Жайсаң

Редакциябызга ар аймактан каттар агып келүүдө. Алардын бири мынаке…

Улуу ойчул М.Ауэзов «Манастын учугу Жайсаңга барып такалат» деген батыл сүйлөмдү эмнеге таянып жазды болду экен? Жакында эле арабыздан кеткен улуу окумуштуу Самат Кадыров «биз али «Манастын» ачкычын тапкан жокпуз» деп жар айтканы көпчүлүктүн эсинде. Мен ал киши менен өз үйүндө 2-3 саат ушул темада сүйлөшүп отурганымда, өзүнүн «уңгу талаа» теориясы жөнүндө кеп салып берген эле… арабыздагы белгилүү жазуучу К.Акматов «Күндү айланган жылдар» романында алты Жайсаң жөнүндө кеп козгоп, аны көркөм каражат катарында пайдаланып, бирок, кандай далилге таянып жазганын ачыктабай келет. Ушундан улам мындан 14 кылым мурда көзү өткөн улуу акын Жайсаң жөн эле ойдон чыгарылбаганына далил болот. Акыры 1995-жылдын жай айларынан баштап, ошол тирүү жандай кыймылга келип, кыргыз элине ыйык «Манас» дастанын айтып бере баштаганын азыр элдин калың катмары ишенип-ишенбей кабыл алды. Ток этери: бул улуу, ыйык, сырдуу, касиеттүү, таасирдүү дастан бир гана Улуу Кудай тарабынан кыргыз элине берилген кут!

Жайсаңдын жеке тагдыры жөнүндө учкай кеп кылалы. Жайсаң Үмөт уулу-азыркы эсеп боюнча 682-жылы болжол менен 7-сентябрда Алтайда төрөлгөн. Апасы Карачкандын кызы Жаңылча эр мүнөздүү жан экен. Алтайдан кыргыздар көчкөндө Үйшөң уруусу экиге бөлүнүп, бири Айдарканга, экинчиси Акбалтанын айылы менен бирге келишип, Манастын айылына аралашып калган.

Жайсаң жаш кезинен эле комузга үн кошуп, санат ырларын ырдаган. Анын токтоо, коңур үнүнө улгайган адамдар көбүрөөк маани берип, терең ойлуу ырларын баалашкан. Өзгөчө Бакай, Батмазуура, кийинчерээк Каныкей кызыгып угушкан. Бир мүчөл кезинде Шооруктун кызы Акылайдын өргөөсүндө алгачкы жолу шагы сынып, андан кийин эл алдында ырдаганы азайган.

Чоң-Казатка атасы менен кошо барып, Манастын өз оозунан «мени ырга кошуп элге айта жүр» деген сөзүн уккан күнү жарадар болуп, акылына келгенден баштап дастан айткан. Жанында курбу катары дайыма кошо жүргөн Токчоро уулу Токтогул (Ырамандын ырчы уулу) дастанын толук өздөштүрүп алгандан кийин, уу берип өлтүргөн. Сөөгүн Кызарттын белине койгон. Аз өтпөй аялын алып, ыйык дастанды менчигине айланткан. Улуу акын 54 жашында бейажал өлгөн. Артында бир уулу калган.

Кызыгы, Жайсаң Үмөт уулунун бейажал көзү өткөндөн кийин дагы 9 кылымда 9 Жайсаң төрөлүп, тогузу тең түп нусканы бузбай, өзгөртпөй «Манас» айтышат. Булар жөнүндө төмөнкүчө маалымдайт:
«Мына мен ошондогу ырчы Жайсаң,
Элиме эң биринчи Манасты айткан.
Журтумдун жүрөгүндө сакталсын деп,
Эрдигин баатырлардын ырга айланткан.
… Эмики ырчы Жайсаң кезектеги,
Экинчи Жайсаң болот эсептеги.
Эң эле кызык жери бул ырчынын,
Ал дагы Үмөт уулу Жайсаң делди.
Элибиз айрып бөлбөй экөөбүздү,
«Эң алгач Манас айткан Жайсаң» деди»

Үчүнчү Манасчы Сыртбай уулу Жайсаң төрөлөт. Аргын уруусунан чыккан Сыртбай баатырга Кайыпериден төрөлгөн Нургыз сулуу жар болот. Экөөнүн төгөрөгү төп келген жашоосуна жалгыз уул жайсаң жанган чырактай бат күйүп, бат өчөт. Мунун себебин атасы Сыртбай уулунун өмүрүн тилебегенинен көрөт.

Бөтөнчө жаралган түгөйлөр үйшөң уруусунан чыккан Соолаба-Бек менен алтын саамай Бүбү-Жамалдын уулу Жайсаң-төртүнчү Манасчы болуп төрөлүп, узак жашап, Манасты көркүнө чыгара айтып, бакубат өмүр сүрөт. Ал эми, бешинчи Манасчы Үйшөң уруусунан чыккан Касымбайдын уулу Жайсаң эле, ал дагы чагылгандай тез көрүнүп, узак өмүр сүрбөй өтүп кетет.

Андан кийинки кылымдарда Үйшөң урууснун беги Калысбектин Жайсаңы алтынчы Манасчы, катаган уруусунан чыккан Жамгырчынын уулу Жайсаң-жетинчи Манасчы, Нойгут уруусунун сынчысы Асылбаланын уулу Жайсаң-сегизинчи Манасчы болуп уланат. Бул Манасчы баарынан өткөн чебер экендиги айтылат. Апасы Уулкелсин чебер кошокчу болуп, жашында жайраган жалгыз уулунан кийин кошогун айтпай калган экен.

Тогузунчу Жайсаң-Молдобасан акындын уулу болгон. Ал токсон жыл Манас айтып, бирок эл ичинде аты калган эмес. Эң акыркы онунчу Жайсаң-Үйшөң уруусунун кадырманы Жаңыбайдын уулу болгон.

Ошентип он кылымда он Жайсаң төрөлүп, төрт кылымда төрөлбөй калат. Демек, Манас, «Манас» дастаны, алгачкы Манас айткан акынга дагы 14 кылымдык жаш туура келет. Ошол кылым (VII кылым) кыргыз элине Улуу Кудайдын кайрадан көз кыры түшүп, жакшылыктарды аябай берген учуру болсо керек деген ойго бекийм. Ар бир кыргыздын бешенесиндеги жылдызы жанып, колуна Кут конуп турса керек деп элестетем. Анан эмне болду?.. Манасты, Жайсаңды ким өлтүрдү? Кыргыз мамлекети эмне үчүн талкаланды? Ким талкалады? Ушунун баарына Жайсаңдын «Манасы» жооп берет. Көрсө, тышкы душмандын колунан эч нерсе келбептир!..

Суроо туулат: эмне үчүн он кылымда төрөлгөн он Жайсаңдын биринин ысымы эл ичинде сакталып, айтылып калган жок? Эмне үчүн ошол он кылымда он Жайсаң даңктап айткан Манас чыныгы болгон окуя катарында элдин аң-сезимине бирдей уюган жок? Демек, экөөнүн тамыры бир — Жайсаңсыз манас, Манассыз Жайсаң чындыкты тактай албайт. Эмне үчүн шылдың атка конгон Ырамандын ырчы уулун ысмын эл унутпайт? Анткени эл бузукулукка, караөзгөйлүккө ооп, ар ким өз кызыкчылыгын көздөдү, эл-жер деген түшүнүк ооз учунан айтылды. Мекенди, элди саткандар арбыды. Көрөңгөнү сактоодон мурун көңүл ачууну, түштүгүнө жорго минүүнү көздөштү. Элди ойго салып, оңдоп-түзөөнүн кереги жок, алардын акылын тумандатуу зарыл болду. Мындай иштерге Ырамандын ырчы уулу куп жарашмак… Демек, эл ушундай жашоону Кудайдан сурап алды. Улуу Кудай элдин каалоосун аткарды. Бирок, бул-Улуу Кудайдын жазасы экенин алиге аңдашкан жок!.. Ошол адат азыр дагы уланууда.

1995-жылдын 10-сентябрында, түнкү саат 1ден 57 мүнөт өткөндө 21-кылым жаңырганы жөнүндө Бүбү Мариам транста отурган абалында мага айтканын биринчи китепке жазгамын. Демек, ааламдык эсеп боюнча 21-кылым жаңырып, он биринчи Жайсаң пенде катарында эмес, китеп формасында кыргыз элине Кут кылып төгүп бергенин туюндурган. (Муса кызы бул улуу ачылышын эсинен чыгарып коюшу мүмкүн, себеби, өзү түзгөн китепте эскербептир).

Жайсаң Үмөт уулунун тирүү арбагы Майрам Сармалдаковага алгачкы жолу жолукканда, мазарда бала тилеп олтурган келиндин курсагына түйүлдүк болуп кирип кетүүнү ойлогонун өзү мойнуна алат. Ал кезде улуу арбак деле «Манас» китеп болуп жазылаарын билген эмес экен. Көрсө Улуу Кудай эки пенде бир арбакты эл кызматына чегерип, эми ыйык «Манас» илимин китеп кылып буйруганына кынтыксыз ишенем. Демек, бул-тирүү арбактын каалоосу эмес, Улуу Кудайдын буйругу! Бирок, эки пенде бир арбак Улуу Кудайдын буйругун так аткардыкпы, жокпу (?) буга жооп берүүчү учур али алдыда…

Ооба, биз Кудай алдында гана жооп беребиз. Пендеге карызыбыз жок. Анткен менен бул ыйык дастан эки пенде бир арбак үчүн эмес, кыргыз эли үчүн, кыргыз тамыры, тарыхы, дили, тили, наркы, нускасы, түбөлүктүүлүгү үчүн жаралган касиеттүү илим экендигин түшүнө албагандар, түшүнгүсү келбегендер-кыргыз улутунун уюткусун бузуп жаткандарын түшүнүүсү зарыл. Ансыз, элдин убалына калаары шексиз!

Манас-айкөлдүктүн, Жайсаң-ишенчээктиктин курманы болушканын кан какшап айтат. Жайсаң-китепти жаратуучу эки пенде бир арбактын бузулбас үч бурчтугунун быт-чыты чыкты. Эң өкүнүчтүүсү — ыйык илим элдин кан-жанына аралашпай, окчун калды.

Жайсаң Манастын айылында чоңоюп, өмүр бою жанында жүрсө дагы, баатырдын ага көз кыры түшпөй, өнтөлөп мамиле жасабаганын Айкөл акыркы жолугушууда мойнуна алат. Чоң-Казатта Манаска акыркы жолугушуу учурунда ушунун баары айтылат. Жайсаңга ошол күнү Манастын көзү түшүп, ошол күнү ишеним берип, ошол күнү өтүнүчүн, тилегин айтат. Ал өтүнүч, ал тилек Улуу Кудайдын кулагына угулуп, ошол күнү Ит-өлбөстүн талаасында жарадар болуп, аны «Муңканган сырдуу добуш көз ачырды, куу чөлдө, өлүк толуп, кан жыттанган. Ошол үн «көргөнүңдү баян кыл» деп, мен анан өмүр бою ырдап калгам» деп эскерет Жайсаң. Ооба, ал анан көзү өткөнчө Манасты даңктап ырдады, бирок, сый көрмөк түгүл, аты унутулду… Жайсаң досу Токтогул колдуу болуп 54 жашында дүйнөдөн бейажал өткөнүн, сөөгү Кызарттын белинде калганын айтат. Жандими ботодой боздоп Таласка барып жеңесине үйлөнөт.

Бүбү Мариам жөнүндө
Бүбү Мариам атабыздын кабырына барып келгенден кийин мүнөзүн дээрлик оңдоп-түзөп, жакын адамдарынынан байланышын үзүп, бейтаптарды көрбөй, өзүн токтоо кармап, үзүрлүү иштеди. Биз 6-7 китептердеги укмуштуу окуяларды (Көкөтөйдүн ашы, Чоң-Казаттын башталышы) кынтыксыз иштедик. Жашообуз жакшырып, ден-соолугубуз оңолуп, ишибиз тоскоолдуксуз жүрүп калган. Мунун баары мен жазган 6-7-китептерде жазылып турат. Ошондон кийин мазарларга, башка ыйык жайларга киши кошпой, экөөбүз гана барууну чечкенбиз. Эгерде ушул аракетибиз ишке ашса, Улуу Кудайдын буйругу так аткарылмак деген ишеничтемин. Андай болбоду, ортобузду аңдып турган карамүртөздөр заматта бузуп таштады.

Кудайдын сүйгөн кызы Бүбү Мариам, жоон топ чөнтөгү калың жигиттердин машинесине чалкалап, Жайсаң атасынын кабырында жумалап жатып, андан кийин биротоло изин жашырып кетти. Из жашыруу учурунда бүтүндөй китептерди кайрадан чыгарып, биротоло менчигине айлантып, «эми ага Эсенгуловдун тиешеси жок» деп сотко берип отурушу-ким үчүн кандай экенин билбейм, мен үчүн Ырамандын ырчы уулу тирилгендей эле туюлат. Мындан мурунку макаламда белгилегенимдей («Жаңы Ордо» №24, «Кыргыз Туусу» 8-июль 2011-ж), Жайсаңдын бир кареги, жаасы, ишеничи, тамчы каны таптакыр жараксыз болсо, анда Жайсаңдын арбагы кандай абалда калат? Же кандай, Жайсаңдын арбагы калп айтып, Бүбү Мариам калп жазды беле? Бул суроомо деле жалгыз гана Муса кызы жооп бериши керек!

Ошентип Жайсаңдын арбагын ара жолдо калтырган Бүбү Мариамдын жалгыз аракети эми дастанды биротоло өзүнө менчиктөө болуп олтурат. Ошондо ал эмнени утат? Бул суроого балким, ошол жарым пери аялды ак жолунан адаштырган адамдар жооп бериши мүмкүн. Чындыгында бул касиеттүү, сырдуу, табышмактуу, ыйык дастан эки пенде бир арбактын жан үрөгөн аракетинен улам, элге ыкчам жетип жатканына кылдат серп салган адам — кандайдыр бир улуу күчтүн таасирин сезмек. Алты жылда 7 китеп жазып, анын 6 томун жарыкка чыгаруу (болжол менен 140 басма табака жакын), дастандын негизинде 4 пьеса жазылып, сахнага ийгиликтүү коюлушу-көрүнгөн эле адамдын колунан келе бермек эмес.

Бирок, ошол эч кимдин жарым тыйыны коробой бүткөрүлгөн кызматты айрым адамдар касташкан душманындай кабыл алышканын көпчүлүк эл кайдыгер карап турушканына кабыргам кайышат. Тескерисинче мага кастарын тиккендер көбөйдү. Гезиттерде абийирсиз макалалар басылып, кай бир адепсиздер алдымдан тосуп туруп, ачуу сөздөрүн айтышчу болду. Болгондо да Манас изилдөөчүлөр, акындар окубай, ойлонбой туруп эле орой сөздөрүн айтышканына чыдоо кыйын экен…

Кыскасы, мындан 14 кылым мурда көзү өткөн даанышман акын Жайсаң Үмөт уулунун тагдыры окуучуларга түшүнүктүү болсо деген ойдомун. Ага ишенүү же ишенбөө ар кимдин жеке иши. Анткени тирүү пендеде бир гана ыйык максат бар: ал-мекендин ыйыктыгын сезе билүү. Эгерде бул сезим көкүрөктө жок болсо, анда ал адамда мекен да, улут дагы жок. Жайсаңдын татаал тагдыры кор болгон адамдын образын бербейт, ал ыйык, таза, мекен үчүн туулган адамдын образын көрсөтөт. Пенделиктен бийик турган адам. Ал болбогондо балким, Манас жөнүндөгү ыйык илим, ыйык тарых-айтылбай калмак. Ырамандын ырчы уулу Жайсаңды өлтүрүү менен Манасты кошо өлтүргөн. Ошондон улам Манастын аты тарыхта калбай, жомокко айланып олтурат. Эми биз Жайсаңды таанысак — Манас өз ордуна келет. Манас менен Жайсаң өз ордуна келгенде, кыргыз ордун табат.

Шарыпкул Эсенгулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу
Тел. 03536 22-1-24, 0773 96 83 30, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий