СССРдин эл артисти, КРнын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова: «Атам көз жашы сакалынан сарыгып ыйлап жатыптыр

 Ааламга кеткен жол айылдан башталса, келечекке кеткен жол балалыктан башталат эмеспи. Сиздеги талант бала кезде эле билинген чыгаар ээ? 
 Бардык эле тубаса талант ээлеринин жөндөмү бала кезден эле билинет тура. Раматылык атам, «мен бул кызымдан артисттен башканы көрбөйм. Кызым Мыскал Өмүркановадай чоң артист болот» дечү. Илгери кемпир-чалдар баласынын, айрыкча кыз баланын артист болуусун каалашкан эмес. Атам болсо артисттикти талант, өнөр катары карап, сый менен кабыл алчу. Атамдын Мыскал эжеге салыштырган себеби, бала кезде комузду билчү эмесмин, үнүм абдан жакшы болчу, ырдай берчүмүн. Бирок, ошондо эле мен ырдан башка бирдемени күсөп, жан-дүйнөм коңултуктап өзүм билбеген кереметти издеп кыйналчумун.

Кечке там аркадан чыкпай эле жоонураак жүгөрүнүн сөңгөгүнөн комуз жасайм деп убараланып, анын кабыгын сыйрып алып бармагым менен чертсем бир обонго келчү. Бир күнү чыныгы комуз жасайм деп белсендим. Тактайдан комуздун калыбын келтирип чаап, ичин оюп, капкагына кардондон камыр менен жабыштырып, тепкенин ордуна карандашты туурасынан коюп, анан кантип кулак кадашты билбей, мык кагып туруп, эки кылды ороп катуу тартып байлап койдум. Ошондо эки кылды бармагым менен секиртип чертип, Мыскал Өмүрканованын «Бал жакшы» деген ырынан эки сапты дароо келтирип алдым. Кубанганымды айтпа, тим эле колуман түшүрбөй боорума басып көтөрүп кыңкылдатып эле жүрөм. Апам «эмнени эле каңкылдатып атасың?» деп урушат, мен болбой элечертип жүрөм. Бир күнү «угайынчы, деги мунуң күүгө келет бекен?» деп кызыгып калды. Мыскал эженин «Бал жакшы» деген ырын чертип бердим. Апам «Ой мобу кыз балакеттей күү чертип жатат» деп кубанып, атама «кызың өзү комуз жасап, обондун баарын келтирип алыптыр. Бул байкушка жардам берели» деди. Ал кезде Кемин районунун борборунда култьмаг. болоор эле. Атам ошол жакка алып барып, өзүмө тандатып бирөөнү алып берди. Кубанганымды айтпа, айылга жер баспай эле учуп келдим. Ошондон баштап мектептеги кружокто мен мандалин ойноп берем, башкалар ырдайт. Райондук кароолорго катышып, лауреат болуп жүрдүм. Жетинчини бүткөндө апам раматылык, «кызым барса эле окууга алат» деген го, бүрсүгүн окуу деген күнү Күрөңкеевге алып келди. Биз келсек тандоо бүтүп калган экен. Мугалимдердин, «бүттү апа, кечиктиңиз, эмки жылы апкелиңиз» дегенине болбой, «айланайындар силер эмне десеңер макулмун. Эмдиги жылы да куру эле убара болбой таланты, дарамети болсо алып келейин, угуп эле бергиле» деп караманча көгөрүп кетпей отуруп алды. Үч-төрт мугалим отуруптур, ошонун ичинде Асанбек Асакеев комиссиянын мүчөсү экен. Асанбек агай укканга макул болуп, угуп туруп анан, «Апа кызыңыз укмуш тура. Эки күндүн ичинде кызыңыздын документтерин алып келе аласызбы?» деди. Ошондогу апам байкуштун кубанганы ай. Этегине чалынып шашып, алкап, айлайын апакем айылдагы мугалимдердин баарын тик тургузуп, эки күндө документимди алып жетип келди. Ошентип, Күрөңкеевде окуп калдым.

 Ата тилеги орундалдыбы? 
 Атам мен комуз кармап эл алдына чыкканы «ушу кызымдын «Сынган Бугуну» черткенин көрсөм» дей берчү. Анын бул тилегин кийин Чалагызга да айткам. Канчалаган уйкусуз даярдыктардан кийин Чалагыз «Мына эми «Сынган Бугуну» атама чертип берсең болот» деп айылга алып барды. Атам байкуш биздин эмнеге келгенибизди укканда жетине албай калдастап бир коюн көтөр чаап, айылдын баарын чакырды. Бактын ичинде жайылган дасторкон үстүндө атама биринчи жолу «Сынган Бугуну» чертип бердим. Ошондогудай жоопкерчиликти сезүү, толкундоо менен кийин эч бир жерде күү черткен жокмун. Анткени, эң ыйык, эң кыйын сынактан мен ошондо өткөм. Эл күүнү дем албай укту. Күү бүткөндүн кийин карасам атам сакалы ылдый жашы сарыгып ыйлап атыптыр. Чалагыз да ыйлап атат. Атам ошондо ыйлап туруп, «Арманым жок, Самарамдын колунан «Сынган Бугуну» уктум» деп батасын берген.

 Шаар сизге кандай таасир калтырды? 
 Ушул окуу жайда окуганыма абдан сыймыктанып, Москва көчөсү тарабында дарбаза болоор эле. Бошой калсам элое ошонун алдында ары-бери басып, кирип-чыгып, «менин ушул жерде окуганымды баары билишсе экен» деп көчөдөн өткөндөрдүн көңүлүн бургум келе берчү. Эсимде, апам тигип берген крепдешин көйнөгүмдү үстүмөн түшүрбөй, өзүм да жер карап басып, улуулар менен да тик карабай, ооз учуман учурашып, анан жанынан кеткенче шашкан абдан уялчаак, капкара, арык кыз болчумун. Беш көкүл кылып майдалап өрүп алган суюк чачтарым туш-тушка сербейип чыгып турчу. Менин мындай жупунулугуман кыздар уялып, «кел чачыңды жасайбыз» дешсе макул болчу эмесмин. Үчүнчү курска барганда чогуу жашаган Базаркулова Анара деген курбу кызым, «сен эми үчүнчү курссуң, искуствонун адамы да сендей болобу» деп урушуп, чачымды каре кылып кырктырды. Күзгүдөн карасам мени болтойгон, көздөрү бакырайган, кара тору жүзү туптунук, чачы ажарын ачкан кыз карап турат. Ошол прическам менен тартылган сьемкам да бар. Азыр ойлосом ошол жазда биринчи жолу өзүмдү селки сезиптирмин, койкоюп боюмду каранып баскым келиптир.

 Биринчи жолу качан жигиттен кат алып, качан сизге жигит тийишти? 
 Жетинчи класста окуп атканда почточу мага кат алып келди. Ой ошондогу жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпа. Ушундай бир оор күнөө кылгандай тээ жүгөрүнүн арасына кирип алып, конверттин ичине жылан катып койгондой коркуп ачып окудум. Мазмунунан эки эле сөз көзүмө урунду, «мен сени жакшы көрүп калдым, экөөбүз сүйлөшөлү» деп жазыптыр. Кимден келгенин да карабай эле шашып тытып, анан жерди терең казып туруп көөмп салдым. Ыйлап атам, калчылдап көөмп атам. Бала болбосом өрттөп эле салсам эмне. Андан кийин шаарда Ала-Тоо кино театрынын жанынан өтүп баратсам, бейтааныш эле бир жигит билектен алып, «сулуу кыз, таанышып албайлыбы» деди. Бейкапар бараткан жаным чочуп, эч нерсе дебей туруп жаактан ары бир тарттым. Тартаарын тартып алып, коркконуман артымды карабай качып баратам. Тиги жигит болсо жаагын кармаган бойдон карап эле калып калды. Мындай тийишүү мага абдан уят иштей сезилип, көпкө унута албай өзүмөн-өзүм уялып жүрдүм. Андан кийин да сөз айткандар болду, бирок качып эле туруп алдым. Ушундай сунуштар мага абдан олдоксон, осол иштей сезиле берчү.

 Таланттуу адамдардын алдын-ала көргөн кандайдыр касиети бар дешет. Сиз өзүңүздөн ошону байкадыңызбы? 
 Бешинчи, же төртүнчү класста окуп жүргөндө чоң атам абдан катуу ооруп төшөктө жатып калды. Жыйым-терим болгон күз айы эле. Там аркада топ балдар ойноп жатканбыз. Бир оокумда өзүмөн-өзүм тура калып артымды карагым келди. Бурулганда эле там арканын тээ башынан келаткан бир жат киши көзүмө урунду. Жол-жол өзбек чапанчан, белине бир байлам жоолук курчанып, узун таягынын башына бир баштык байлап алган адам шашып келатыптыр. «Бейтааныш киши го» деп карап калдым. Тиги киши туура эле чоң атам жаткан үйгө барып, эшик терезеси жок жерден көздөн кайым болуп кирип, кайра эле ошол жерден чыкты да, артын карабай аңызды аралап узап кетти. Ошого удаа эле «атаман айрылдык» деген өкүрүк чыкты. Азыр андай элестер көзүмө көрүнбөсө да, бирдеме болоордо алдын-ала сезем.

 СССРден сыртка чыккан, деги эле алгачкы повесткаларыңыз эсиңиздеби? 
 Албетте эсимде, 1961-жылы он алты жашымда биринчи жолу Москвадагы Дворец съезддинин ачылышына ансамбльдин составында күү ойноп катышып келдим. СССРден сырткары, 1965-жылы Францияга бардым. Оболу Москвада бизди угушту, анан андан ийгиликтүү өттүк. Ошондо Эдита Пьеха жаңыдан эстрада жылдызы болуп чыгып жаткан экен. Экөөбүз Парижде эки ай бир номерде жатып калдык. Азыр да анын жөнөкөйлүгүн, кичи пейилдигин ичим жылып эстейм. Эдитада гитара бар экен, кечинде мага «ойноп берчи, сен башкача ойнойсун» деп суранат. Мен жан-дилим менен ойнойм, ал угат. Гастроль «Олимп» театрында өттү. Театрдын кожоюну Бруно Какатрис деген киши экен, дүйнөдөгү менмин деген кайталангыс таланттар өнөр тартуулаган бул атактуу театр азыр да бар. Сезимден өчпөгөн бир элес, көз жоосун алган букеттерди коробкага атайын салып коюп, концерттин акырында артисттердин баарына таркатат, аны залга ыргытабыз. Ошондогу кооз букеттердин каалгый учканын, залдагы көрүүчүлөрдүн үнүнөн, дуулдаган элдин деминен толкунданган учурларды эстесем азыр да жүрөгүм өрөпкүйт.

 Чалагыз байке качан сезимин билдирди? 
 Байкең мага көптөн бери эле көз салып жүргөн экен, анысын мен билбейм. Оркестрде Жумабай Кыпчаков деген аксакал музыкант агаларыбыз бар болчу ошого, «Самара абдан токтоо, таланттуу кыз экен, мага турмушка чыкканга макул болбойт го» деп айтыптыр. Анда Жумабай байке «Ой, ошол кара кыз сага күйөөгө чыкпайбы, аны өзүбүз эле алып беребиз» деп оюн-чындап бакылдап коёт. Ошол күндөрү бизге, Күрөңкеевден бүткөн төрт кызга жатаканадан бөлмө берген. Бизди «жатаканаңарды оркестрдегилер баары чогулуп жууп берели деп атабыз. Жүргүлө эт салып койдук» деп, Жумабай Кыпчаковдун үйүнө чакырышты. Эч нерседен бейкапар баарыбыз бардык. Эт бышып атыптыр, шампан вино, түркүн даамдан стол жайнайт. Күлүп-жайнап тамак жеп, ичкиликтен бир аз татып отурдук. Түнкү саат он экилерде Жумабай байкенин сексенден ашкан кайын энеси башыма чоң ак жоолук салды. Мен «бул эмнеси?» деп чоочуп кеттим. Байбиче «Сени Чалагызга келинчек кылып алып келдик, ак жоолугуң башыңан түшпөсүн» дейт камырабай «Коюңузчу апа, тамашалабаңызчы» деп каткырып күлүп, жоолукту алып койсом кайра салды. Ошондо жүрөгүм сестенип кайра алып салдым да, «апа, мен байке менен сүйлөшкөн жокмун» деп, анан унчукпай отурган Чалагызга, «Уятыңыз жок турбайбы, мен сиз менен сүйлөшпөсөм эмне минтип жатасыз» деп ыйлап жибердим. Менин ыйлаганыма деле эч ким маани бербей, тиги байбиче жоолугун кайра салды да, «Балам үчүнчү жолу алып салсаң кайра салбайм. Улам эле ыргыта берсең жолуң жакшы болбой калат. Чалагыз эмне жаман жигитпи? Чалагыздай жигитке тийиш үчүн, Чалагыздай кыз болуш керек. Буга көз арткан кыздар толтура» дегенде бир нерсе эсиме түштү. Союзду кыдырып жүргөн кезде кыздар, ал турсун бир топ улуу Гүлбара Молдобекова деген эже да «Чалагызга кандай бактылуу кыз туш болоор экен» деп отурганда сүйлөгөндөрү Чалагыз болоор эле. Ошол сөздөр мээме шак эте түштү да, унчукпай отуруп калдым. Бирок, абдан ичим күйүп ыйладым. Биринчи баш кошкон түнү ыйлаган мени, «Самара ыйлаба, сага тийбейм коркпо. Качан сен даяр болгондо чогуу болобуз» деп сооротту. Үч айга чейин атынан айта албай «агай» деп жүрдүм. Мен абдан бактылуу аял болдум. Чалагыз мени алаканына салып, катуу айтып көңүл оорутмак турсун оор жумуш кылдырбай, кир жуудурбай, муздак сууга колумду салдырбай бапестеди. Уулум төрөлгөндө үч айга чейин баланын жалаягын өзү жууду, кийин кыздар жардамдашты, ара-чолодо жеңилин өзүм чайкай коюп жүрдүм. Кайын журт киришкенде да, «бул өзгөчө жаралган жан, кир жууп, кара жумуш кылып, оор көтөрө турган аял эмес» деп кагып салып жүрүп, кийин баары көнүштү.

 Бирге жашаган өмүрдө арманыңыз барбы? 
 Арманым эле Чалагыз абдан күткөн небересин көрбөй кетти. Чалагыз «неберебизди коляскага салып алып, паркка сейилдейбиз» деп кыялданчу. Чалагыздын үчүлүгүн өткөргөн күнү тун неберем жарыкка келди, чоң атасынын элесин сактап жүрсүн деп атын Элес койдук. Ошондо кубаныч менен күйүттүн, өлүм менен өмүрдүн, жоготуу менен төрөлүүнүн ортосунда өрттөндүм.

 Агайдын кандай асыл сапаттары бар эле? 
 Чарчабаган мээнеткеч, абдан чынчыл, ишенчээк, баланы ыйык көргөн баласаак, жанда жок боорукер болчу. «Бизге арам жарашпайт, бирөөнүн акысына көз артпагыла. Топук кылгыла» деп такай айтчу. Чоң киши тургай баланын көңүлүн оорутуп, алдаганды билчү эмес. Жоопкерчиликтүүлүгүн ушундан бил, консерваторияда иштеп жүргөндө темпратурасы отуз тогуз, кырк болсо да «балдар күтүп калат» деп жумушка кетчү да, келип эси ооп кулап калчу. Жакшы-жамандан калчу эмес, ар бир адамдын жакшылыгын, айрыкча жамандыгын тең бөлүшчү. Сулуулукту башкача жакшы көрчү. Тим эле укмуш кооз ич кийимдерди таап келип белек кылчу. Чалагыз барда кийимди химчисткага бергенди билчү эмеспиз, өзү тазалачу. Абдан сарамжалдуу, тыкан, колу уз адам эле байкушум.

 Чогуу көргөн кубанчыңыздар көп эле болгон чыгаар? 
 Көп эле болду. Айрыкча, Чалагыз мен СССРдин Эл артисти деген наамды алганда катуу кубанды. Ошол күнү таң эртең бирөө чалып алып эле, «Мен СССРдин Эл артисти менен сүйлөшүп жатамбы?» дейт. «Адашып калдыңыз» деп коюп койсом, кайра эле ошентип чалат. Көрсө, мен СССРдин эл артисти деген наамды алыптырмын, аны билбейм. Ошол кездеги маданият министри Акун Токтосартов биринчи угуп, мага сүйүнчүлөп аткан экен. Чалагыз жуунуп жаткан, чыкканча күтө албай эшигин такылдатып айтсам, бүткөн бою самын бойдон чыга калып, «мээнтибиз кайтты байбиче» деп кубангандан көзүнө жаш айланып, мени көтөрүп алып тегеретип ары-бери баладай чуркады го кайран киши. Анан элдин баарын конокко чакырып жууп берди. Кечинде алган наамымды официалдуу түрдө жарыялап, банкет уюштурушту.

— Бул бакыт узак болдубу? 
— Ырас, бактым толо жашадым, бирок ал бакыт кыска болду атаганат. Элүү эки жашында агайың мени таштап кетти. Демейде балкондо карап турган мени менен дайыма колун булгап коштошуп, «кир эми, кыйын экенсиң узатып койдуң» деп тамашалай эркелетип кетчү. Ошол күнү кыйкырсам да артын караган жок. «Бул эмнеси, неге артын караган жок?» деп абдан дүрбөлөң түшүп калдым. Колум эч нерсеге барбай алып-учуп курбумдун үйүнө бардым, кайра «жүрчү биздин үйгө баралы» десем курбум урушуп отургузуп койду. Ошондо да ийнеде отургандай тыбырчылап атам. Ошол жерден «Чалагыз авария болуп реанимацияда экен», деп телефондон угузушуп, «үйүңө бар» дешти. Үйгө барсам Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, дагы бир топ улуу кишилер жүрөт. «Эмне келдиңер?» дептирмин. Топураган көпчүлүк жүрөк опкоолжуткан суук кабарды угузуудан коркуп ар кимге жалдыраган, алдастаган мени ооруканага деп алаксытып отуруп, түз эле Чалагыздын айылына алып барды. Короодо тигилген боз үйдү көргөндө да ишенгим келген жок. Кирсем көшөгө тартылып турат. Ошол жерден кайын энем, «ырысы жок шордуу, кара көзүң кашайды» деп чаңырды. Кулагым чуулдап чуркап барып көшөгөнү ачып жиберсем, Чалагыз мемиреп уктап жаткандай, жанына барсаң эле көзүн ачып жиберчүдөй жүзү нурданып жатыптыр. Боюмду таштап басып жыгылдым. Жүзүнүн өпсөм мупмуздак экен. Ошондо жүрөгүм үзүлүп кеткендей көзүм караңгылап, бирок, дагы эле суук ойго макул боло албай «үшүп калган го, жылуулап жаап коёюн» деп ойлоп атам. Үстүн ачып жиберсем көкүрөгүн тилип, терисин чоң-чоң темирлер менен кайра бириктирип тигип коюптур. Асылымдан айрылганыма ошондо ишенип эсим ооп жыгылдым. Эки уулумдун тамагы айрылганча ыйлаган үнүнөн өзүмө келдим. Үн-сөзү жок солуктаган Асландын башынан чыккан буу кайнаган чайнектин капкагынан чыгып жаткандай булоолонуп турганы азыр да көз алдымда. Ошондо Чалагызсыз жашоо жоктой сезилди, бирок андан бери жыйырма жыл өтүп, өмүр уланып, жашап жүрөм. Чалагыздын ордун эч ким баса алган жок.

— Кандай кайын энесиз? 
 Алтын кайын энемин. Мага келиндерим кызымдай. Каалагандай жашашсын, болгону балдарымды жер каратпаса болду.

 Сиздей адамдар пайгамбардай болуп калды. Каалоо-тилегиңизди айтып койсоңуз эже. 
 Элдин пейили, анан да жогору жактагылардын пейили оңолуп, барчылык болсо. Жогору жактагылар тойсо экен, тойгонду билсе экен. Тилегим ошол.

Маектешкен Айжаркын Эргешова,
«Майдан.
kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий