“Ойгонгула, окугула, көзүңөр ачылсын!”

Кыргыз улуттук маданиятынын совет мезгилинде түптөлүшүнүн бирден бир данакери, көрүнүктүү агартуучу, нукура педагог, иш билги уюштуруучу, орус элинин чыныгы уулу Петр Кузьмич Юдахин жөнүндө сөз баштоо өзгөчө сыймык десек болот.

Петр Кузьмич Юдахин 1883-жылы 21-де-кабрда Россиянын Орск шаарында жарык дүйнөгө келип, анын алтындай балалык күндөрү Орто Азия республикаларында, өзгөчө Казакстандын Олуя-Ата (кийинки Жамбыл), Чымкент шаарларында өтүп, жергиликтүү элдин ичинде, айрыкча жаш жеткинчек наристе балдардын арасында чоңойгон. Бул эки бир тууган Петр Кузьмич жана Константин Кузьмич Юдахиндер кийин бой жетип, өзүнчө турмуш жолун аркалаган мезгилден тартып боордош Орто Азия элдерине жакын өсүшүп, алардын тилине, үрп-адат, каада-салттарына көңүл буруу менен аларды тынымсыз өздөштүрүүгө, үйрөнүүгө кызыгышып, экөө тең бул элдердин рухий маданиятына, билим берүү тутумуна көп эмгек өтөштү.

Улуу орус элинин эки уялаш кулуну адеп, Октябрь төңкөрүшү ишке ашып, элдерге эркиндик, теңдик берилгенге чейин оор турмуштун запкысын көп кө­рүп, кой аркасында жү­рүп кат-сабатын ачуу-га жарабаган, ага чолосу тийбеген караңгы элдердин эсебине кирген кыргыз элинин эртеңки келечеги, маданий революцияны турмушка ашыруу көйгөйү, өзгөчө тилдик карым-катышы, грамматикалык кубулуштары негизинен бул эки чоң инсанды бармактай бала күнүнөн эле өзүнө тартып, кызыктырып келген. Адамдардын ички дилин анын тили аркылуу гана таанып-билүүгө көздөрү жеткен ага-ини Юдахиндер XX кылымдын башынан тартып ак калпак кыргыз элине атан төөдөй адал кызмат өтөштү. Улуусу Петр Кузьмич Юдахин 1903-жылы Ташкент шаарындагы мугалимдик семинарияны бүтүрүп, алгач Олуя-Атада (азыркы Тараз шаары), кийинчерээк Чымкентте мугалимдик кылып жүрүп, 1922-1924-жылдары Ташкенттеги Казак Агартуу институтунун директорунун орун басары болуп туруп, анан 1925-жылы Кыргыз агартуу институту ачылган мезгилде анын тунгуч жетекчиси болуу менен ар кайсыл жетим балдарга, окуу дегенде ичкен ашын жерге койгон өтө дилгир балдар-кыздарга аталык камкордук, Адамдык ак дилден төгүлгөн тунук мээримин ошондогу окуу издеп барып, бул кишинин адаттан тышкары ысык мамилесине туш болгон окуучулары кийин бой жетип, чоңойушкан мезгилде мындайча эскеришкен.

Кошоева Жамийла – окуучусу, Эл агартуунун алдыңкысы: «1926-жылы августта Пишкекке окууга келип Кирин-проско өттүм, 1-даярдоого. Директор П.К.Юдахин, окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Данияров кыргыз тилинен окутушту. Директорубуздун сөзүнөн: «Айланайын Сары Өзөн Чүйдүн уул-кыздары, ойгонгула, окугула, көзүңөр ачылсын» дечү. («Таасирдүү мугалимим» 15.09.1998-ж. кол жазма түрүндөгү эскерүүдөн). Ал эми Петр Кузьмичтин шакирттеринин дагы бири КУУнун ардактуу профессору Зияш Бектенов төмөнкүлөрдү белгилейт: «Ар бир күнү эртең менен эрте саат алты жарымда бир колуна – куш коңгуроо, бир колуна таяк алып, окуучулардын бөлмөлөрүнө кирип, куш коңгуроосун шыңгыратат да: “Кыргыз элинин азаматтары, туруңдар, карактарым! Сендер окуу окуп, билим алганы келген азаматтарсыңар, карактарым! Сендерди Ала-Тау күтүп жатыр, аке-шешеңер күтүп жатыр, карактарым! Эрте туруп, таза жуунуп, нанүштеге барыңдар! Сабакка кечигесиңер!» – деп бир сыйра ойготуп кетет. Кыздардын жатаканасына барганда, эшиктерин ачып, өзү үйгө баш катпай туруп: «Айланайын татты кыздарым! Туруңдар!» – деп колундагы коңгуроосун шыңгыратып ойготот. Демек, мына ушундан байкалгандай Кыргыз агартуу институтунун тунгуч директору, чыныгы педагог Петр Кузьмич Юдахиндин жергиликтүү улуттун уул-кыздарына жасаган жогоркудай алпейим мамилеси ошондогу билим алган ар бир жаш адамдын жан дүйнөсүндө өзүнүн өчпөс изин, жандуу таасирин калтырган.

Жаңы саамалыктардын башында Юдахин турган
Ал оор жылдарда Кыргыз Агартуу институтунун алгачкы окуу күндөрүндө директор П.К. Юдахин менен окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Данияров сормо сазга тыгылган арабанын кош аргымагындай күч үрөшүп, аны алдыга жылдырууга, коштолгон кыйынчылыктардан тезирээк чыгарууга бет алышты.

Боло келген ар түрдүү кыйчалыш кыр-даалдарда, түйшүктүү оор күндөрдө бул эки жетекчи ата менен баладай эриш-аркак аракеттенип, кыргыздын тунгуч окуу жайын чоң ынтымак, ич-ара терең сыйлашуу менен башкарышкан. Өзгөчө, Б. Данияров үчүн бир кезде Ташкент шаарында кол алдында окуп, илим-билимдин «Алиппесин» ачып, үйрөткөн улуу устаты П.К. Юдахин кол жеткис бийик жылдыз болсо, кийинки тагдыр-шарт бул экөөнүн өмүр максатын бир жолго салып, бири-жетекчи, бири анын орун басары болот деп ким ойлоптур?! Бул жагынан окуу бөлүмүнүн башчысы Б. Данияров өзүн өтө бактылуу эсептеп, өз устаты, улуу тарбиячысы П.К. Юдахин менен эриш-аркак иштешип калуусун өзүнө болгон Жараткандын дагы бир жакшылыгы деп түшүнгөн экен.

П.К. Юдахин Кыргыз билим берүү бюросунун 1927-жылы 4-октябрдагы № 2 токтомунун негизинде Агартуу институтунун бардык класстарын жаңы латын алфавитине өткөрөт. Ушул эле жылы 12-ноябрдан баштап мурдагы эки даярдоо классынын үстүнө дагы эки класс кошуп, билими өп-чап кыргыз балдарын окутууну күчөткөн. Ушул  жылдан баштап кыргыз Агартуу институтунун алдында такай иштөөчү (15-майдан 15-сентябрга чейин) айылдык мугалимдерди кайра даярдоо курсун ачууга жетишип, кийин ал курс республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна (Мугалимдер институту-Б.Б) айланган. Бул аталган жаңы саамалыктардын кыргыз тунгуч окуу жайында жаралып, анын андан ары кеңири кулач жайышына демилгечи болуп көп күч жумшагандардын көч башында П.К. Юдахин турган. Ал түн уйкусунан безип, алтындай ден-соолугунан кечип чапкылап жүрүп, ошол алгачкы эле жылдары бир топ алгылыктуу иштерди жолго коюп, алардын айрымдарынын өтөсүнө ошол кезде эле өтө ыкчамдык менен жеткен. Улуу жазуучубуз, академик Ч.Т.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөн агай менен ошол эле 1920-30-жылдары кыргыз билим берүү системасына баш-оту менен киришип, анын алгачкы карлыгачтарын ысык уядан учурган улуу Адам Петр Кузьмич Юдахин эмес беле?!! Биз, бүгүнкү муун, алардын аскар тоодой эмгегин, эл үчүн өтөгөн ак мээнетин эми ушул XXI кылымдын башында эле унутуп калабызбы?!! Азыркы жаштар улуу Чынгыз атабыздын жогоруда аталган повестин эринбей, өзүбүздү мажбурлап болсо да кайра бир жолу көңүл токтотуп баштан аяк окуп көрбөйлүбү?.. Менимче, даанышман жазуучубуз аталган чыгармасында өзү туулуп өскөн Шекер айылындагы биринчи мугалими Дүйшөн аксакал жөнүндө сөз кылганы менен өз мезгилинде Кыргызстандагы зор өзгөрүүлөрдүн, маданий революциянын көч башында туруп, кыргыз адамынын көз караш, түшүнүгүн жаңы нукка бурууга тарбиялоодо кунсуз эмгек өтөгөн алгачкы агартуучулар П.К.Юдахин, Б.Данияров, С.Нааматов, К.Тыныстанов, Э.Арабаев, Т.Жолдошов ж.б. адамдардын илимий-педагогикалык ишмердиги кошумча себеп болдубу деген ой жаралат. Өзгөчө, улуу жазуучунун биз сөз кылган адабий каарманынын бейнеси көп жагынан П.К. Юдахиндин реалдуу иш-аракеттери менен үндөшөт.

Профессор З.Бектенов агайыбыз өз эскерүүсүндө төмөнкүдөй бир турмуштук мисалды келтирет: «1926-жылы биздин институттун жогорку классынын окуучусу Абазган Шабданов каза болгондо, Петр Кузьмич: «Ойбай, Абазган карагым, арабыздан сен неге эрте кетип калдың?!» – деп, анын табытынын башында көз жашын төгүп турган кези али менин көз алдымда турат. Кыргыз балдарына аталык камкордук менен мамиле жасаган, алардын ачына айланып, тогуна толгонгон, ийгилигине сүйүнүп, кыңыр ишине күйүнгөн, түнүндө уйку көрбөй, күндүзүндө тыным албай жүгүрүп жүрүп, кыргыз маданиятынын, искусствосунун жана мамлекеттик ишмерлеринин эң алгачкы карлыгачтарын тарбиялап, уядан учурган адам Петр Кузьмич Юдахин эле. Бул киши улуу орус эли менен Кыргыз элинин ортосундагы улуу достуктун данакери, кол жеткис сереси болучу.

Эстелиги Эркиндикке коюлса болмок…
“…Маркумдун сөөгү азыркы «Ысык-Көл» кинотеатры жайгашкан кара бактын күн батыш четиндеги мүрзөгө коюлду (анда ал бактын ордунда орус мүрзөсү боло турган). Эми ойлосом Кыргызстан үчүн Петр Кузьмич өтө барктуу адам болгон экен.

Аны акыркы сапарга узатаарда шаарда-гы бардык мекемелерден, мектептерден эл түп көтөрө көчөгө чыгышканы эсимде. Чубаган элдин алды көрүстөнгө жеткенде, аягы азыркы Совет (Байтик) көчөсү ылдый Жибек-Жолу көчөсүнүн имерилишинде болгондугу жөнүндө дайым айтып жүрүшчү», – деп Петр Кузьмичтин окуучуларынын бири, карыя журналист Шайык Жамансариев аксакалдын эскерме баяны биздин колдо турат. Чын эле азыркы «Ысык-Көл» кинотеатрынын аркасындагы кара бак орустар итин сейилдетип, ал жерге сийдирип, чычтыруучу жай эмес, бир кезде өздөрүнүн чоң көрүстөнү болгонун, ал жерге Петр Кузьмич өңдүү алгачкы залкар инсандардын сөөгү коюлганын бүгүнкү орустар билбей калсын, ал жерге чын эле Петр Кузьмичтин сөөгү коюлганын так билген Шайык абадай адамдар турганда жергиликтүү улут катары саналган бүгүнкү кыргыздар эмне үчүн  тилибизди тишибизге басып келдик?… Же Петр Кузьмич башкалар сыяктуу «эл душманы» болуп, саясий репрессияга кабылды беле?.. Балким, ал жерге азыркы кинотеатр салына турган болгондо анда коюлган адамдардын сөөгү жол-жобосу менен башка жаңы жайга которуштурулуп, кайра коюлган чыгаар… Эгер андай болсо Петр Кузьмич Юдахиндин сөөгү кайда коюлган? Аны так билген киши барбы?! Жок, жогоруда айтылгандай мурдагы эле эски ордунда, т.а. азыркы «Ысык-Көл» кинотеатрынын аркасындагы жер менен жер болуп тегизделип, тапталып жаткан жайда болсо анда Петр Кузьмичтин сөөгү коюлган бейитти аныктап, атайын белги коюлууга тийиш. Керек болсо анын сөөгүн көчүрүп, башка ылайыктуу жайга коюууга туура келер… Кыргыз жетекчилиги, жалпы коомчулук бул жагын да ойлонушаар… «Өгүздүн өлгөн жерине өкүр» демекчи Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты, жетекчилиги өздөрүнүн тунгуч окуу жай экенин унутуп, анын жыл эсебин ар кимдин тилине кирип, ар кайсы тарыхчынын бурмаланган маалыматына ишенип ушул күнгө чейин академик Түгөлбай Сыдыкбеков айткандай «Ит атасын тааныбайт» демекчи, өздөрүнүн качан, кантип, кимдер тарабынан ушул даражага жеткенин аңдап, билишпей келет. «Уул өзү болгондой, келин өзү келгендей». Болбосо, Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратынын алдында ал кездеги Кыргыз Агартуу институтунун тунгуч директору, тубаса педагог Петр Кузьмич Юдахин менен ошондогу окуу бөлүмүнүн башчысы, кийинки директору Базаркул Данияровдун айкели (эстелиги)  алда качан жаркырап туруш керек эле. Муну бүгүнкү кыргыздардын билгендери бирди-жарым болсо, алар атайылап билмексен, ал эми бул адамдардын ысымы соңку муундун аң-сезиминде жашабайт, өткөн XX кылым менен кошо жок болгон. Булар жөнүндө бүгүнкү студенттерге жеткиликтүү маалыматтар берилбейт.

Көрүнүктүү педагог, чебер уюштуруучу Петр Кузьмич Юдахиндин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өз учурунда аттанып түшүп киришкен адам да жогоруда сөзгө алынган З. Бектенов агайыбыз болгон экен. Эмесе ошол жагдайга байланышкан З. Бектеновдун ой-пикиринен учкай мисал келтирүү менен өз оюбузду жыйынтыктайлы: «Кыргыз Республикасынын тунгуч Эл Агартуу институтунун биринчи директору Петр Кузьмич Юдахин кыргыз элине эбегейсиз зор эмгек сиңирген, кыргыз элинин маданиятынын тунгуч карлыгачтарын окутуп, уядан учурган улуу орус элинин ак ниет айкөл уулу болчу. Анын эстелигин Дзержин (азыркы Эркиндик – Б.Б.) көчөсүнө тургузуп койсо да арзый турган адам эле. Анын тарбиясын алган биз бүгүнкү күнү анын жаркыраган элесине тизе бүгүп, таазим этебиз». Ооба, «Билген жанга өсөр менин тереңим» деп Алыкул акын айткандай, түшүнгөн жанга алардын баскан изи, баштап кеткен баяндуу жолу алтынга алмашкыс рухий дөөлөт экенин бүгүнкү муун, өзгөчө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жеңил баа мамиле жасап, байкамаксан болуп келатабыз. Аталган «улуттук» деген статусу бар тунгуч окуу жайыбыздын жетекчилиги билим берүү министрлиги менен бирдикте республиканын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн  мурдагы К.Маркс, Ф.Энгельс, В.И.Ленин, И.В.Сталин, Н. Крупская ж.б. социализмдин көрүнүктүү саясий-мамлекеттик ишмерлеринин атын алып жүргөн Өкмөттүк жогорулатылган стипендияларды кайра калыбына келтирүү идеясын тийиштүү жогорку органдардын алдына коюп, эми алардын аталыштарын соңку заман шартына ылайык өзгөртүп, алар К. Тыныстанов, П.К.Юдахин, Б. Данияров, Т. Жолдошов, Т. Айтматов, А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Э.Эсенаманов, С.Нааматов, К. Нанаев, Курманжан датка ж.б. тарыхый инсандардын наамында ар кайсы тармак, адистиктер боюнча ыйгарылып турулса жаман болмок эмес. Жогоруда саналып өткөн инсандар биздин окуу жайыбызга (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – Б.Б.) кыргыз мамлекетине, улутуна түздөн-түз эмгек өтөгөн инсандар экенин эске алсак, студенттер үчүн берилүүчү атайын стипендияларга аты-жөнүн ыйгаруу туура эле болмок. Мунун тарбиялык жана материалдык таасири өзгөчө.

Б.БАЙМЫРЗАЕВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти,
«Кыргыз туусу»,
06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий