Асыкбек ОМОРОВ, тарыхчы, Ата Түрк алтын медалынын ээси: “Кыргыздар кыргыздарды жамандаганды токтоткула”

– Асыкбек ага, биздин заманда балдарды кантип салттуу, нарктуу кылып тарбиялоо керек? Минтип сураганымдын себеби, кээде “мен ушунчалык улутчулмун, мекенчилмин” деген аттуу-баштуу адамдарыбыздын бала-бакырасы Чыңгыз агабыз жазгандай маңкуртка окшоп тилин, дилин, тегин билбей жүрбөйбү. А сиздин алты жашар уулуңуз Элбарс эпос айтканда кадимки чоң манасчыдай токтоно албай кеткенин көрүп жүрөбүз. Бир уулуңуз Кылымдар кыргыздын залкар күүлөрүн чоң комузчулардай чертет. Бул – сиздин эмгегиңизби же жеңебиздинби? Же балким, Кудайдын берген белегиби?
– Бардык жагынан айтса болот. Элбарс “Манасты” үч жашынан айтты .

– Ошондон тартып эле үйрөтүп, жаттата баштадыңызбы?
– Жок, кайдан? Өзү тили жаңы чыккандан тарта эле, эмнегедир “Аллах” дей берчү. Жобурап, тили келсе да, келбесе да алда нелерди уйкаштырып айта баштады анан. Эми деле, кээде уктап жатып да түшүндө “Манас” айтат. Жайына коёбуз. Беш жашында кадимкидей окуганды, жүзгө чейинки эсепти чыгарганды үйрөнүп алды. Албетте, буга биздин дагы жөлөп-таяганыбыз түрткү болду дечи. Анан, мектепке берип койдук. Азыр алтыда болгону менен, 2-класста окуп жатат.

– Баары бир жашы кичинекей да, башка балдардан айырмаланса керек?
– Мугалими айтат, бою баарынан кичинекей болгондуктан, катардын эң аягына тургузуп койсо, болбой эле барып биринчи туруп алат дейт. “Ал эмнең? Ордуңа турушуң керек да?” – десе айтканын кара: “Мобуларыңыз же сабак билишпейт, же “Манасты” билишпейт, эмнеге анан мен алардын аягында турушум керек? “Манас” деген баарынан бийик турат, мен ошондуктан биринчи турам,” – дептир. Мугалими макул болуптур анысына.

Эки баланын ортосунда бири-бирине атаандашуу, же тескерисинче бири-бирин жөлөп-таёо сезимдери байкалабы?
– Өткөндө мектептер аралык жаш таланттардын конкурсу болуп, ошондо Элбарс биринчи орунду, Кылымдар экинчи орунду жеңип алыптыр. Үйгө келип алып байкеси (Кылымдар) кызаңдап жатпайбы: “Бу балаңарга эмнеге биринчиликти беришти? Мен алышым керек болчу. Мен деген жакшы черткен болчумун”, – деп. Кичинеби, чоңбу, бир туу­ганбы, башкабы, баары бир чыгармачыл адамдардын ортосунда атаандашуу болорун ошондо бир байкадым. “Кой, антпе да, биринчиликти сенин иниң, экинчиликти сен алып жатпайсыңарбы. Айырмасы кайсы?” – деп араң ынандырбадымбы.

Балдарыңыз кыргызча окушабы?
– Баланы башка тилде окутуунун кереги жок, кайырдин болуп калышат. Башка тилди ансыз да үйрөнүп алышат. Балдарды кыргыздын нукура менталитетине сугарып, кыргыз тилинде окутуу – бул жалпы коомчулук үчүн утуш гана алып келет. Илгери кыргыз кыз-уулду макал менен тарбиялачу. Ошондуктан, макал-лакап муундан-муунга өтүп келген. Канча бир миңдеген жылдардан бери кыргыз ошол эч бир элде жок салтынын, наркынын натыйжасында сакталып келди го. Мисалы, “нан ооз тий” дегенди жалгыз гана кыргыз айтат. Андан сырткары кыргыз астролог, синоптик дагы болгон. Мисалы, ар бир ай сайын ай тогошорун, ошондо аба ырайы бузуларын алар алда качан эле билишкен. Күтүнүп, даяр турушкан. Көчмөн эл катары, миңдеген жылдар бою мал багып, жапайы кунандан – жылкы өстүрүп, аркар-кулжадан – кой, эчки өстүрүп, дүйнөнүн азыркы мен кыйын деген илимпоздорун жуутпаган зоотехниктер болушкан. Маселен, жипти күрмөп байлаганды бир гана кыргыз билет. Мен Россияда иштеп жүргөнүмдө орустар таң калчу. Үйрөнөбүз деп, такыр акылдары жетчү эмес. Кымыз ичүү эле эмне деген церемония? Сабага ыштап жасаганды жалгыз кыргыз билет. Мунун да канчалык артыкчылыгы бар? Бирок, азыр оңой жумушка кызыгып, жыгач челектен кымыз ичип, нарктан тайып баратабыз.

Элдеги сиз айтып жүргөн 4 айкөлдүктү, кең пейилдикти, нарктуулук-салттуулукту кайрадан кайтарып алууга мүм­күн­чүлүгүбүз барбы?
– Өлкө башына Ата Түрктөй башчы келгенде гана мамлекетибиз, пейилибиз, баары оңолот. Ата Түрк эл деп жүрүп, жада калса аялы менен бирге жашай албай, акыры аялы таа­рынып, ушундай кантип күйөө болсун! – деп басып кеткен. А бизде кандай болуп жатат? Биз ата салтына, наркына тескери иш жасап жатабыз. Бул – душмандык менен барабар. Мисалы, ата-бабаларыбызда кеп билбеген, нарк билбеген жаш жигит төрдүн башына отуруп алып, улууларга акарат айтып, акшыя карап, манчыркаган эмес эч качан. Ортодо “улууга – урмат, кичүүгө – ызаат” деген сый болгон. Элди улуу адам баштап, төрдө улуулата отуруп, улам кичүүсүнө жол көрсөтүп турган. “Жаштар – эл четинде, жоо бетинде” болгон. Эл четинде болгону ошол, элди-жерди суук көздөн – душмандан сактоого ар бири алгыр куштай даяр турган. Душманга каршы, керек кезде аттана калууга ар кимисинин өз аты, өз куралы, эң негизгиси ар намысы, биримдиги болгон. Кыйынчылык туула калган кезде баарынын башы биригип, ошондо да улуу адамдын алдына чогула калып акылын угуп, көрсөтмөсүн күткөн…

Бизде жашап жатышкан башка улуттар дагы “кайсыл жердин суусун ичсең, ошол жердин ырын ырда” дегендей, биздин каада-салтты, ырым-жырымдарды пайдаланыш керек. Башкача айтканда, Манас айткандай, баарын бир улут кылып бириктириш керек.

Анан да биз Манасты Конституциябыздын бир бөлүгү катары карашыбыз керек. Ансыз кыйын. Илгери, жедеп баштарына кыйынчылык түшкөн кезде, эли бөлүнүп-бүлүнгөн кезде Катагандын кан Кошою: “Кыргыздарда Манас деген бар дейт. Ошону чакырталы”, – деген экен. Айткандай эле Манас кырк чоросу менен келип, чачылган элдин башын бириктирген. “Курама жыйып журт, кулаалы таптап куш кылдым…” – деген ошондон калган. Биз, кыргыздар, өзүбүздүн улутубузду, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калыш үчүн ар бирибиз Манасты билип, эли-жерге Манасча мамиле кылуубуз керек.

Жакында жарык көргөн “Алтай – Ала-Тоо: Айкөл Манастын түбөлүк жолу” китебимде мына ушунун баары чагылдырылган. Ушундай эле аталыштагы былтыркы Алтайга – Манастын туулган жерине жасаган жүрүшүбүздүн максаты дагы ушул болчу.

Сиздер ошондо жүрүштүн өтөөсүнө чыга алдыңыздарбы, өзүңүз кандай баа бересиз?
– Манастын жолу менен барып, Манастын киндик каны тамган жерден Кыргызстанга жети нерсе – асман, жер, суу, дан өсүмдүгү, өсүмдүк, аба, жылкы жаныбарын алып келмекпиз. Жылкы жаныбарын гана алып келе албай калдык, бирок калгандандарынын баарын алып келип, жер менен жерди байланыштыра алдык. “Манас” көлүнөн суу алып келип Ысык-Көлгө куйдук, Бөйрөктүүнүн (Манас туулган жайлоонун) топурагынан Таласка алып келдик, бак алып келдик…

Сиздердин Алтайга эмне максат менен келгениңиздерди россиялыктар түшүнүштү бекен?
– 7-апрелде болгон окуяда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кыргыздар тууралуу дүйнөгө туура эмес маалымат жасашканын ошондо бир билдик. Алар аркылуу россиялыктардын жадымында: “7-апрелде аянтта боз үй тигилип, анын ичинде революционерлер алдын ала пландашып, анан чабуулга өтүшкөн. Эгерде кыргыз качан боз үй көтөрсө, анда ошол жерден сөзсүз бир балакет башталат. Анда аларды эч качан токтото албайсың,” – деген маалымат кыттай уюп калыптыр. Биздин боз үй тигүүбүзгө, деги эле көп иштерибизге шекшинүү менен мамиле кылуу жүрүшүбүздү аябай эле оорлотту. А чынында боз үй 9-апрелде тигилген. Ошондон улам мен элге кайрылып: “Кыргыздар, кыргыздарды жамандаганды токтоткула!” дегим келет. Эгерде мен качандыр бийликке келе турган болсом, биринчи кезекте бирин-бири жамандаган кыргыздарга миллиондогон айып салат болчумун.

Китепте Манастын кырк тулпары тууралуу айтылган экен, сиз аларды Алтайдан көрдүм дептирсиз?
– Алтайдагы боорлошубуз Акай Кине кетерге жакын айтып калды: “Эртең силерди Манастын 40 тулпары узатат” деп. Мен болсом ичимден: “Эми алар кайып жылкылар да, кайдан?…” – деп койгом. Айткандай эле, эртеси кетээр маалыбызда кырк жылкы чубашып келип, маңдайыбызда бизди карап, маңкайып тизилип турушпадыбы. Менин фотоаппаратым рюкзактын түбүндө калган болчу, аны аңтарып алып чыккыча акырындан чубап узай башташкан болчу, мына бул сүрөт ошол…

Балким ал ошол тегеректеги бирөөлөрдүн жылкысыдыр?
– Ал жер – мал-жандын буту баспаган жер да, андай болушу эч качан мүмкүн эмес болчу. Анан да биз кетип баратканыбызда бир жалгыз бүркүт (Манастын бүркүтү дешти) биздин машинени узата, удаалаш учуп келатты. Биз токтогондо кошо токтоп, бет алдыбыздагы чөпкө конуп, бизди карап отурат десең. Андан ары жөнөгөнүбүздө деле коштоп келатты. Бир убакта токтоп, аны сүрөткө тартып алдым. Ал менин билегиме конууга ниеттенип тургандыгын мен билип, туюп эле жаттым. Бирок, жеңи чолок көйнөкчөн болгондуктан, билегимди тосо алган эмесмин.

Бүркүттү – бийликтин белгиси дешет го? Деги эле бийликке келип калсаңыз, өзүңүз айткандай, элге кулча иштеп берет белеңиз, же?.. Деги эле мындай нерсе болочок планыңызда барбы?
– Эгерде, депутаттын айлыгын башка бардык адамдардыкындай эле он миң сомдун тегереги кылып, башкалардай эле алар да автобуска, троллейбуска түшүп ишке келгидей кылып, элге кулча иштетип койсо, анда депутат болом деп эч ким жулунбайт болчу. Коррупция, трайбализм дагы болмок эмес. Ошондо бир далайы дыркырап качышмак, сүйрөп дагы алып келе албайт болчусуң. Мен мына ушундай учурда депутат болушум мүмкүн.

– Анда ишти эмнеден баштайт элеңиз?
– Кыргызда: “Эл башы болгончо, суу башы бол” деген кеп бар. А биз суу башында туруп өзбектер менен казактардан суранып отурабыз. Өзбекстан бизден канча суу алып жаткан болсо, жок дегенде ошончолук өлчөмдө газды бекер алгыдай абалды жаратышыбыз керек. Казактар менен да ошентип башма-баш алмашуу жолу менен соодалашууга болот. Бул – боло турган иш. Болгону акыл калчап, жолун гана табыш керек. Мен ишти сөзсүз ушундан баштайт элем.

Ж.ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу, 13.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий