Кайран Каркыра же “Үркүн – 95” кандай белгиленди?

Кылым башында кыргызды кыйраканга салган 1916-жылдагы үркүн окуясынын 95 жылдыгын белгилөө ар бирибиздин жүлүнүбүзгө, чучугубузга чейин жеткен патриоттуулук коштоп, ал жылдарга чексиз таазим менен эскерүү иретинде өтөт го деген ойдо болуптурбуз. Айтайын дегеним, ушул окуяны бөтөнчө бөлүп белгилөө максатында Каркыранын дарбазасы саналган Сан-Ташка Бишкектен жоон топ эл жетип бардык. Алыстан чарчап-чаалыгып,  августтун саратан ысыгына куйкаланып баргандардын, эң башкысы “Үркүн-95” эстутум аземинин алгачкы таасирлеринен таалим-тарбия, кандайдыр бир сүр көрөбүз го дегендердин көкшүнү бир сууду десең… Анткени мурда айтылган отуз боз үй эмес, жетөөсү гана жаңыдан тигилип жатыптыр. Элдин эркиндик көтөрүлүшүнүн курмандыктарынын жаркын элесине таазим этүүгө облустук жана райондук  бийликтердин кайдыгерлиги, ал турмак тымызын тыюу салгандары, руксат бербөө өңдөнгөн тоң моюндугу абалды оордотуп койду.

Мармар таштан жасалып, пай-дубалга көтөрүлгөн эстелик “Кыргыз эли” коомдук бирикмеси тарабынан бүткөрүлүп, “Үркүн -95” урматына тургузулган. Ал жерде ошол тарыхый кырдаал, татаал күндөр туурасында журналисттер менен жүрүштүн катышуучуларынын кызуу талкуусу уланып жатты. Бирок, “Манас” эпосуна тиешелүү эстеликтин экиге бөлүнүп, талкаланып жатканы жанга батты…

“Манас-1000” мааракеси белгиленип, БУУ аркылуу дүйнөгө кеңири даңазаланып жаткандан улам, америкалык жаш окумуштуу жигит П.Даниэль “Көкөтөйдүн ашы” биринчи ирет кагазга түшүрүлүшүнүн “140 жылдык урматына” деген эстелик таш белгини 1996-жылы өз эсебинен койдурткан. 1856-жылы “Манасты” Ч.Валиханов биринчи жазып алганы үчүнбү же Казакстан Каркыранын айрым бөлүгү менен көл жээгинен да жерлерди ээлеп алганына нааразычылык үчүнбү, айтор АКШнын жараны коюп кеткен эстеликти жарып салышканы өтө өөн учурады.

Байыркы Сан-Таш эстелиги менен кербен сарайы руханий мада-ниятыбызды  толуктап турганын ырастоочу эстеликти кайра ордуна келтирип, оңдоп-түзөп койсок көзү өткөн манасчылардын, Чокон Валиханов-дун арбактары ыраазы болуу менен Приор Даниэлдин эмгеги да өз ордун тапмак.

Көрсө “Үркүн-95”  иш-чарасынан үштөрү качкандар менен Каркыранын кандайдыр байланышы бар шекилденет. Себеби, Каркыраны казактардан коргойлу деп барган Бакиев заманындагы оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен кубалашса, эми минтип “Үркүн-95тен” үштөрү качкан адамдар көл жергесинде бар экенине таң калгандар да, ачуусу келгендер да болду…

Үркүндө азап тарткан  ата-бабалардын элесине таазим этип келген соң, бир түнгө чыдайлы дешти келгендер. Ошентип, боз үйлөр да, чабандардын там үйлөрү да тарых таржымалынан кеп салышкандарга толуп, Сан-Ташта кадыр түн тосуп, таң атырышты. Манасчы жигиттер “Тайторуну чаап”, ырчы, комузчу кыз-келиндер, акындар эл мүдөөсүн кандыра ыр-күүлөрдү созолонтушту.

Ошол Сан-Таштагы кадыр түндө 1916-жылы үркүндүн шейиттери менен “Манас” эпосу, атап айтканда “Көкөтөйдүн ашы” өткөн Каркыра маселеси өзүнөн өзү ширелишип, эриш-аркак туюмга айланып кетти. Андан: “Эмне үчүн бийликтегилер эл менен пикирлешүүгө ар дайым кайдыгер карап, анын тескери таасирин, өлчөөсүз зыянын дайыма эл тартат?” – деген түпөйүл суроого жооп издеп жаттык.

Каркыранын канча бир бөлүгүнүн казак туугандарга өтүп кеткендигинин эл арасындагы айың кебин да ортого салсак, чындыгы бар го деп ойлойм. К.Бакиевдин инаугурациясы болор алдында Н.Назарбаев Каркыранын казак чегарасына  чектеш жеринде Райымберди баатырга тургузулчу эстеликтин ордун белгилөө салтанатына катышууда Каркыра жайлоосуна таңдануубу же суктануубу  айтор, ошол чектеш жерди бербесең болбойт деп К.Бакиевдин шаштысын алыптыр деген маалымат кеткен. Куттуктоого келген меймандын күтүүсүз бул жоругуна Бакиев эмне дешти билбей эси ооп туруп калганын “макул” деди деп өз пайдасына өкчөгөн казак президенти кош колдоп  “келишимди” бекитип салыптыр. Ошондо Нураке, бул маселени жайынча сүйлөшөлү, жер деген оңой эмес, Жогорку Кеңеш да макул боло койбос, бүгүн тойлук маанайда эле калалы – дегенге жарабай, К.Бакиевди кийин спикер А.Мадумаров да колдоп кеткени өзүнчө табышмак…

Сан-Ташка, Каркырага коюлган “Үркүн-95” эстеликтеринин ачылышына элдин көп катышуусунан, ат оюнуна каршы болгон аткаминерлер эмнеден чоочушту? “Үркүн-95ке” келгендер казак менен жер талашты баштап жиберишеби дештиби?

Тарых кайталанат демекчи, Көкөтөйдүн ашында кытайлар Мааникерди талашып, чыр баштаса, эми казак туугандар Каркыраны каратып туруп, ээлей баштаса эл аракет кылабы же улам алмашып жаткан бийлик бирдеме дейби?

Жерди сактап, чегараны тактап алсак болор. Ал эми ошол Каркырада жашап жаткан кыргыздар кыргызча ТВ көрбөсө, радио тартпаса, телефон чалынбаса казактарга маалымат туткуну болуп калып жатышпайбы. Бийликтен жардам болуп, аракет көрүлбөсө эл баш-оту менен казактарга кирип кетпес бекен?  Теңир ушундан сактасын.

“Манас” аттуу жаңы шаарды да ушул Каркырага курсак жарашчудай. Узуну 80, туурасы 30-40 чакырымдан ашык жайлоого  ушинтип көңүл буруу менен чек араны бекемдесек болчудай деген ойго кетесиң. Кыргызстандын президенти ким? – десе билбеген кыргыздын бул жердеги тестиер баласына терең билим берүү колго алынмак. Болбосо, “Үркүн-95тен” үрккөндөй абалдан арылышыбыз арсар.

Алыскы жайлоону, тоо арасын мындай кой, Бишкектин өзүндө Үркүндүн эстелик комплексин 1991-жылдан бери куруп бүтмөк түгүл, башталбагандыктан, 4,5 гектар жердин көбүн башкалар ээлеп алганына эмне дейбиз?.. Анан кантип биз Үзөнгү-Кууш, Каркыра деп айтканга жарап, талашууга чыгабыз… Илимпоздор менен тарыхчылар “Үркүн-95тин” иш-чараларын бир жыл мурда эле түзүп, идеологиянын итине чөп жедирип турса болбойт беле… Качан гана “Кыргыз эли” сыяктуу коомдук уюмдар демилге көтөрүп чыкканда шашылыш иш-чара даярдоонун пайдасы канча?

1991-жылдагы “Үркүн-75” “Өмүр көчү” жүрүшүндө 40 жаштан ашкан кыргыздар гана ушул ишке терең маани берип, карыялардын көзүнөн жаш таамп турган. Ал эми азыркы жаштардын көбү кезектеги эле бир оюн-зоокко келгендей сезилди деп жазгандарына “Үркүн-95ти”  салыштырсак, анда тарыхты тануу, чануу, сабатсыздык дегендин сормо сазына баарыбыз кирип бараткан жокпузбу? – деген ой келет. Мына ушундай. Рух добулбасын улуттук деңгээлде уруу маселесин күн тартибине койбосок болбойт.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси,
«Кыргыз туусу»,
06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий