Кенжебек АЛДАЯР: “Кыргыз күүсүнө чөк түшүп, таазим кылып жашообуз керек ”

— Кенжебек иним, сенин 70тен ашык күүлөрүң элдин жүрөгүнөн орун тапкан. Күүлөр кандай себептерден пайда болот?
-Күүнүн кайрыктары кыргыз элинин тарыхына чырмалышып бирге өскөн экен. Кыргыздын өткөнүнө кызыгып, аны изилдеп ийсек эле ал барып күүгө айланып калат деп ойлойм. “Эл ичи – өнөр кенчи” деп бекер айтылган эмес, ошол эле эски күүлөрдүн бир эле кайруусу сакталып эл арасында жашап жүрө берет дагы, анан бир аз убакыт өтүп “Көкөй кестидей” керемет күүгө айланат. Кыргыз күүлөрү кыргыз элине Кудайдын берген ыйык улуу мурасы. Ар кылымдагы, ар кайсы доорлордогу адамдардын көөнүнөн өчкүс чоң күүгө сыйдырылып, үндө жашап, бүгүнкү күндөгү адамдардын жашоосуна жан дүйнө күлазыгы болуп жашай берет. Күүдөгү окуялар угармандарга айтпай туруп таалим-тарбиянын төркүнүнө жеткизип, сезимдеги жаман, жакшы деген суроолорго жооп таптырып, көңүлгө шык жаратат. Кыргыз күүлөрүндөгү Камбаркан, Ибарат, Карөзгөй, Керөзөн, Кербез жана башка күүлөр мезгилдин агымына баш ийбеген бийик ыргактарга толтурулуп күү дүйнөсү жаратылган.

— Кыргызга комуз менен аргымактан артык эмне бар?
— Күү жөн жаралбайт. Комуз – кыргыз элинин жаны, ат – кыргыздын канаты болуп келген. Азыркы кыргыздардын көбү атеист болобуз, заман өзгөрдү, биз да өзгөрөбүз деген ураан менен — Кудай берген ченемсиз энчиден кур калгысы келет. Кыргызды кыргыз кылган Кудайдын тоосунан, жеринен, суусунан, кыргызды кыргыздай кылып кыялдандырган күүлөрүнөн, тилинен, ишенчээк мүнөзүнөн, күлүк жылкыларынан айырбасын.

— Бүгүнкү күндө кайсы күүчүлөрдү жогору баалайсыз?
— Чебер аткаруучу, ооз комузчу Шакен Жоробек кызы, залкар күүчү Н.Абдрахманов, нечен кыл кыякчыларга устат болгон чоң кыл кыякчы Б. Чытырбаев, комузчу Самара, күүчү Анара, уста, комузчу Намазбек, дагы башка көптөгөндөр бар.

— Карамолдого – Моцарт, Бетховенди салыштырсак болобу?
— Мындан жыйырма, отуз жыл мурун кыргыз күүсүн Бетховенге, Моцартка салыштыруу модага айланган болчу. Азыркы музыка таануучумун деп ойлонгондор ошентип салыштыруу үчүн жок дегенде оболу атактуу күү изилдөөчү, комузчу Асан Кайбылдаевдин “Күү баяны” жыйнагы менен тааныш болсо болот эле. Себеби “Күү баяны” китебине чейин кыргыз күүсү жөнүндө жыргаган ой-пикир деле жок болчу, күүнүн атынан башка эч нерсе айта албай жүргөнбүз. Убакыт өтүп, адамдардын кичинеден түшүнүгү кеңейип, сансыз жылдар мурдагы окуяларды комуз кылына өзгөчө чеберчилик менен жаздырып калтырган күү атасы Карамолдону аларга салыштыруу мүмкүн эмес. Адамдын мээсине, эсине чак келбей турган ааламдык күүлөрдү аткарган Карамолдонун күүлөрүнүн сырын ачып, угуп, түшүнүп бүтө элекпиз. Европанын композиторлорун бизге идеал кылбай, кыргыз күүсүнө чөк түшүп, таазим кылып жашообуз керек.

— Күүлөрдүн тарыхында чындык катылганбы?
— Кандай чыгармада болбосун, чындык канчалык терең чагылдырылса ал чыгарманын өмүрү ошого жараша болот же узабай эртең жок болот. Кыргыз күүлөрүндө мезгилден, убакыттан жогору орун алган чындык бар. Ошон үчүн доорлорду кезип өтүп, бүгүнкү үч миң жылдыкта адамдардын акыл-эси таң калыштуу өсүп-өнө турган маалга, кыргыз күүсү кайрадан толкуп, жаңырып, улуу сырын ачкан убакытка келди. Бул деген кыргыз күүсү дүйнө элине кызмат кылат дегенди түшүндүрөт. Улуу чындыкты, байыркы көк кашка башатын бузбай түп нуска боюнча сактап келе алды.

— Кожогелди Култегин: “Кедейликтин символундай көрүнөт, бара жатса бирөө комуз көтөрүп”- деген ыр саптарында комузга жогору жактан кайдыгер, аны түшүнбөгөн маңкурттун образын чагылдырган. Ошондой адамдарды жолуктуруп каласызбы?
— Жыйырма жыл мурун эле көпчүлүк ушинтип ойлошчу. Азыр мындайлар жокко эсе. Эл деген аккан суудай болуп, бир нерсеге тез өзгөрүп, тез кабыл алат. Ал эми ушул оору бийликте дагы эле жашап жатат. Ушу күнгө чейин кыргыз элдик нукура маданиятка көңүл бурулбайт. Өнөр жаатына каражат берилбейт, европанын оркестрине акча табылат. Кыргыз маданиятын бийликтегилер эскичиликтей көрөт деп түшүнсө болот. Борбор шаарыбызда күүнү жаңырткан атайын орун жок. Кыргыз Республикасынын бир жеринде кыргыз күүлөрүн, ойчулдарын, манасчыларын, элдик ырчыларын даңазалаган бир да белги жок. Ушу кезге чейин кыргыз аспаптары, ырчылыгы ирээтке келтирилбей келе жатат, ким ырчы, ким комузчу, ким акын эч ким түшүнбөйт. Чала-була комуз чертип ырдап койсо болду, аны комузчу экен деп ой жорушат. Дыңы бузула элек айдоо да.

— Симфонияга кандай көз караштасыз?
— Симфониялык музыкага каршы эмесмин. Он беш республика бирге кезинде каршы болчумун. Себеби, СССРдин убагында күүнү симфонияга каршы коюшуп, бетке айтканда европа маданиятына сатылып, кыргыздын эски күүлөрүнүн кереги жок деп күүнү жакшы көргөндөрдү көпчүлүккө келесоодой көрсөтүшүп, шылдыңдашып, эми ушу үч кыл комузуң менен каякка бармак элең, ким угат эле деп азилдешип, ушу кезге чейин кокуй Манасчыны чыгарбагыла, күүнү эч ким укпайт, эл тажап кетет дегендер дагы эле арабызда жүрүшөт.

— Комузчулар улутчулдар дегенге кандай жооп берер элеңиз?
— Комуз кыргыз элинин улуттук аспабы болгондон кийин комузчу адам сөзсүз улутчул болуш керек. Улутчулдун ылдыйкы деңгээли эмес, эң жогорку — кыргыз улутунун керегине жарай турган бийик деңгээлде болуш керек.

Бишкек шаарын Манас деп атоого каршы эмессизби?
— Ар бир боло турган нерсенин өз убактысы бар. Биздин ордо калаабыздын Манас деген аталышты ала турган убактысы келди деп эсептейм. Касиеттүү, кереметтүү Манасыбызды ар дайым жүрөгүбүздө сактап келдик. Манас кыргыз элинин Чоң Кудайдан кийинки колдоочу, коргоочусу.

— Өзүңүздүн концертиңизди элге качан тартуулайсыз?
— Ооба кийинки жылдары элдик музыканы угууга эл кызыга баштады. Бул мен үчүн жакшы кабар. Концерт берем дегенде эле комузумду үн студиясына жаздырып көрөм, жүздөн ашык күүлөрдү компак дискке жаздырып бүткөм. Дагы комуздун үнүнө, күүнүн ыргагына кайра-кайра кайрылып миң түйшөлөм. Комуз жөпжөнөкөй аспап болгону менен үн жазмага келгенде эле кимдин ким экени кашкайып көрүнүп калат. Колуман комуз түшпөгөнү менен дагы деле өзүмдү үйрөнчүктөй сезип кетем. Ошон үчүн кыргыз комузу дүйнөдөгү эң сырдуу, таң калыштуу күү аспабы экенин билем. Ал кудайдын керемети менен гана сырын ачып тураарын сезем. Кыргыз элинин жаралышы жөнүндөгү “Кыргыз Ата күүлөрү” менен концерт берсемби же биринчи залкар күүлөрдөн баштап “Кайталангыс Карамолдо” деген чоң концерт берсем деген даярдыктар бар. Күү күйөрмандарынын көңүлүн көтөргөн, күүнүн кадыр-баркын өстүргөн, күүнүн сүңгүп дүйнөсүнө киргизген концерт болуш керек. Башка элдерге да кыргыздын маданиятын таанытуу максатында орусча, кыргызча, англисче программа түзүш керек деп эсептейм. Уюштуруу иштери ойдогудай колго алынса жакынкы айларда эле өткөзөбүз.

— “Кыямат” аттуу күүнү чыгарышыңызга эмне себеп болду?
— Ат-Башылык көзү ачык Салтанат эже менин күүлөрүмдү угуп жүрүп “Кыямат” деген күү чыгарасың деген, бир жыл өтүп анан күү чыкты. Азыркы дүйнөлүк кырсыктар, суу каптоолор эле эмес, адамдардын жан дүйнөсүндө чоң өзгөрүү болоорун баяндаган чыгарма. Адамдардын байлыкка, бийликке, алдамчылыкка жана башкаларга кызыгып, жашоосун өзгөртпөсө анын дүйнөсү кыяматка кабылып оңолот же бу дүйнөдөн жок болот.

-Чыгармачылыкты пландоого болобу?
— Бу дүйнөдө баардыгы Кудайдын буйругу менен болот, бирок биз адамдар алдын ала Кудайдан сурап бир нерсени тездеткенге, кечеңдеткенге аракет көрөбүз. Ошо нерсе Кудайга жакса ишке ашат. Ошон үчүн Кудайдан үмүт кылып, пландаштырып иш жасаса болот. Ал эми чыгармачылыкты пландап коюш кыйын.

— Кыргыз канткенде кыргыз болот?
— Кыргыздын күүсүн угуп, ыйлабаган кыргыз ал өзүнүн кыргыз экенин билбеген кыргыз. Күүдөгү бабалардын кантип төрөлүп, кантип өлгөнүн жүрөгү укканда ал дагы ошондой төрөлүп, ошондой өлгөнгө даяр болот.

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ, “Эркин Тоо”, 06.09, 2011 ж.

Соц тармактар:

Кенжебек АЛДАЯР: “Кыргыз күүсүнө чөк түшүп, таазим кылып жашообуз керек ”: 3 комментария

  • 22.08.2013 в 20:16
    Permalink

    Саламсыщдарбы! Мага абдан Кенжебек Алдаяровдун куулору керек болуп жатат. эч жерден таппай жатам. мумкун болсо жардам кылыныздарчы

    Ответ
    • 25.08.2013 в 15:11
      Permalink

      Арыбагыла.
      Тилекке каршы бизде ал күүлөр жок. http://kgkatalog.ucoz.ru/ — ушул жердеги сайттардын бирөөсүндө болуп калышы мүмкүн.

      Ответ
  • 22.08.2013 в 20:17
    Permalink

    Саламатсыздарбы! Мага абдан Кенжебек Алдаяровдун куулору керек болуп жатат. эч жерден таппай жатам. мумкун болсо жардам кылыныздарчы

    Ответ

Добавить комментарий