Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим КАРИМОВ: «Ыңкылаптарга, Ош окуясына жазуучулар үн коштубу?»

Мирзохалим агай, сиз кандайча кыргыз-тажик жазуучусу болуп калдыңыз?
Мен Тажикстандагы кыргыздардын Жерге-Тал районунун Бүтө-Көл айылында төрөлүп өскөм. Атам тажик, энем кыргыз. Бул айылда көбүнчө кыргыздар жашайт, тажиктер аз болгондуктан айылдык мектептеги сабактар кыргыз тилинде жүргүзүлчү. Кыргыз тилинде жазып калганымдын себеби ошол. Андан кийин кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктадым. Документалдык жагын карасак мен учурда Кыргызстандын да, Тажикстандын да Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн.

Жазуучу болуп калышыңызга ким таасир берген?
Ар бир бала алгачкы багытты үй-бүлөдөн алат эмеспи. Апам ыраматылык Айкыз кошок кошуп, жомок айтып, дастандарды, накыл сөздөрдү билген инсан эле. Мындан сырткары, кийиз жасап, таар соккон уз аял болгон. Мен ойлойм, энем менин чыгармачыл адам болуп калышыма жана кыргыз жазуучусу болушума чоң таасир берсе керек.

Алгачкы калем кармаган учурларыңызды эстесеңиз?
Адабиятка болгон кызыгуум мектепте окуп жүргөн учурда эле башталды. Кыргыз адабият мугалими Файзулла Нураков агай мага аябай таасир эткен. Анын ар бир сабагын күтүп, айткан сөздөрүн өтө ынтаа коюп угар элем. Өзүм бара-бара мектепте дубал газета чыгара баштадым. Сатиралык ырларды жазып, башкалардын ырларына редактор болгонум мени биртоп шыктандырган деп эсептейм. Бирок адабиятка кызыкканым менен тагдыр, буйрук деген өзүнчө болот экен. Онунчу классты бүткөндөн кийин каражаттын тартыштыгынан ал кездеги Фрунзеге келип окуйм деген үмүтүм ишке ашпай, Ош шаарына келип айдоочулук кесипке окуп калдым. Окууну бүтөрүм менен аскерге алып кетишти. Аскерде кесибим боюнча айдоочулук кылдым. Ал жерде жүргөндө да казарманын китепканасына байма-бай каттап, машинемдин бардачогунан китеп үзүлчү эмес. Армиядан келгенден кийин дагы үч жыл айдоочулук кылып жүрүп, алгач райондук гезитке ыр, аңгеме жазып жүрдүм. Эсимде, Тажистандан «Сүйүү баяны» деген аңгемемди «Кыргызстан маданиятына» жөнөткөн элем. Анан гезиттен «сиздин жөндөмүңүз бар экен, эгер мүмкүн болсо бизге бир чакан сүрөтүңүздү жөнөтүп жиберсеңиз» деген кат барыптыр. Бул мага өтө чоң канат болду. Сүрөтүмдү жөнөтүп, ошол эле жылы айдоочулук кесибимди токтотуп, Фрунзеге келип университеттин журналистика факультетине тапшырдым.

— Окууга биринчи жолкуда эле өтүп кеттиңиз да.
Чындыгында 25 жашка чейин мен көп нерсени унутуп койгон экем. Кыргыз тили, адабиятынан сынакты жакшы эле тапшырдым. Чет тил менен тарыхтан кыйналдым. Бул сабактардан чындап экзамен алышканда өтүшүм кыйын эле. Бирок мени алыстан келди деп сыйлап кабыл алып коюшту окшойт. Экинчиден, райондук, республикалык гезиттерге жарыяланган макалаларым, аңгемелерим да бар эле. Окууга өтүп калышыма Тажикстандагы кыргыздардын чыгармачылыгын изилдеп жүргөн Жээнбай Мукамбаев агайдын да таасири болгон. Бу киши кадрлар өсүп чыксын деп Тажикстандан ким келсе эле колдоп келгенин баары билет. Менин дилбаяным да дал ошол кишинин колуна тийген экен, ал киши жакшы баа коюптур. Аны менен кийин тааныштым. Ал мени «тай» деп койчу. «Тай, сен мен барып туз ичкен жердин кулуну экенсиң, жакшы окугун» деп дем берип турар эле. Кудай буюрса, ал агайымды уят кылган жокмун деп ойлойм. Биринчи курста эле «Ала-Тоо» журналына котормолорум чыкты. Ал убакта бул журналга чыгуу өтө татаал жана сыймыктуу иш эле.

«Ала-Тоо» журналына чыгуу сиздин чыгармачылыгыңызга ак бата болгон экен да…
Негизи менин чыныгы чыгармачылык каалгамдын ачылышына жазуучу, драматург Шатман Садыбакасовдун таасири чоң. Ошол киши мени өз перзентиндей тарбиялап, аңгемелеримди кадимки жат жазуу текшергендей текшерип, «Мажүрүм тал» деген аңгемемди бастырып чыгарды. Университетти бүтө элегимде «Кыя жолдор» деген повесть жаздым эле, аны чыгарды. Тилекке каршы ал киши оорукчан экен, мен окууну бүтүп жатканда, өзү элүү жашка толгондо каза болуп калды. Мен университтеттин аскердик кафедрасынын үч айлык машыгуусунда жүргөм. Бир күнү агайымдан кабар алып коеюн деп шаарга келип «Ала-Тоо» журналына кайрылсам, редакциядагылар «атаңдан айрылдың, бүгүн коюп атабыз, топурак салганга жетишип кал» дешти. Шашып шаардын сыртындагы агайдын үйү тарапка жөнөдүм. Агай көзү тирүүсүндө жакындарына «мени Байтикке койгула, ал жерден Жумгалды карап жатайын» деп айткан экен. Ошол күнү агайым айткан жерине коюлду. Мен ага топурак салууга гана үлгүрүп калдым. Баса, ал киши мага жеке эле чыгармачылыкта жардам бербей кез-кезде материалдык жактан да жардам берип турар эле. Барып калган сайын «жаныңда акчаң барбы, окуудан кыйналган жоксуңбу, эгер сени бирөөлөр жүйөсүз кыйнап жатса мага айт, мен жардам берем» деп аталык камкордук кылып, жазуучу болушума чын ниетинен аракет кылганына таңкалам.

Союз учурундагы калемдештер менен азыркы учурдагы калемдештердин бири-бири менен болгон мамилесинде кандай айырмачылык бар?
Союз учурунда жаш муун менен улуу муундун ортосунда кандайдыр бир нарктуу байланыш болор эле. Курбалдаш калемдештер бири-бирибиздин чыгармаларыбызды окуп, пикир айтып, өзүбүздүн эле эмес, жоро-жолдошторубуздун чыгармалары гезит-журналдарга жарыяланса кадимкидей кубанар элек. Союз кулагандан кийин рухубуз да, духубуз да кулап кетти окшойт. Илгери төрт сап ыр чыкса да талкууланчу. Азыр эмне жазсаң да баары бир.

Сиз тажик улутунун өкүлү катары кыргыздын ич ара бөлүнүүчүлүгү, арийне, жазуучулар арасындагы бөлүнүүчүлүк тууралуу эмне дейсиз?
Эң өкүнүчтүү маселе, кээ бир учурда жазуучулар да аркы жээк, берки жээк болуп бөлүнүп калып атышпайбы. Мындайда кыргыз жазуучуларынын жүрөгү канчалык ооруса меники андан эки эсе ооруйт. Менин таякелеримдин, энемдин туугандарынын бөлүнгөнүнө жүрөгүм сыздайт. Мейли, башкалар бөлүнгөн учурда да жазуучу журту эч убакта бөлүнбөш керек. Кыргыздын мыкты акындары, ааламды дүңгүрөткөн жазуучулары бар. Алар менен сүйлөшүп калганымда ич ара ынтымакта боло албай жатышканына кейип калышат. Албетте бөлүп-жарып жаткандар начар адамдар. Арийне, чыгармачыл инсандын жүрөгү таза болушу зарыл. Бөлүнүүгө барган адамдардын жүрөгү арам. Жазуучунун нравасы, адеп-ахлагы бийик болуш керек. Жазуучу сөзсүз жазган чыгармасы менен эле эмес баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен да айлана-тегерегиндеги адамдарга үлгү болууга тийиш. Аттарын айтпай эле коеюн, биздин кээ бир жазуучулардын жүрүш-турушу мени көп ойлондурат. Өкмөт Жазуучулар союзуна карабайт деп кыйкырып келебиз. Өзүбүз ич ара бөлүнүп-жарылып жүрсөк алар эмнеге жардам бермек эле. Коомдо болуп жаткан иштерге да кайдыгербиз. Мисалы, ыңкылаптар, Ош окуясы болуп өттү, жазуучулар аларга үн коштубу? Жок. Жазуучунун үнү так ушундай кыйын күндөрдө бийик болуш керек эле да. Ушундай окуялардын негизинде бизге салкын мамиле жасалып жатат деп түшүнөм.

Сиз тажик Жазуучулар союзунун да мүчөсү экенсиз, алардын акыбалы кандай?
Чынын айтканда, Эмомали Рахмон бийликке келгени жазуучуларды колдоп келатат. Себеби алардын Жазуучулар союзунун биримдиги бар. Туура, атуулдук согуш жүргөн жылдарда алардын Жазуучулар союзунда да бир силкинүү болгон. Мисалы, Бозор Собир, Гулрухсор Сафиева деген чоң акындары өз алдынча чатыр тигип алып бөлүнүп, каршылашкан адамдар тарабына өтүп, кийин алардын абийири төгүлүп алды. Бирок бул аларга эң чоң сабак болду. Бозор Собир ошондой иш кылганы үчүн АКШга качып барып, чет жерде кыйналып, президентке жолугууга аракеттенген. Бирок Американын президенти кабыл алган эмес. Албетте ал жерде талантың болсо ошону менен жашайсың. Биздей кылып акын атың болсо эле эркелете бербейт да. Бозор Собир ушулардын бардыгын жазып, кемчиликтерин тизмектеп, өзү Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын болуп туруп ошондой ишке барганы үчүн өз элинен кечирим сурап китеп чыгарды. Аны эли кечирди, бирок ал «мен ал кемчилигимди өзүм кечирбейм, өз жериме барганга дитим барбайт» деп жооп берди. Учурда Тажикстандагы Жазуучулар союзу аябай ынтымактуу. Кайсы бир саясый же маданий кампанияларда мамлекет менен биргеликте иш алып барышат. Структурасы союз учурунда кандай болсо азыр деле ошондой. Имараттары чоң, кызмат унаалары бар. Эмомали Рахмон президенттик фондунан ар бир жазуучунун эки жылда бир китебин чыгарып, калем акысын берип турат. Мындан сырткары, жазуучулардын эс алуу үйү, адабият фонду иштеп жатат.

Сизге эки Жазуучулар союзунун кайсынысы жакын?
Мага Кыргызстан Жазуучулар союзу жакын.

Себеп…
Себеп дегенде мен өзүм ушул жерден билим алдым. 1983-жылы өз элиме кызмат кылайын деп райондук гезитке барып үч жыл иштегем, бирок Кыргызстан менен болбосом жазуучулук өнөрүм өчөрүн түшүнгөм. Кыргыз тилинде жазгандан кийин менин ой жүгүртүүм, дүйнө таанымым кыргызча болуп калган. Ошол эле учурда өз тилимди да унуткан эмесмин. Аларга барсам өзүмдүн тилимде сүйлөшө алам. Радио угуп, гезиттерин окуп турам. Эми пенсияга жакындап калдың, бул жакка эле келбейсиңби деген сунуштар да болгон. Бирок мен ага көнбөйм. Мага Кыргызстан тырмак менен эттей болуп калды. Чынын айтканда, эки мекендүүмүн, бирок Кыргызстанда эле калам.

Канча тилде сүйлөп, жаза аласыз?
Негизинен профессионалдык деңгээлде сүйлөгөн, жазган тилим — кыргыз тили. Өзбек тилинде деле жазам, котором, оозеки сүйлөйм, бирок кыргыз тилиндей деңгээлде эмес. Ал эми көп жыл алыста жүргөндүктөн тажик адабий тилин унуттум.

Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
Эки кыз, бир уулум бар. Союз учурунда шаардан балдарымды кыргыз мектебине берүүгө аракет кылып, ага мүмкүнчүлүк таппай койдум. Бирок үйдөн кыргызча сүйлөткөнгө аракет кылып жүрүп, азыр «Вечерний Бишкек» гезитинде иштеген кызым Гүлчехра Каримова орус мектепти бүткөнү менен кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт. Учурда Чехияда иштеп жүргөн уулум да кыргызча түш жоруйт. Болгону кичүү кызыма алым жетпей калды. Балдарымды Кыргызстанда жашагандан кийин сөзсүз кыргыз тилин билиш керек деген принцип менен тарбиялагам.

Жакында кыргыз элине, келечек муунуна керектүү бир чоң эмгек жасадыңыз. Ошол тууралуу да айта кетсеңиз?
— Китеп «Ата-бабалар табериги» деп аталат. Бул кыргыздын адеп-ахлак, каада-салт, үрп-адат, жөрөлгө жана ырым-жырым жыйнагы. Негизинен китеп энциклопедиялык формада жасалды. Көлөмү 45 басма табак, 700 беттен ашуун. Мында 17-18 автордун эмгеги пайдаланылды. Бул ишти мен март айларында баштагам. Жакында анын миң нускасы чыкты. Дагы он миң нуска жарык көрүү алдында турат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий