Эне тил ширеси

“Байчечекей” – бала жыттуу басылма
Баш редактору бөбөк жандуу акын да…

Т.Самудинов – эне тилди кастарлаган акын
Ал наристенин жан-дүйнөсүндөгү эне тилдин ордун, анын баланын калыптануу процессиндеги ролун абдан жакшы билет. Балага наристе кезинде эне сүтү, витаминдүү жер-жемиш ширеси кандай пайдалуу болсо, анын рухуна эне тилинин “ширеси” андан да зарыл. Кичинекейлердин жаш курагына, психологиясына ылайык жомоктордон баштап, журналда жарыяланган түрдүү жанрдагы чакан чыгармалар наристелердин бал тилине, дүйнө кабылдоо өзгөчөлүгүнө төп келет. Ушул максатта наристелердин сөз байлыгын, сабаттуулугун, сүйлөө маданиятын өстүрүүгө арналган “Алфавиттик табышмактан” баштап, “Сөз үйрөнүп алалы”, “Сөздүк-ыр”, “Уйкаштарын өзүң тап” рубрикалары менен бирге анаграмма, логогриф, метаграмма, акростих, шарада, цифрограмма, шрифтограмма сыяктуу сөз-оюндарын системалуу жарыялап, баланын тилдик туюмун калыптандырууга пайдалуу эң мыкты материалдарды табууга болот.

Журналдан сөз аркылуу баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана наристенин руханий өнүгүүсүндөгү эң баалуу нерсе – өз эне тилинде ойлоно билүүгө үйрөтүүчү  материалдарды кездештирүүгө болот.

35тен 35 жыл изденүү
Кылымдар тогошкон акыркы 35 жылда коомдо, адам психологиясында, саясатта, деги бүтүндөй ааламда  кандай гана өзгөрүүлөр болбоду. “Бүгүн көргөн эртең жок, ушундай беле дүйнө шок” – доордун негизги күүсү болуп турган ушул учурда, өзгөрбөс өз наркын сактаган эч нерсе жоктой сезилчү. Көрсө, андай эмес экен. Адам баласынын акыл дараметин, сезим-туюмун оң-сол калчаган заман канчалык кубулбасын, аба менен суудай түбөлүктүү рухий баалуулукту таза сактаган инсандар болот тура. Алардын бири –  Токтосун Самудинов. Ал бөбөктөр журналы “Байчечекей” негизделгенден бери (35 жаш гүлгүн курагынан)  бир орунда 35 жыл тынымсыз изденип, куулугунан шумдугу көп базар мамилелеринин түйшүгүн нардай көтөрүп, баланын жан-дүйнөсүнө рух “чачыласын” чачып келет. Бул бүтүндөй бир адам өмүрүнө тете убакыт. Болгондо да өмүрдүн “боз ат минген” 35и – чыгармачылык жактан да, инсандык жактан да жетилүүнүн, калыптануунун белеси. Демек, Т.Самудинов жашоо мазмунун наристелерге арнады дегенге негиз бар.

“Байчечекейдин” нускасы убагында  75 миңден 85 миңге чейин өсүп, эми гана кенжелерге атайын арналган басылмалардын ичинде массалык колдоого, кадыр-баркка ээ болуп келатканда коомдук системанын өзгөрүшү анын да тагдырын көпкө калчады го… Балдарга арналган “Кыргызстан пионери”, “Жеткинчек” сыяктуу басылмалар гана эмес,  “Кыргызстан аялдары”, “Жаштык жарчысы”, “Ала-Тоо”, “Чалкан”, “Кыргызстан маданияты” деген абройлуу гезит-журналдар бирде чыкса, бирде чыкпай, айрымдары “жүзүн” өзгөртүп, кээ бирлери такыр эле жашоосун токтотуп, мезгилдин курмандыгына айланган өткөөл мезгилде “Байчечекейдин” бир да саны үзгүлтүккө учурабай, 35 жыл ичинде 330дан ашуун номери жарык көрүптүр. Бул анын сандык көрсөткүчү. Ал эми сапатычы?!  Бул суроонун жообун журналдын ар бир санын барактап, анын мазмунун түшүнө билген окурман гана бере алат.

Бөбөктөргө арналган бул басылма жөн эле журнал эмес. Бир саны экинчисине окшобогон “Байчечекей” –  чынында эле чыгармачылык изденүүлөрдүн, жаңы табылгалардын лабораториясы, наристелердин ажайып жан-дүйнөсүнүн ажарын ачууга багышталган аруу рухий гүлазык. Журналдын нравалык кредосу, наристенин бал тилине шайкеш стили, анын окурманга жагымдуу жаркын маанайы, кызыктуу жана интеллектуалдуу деңгээли анын баш редакторунун жеке чыгармачылык почерки менен тыгыз байланыштуу. “Байчечекей” да – менин чыгармачылыгым,  менин стилим, көз карашым, жүрөгүм жана жан-дүйнөм” – дейт акын (“Аргументы и факты в Кыргызстане”, № 17, 2007) бир интервьюсунда. Демек, “Байчечекей” менен Токтосун Самудиновдун чыгармачылыгын бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес.

Сен барыңдан жакшы болуп ушунча, “Байчечекей” ушунчалык гүлдөдү
(О.Султанов)

“Байчечекейдин” башында “тепсе тербелбеген” токтоо мүнөзү,   туруктуу принциби, баладай таза пейили, учкул кыялы менен юморист жана пародист Т.Самудинов эмес, башка болсо, бул журнал ушунчалык жашай алат беле, жок беле?! Акындын чыгармачылыгындагы индивидуалдуу өзгөчөлүк –  баланын табиятына шайкеш келген тамашакөйлүк, оюнкарактык, сезимталдуулук журналдын жаркын чыгышына өз таа­сирин тийгизип турганын байкоо кыйын эмес.

Бул “Байчечекейдин” балдар коомунан татыктуу орун алышынын биринчи шарты. Экинчиден, акын өз ишинин күйөрманы. Ага таандык жогорку интеллигенттүүлүк балдар журналынын тагдырына өзүнүн рухий перзенти катары мамиле жасоого шыкак берген. Базар мамилелеринин карышкырдай жырткыч арааны коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн итке минген жакырчылыкка кептеп, кагаз, боектордун баасы асман чапчып, гезит-журналдар мезгилге жараша жалаң саясий ушактар менен күн көрө баштаганда Т.Самудинов өзгөрбөгөн өз позициясын бекем сактай алды.

Жалаң гезит-журнал эмес, бүтүндөй рухий баалуулуктардын баркы түшүп, тапкан тыйын кара курсактын керектөөсүн канааттандыра албай калган 90-жылдары журналдын нускасы 85 миңден 2 миңге түштү. Өкүнүчтүүсү, 6 айга журналдын  баасы 60-70 сом болгонуна карабастан (айына 10 сомдун тегерегинде), бала бакчалар үчүн гана эмес, башталгыч класс­тын балдары үчүн баасы жок нравалык жүктү көтөрүп турган бул журналга ата-энелер да, тарбиячылар да, мугалимдер да  жазылуу демилгесин колго албады.

Республикадагы 2000ден ашуун мектепке, 100гө жакын бала бакчаларга бир эле нускадан  жазы-лууну милдеттендирүү жергиликтүү билим берүү мекемелеринин, райондук, облустук билим берүү мекемелеринин, аягында министрликтин колунан келет эле. Тилекке каршы, жөнөкөй колдон келчү ушул жумуш да жасалган жок. Жалпы УЛУТ наристесинин интеллектуалдык өсүшүнө жападан-жалгыз (бизде мындан башка бөбөктөр басылмасы жок) рухий үрөн сепкен бул басылманы жеке камкордугуна алчу УЛУТТУК азамат да чыкпады.

Оомал-төкмөл замандын мындай кыянатчылыгынын баарына кайыл болуп, баш редактордун жетекчилиги менен “Байчечекейчилер” “терең дарыя тынч агат” кейпинде, кумурскадай эмгектене беришти. Натыйжада журналдын саны азайса да, сапаты улам жогорулап, мезгил сыноосуна сынбай, басылманын наристедей таза жана сүйкүмдүү жүзү, эч жерден табылгыс наристенин жытындай деми сакталып калды. Демек, базар мамилелеринин катаал 35 жазынан  “Байчечекейди” “соолутпай гүлдөтүп” алып өтүү баш редакторго оңойго турбаганы шексиз.

Оюн – балалыктын мазмуну
Баланын таанып-билүү мүмкүндүгүн оюн менен коштоо дүйнөлүк педагогикада сыналган тажрыйба. Ушул багытта  “Байчечекей” журналында  оюн формасындагы: “Көңүлдүү баракча”, “Ким ойлонгуч, ким тапкыч?”, “Ким тезирээк чогултат?”, “Баш тырматар оюндар”, “Эсеп оюн”, “Жандырмагы сүрөттө”, “Байчечекейдин баш катырмалары”, “Оюн-викторина”, “Из кууп оку”, “Амал менен окуй бил”, “Сүрөттөрдү улантып тарт”, “Сөзсүз сүрөт”, “Нота менен окуп көр”, “Күлбөй турган жорукпу?” рубрикаларында берилген балдарды алектендирүүчү кызыктуу жана табышмактуу тапшырмалар нарис­телерди кайдыгер калтырбайт. Негизгиси баланы ойго салат жана алектенүүгө мажбурлайт. Журналда (2011, № 2) берилген төмөнкү оюнду эмне үчүн окуу китептерине киргизүүгө болбосун.

“5” алгың келеби?
Бир сан ойло. Ага андан кийин келчү санды кош. Эми ага 9 ду кошосуң. Чыккан санды  2ге бөлгүн. Андан ойлогон саныңды алып сал. Мына сен каалаган “5”.

Оюн формасындагы дидактикалык материалдар баланын чыгармачылык ишмердүүлүгүн калыптандырууга шарт түзөт. “Байчечекейчилер” анын ушул касиетин туура жана максаттуу пайдалана билишет. Ушул багытта  сүрөт аркылуу берилген “Адашкан балапанга жол таап бергиле”, “Даракта канча чымчык бар?”, “Канча көпөлөк, канча гүл?”, “Адашкан коен  кайыкка кантип жетет?”, “Кулпулар кантип ачылат?”, “Күчүккө жол таап бергиле” сыяктуу кызыктуу суроо-тапшырмалар балдардын учкул кыялын күүгө келтирүүчү руханий табылгалар болуп эсептелет.

Журналдын дагы бир баалуу жагы педагогика илиминдеги маанилүү принципти – татыктуулук менен акыл эмгегин талап кылуучу кыйынчылык өлчөмүн туура сактап, балага өтө жеңил же өтө оор тапшырма бербей, “алтын аралыкты” кармай билгендигинде. Ансыз ар кандай басылма балдардын сүйүүсүнө ээ боло алмак эмес.

“Байчечекейдин” билим-тарбия казынасы
Кандай гана жалпыга маалымдоо каражаты болбосун окурманга маалымат берүү, анын таанып-билүү керектүүлүгүн канааттандыруу жана тарбия берүү максатын көздөөгө тийиш. «Байчечекей» балдардын көңүл ачуучу же ар кандай тапшырмалар менен алектендирүүчү басылма эмес, балдардын билимин байытууга жана аларды тарбиялоого зор салым кошуучу журнал. Болгондо да чоң проблемалар боюнча балдардын жаш курагына жараша улуттук руханий жана материалдык баалуулуктар боюнча татыктуу билим берүүгө багытталган.

Айрыкча элдин көөнөрбөс мурастары жөнүндө түшүнүк берүү жагынан “Байчечекей” баалуу эмгек жасап келет. “Манас” эпосунан үзүндүлөр, “Байчечекейдин портрет галереясы”, “Ыйык китептерден”, “Атанын сөзү – акылдын көзү”, “Адептүүлүк алиппеси” сыяктуу рубрикаларда берилген материалдар аркылуу кичинекейлерге билим эле эмес,  мыкты тарбия берүү милдети бар. Кыргыз оюмдарынын аттары, улуттук музыкалык аспаптар, унутулуп бара жаткан сөздөрдүн этимологиясы боюнча берилген түшүнүктөр балдар эле эмес, ата-энелер үчүн да билим булагы боло алат.

“Байчечекейдин” билим казынасындагы этнопедагогикалык багыт өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кыргыз оюмдары, боз үй боюнча маалымат, аларды боёго сунуш кылуу, жер-суу аттары боюнча легенда-уламыштар балдарды жаш курагынан мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт.

Мазмунунан түнөк алган миң кыры, “Байчечекей” –  бөбөктөрдүн жан сыры
Коомчулук жакшы билет, биз менен тагдырлаш жашап келген россиялык   “Мурзилка” балдарга арналган эң өмүрү узун (1924-жылдан бери) журнал катары 2010-жылы “Гиннес” китебине кирди. Орус чыгармачыл коому ага маашырланып калган жери жок. Улуттун келечегин ойлогон улут элитасы дагы толгон токой “Костер”, “Клепа”, “Кукумбер”,  “Картинка в паутинке”, “Веселые картины”, “Почитай-ка”, “Юный техник”, “Юный натуралист”, “Зорка”, “Классный журнал”, “Детская газета” ж.б. басылмаларды тынымсыз чыгаруу менен өз балдарынын руханий байлыгын байытуу үчүн алпурушууда.

Кийинки мезгилде  бөбөктөргө арналган бир нече Интернет-журналдарды ачышты. Аталган басылмалардын  мазмунундагы бөбөктөрдүн дүйнө таанымын калыптандырууга арналган руханий изденүүлөрдөн жаралган жаңы табылгаларды жалгыз өзү мазмунуна сыйдыра, “Байчечекей” алар менен теңтайлашып келет. Орус тилдүү биздин журналисттер “Байчечекейди” кыргыз балдарынын “Мурзилкасы” деп  калышат. Бирок “Байчечекейди” башка бир басылманын көчүрмөсү катары кароого болбойт. Анткени Т.Самудинов идеяны башка басылмалардан алса да, ага кыргызча “жан” киргизе, журналды кыргыз дүйнө таанымына ылайыктай билет.

Журнал “Өзүңөр боёгула”, “Сүрөттү улантып тарткыла”, “Кесинди сүрөттөрдү ордуна койгула”, “Жандырмагы сүрөттө”, “Сөзсүз сүрөт”, “Балдар тарткан сүрөттөр”, “Сүрөттөрдү кайчы менен кесип, кайра бириктиргиле”, “Сүрөттөрдү карап аңгеме жазгыла” деген рубрикалары аркылуу бир нече басылманын милдетин мойнуна көтөрүп келет. Журналга жарыяланган материалдар бөбөктөр же кенже балдар эле эмес, ата-энелер, тарбиячылар, мугалимдер, балдар адабиятына кызыккан изилдөөчүлөр, адабият ааламына баш баккан жаш калемгерлер үчүн да пайдалуу. Бул багытта “Байчечекейдин” алдына койгон так максаттары окурманга ачык байкалып турат.

Үмүт КУЛТАЕВА, профессор, «Кыргыз туусу», 06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Эне тил ширеси: 1 комментарий

Добавить комментарий