Чоролордун ат жүрүшү

Биз, кыргыз чоролору, буга чейин да элдин ынтымагын, мекен алдында жеке жоопкерчилигин бекемдөө иретинде тарыхыбызга кайрылып, Манас атабыз төрөлгөн Тоолуу Алтайга, бабаларыбыз, олуяларыбыз баскан ыйык мазарларга барып, жараткандан тиленген элек.

Бул сапар кыргыз чоролорунун, татыктуу калк карыясы, белгилүү коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин эл биримдигин бекемдөөгө, эгемендүүлүгүбүздүн 20, Курманжан датка энебиздин 200 жылдыгына арналган Кыргызстан боюнча ат жүрүшү президент Роза Отунбаева тарабынан колдоого алынып, ат (жөө) жүрүш ийгиликтүү аяктады.

Ысык-көлдүк чоролор Аалам ордодон көп элдин узатуусу менен аттанып, Манжылы Ата мазарларын, айылдарды басып өттүк. Нарындык чоролор Кошой-Ата коргонунан, Ка­роол-Дөбөсүнөн аттанышып, Каратал — Жапырык — Кичи-Шаты — Чоң-Шаты — Соң-Көл — Кара-Кече ашууларын ашып, жолдогу кырк чоронун коргонуна да түнөп, үч жарым күн жол жүрүп келишкен экен, эки дубандын чоролору Жумгал ата мазарынан жолугуштук. Аттарыбызды өргүтүп, өзүбүз пикир алыштык. «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» демекчи, айыл аралап баратканыбызда «Сөз кычкылы — саякта» дегендей, элдин деле башы айланып калгандай шайлоо алдында: «Силер кайсы партиядансыңар, ыя?»- дегендер да болушту. Жөөттөр азгырыгына алданбаган, элди биримдикке, улуу нарктуулукка үндөгөн чоролор экендигибизди маалымдаганда жарык маанайда тосуп жатышты. Элди, жерди көрүп, эргүү да пайда болду:

Жумгалда да үй салышат сулуулап,
Шыбак менен, гунель менен жылуулап.
Кой союлуп, конок каада күтүлүп,
Эт тартылат, кымыз сунат улуулап.
Нурлан чоро күлүк минип, кошулду
Сапар тартып баратканда жол улап.

Ошентип, 7-апрелде шейит кеткен Жыргалбек Кулубаевдин үйүнө кирип, Советбек атага, Айсалкын апага, алтынчы баласын төрөгөнүнө алты ай болгон Айгүл жубайына кайрат айттык. Канкорлордун огунан атасын көрбөй калган Бекназардын өмүрүн тиледик.

Андан ары жол улап, даңазалуу Кожомкул балбандын мекени Суусамырга, андан ары Өтмөк ашуусу менен Талас жергесине жеттик. Бекмолдо айылына кире бериштен элечектүү энелер, келечектүү улан-кыздар, атчан аталар, курдаштар тосуп алышты. Чаап келип улакчылар салт боюнча алдыбызга улак таштады. Кызуу оюн уланды. Жеңиш чоролор тарапта болуп, андан кийин баткендик чоролорду тосуп алдык.

«Аттарды катуу бастырып, кээде чаптырып алдык. Кээси жорго салдырып, ыйык жерибиз — Манас ордого кирип бардык. Түн ортосу болсо да жергиликтүү эл, Тилен Береналиева, Алтын Жапаркулова апалар Манас атанын айкелинин жанына он канаттуу боз үйлөрүн тигип тосуп алышты. Эки күн ыйык жерде зыярат кылдык, өргүдүк. Жалал-Абаддан, Оштон, Баткенден чоролор жете келишти. «Базар-Коргон — Ноокен — Аксы — Ала-Бука — Чаткал — Кара-Буура ашууларын аштык, эл бизди жогорку деңгээлде тосуп, узатып жатты», — дейт Бекболот ага.

Манас ордого келишкен ар дубандын жаңы чоролору эл алдында ант беришти. Таластык чоролор, улакчылар менен биргеликте бул жерде да чоролор узаарда Кыргыз чоролору коомунун төрагасы Замир Көчөрбаевдин демилгеси, колдоосу менен улак тартылды.

Ат жолу кайталанбастан, алдыдагы чоң ашууларды ашуу Көпүрө-Базар айылынан эртеси башталды. Суу башындагы элдердин батасын алып,аттанган чоролор жыйырма беш чакырым аралыкты бат эле багындырып, Кара-Кол жайлоосуна келип жеттик. Жолдон да, Жапарбек Оморов өңдүү аксакалдар: «Жолго белсенип чыккан соң, ысылуу-суукка чыдаш керек», — деп чоролорду чыйралтты.

Кыргыз чоролору бардык жерде жогорку жоопкерчилик менен айтып жүргөн: «Улутум — кыргыз, урааным — Манас» ураанын тоо жаңыртып, аттарын басыгынан жаңылтпай бара жатышты. Кара-Кол жайлоосунан Качкынбек Кыбыраев, Зоотбек Токтогазиев агалар, Шуру Кыбыраева апа, келиндери: Сурия, Жылдыз, Жазгүл, уулдары Таттыбек, Жумабай чоролорду меймандап узатышты.

Таякелери Таластан болгондуктан «жылкы тезегин кургатпай» жаш кезинен бул ашуу­ларды нечен курдай ашып жүргөн Панфилов районунун тургуну Көкүмбай Чаликеев Акбар уулу жол баштап келатты.

Чоролорду, Кемел аганы Панфилов районунун эли, өнөрпоздору тосуп алышты, чоролордун чарчаганы байкалбайт. Жаныбек, Нурлан чоробуз ырдап-бийлеп беришти.

Ал-жайды сурашкан соң Панфилов районунун акими Таалайбек Сыдыков чек арадагы суунун башаты Кыргызстандан чыгаарын, (өз көзүбүз менен да көрдүк) бөлүштүрүүгө келгенде алтымыш сегиз пайызын казактар, ал эми отуз эки гана пайызын Панфилов району алып, кургакчылык кыйнаганын, ошондой эле казактар суу бөлүштүргүчтөн өйдө­төн дагы суу каналын куруп жатканын, суу бөлүштүрүүдө өзүм билемдик кылганын тынч­сыздануу менен белгиледи.

Кыргыз чоролору буга чейин деле ыйык, бийик жерлерде жөө, атчан жүрүп келебиз. Кара-Кол өрөөнүнөн Панфилов районуна чейинки жүз алтымыш чакырым аралыкты атымды эс алдырып, кайып болгон Семетей атабызга жана 7-апрелде шейит болгон баатырлардын элесине арнап, энчилүү аты эле Чоронун тайганын жетелеп чуркап өттүм. Тоонун сыры дем кошту.

Сапарыбызды уладык. Кара-Балта шаарынын тургундары, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Чынара Майтикова жетектеген администрация кызматкерлери концерт менен тосуп, жылуу маанайда узатышты.

Жол жүрүп, Сокулук районуна жеттик. Биринчиликти бербеген токчулук, молчулук бар район эмеспи.

Айта кетчү нерсе, элди биримдикке чакырган чоролордун ат жүрүшүн дээрлик бардык дубандардын, райондордун, айылдардын жетекчилери, эли чын жүрөктөн тосуп, узатып жатышты. Албетте, чоролор ыраазычылык билдиребиз. Элдин биримдигин, татыктуу көп жашашын тилейбиз.

Ошентип кырк чоро азаттыгыбыздын жыйырма жылдыгында таң эрте Сокулуктан Бишкекке ат жүрүшүн жасап, эл турмушунун, пейилинин оңолушуна тилек айтып, Айкөл Манастын айкелинин ачылышын коштоп турдук. Жүздөгөн куштардын асманда айланып турушун жакшылыкка жорудук.

Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист, кыргыз чоросу,
«Кыргыз туусу»,
06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий