чыгарбайсызбы деп. «Депутаттык азилдер» деген китепче кылып, 40 миң тираж менен чыгарсам, баары сатылган. Кызыгы ошол ырлар азыр да актуалдуулугун жоготкон жок. Ошол эле көрүнүш. Андан кийин бизнеске ооп кеттик. Ыр жазбай калдым. Былтыр гана Америкада жүргөн кезде ишим жогунан жаздым.

— Ырларыңыз элдик ырларга окшош экен?
— Бул деген кыргыздын нукура стили да. Манастын жазылышы да ушундай. Чубалжыган саптарды кийин жазып калышты да акындар. Мен азыр кара сөзгө ооп кеттим. «Кыргыздын аң-сезими качан ойгонот?» деп мурда ыр жазсам, азыр макала жазгым келип жүрөт. Ал окулабы, окулбайбы бул башка сөз.

«Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий