“Манас” эпосун биринчи ачкан окумуштуу

Кыргыз элинин “Манас” эпосун үйрөнүүгө өз демилгеси менен киришкен окумуштуунун бири – Чокон Чингисович Валиханов. Анын улуту казак, жашынан окуп, элдин тарыхын, ар кыл маданиятын, оозеки чыгармачылыгын үйрөнүүгө абдан кызыккан. Ал Сибирдеги Кадет корпусун – орустун согуштук орто мектебин бүтүрүп, орус офицеринин наамын алган. Этнограф-окумуштуу жана саякатчы катары орус географиялык коомунун анык мүчөсү болгон. Кадет корпусунда окуганга чейин эле казак элинин тарыхын, түркүн маданиятын, оозеки чыгармачылыгын жыйнап, саякатчы болууну эңсеген.

1855-жылы кыргыздын ири билерман манабы – Боромбайдын каалоосу менен бугу уруусу орустарга карап беришет. Территориясын кантип, кандайча кеңитүүнүн шылтоосун издеп-таппаган орус падышачылыгына – бул чоң саясий окуя катары кабыл алынат. 1856-жылы бугу уруусуна таандык жерди топографиялык картага түшүрүү максатында Батыш Сибирь генерал-губернатору полковник М.М. Хоргентовский башкарган аскердик-илимий экспедиция уюштуруп, атайы Ысык-Көлгө жиберет. Чокон Валихановдун саякатка чыгышы биринчи жолу – мына ушул аскердик-илимий экспедицияга катышуудан башталган.

Аскердик-илимий экспедициянын алдына койгон максаты аябай кеңири болгон. Бул Чокон Валихановдун биринчи саякатында жасаган ишинен, жалпы эле анын өмүр баянынан, чыгармачылыгынан ачык байкалат. Экспедицияны уюштурууда орустар алдын ала атайын даярданган. Ч.Валиханов да кандай иштерди аткаруу керектигине күн мурунтан даярданып, чыгына камынган.

Кыскасы, Чокон Валиханов кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, оозеки чыгармачылыгын, бөтөнчө “Манас” эпосун кандайча изилдеп калган? Себеби эмнеде? Ушул су-роолорго жооп бермейинче Чокон Валихановдун саякатчы-чалгынчы окумуштуулугунун жүзү терең ачылбайт. Берилчү жооп Кадет корпусунан окуганга чейин эле ал өз элинин тарыхын, маданиятын, оозеки чыгармачылыгын үйрөнүп чектелип калбагандыгына байланыштырып караганда бардыгы өзүнөн-өзү түшүндүрүлөт.

Саякатчы болууну самаган бала жаш кезинен эле башка элдердин да тарыхын, маданиятын, оозеки чыгармачылыгын да билүүгө кызыккан. Ошондой кызыктырган элдердин бири – кыргыздар деп айтсак эч качан аша чапкандык болбойт. Анткени кыргыздар менен казактардын турмушу, каада-салты, ишеним-түшүнүгү дээрлик бирдей экендиги да жаш Чокондун кызыгуусун күчөткөн. Башынан эле кыргыздын тарыхы, маданияты, оозеки чыгармачылыгы жөнүндө бермейинче Чокон Валихановдун айрым маалыматтар казактарда да уламыш түрүндө айтылып келген. Бала кезинен ушундай маалыматтар менен толук кабары бар Чокон Кадет корпусунда окуганда алынын келишинче аны кеңиткен.

Биринчи саякатында Чокон Валиханов кыргыздарга, айрыкча “Манас” эпосуна тиешелүү маалыматтарды кеңири өздөштүрүп, өзүнчө даярданып келген.

1956-59-жылдардагы экинчи саякатын дале Ысык-Көл аркылуу ошол кезде “ак тактар” аталган Кашкарга жасаган. Мунун өзү – мейли Ысык-Көлгө, мейли Кашкарга жасалган саякатында болсун – Чокон Валиханов орустардын кызыкчылыгын көздөп, тыкандык менен атайы даярдыктан өткөрүлүп жиберилгени айгинелейт.

Чокон Валихановдун кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан жыйналган материалдарынын негизгиси – “Манас” эпосунун айрым окуялары. Ага Манастын балалык чагы, Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы өңдүү окуялар кирет. Окумуштуу күндөлүгүндө: “26-майда кыргыздардын ырчысы келди. Ал “Манас” поэмасын билет. Сүйлөгөн тилге караганда поэманын тили алда канча жеңил”, — деп жазган. “Манас” эпосун билген жомокчунун өзү келип жолугушу бугу уруусунун Боромбай баш болгон манаптары Чокон Валихановду аябай жакшы тосуп алышканын билдирет. Бир учурда кыргыздардын меймандостугунан да кабар берет. Окумуштуунун кыргыз элинин тарыхый санжырасына, оозеки чыгармачылыгына кызыгышы ошол эле Боромбай өңдүү манаптар орус өкмөтүнүн тапшыруусу менен жасалып жаткандай кабыл алышкан. Ошондуктан алар бардык жагынан жардам беришкенин Чокон Валиханов өзү да эскерип жазган. Бул башка санжырачы өңдүү сөзмөр адамдар да окумуштууга өздөрү келип, билгендерин айтып беришкенин ырастайт.

Жогоруда эскерилген “Манас” эпосунун окуяларынын бардыгын өзү жазып албаган. Өзү жолуккан жомокчудан Манастын балалык чагын, Каныкейге үйлөнүшүн жана башка эпостун урунттуу жерлерин айттырып угуп, алардын кыска мазмунун кара сөз түрүндө жазып алган. Эпостун каарманы Манас тектүү кандын тукуму эмес, жөнөкөй эле адамдын баласы. Бирок атасы Якуб-Жакып өзүн-өзү кандан калышпаган – ошого тете Жакып канмын деп эсептейт. Жаралышы  байыркы мүнөзгө ээ болгон эпостун каарманындай эле – Манас жашынан баатырдык көрсөтөт. Катылгандын катыгын берип, душмандарын талкалайт. Каарданганда, согушка киргенде Манастын көрүнүшү коркунучтуу, түрү суук болуп көрүнөт.

Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө атасы Жакып сулуу, акылдуу кыз издеп, көп жерди кыдырып, кыйналат. Акыры өңүнүн актыгы кардай, кызылы карга тамган кандай, чачы согончогуна жеткен, жыты жыпар жыттанган, тиши акактай агарган Каракандын кызы – Каныкейди табат. Каракан кызын бербейт. Манас салгылашып жатып, Каныкейди аялдыкка алат. Чокон Валиханов өзү жазып алган эпостун окуяларынын болгон мазмуну мына ушундай мүнөздөлөт. Ал эми Көкөтөйдүн ашын окумуштуу өзү жазып албаган. Алтымышынчы жылга чейин аны деле окумуштуу жазган деп жүргөнбүз. 1964-жылы Көкөтөйдүн ашынын түп нускасын казак академиги А.Х. Маргулан Ленинграддагы СССР илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондусунан тапкан.

Көкөтөйдүн ашы башка адам тарабынан жазылса да Ч.Валиханов “Манас” поэмасынын бир эпизодун Көкөтөйгө берилген ашты кыргыз рапсодунан (ырчысынан-М.М.) жазып алдым. Бул кагаз бетине түшүрүлгөн биринчи кыргыз сөзү болсо керек” деп эскерген. Ошол окуяны орус тилине которуп жатканын, буга чейин ориенталисттерге-чыгыш таануучу окумуштууларга такыр белгисиз болгон кыргыз тили менен тааныштыруу максатында кичинекей сөздүк түзгүсү келгендигин да билдирген. Буга караганда “Манас” эпосун изилдөөгө Чокон Валиханов алдына атайы кеңири максат коюп, өтө берилгендик менен киришкендигин көрсөтөт.

“Манасты” мыкты билген жомокчудан уккандыктан окумуштуу эпостун тегерегинде ар кыл мазмундагы айрым учурларда карама-каршылыктуу ойлорун да өнүктүргөн. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгынын өсүшүндө жападан-жалгыз кара сөз жана ыр түрүндөгү дастандары түзүлгөн. Кыргыздардын ыр түрүндөгү бирден-бир жападан-жалгыз чыгармасы – “Манас” сагасы-жомогу. Эпостун жаралышына келгенде адегенде кара сөз түрүндөгү жомоктон кийин гана ырга айланган деши окумуштуунун мына ошондой карама-каршылыктуу ойлорунан. Башкасын айтпаганда, жалпы адам баласынын көркөм сөз өнөрүнүн алгачкы жаралышында ыр өзгөчө роль ойногондугун, анын тарыхынын башаты да ошол ырдан башталганын атайы эскерсек бардыгы өзүнөн-өзү түшүндүрүлөт. Ч.Валиханов “Манас” эпосунун айланасында ар кандай пикир өнүктүрбөсүн – барып-келип анын кыргыз элинин турмушундагы алган ордун, маанисин абдан туура көрсөткөн. “Манас” эпосуна илимий жагынан так, таап айтылган баасын, даана аныктамаларында берген. “Манас” – бул кыргыздын мифтеринин, жомокторунун, уламыштарынын бир мезгилге келтирилген, жеке бир адам – Манас баатырдын тегерегине топтолгон энциклопедиялык жыйнагы болуп саналат” деген аныктамасы окумуштуунун түбөлүккө таамай айтылып калган илимий баасы.

Чынында кыргыз жергесине келгенге чейин эле казак элинин чыгармачылыгын, айрыкча поэмаларын жыйып, көп илимий эмгектерди да жараткан. Бирок кыргыздын “Манас” эпосуна берген мындай аныктаманы, илимий бааны өз элинин чыгармаларына бербей, сараңдык да кылган. Болгону эмгектеринде казак эли оозеки чыгармачылыкка өтө бай экендиги баса көрсөтүлгөн. Мындай болуштун башкы себеби – “Манас” эпосун айтып берген айтуучу – кадимки жомокчу болгондугуна бекем байланышкандыгында. Ал “Манасты” мыкты билгендиктен эпостун мазмуну мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен кең-кесири тааныштыра алгандыгында.

Кыргыз элинин турмушу “Манас” эпосунда бардык жагынан кеңири камтылгандыгы дале биринчи жолу Чокон Валиханов тарабынан “Бул чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, каадалары, адаттары, географиясы, диний, медициналык түшүнүктөрү жана эл аралык мамилелери да көрүнгөн” деп таамай аныкталган.

Кыргыздын байыркы мурасынын орду менен маанисин, элдин турмушун кеңири чагылдырылышын баалоодо ошол кезде даңкталып жүргөн эзелки грек эпосторуна биринчи салыштырып, Ч.Валиханов “Манас” – бул талаа “Иллиадасы”, “Семетей” буруттардын (кыргыздардын-М.М.) “Одиссейи” деген жалпыга белгилүү аныктамасын берген. Көрүнүп тургандай, жомокчудан “Манастын” негизги окуяларын, бөлүктөрүн айттырып уккандан кийин, эпостун мүнөз­дүү өзгөчөлүктөрүн баамдаганда гана окумуштуу буга чейин эскерилген илимий бааларын, аныктамаларын жараткан. Эпостун ыр түзү­лүшүнө да өзүнчө байкоо жүргүз­гөн. Кийинки мезгилдерде эпос алымча-кошумчаларга да дуушарланганын да окумуштуунун көңүлүн бурган.

Сөздүн кезеги келип турганда Чокон Валихановдун көп кырдуу окумуштуу катары кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, оозеки чыгармачылыгын, “Манас” эпосун изилдөөдө өзгөчө эмгек сиңиргенин баса белгилеп коюу керек. Ал кыргызга тиешелүү бай материалдарды, эпостун айрым окуяларынын мазмунун жазып алуу менен чектелбеген. Көкөтөйдүн ашын биринчи жолу орус тилине которгон. Кара сөз кыргыз фольклористикасында оозеки чыгармачылыкты орус тилине которуунун тарыхы, ошентип дале “Манас” эпосунан башталган. “Манас” эпосун изилдөөнүн, орусчага которуу тарыхынын башаты Чокон Валихановдун чыгармачылыгынан башталып, ошондон өсүп-өнүккөндүгүндө.

Өз убагында да, кийин да, Чокон Валихановдун кыргыздын “Манас” эпосун изилдөөдөгү сиңирген эмгеги окумуштуулар тарабынан жогору бааланып келаткандыгында. Дал ушундай бааны 1902-жылы Археологиялык коомдун чыгыш бөлүмүнүн жыйынында  көрүнүктүү ориенталист окумушту П.К.Веселовский Көкөтөйдүн ашынын котормосун “Валиханов кыргыздын кыска жана так сөзүн өтө күчтүү жана образдуу деңгээлде бере алган” деп белгилеген.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын окумуштуу белгилеген бирден-бир мүнөздүү өзгөчөлүгү – кара сөз менен ыр түрүндөгү дастандар экендиги жогоруда эскерилген. Кара сөз деп автор кыргыздардын жөө жомокторун айтып жатат. Жөө жомоктордун мазмуну, каармандары дөөлөр, алптар менен кармашып, капастагы туткун кыздарды куткарышат. Андай чыгармалардын тили, колдонулган ыктары да изилдөөчүнү кызыктырган.

Көкөтөйдүн ашы боюнча жазылган кара сөздө Манас Жолойду, Коңурбайды салгылашууда талкаласа, өзү Наз-Карадан – Нескарадан  шейит кетет. Семетейдин атасынын кунун куушу – кыргыздын эпопеясынын экинчи бөлүгүнүн мазмунун түзгөндүгүнө да табити түшкөн.

Кыргыз элинин тарыхына, турмушуна, ар кыл маданиятына, оозеки чыгармачылыгына, бө­төнчө “Манас” эпосуна тиешелүү Чокон Валихановдун чогулткан материалдары, изилденген илимий ойлору, байкоолору “Ысык-Көл сапарынын күндөлүгү”, “Кыргыздар жөнүндөгү запискалары”, “Жунгария очерктери” аттуу эмгектеринде ырааттуу түрдө өнүктүрүлгөн. “Жунгария очерктери” 1861-жылы орустун географиялык коомунун запискасында биринчи жолу жарыяланган.

Акырында айтылган ойлорду жалпылаганда, “Манас” – бул кыргыз элинин белгисиз мезгилдерден биздин күндөргө чейинки жазылбаган тарыхынын – түгөнбөгөн архиви. Ошол белгисиз мезгилдерден жазылбаган тарыхты биринчи кагазга түшүргөн окумуштуу Ч.Валиханов болду. Ошондуктан Ч.Валихановду “Манас” эпосун биринчи ачкан окумуштуу деп сыймык менен атайбыз. Анын түпкү мааниси – кыргыз элинин биздин заманга чейинки өтө байыркы тарыхы менен “Манас” эпосунун жаралыш башаты эриш-аркак айкалышып жаткандыгында.

Муңдук МАМЫРОВ, «Кыргыз туусу», 06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий