Философ жазуучунун адабий жана илимий мурасы

Табияттан даарылган өзүндөгү талант-дараметти сөз өнөрүнө – көркөм прозага жана адамзаттын ааламдык ой жүгүртүү  парасатынын башаты болгон  философия илиминин көшөгөлөрүн  кыргыз окурмандарына өз  тилинде ачып түшүндүргөн терең  мазмундуу эмгектерди жаратууга арнаган философ-жазуучу Дайырбек Казакбаевдин чыгармаларынын эки томдугу быйыл “Турар” басмасынан жарык көрдү.

Ушул бараандуу эки томдукта даркан мүнөз жазуучу-илимпоздун толук аброю жана чыгармачылыгынын негизги панорамалык портрети камтылган деп айтсак жарашат. Ар кайсы мезгилдерде жазылып, басмалардан жарык көргөн чыгармаларды иреттеп, топтоп, системага салып, эки томго ылайыктап жайгаштырууда автордун жубайы, прозаик калемгер Ырысбүбү Бөлөкбаева түзүүчүлүк зор эмгек жасаган. Ырысбүбүнүн эскерүүсүндө Дайырбек өзү көзү тирүүсүндө: “70ке чыгат экемин, чыгармаларымдын жок дегенде эки томдугун чыгарып алсам”, – деп ниет кылган экен. Эми минтип жубайынын жана ыймандуу уул-кыздарынын бардам аракет-ыкластарынын натыйжасында жазуучунун ошол максат-тилеги ишке ашып отурат.

Болочоктогу философ-жазуучу XXI кылымдын 60-жылдарында Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөндөн кийин М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуп, философия илими менен шугулданат. Илимий изилдөө­чүлүк ишин ийгилик коштоп, Москва окумуштууларынын алдында философия илимдеринин кандидаты деген даражаны алууга жетишет.

Дайырбек Казакбаев өзүнүн табият-тагдырдан буйрулган өмүрүндө жазуучулук ишмердиги менен сүрөткерлик-сынчылыкты, илимпоздук менен педагогдукту жана коомдук ишмердикти айкалыштырып, чарчадым-чаалыктым дебей, ыкласы эмнеге түшсө ошого бүткүл дил-жигери менен берилип иштеген инсан эле. Ал кыргыз адабиятынын аренасына 60-70-жылдардын ичинде, ал кездеги жаш калемгерлер өз заманынын романтикасын, эстетикасын изилдеп жана жаңылап, өздөрүнүн көркөм чындыктарын жүзөгө ашырууга поэзияда да, прозада да күрдөөлдүү дем-дымак менен изденип, аракеттенип, өз шоокум-шоораттарын айрым жарык көргөн чыгармалары менен сездире башташкан Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Төлөндү Ахметов менен бир катарда келди.

Булар прозадагы оң каарман, терс каарман маселесине, турмушту социалисттик реализм методологиясында чагылдыруу дегенге башкача өңүттөн карап, сынчыл мамиледе болушту. Булардын “Күн автопортретин тартып бүтө элек”, “Тоого жаз кеч келет”, “Аянкул”, “Карагайчылар”, “Буу­рул түндүн жомогу”, “Кара-Көлдүн каздары”, “Бир болгон окуя”, “Түтүн”, “Күн болбой куруп кал” сыяктуу аңгеме-повесттери жазуу стилдери, камтыган ой-мүдөөлөрү, сөздө­рүнүн көп кырдуу, көп маанилүүлүгү, каармандарынын купуя мүнөздүүлүгү менен кыргыз прозасын жаңыча нукка бургандай шоорат сездиришти. Ал кездеги КПСС идеологиясын бекем карманган көшөкөр жазуучу-сынчылар басма сөз бетинде бул “ээнбаш” жаш жазуучуларды катуу сынга алгандыгы биздин калемдеш-замандаштарыбыздын баарына белгилүү.

Идеологиялык цензура кысымга алган доордо жашагандыгына карабастан жазуучу интеллектиси бийик окурмандардын моокумун кандырып, таңдандырган “Айдың көлдүн ак куусу”, “Талаа ырдайт”, “Түрмөдөн чыккан жигит”, Таазим”, “Мүдөө”, “Улар үнү”, “Эки тоом жол”, “Бир болгон окуя”, “Чак түштөгү азгырык”, “Жүрөк сезими”, “Жышаан”, “Толгоо алдында”, “100 жаштан 100 нуска”, “Доктордун ууланышы”, “Эки дос”, “Эне менен бала”, “Жашоо кайрыктары”, “Жылдыз өчпөйт”, “Санаа түш” сыяктуу оригиналдуулугу менен өзгөчө­лөнгөн аңгеме-повесттери өз мезгилинде басма сөз беттеринде адабиятчы-сынчылардын оң бааларына арзыган. Айрыкча “Айдың көлдүн ак куусу” повестин философ жана эстетик-сынчы Асылбек Медетбеков Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” повести менен тең катар коюп, сюжеттик түзүлүшү, каармандарынын мүнөздөрүнүн ачылышы жагынан “Эрте жаздагы турналардан” ашса ашып, дегеле кем түшпөсүн таасын далилдеп көрсөткөн.

Дайырбек Казакбаевдин чыгармаларынын экинчи томдугуна илимий-публицистикалык жана адабий сын мүнөзүндөгү макалалары: “Тайлак баатырдын жарандык сабактары”, “Тайлак баатырдын мезгилинин илимий жактан изилдениши”, “Таутама Будданын төрт ыйык осуяты”, “Мухамед пайгамбардын Хира тоосундагы ыйык түндөрү”, “Конфуций Тянь-Шань тоолорунда”, “Спитама Заратуштранын “Авеста” филосо-фиялык системасынын генезиси”, “Чыгыштан чыккан жетиген жөнүндө түшүнүк”, Абу Наср аль Фараби, Абу али ибн Сина жана Жусуп Баласагын туурасында биздин университеттерге зарыл керек болуп турган маалыматтарды берүү менен азыркы муунга алардын окууларынын жалпы адамзаттык маанилерин популярдуу публицистикалык усулда айкын таржымалайт.

Китеп аягында жазуучунун жубайы Ырысбүбү Бөлөкбаеванын арман, өксүк, жоктоо мүнөзүндөгү күндөлүк-эсселери менен коштолуп шө­көттөлгөн. Бул эки томдук менен таанышкан окурмандар эсил кайран Дакебиздин бүткүл чыгармачылык кудуретин ачып, инсандык жана жазуучулук дидаары менен дидаарлаша алат.

Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ, КРнын эл акыны,
«Кыргыз Туусу»,
09.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий