«Сынган кылыч»тууралуу кино тартам»

Кыргызда ар бир макал жөнү жок айтылган эмес. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, бүгүнкү каарманыбыз да ар тараптуу кесип ээси. Ар бир талантын өзүнчө алып кароого болот. Каскадёр, сүрөтчү, сценарист жана режиссёр Адилет Акматовду кепке тарттык.

— Азыркы учурда эмне менен алексиз?
— «Сүйө билүү» аттуу орусча тасма тартып жатам. Сценарийин өзүм жазгам. Акыркы күндөрдө аялзаты мырзалардан көңүлү муздап калганын байкап жүрүп, ушундай тагдырды кинодо чагылдырууга ой келди. Бул жерде мырзалардан өч алуу максатта үч курбу кыз ант беришет. Үчөөнүн ичинен бир кыз капысынан бир балага жолугуп, сүйүүгө кабылат. Берилген антты бузуп, сүйгөнүн өлтүрүүдөн баш тартат.

— Сизди азыркылардын мыкты каскадёру деп атап жүрүшөт?
— Сиз да кабардар болсоңуз керек, 90-жылдары жалаң эле Брюс Ли, Жан Клод Ван Дам, Жеки Чан катышкан кинолорду көрсөтүп калбады беле. Ошол кинолордун таасириби, айтор, бассам-турсам оюмдун баары машыгуу болуп калды. Биринчи көрүп жүргөндө, ушундай трюктарды жасаса болоруна ишенген эмесмин. Кийинчерээк, кинодон көргөн трюктарды өз алдымча жасаганга аракеттене баштадым.Таң калыштуусу, сальтонун, акробатиканын бирин-экин элементтерин жасап көрсөм, окшошо баштады. Киного, трюктарга болгон кызыгуум ого бетер күчөдү. Эч кандай спорт секциясына барбай, тренерсиз эле өзүм менен өзүм машыгып кирдим. Мектепти бүтөрүм менен кыялданып жүргөндөй, актёр-каскадёр болом деп максат койдум. Элет жеринде болгондуктан, залы жок, көчөлөрдө өзүмө окшош балдарды топтоп алып машыгып жүрдүк.

— «Үкү» тобунун «Кызыкча» долбоору көпчүлүккө жаккан болчу. Эмне себептен токтотуп койдуңуздар?
— Ошол бирге машыккан балдар менен өз алдыбызча видеороликтерди, кыскача фильмдерди тартып, интернетке коюп, видео жазылган дисктерди балдар аркылуу колдон-колго өткөзүп тараттык. Интернетке 2000-жылдан баштап койгонбуз. Катарыбызга жаш балдар кошула башташты. Ошентип жүрүп, «Башаламан» тасмасына Урмат деген каармандын ролун ойноого чакырылдым. Кубат Шамшиев, Элдияр Айылчиев, Рустам Батырбеков, Сапар Шайназаровдор менен биргеликте «Үкү» тобун ачып, КТРде ушул топ «Кызыкча» долбоорун түзгөнбүз. Элге тартуулап жаткан элек, бийлик алмашкандан кийин долбоорду жабышка туура келди.

— «Кыргыз керемети» аталган классикага айланган кинолорду тарткан режиссёрлордон баалаганыңыз барбы?
— Кыраан режиссёрлордун ар бирин өзүнчө мыкты инсан катары саноого болот. Болот Шамшиевдин «Жаңгак токоюндагы караан» киносунда сүрөтчү-коюучу болуп иш алып бардым. Бирок бул кино белгилүү себептер менен убактылуу токтоп турат. Ушул көрүнүктүү режиссёр Болот Шамшиевден тажрыйба алдым. Өзүм дагы режиссёрлук милдетти мойнума алып, кино тартууну көздөдүм.

— Каскадёрлор жанын тобокелге салышат дешет?
— Ооба, өз өмүрүн тобокелге салып, жанын үрөп иштешет. Андай кооптуу учурлар көп болот. Кокустукка кабылган учурлар болбой койбойт. Былтыр болсо, орустардын «Гаишниктер» сериалына чакырышып, 12-13-сериясына тартылып келдим. Ал жактан мен башкы ролдогу Сергей Астаховдун дублёру болуп, трюктарды жасап, андан тышкары, террорист-камикадзенин ролун аткардым. Ошондо жалынды эрте коё беришип, бутум күйүп кала жаздаган. Сактыкка кордук жок дегендей, күйгөнгө каршы заттарды болушунча сүйкөгөнүм жакшы болуптур.

— Атайын каскадёр болом деп тилек кылсаңыз, окуусун бүткөндүрсүз?
— Менин сүрөтчүлүккө да шыгым болгондуктан, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктадым. Живопись боюнча бошогондо тартып калам. Атам архитектор болгондуктан, ал жагын да кичинемден майда-баратына чейин өздөштүрүп алган болчумун. Бош убактымда үйлөрдүн чиймесин даярдап коём. Кээде атайы заказ алып, чийип бере коймоюм бар.Бул ишим жакшы киреше алып келгендиктен, апам: «Буту-колуңду сындырып, денеңди талкалабай, ушуну менен эле оокат кылсаңчы»,- деп калат. Бирок, мени киноискусство арбады көрүнөт, эмнегедир ушул жакка эле тартып турат. Идеяларым көп. Фильмдерге сүрөтчү катары чакырышат, барып иштейм, бирок, киного тартылуудан жана сценарий жазуудан алгандай рахат ала албадым.

— Биздин каскадёрлордон кимди баалайсыз?
— Дүйнөлүк аренага чыккан Үсөн Кудайбергеновду кимдер билбейт? Ал «Генийдин жаштыгы»» аттуу өзбекфильмде 27 метр бийиктиктеги жардан ат үстүндө 1,5 метр бийиктиктеги Сыр-Дарыяга секирген трюк жасаганы үчүн «Гиннес» китебине киргизишкен. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин «Мыкты каскадёр» деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадёрдун бири болгон. Бул үчүн Үсөн Кудайбергенов каскадёрлордун «Ардактуу куру» сыйлыгын алган. Ал эми азыркы каскадёрлордон Нурбек Болотов «Монгол», «Акыркы самурай» кинолорунда өз ишин жакшы көрсөтө алды.

— Эмне үчүн чет элдин киночулары биздин каскадёрлорго кызыгышат?
— Себеби, биздин каскадёрлорго өздөрүнүн актёрлоруна караганда аз төлөшөт. Жоктон көрө жогору деп аргасыздан биздикилер чет жакка барып жатышпайбы. Канткен менен биздин киночулардан кадыресе мыкты төлөп беришет. Ал эми бизде маданияттын проблемаларын толук көзөмөлдөгөн азаматыбыз жокко эсе.

— Президентибиз Роза Отунбаеваны Курманжан даткага салыштырып жүрүшөт. Сиздин көз карашыңыз?
— Адамды адамга салыштырыштын деле зарылчылыгы жок. Мүмкүн, президентибиз кандайдыр бир деңгээлде жакшы иштерди жасап жаткандыр. Ал эми Роза айымды Курманжан даткага салыштыргандар кошоматчылардын гана ою деп эсептейм. Кантсе да Ош коогалаңы болду. Эгер ошол каргашалуу окуяны журт башчыбыз болтурбай койгондо, анда Курманжан даткага салыштырганга татыйт беле ким билет? Курманжан датканын айткан сөзү бар го: «Мен бир баламдын өмүрү үчүн элиме бүлүк салбайм»,-деген. Баласы Камчыны дарга асып жатканда, ата болсо го кайраттуулугунан макул болду деп түшүнөт болчубуз. Курманжан датка эне болсо да, кабыргасы кайышып турганына карабай, эли-журту үчүн баласын дарга астырганга кайыл болду.

— Азыр классикалык адабий чыгармаларды, тарыхый чыгармаларды экрандаштыруу бизде жокко эссе. Эгер, мүмкүнчүлүк болуп тартып калсаңыз, кайсы чыгармага кайрылат элеңиз?
— Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы жөнүндө кино тартмакмын. Убагында ушул чыгарманы да катуу сынашкандар болгон. Төлөгөн Касымбеков: «Менин сөөгүм сөпөт болгондо, бул чыгарма бааланат, тарых-миң тамыр. Мен бир тамырына гана кирдим, бирок анын тереңине жетүүгө өмүрүм жетпейт»,-деген экен. Азыр тарыхый окуяларды чагылдырган кинолор тартыла элек. Канчалык бюджет талап кылынбасын, буйруса, ушул чыгармага сөзсүз токтолом.

— Эсил кайран СССР доорундагы киночулар менен азыркылардын айырмасы асман менен жердей дешет?
— Албетте, эмне себептен ал убакта сапаттуу кинолор жарык көргөн, билесизби? Себеби, ал кезде бардык чыгымдарды өкмөт каржылачу. Атайын көркөм кеңештен өтчү. А азыр заман башка. Өз көмөчүңө күл тарта турган заманда жашап жатабыз. Киного да каражатты өз чөнтөгүбүздөн жумшайбыз. Акыркы кездерде саны бар, сапаты жок кинолор толуп кетти. Аларды тарткандардын актануусу ар дайым каражатка такалат. Бирок, сапат дайым эле каражат жок болгондон аксай бербейт. Канчалык идеяң ашып-ташып турса да, тажрыйбаң жок болсо ишиңди улантып кетиш кыйын. Идеяң эч нерсеге арзыбай калат. Билим, тажрыйба деген баары бир керек экен. Профессионал операторлор тартып, профессионал режиссёр коёт. Мен муну сиз айткан сүйүүчүлөргө арналган фильмдерди тартып жүрүп, профессионалдык фильмди жаратууга өзүм кошо аралашканда гана түшүндүм, оюнчук эмес, өтө татаал процесс экенин.

— Сиздей чыгармачыл инсандын элге бүдөмүк жеке жашоосу кандай болду экен?
— Келинчегим Айгүл-үйүбүздүн куту, балдарымдын мээримдүү энеси. Уулум Арсен, кызыбыз Сымбат-биздин бактыбыз.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий