«Рух ордодогу» руханий майрам

Элибиздин руханий байлыктарынын бири болгон музыкалык жана көркөм кол өнөрчүлүк багытында коомдук телерадио корпорациясы эки жылдан бери республикалык «Тогуз кайрык» телефестивалын уюштуруп, «Ибарат» агартуу-маданий борборунун чыгармачылык берүүсүндө концерттик программа катары көрсөтүп келүүдө. Бул телефестивалдын конкурсу 22-23-24-август күндөрү Ысык-Көлдө, Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордодо» болуп өттү.

Эки жылдын ичинде, былтыркыга караганда быйыл бир топ чоң айырмачылыктар жалпы келген элге билинип турду. Былтыр жалаң эле комуз, ооз комуз жана кыл кыяк боюнча өткөрүлсө, быйыл болсо ал программаларга аккардеон менен ырдоо жана кыргыз элинин чыгармачылыгынын жалпы көркөм кол өнөрчүлүгү дагы кошулуп, элибиздин жети облусунан бери келишип, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ушул жерден белгилей кетүүчү бир нерсе, Америка искусство таануучулары өз демилгелери менен 2005-жылы бүт дүйнө элдерин кыдырышып, жалпы улуттук каада-салттардын сакталышы боюнча жана көркөм кол өнөрчүлүк чыгармачылыктарына баа беришип жыйынтык чыгарышкан. Ошондо улуттук каада-салттардын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн сакталыш багытында дүйнөдө биринчи орунга жапония элдерин, ал эми кооз, көркөм жасалышы боюнча кыргыз элинин чыгармачылыгын биринчи орунга коюшкан. Бул жерден кошумчалап айтаарым, элибиз байыркы эл болгондуктан, көркөм кол өнөрчүлүгү калыптанып, алтургай улуттук кийимдерибиз да дүйнө элдеринде эч теңдешсиз биринчи орунда турат.

Кыргыз эли бүгүнкү күнү мамлекеттик жана улуттук идеологияга абдан муктаж болуп турган кез. Ушундай кырдаалдарда Айзада Ибраимова даярдаган улуттук-руханий багыттагы долбоорлор эл башындагы жана жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү жана көрүнүктүү жеке ишкерлерибиз жагынан демөөрчүлүккө алынса элибизди ынтымакка, биримдүүлүккө чакырууга чоң негиз түзүлөт эле.

Бирок, быйыл уюштурулган «Тогуз кайрык» телефестивалынын облустардагы биринчи этабында демөөрчүлүк жардам көрсөтүү багытында Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, губернатордун орун басары Эгембердиева Жумагүл Шариповна «биз силердин долбоор эмес, өзүбүздүн айлабызды таппай жатабыз» деп болбогон шылтоо менен демөөрчүлүккө жана уюштуруу иштерине каршы чыгышкан. Ал эми маданиятты тейлөөдөгү облустун башкы кесипкөй сөрөйү Сатыбалдиев Садыркул: «Биз Ниязаалы Борош уулунун урпактары эмеспиз» деп, кыжырланууну пайда кылган сөздү айткан. Анда эмне, бул Сатыбалдиев Садыркул кытай же калмакпы? Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго Айзада Ибраимова кирип, демөөрчүлүккө акча каражатынан сураса: «Көчүгүңөрдө эч нерсе жок, бул конкурсту эмнеге уюштурасыңар? Мен эч кандай каражат бере албайм. 7-апрелде өлгөн балдарга арнап фестиваль уюштурабыз дейсиңер, андай өлгөн балдар толтура» деп жооп берген экен. Андан сырткары газетага элге жарыялай албай турган жаман сөздөрдү да Айзадага айткан.

Мындай деңгээлде иштеген, өз кызыкчылыктарын көздөгөн мамлекеттик ыплас ойлуу жетекчилерден эмнени күтүүгө болот? Булар кечөө эле элдин атынан азыркы иштеп жаткан бийликке келишпеди беле, эми бийликке келгенден кийин элге болгон мамилеси ушулбу?.. Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору менен Бишкектин мэри Иса Өмүркулов «Тогуз кайрык» телефестивалы үчүн Ысык-Көлгө бара турган конкурсанттарга транспорт уюштуруп берүүгө да жарашкан жок.

Ал эми Жалал-Абад облусунун жетекчилери кетирген кемчиликтерди аз да болсо Аксы районунун Акжол айыл өкмөтү жаап, райондун таланттары менен келип катышып, 30 миң сом демөөрчүлүк кылып жана 8 комузду жакшы ойногон конкурсанттарга тапшырып кетишти.

Конкурстун жүрүшүндө Муратбек Бегалиев баш болгон калыстар тобу: Кыргыз эл артисти Тенти Мураталиев, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова, Кыргыз эл артисти Факирдин Баяков, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Орозобай Кенчимбаев, элибиздин белгилүү комузчусу Саадабай Шабданов жана белгилүү тарыхчы Жаныбек Жакыпбеков жакшы иштеп бергендигин окурмандарга белгилеп кетпесем болбос.

Андан кийин ушул эле Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух ордо» этнографиялык борбордо Курманжан датканын 200 жылдык, Ниязалы Борош уулунун 155, Боогачы Жакып уулунун 145, Ысык-Көл облусунун түзүлүшүнө 80 жана Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык мааракелерине арналган чоң программадагы концерт тартууланды.

«Тогуз кайрык» республикалык телефестивалын уюштурууда КТРКнын президенти Кубат Оторбаев, ушул эле телевидениенин «Ибарат» маданий-агартуу борборунун продюсери Назира Аалы кызы телесынакты тартууда өздөрүнүн жетекчилик жөндүү жолдомолорун берип турушту. Чындыгында ушундай улуттук багыттагы, салттуу музыкалык аспаптар боюнча башка багытта дагы телеберүүлөр, телеконкурстар, концерттик программалар көп-көп берилип турса, келечекте жаш муундарды тарбиялоодо арымдуу иштерди жасаган болот элек.

Комуз боюнча жеңүүчүлөр
Комуз боюнча баш байгени Дүйшөнбек уулу Закирбек жеңип алды.
Биринчи орунга: Шеркулов Намазбек (Талас) жана Кенчинбаев Казбек (Нарын);
Экинчи орунга: Адырбаева Гүлмира (Ош), Чүйтиев Тынчтыкбек (Бишкек), Аблабек уулу Данияр (Нарын), Молдокулов Рахат (Нарын);
Үчүнчү орунга: Асыкбеков Кылымдар (Бишкек), Кубатбеков Жума (Ысык-Көл), Артыкова Санавар (Ош), Баякова Чолпон (Ош), Серкебаев Адилет (Бишкек) татыктуу болушту.

Аккордеон боюнча жеңүүчүлөр
Аккордеон менен кыргыз ырларын ырдаган боюнча баш байгени Деркенбаев Арзыбек (Бишкек) жеңип алды.
Биринчи орунга: Ашимов Үсөн (Бишкек), Серкебаев Акылбек (Ысык-Көл);
Экинчи орунга: Балбаков Абдылапиз (Ош), Төрөгулов Санжар (Бишкек), Абакиров Курманбек (Ош);
Үчүнчү орунга: Сыдыков Талант (Ысык-Көл), Ибраимов Алмазбек (Жалал-Абад), Бейшекеев Асанбек (Нарын), Итигулов Төлөбек (Бишкек), Сыргабаев Мураталы (Ош) татыктуу болушту.

Кол өнөрчүлүк боюнча жеңүүчүлөр
Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгү боюнча баш байге сыйлыгына Ысык-Көл облусунун тургуну Абдыбекова Дамира жасаган боз үй татыктуу болду.
Биринчи орунга: Нарын облусунан келишкен Төлөгөнова Бурулкан (үч боз үйү үчүн) жана Карабекова Жамбы;
Экинчи орунга: Ош облусунан келишкен Шамшиев Жылдызбек менен Мырзаев Арстанбек «Саймалуу таш» көркөм галереясы үчүн;
Үчүнчү орунга: Кадыралиева Айчүрөк, Сарыбаев Жаныбек, Манапбаев Мирбек, Сооронбаев Таштанбек, Орозбаев Табылды, Шайтназарова Салкынай ар кандай кыргыздын көркөм кол өнөр багытында жасалган буюмдары үчүн.

Асыкбек Оморов (Чын Темир-Алтай), жазуучу,
«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий