Шайлообек манасчы

Кыргыз профессионал адабиятынын тарыхында кубанычтуу окуя болду. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Манас» эпосундагы «Кошой менен Жолойдун күрөшү» деген бөлүм боюнча өз вариантын жазып, «Эки дөөнүн күрөшү» деген ат менен китеп чыгарды. Кыргыз поэзия асманы жарк эте түшкөндөй сүйүндүк. Ушу күнгө чейин мындай маңдай жарыла сүйүнгөн учур боло элек эле. Анткени буга чейин бир дагы профессионал акын «Манас» эпосуна батынып, аны же анын өзүнө жаккан айрым бир бөлүмүн бөлүп алып өз вариантын жазган эмес. Бир гана кара сөздүн каймагын калпыган, ыраматылык Ашыкем (Жакыпбеков) «Манасты» эпостун өз дух, өз стили менен чыпчыргасын коротпой, чыңап койгон болоттой кемелине келтирип кара сөзгө айлантып, төбөбүздү көккө жеткирген.

Аржак-бержагы беш-алты жыл акын Шайлообек көчө, той-топурлардан көрүнбөй калды эле. Көрсө Жолой дөө менен күрөшүп жатыптыр. Атасы Манас, бабасы Кошой колдоп кан жыттанган Жолойдун талпагын ташка жая жыгыптыр. Жыкканы ошо, эпостогу жогоруда аталган чоң эпизод шаң чачкан Шайлообектин калеминен кайра көз жарып, кайра ыңаалап жарыкка келиптир. Бул кыргыз үчүн түгөнгүс казына, чети оюлгус байлык. Ал гана эмес бул көрүнүш «Манас» кыргыздын гана кан-жанынан жаралгандыгынын, каран күн түшүп аны айттырбай төбөсүнө кылыч ойнотуп турган күндө да кыргыз кара сөз менен айтып кетерин, тилин кесип салса да дудуктай кол жаңсап айта берерлигинин дагы бир далили. «Манас» ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталып, тилине басылып, жоодон, доодон аман келгендигинин жана анын өлбөстүгүнүн далили.

Ооба, «Манас» атадан балага, муундан муунга айтылып келди. Анда белгилүү бир сюжет болсо да ошол сюжет өзүнчө эпизод, деталь, колунан келген кошумча кошуп көркүнө чыгарып, дагы даана, так, таамай айтууда ар бир манасчынын үлүшү зор. Ошенткен сайын эпостун кемтиги бүтөлүп, бөксөсү толо берген. Ачып көздү жумгуча көп эл тарыхын өзгөртүп, өздөрүн өйдөлөтүп, жогун бар кылып, өздөрүн нар кылып жазып салышты. Улуу Чыңгыз агабыз «египеттиктер таш менен пирамида куруп дүйнөнү таң калтырса, биз сөз менен эстелик куруп дүйнөнү таң калтырган элбиз. Кимиси түбөлүктүү: ташпы же сөзбү? Менимче сөз» деп улуу сөзүн айткан эле. Чынында эле эл сөз кудуретине ишенип, анын түбөлүктүүлүгүн туюп, тапкан-ташыганын, көргөн-билгенин «Манаска» салган. Ошон үчүн «Манас» кыргыз элинин энциклопедиясы делинет. Ал туура, бирок миң жолу энциклопедия болсо да анын азыноолак кем-карчы, бир чымчым тузу кемиген жерлери болот турбайбы.

Шайлообек ошол кемтик дегендин эң туура жерин кармаган. Болбосо Кытайды кыйрата чаап, атагы ааламды апчыган кыргыздын эрлери (Сагынбайдын варианты боюнча) Жолой дөө менен күрөшкө балбан чыгара албай жатканда (Эр Төштүк, Акбайдан башкасы), Чегиш, Абдраман, Керкөкүл, Жамгырчы баатыр, Таздын уулу эр Үрбү, эр Көкчө, Буудайык уулу Музбурчак — баары болбогон шылтоолорду айтып, кагышкандар жоо болсун, кара башым соо болсун дегендей күрөштөн качат. Бул даана эрдиктин белгиси эмес эле. Анан эмне кытай бизден коркуп ченебеген чеп куруп, чебине кире качкан деп төшүбүздү керебиз? Баатырбыз деген элдин баатырлары ушундай жер караган коркок болмок беле? Шайлообектин вариантында жогорку баатырлар биринен бири жол талаша мени чыгар деп жулкунуп турушат. Эр кыргыздын эрлерине ичинен ыраазы болгон Бакай бабабыз күрөшкө чыга турганды эмес Жолойду жыга турганды издейт…

«Мени чыгар…» деп турган ушул кичинекей деталь чоң эпос үчүн чоң жүк көтөрүп турат. Эртеңки муунду мына ушундай улуу дух менен тарбиялаган абзел. Эгер башынан ошондой болгондо бүгүнкүдөй карысы калтаң, жашы жалтаң болбой, үйдө айтканын тышта танбаган, чындыктан кайтпаган, бир сөздүү, бир мүнөз, Манастын урпагыбыз дегенге татырлык нарк-насилдүү эл болот элек го деп да ойлойт экенсиң. Анүстүнө бул чыпалактай деталь эпостун духуна өзүнөн өзү жуурулуп турганын кара. Мүмкүн мурда ушундай айтылып, кийин бир кыйын кезеңден улам биз билген варианттагыдай айтылып калгандыр. Катаал бир учурда оңдоп-түзөөгө мажбур болгондур. Мүмкүн…

Күүчү, ырчы болуш үчүн, манасчы болуш үчүн Жараткан жан салганда башкача касиет берип, ошол касиет менен төрөлүш керек. Биздин эл манасчыларды башка өнөрчүдөн өйдө койгон. Ошондуктан аларды өзгөчө касиетке ээ деп эсептеген. Кыштоо-жайлоолорунда айлап манас айттырып, бербегенди берип сыйлаган. «Манасчы келип манас айтты, эми төлүм эгиз, элим аман болот. Бейөлүм, бөөдө кырсыктан тыш болобуз» деп ишенишкен. Манасчы отурган жерде башка өнөрпоздор үнүн катуу чыгарбай, Манастын рухунун алдында башын ийип, бар экенин билгизбей шүк олтурушкан. Ошон үчүн «башканы коюп манасты айт» деп манасты биринчи орунга чыгарышкан, ыйык тутушкан. «Манасты» укканда күүнүн күүсүн, ырдын ырын уккандай, жогун унутуп, кубаныч менен куушуп, ак булуттай асманда калкып, көңүлү көлкүп, жүрөгү балкып, эки дүйнөнү тең көрүп тургандай чалкып, жалган дүйнөнүн чыны ушул экенине ынанып, Теңир менен тең көрүп сыйына угушкан. Жөндөн жөн манасчы болбосун, алардын жөлөгөн аркасы, колдогон аяны болорун кереметинде билишкен.

«Манас» кыргыз ырларынын формалык, философиялык, чеберчилик жактан жетилип жеткен туу чокусу. Анын өз коду бар, ал жөн эле ачыла бербейт. Дүйнөлүк поэзия шедеври аталган «Манастын» өз духу, өз стили табылганда гана ал агынан төгүлөт. Шайлообектин бир айтканы эсимен кетпейт: «Карагайчы кемпирди» элестетсеңер болот. Шамалды жазданып, аязды жамынып, түү деген түкүрүк жерге жетпей тоңуп калган түндөрдүн бир түнүндө күпүлдөтүп манас айтып жатыптырмын. Айталаадагы жолчунун алачыктай кепеси ары кетип, бери кетип чайпалса керек, белимчи энемдин эси чыгып, мени ойготуп жибериптир. Кийин да бечара энем «секетиң кетип калайын, сен кичинеңде манас айтып, мени коркуткансың» деп калчу. Кийинчерээк эрезеге жеткенде манасчылар манас айтканын укканымда тула боюм дүркүрөп, өзүмө өзүм батпай дүүлүгүп, колум карышып, каным жаным менен жарышып, ата-энем көрбөгөн, бир жан билбеген, бөлөк бир дүйнөгө сүңгүп кеткендей болчумун…»

Жаштайынан талант даарып, аян көрсөтүп, баралына келгенде бакыйган акын болуп, чеберчилиги ашып-ташып турганда Шайлообек жаш кезиндегидей кайрадан манас айтты. Айтканы абийир алпкелип, атпай журттун алкышына татыды. Шайлообектеги ата каны, эне сүтү менен бирге бүткөн манасчылык таланты чү деген жерден Тайторудай чуркады. Эң негизгиси аны туйлап түшкөн тубаса эпикалык талант жылоолоптур. Анын «Кайдыгерлигинен», «Арабадагы ырларынан» бул сыйкырдуу касиет жалт-жулт этип тургандай сезилчү. Тубаса тунук талант туюлчу. Ошон үчүн Шайлообек кыйналып-кысталбай «Манастын» эпикалык стилин, улуу духун илгиртпей илип кетти. Гиперболикалык салыштыруулары (айрыкча Жолойду сүрөттөгөндө) кыялыңды кытыгылап, фантазияңды көкөлөтөт. Бир туруп күлкүңдү келтирип (айрыкча «Даңгөт баяны»), бир туруп оюңа ой кошот. Мурда «Манаста» айтылбаган көркөм сөздөр, жандуу образ, эсиңе эшилип түшкөн эстен чыккыс элестүү түрмөктөр, анан да андагы улуу дух, улам кайра окугуңду келтире берет. Тула бойду дүркүрөткөн сагынычтуу жаңырык тоолордон агылып, укпаган нерселер кулакка даана угулуп, жаңы сөздөр жан жагыңан жамырап, өзүңдү башкача сезесиң, ушуну туюп турганың үчүн өзүңө ыраазы болосуң.

Акын өз мезгилинин күзгүсү болсо, манасчы тарыхтын күзгүсү. Биздин тарыхыбыз күүлөрдө, тарыхты санжыргалап айтып берчү сөздөр «Манаста» жатат. Шайлообектин тапкан сөздөрүн карачы, кумдай куюлуп бир институт көчүрүп бүтө албай жатат. Бул Шайлообектин эч нерсеге тең келбеген чоң эрдиги. Сөз жасоо, сөз табуу Шайлообектин стихиясы. Сөздөр өзү келет деп калат. «Кайдан келгенин билбей калам. Кээде шыгырап чөнтөгүмдө жүрөт. Сууга колум салып ийсем балыктай туйлап урунат. Булуттан түшөт, кээде мөндүрдөй туйлап, жамгырдай жаап ийгенде тергенге үлгүрбөй калам». Анын бул тамашасында чындык бар. Таза өнөрдүн ээси гана башкалар көрбөгөндү көрө алат. Андай аркасы бар адамга табылбаган нерсе өзү эле келип кабылат.

Дагы бир даана кызыгы, музыкалык аспаптарды тажабай таасын тапканы. Айрыкча «Кырк элек». Эмне деген табылга. Биримдик үчүн ант берген кырк уруунун кырк кыл таккан, үндү бирдей чыгарган комузу. Андагы айтылган музыкалык аспаптардын дээрлик баарын эртең эле, эртең болбосо да келечекте жасап, чертип кеткенге эмне үчүн болбосун?! Улуусу унутканды эске алып, жоголгонду таап берип жатса куу жыгачка жан салган жигиттер эмне үчүн оорду колдон алып кетпесин?! Аны жасап, күүнү уккан күн да келер…

Бул варианттын көлөмү Сагымбай Орозбаковдун көлөмүнө караганда үч эсе көптүк кылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жок «Аш мааниси», «Жар чакыруу», «Каныкейдин айтканы», «Даңгөт баяны», «Жайсаң баяны» сыяктуу темалар бар.

Чынында кеп темада эмес, кеп ошого от үйлөп жан салганда. Ошол от үйлөп жан салганы колго кол, бутка бут болуп бүтүлүүнү бүлүнтпөй, ага камыр-жумур жуурулушуп кеткендигинде. Жанатан бери сөз учугун улаган ушу жаңы вариант канчалаган катаал ашууларды ашып келгенин, ага акын Шайлообек канчалаган жанын бергенин окуган жан өзү билип, өзү туяр. Берген март эмес, алган март. Кубанычтын эң зору элге деген максаттын ишке ашканы турбайбы. Эмесе, ошол кубаныч сага кут болсун. Каркын мээнеттин жаркын зейнетин көр. Манастын руху сан кылымдын салаасынан агылып келип, жаңы боек, жаңы вариантта кыргызга сен аркылуу жеткени билгенге табылгыс кенч. Мүмкүн сен калемиңди учтап, «Манаска» туштап жаткандырсың. «Манасты» ойлоп, корошонуңду кордоп жүргөндүрсүң. Алды-артыңды абайлап, жазар жерин таамайлап тургандырсың. Мен акын агаң катары ийгилигиңе жетине албай, сенин калемиңден жаралган «Эки дөөнүн кармашына» Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыраа көрүп турмун. Залкар манасчылардан кийин аларга теңдеш маанайда жазылган, кыргызды бийикке көтөргөн чыгармалардан деп эсептеймин. Андай болсо жорткондо жолуң болсун, жолдошуң кыдыр болсун, жолборс жүрөк Шайлообек!

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны,
«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий