Кытайлык “Манас” изилдөөчү, профессор Адыл ЖУМАТУРДУ: «Кыргыздын тарыхы бизге «Манас» аркылуу элестейт»

Эң оболу сиздерди “И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылышы менен жалпы окурмандарыбыздын атынан куттуктап койгум келет. Кебибизди башканы коюп Манастан баштасак деп турам.
Адыл Жуматурду: – Рахмат! Жубайым Токтобүбү Ысак кызы экөөбүз жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери Манас боюнча изденип, иштеп келебиз. Токтобүбү Жуңгодогу “Семетей” эпосунун курулмасы жана варианттары боюнча быйыл апрелде бул жакта кандидаттыгын коргоду. А мен болсо 2004-жылы Кытай мамлекеттик коомдук илимдер академиясында филология илими боюнча докторлук ишимди коргогом. Андан мурда Үрүмчүдөгү адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинде “Манас” изилдөө сектору бар, ошону жетектеп келгемин. Адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин орун басар төрагалыгы 1997-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Быйыл курултай өтмөкчү. Мен Бээжинде болуп жатканыма байланыштуу бул кызматымды башка бирөөгө өткөрүп берем го.

Адабият көркөм өнөрчүлөрдүн астында Шиңьжаңдагы фолклорчулар коому, ошонун ичинде “Манас” сектору бар. Мен аны 1995-жылдан бери жетектеп, анан 2004-жылы үй бүлөм менен биротоло Бээжинге барып, ошол жерде жашап жатабыз. Өзүм азыркы күндө Жуңго мамлекеттик коомдук илимдер академиясындагы улуттар адабиятын изилдөө инс­титутунун ичиндеги түндүк улуттардын адабиятын изилдөө секторун жетектейм. Аспирант, окуучуларды жетектеп, жетилдирем. Түндүк адабият изилдөө сектору кыргыз эле эмес, уйгур, казак, өзбек, тажик, татар сыяктуу көп улуттарды камтыган сектор.

Негизги жумуштардын бири “Манас” боюнча изилдөө. “Манас” боюнча иштеп, изденип, Жусуп Мамайдын вариантын ханзу тилине которуп келатканыма жыйырма бир жыл болуптур. Илимий китептерди жаздым, диссертацияларым басмадан чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манастын” он сегиз томунун алгачкы төрт тому чыккан. Быйыл “Семетейдин” үч тому чыгат кытай тилинде. Токтобүбү Ысак кызы болсо университетти бүтүргөндөн бери Үрүмчүдөгү “Манас” секторунда эмгектенип келген, азыр Бээжиндеги борбордук улуттар университетинде доцент.

– Кытайда “Манаска” аябай көңүл бурулуп, жакшы колдоого алынат экен. Буга жайында болуп өткөн манасчылардын форуму далил…
– Мындай фестивалдар төрт жылдан бери өтөт. Үч кезектегиси Кызыл -Суу кыргыз автоном облусунун Ак- чий ооданында “Манас” эпосунун туризмдик фестивалы жана Жусуп Мамайдын туулган күнүн белгилөө катары өтүп келген. Быйылкы силер көргөн төртүнчү фестиваль. Залкар манасчы Жусуп Мамайды жашы улгайгандыгына байланыштуу эскерүү, бул кишинин туулган күнүн тойлотуу деген максат менен “Манасты” фестиваль сыяктуу чоң деңгээлде өткөрүп жатабыз.

Андан тышкары сиздер биле-сиздер, 2009-жылы Жуңго жагынан “Манас” бир канча түр боюнча ЮНЕСКОго адамзаттын оозеки жана бейзаттык маданият боюнча улуу мурасы катары тизимге алынгандыгы үчүн Жуңгонун ичинде “Манаска” болгон түшүнүк дагы тереңдеп, манасчыларга болгон мамиле да башкача болуп жатат. Өкмөт, партком жагынан көп колдоолор болуп, жер-жерлердеги манасчыларга акча жактан жардам берүү, аларды шыктандырып, “Манас” айтуу, алардын шакирт тарбиялаш жумуштарына ыңгайлуу маанай жаратуу дегендей иштер болуп жатат.

– Жусуп Мамай абабыздын ден соолугу кандай? Күүлүү-күчтүү элеби?
– Жакшы. Биз Бээжинде жашасак да ар жылы келип, жумасына бир- эки жолудан телефондо сүйлөшүп дегендей, абалын сурап турабыз. Жакында эле барып көрүшүп келдик. Абалы жакшы эле. Кыйла тың.

– Аксакал канчага келип калды?
– Токсон төрттөн ашып, токсон бешке карады.

– Сиз “Семетей” боюнча адис экенсиз. Бул эпос боюнча кандай изилдөө иштери жүрүп жатат?
Токтобүбү Ысак кызы: – Мен өзүм жыйырма жылдан ашуун Жуңго кыргыздарындагы “Манас” жана Жусуп Мамайды таануу, үгүттөө, изилдөө боюнча аракеттенип келдим. Балким өмүрүм өткөнчө ушул жумушта колуман келгенче иштейм деген ниет бар.1988-жылы Шиңьжан университетинин жуңго тили жана адабияты факультетин бүткөм, ошол кездеги менин студенттик диссерта-циям деле “Манас” боюнча болгон. Ошондон бери карай бир топ залкар манасчылар менен жолуктум, бүт аракетим алардын вариантын кагаз бетине түшүрүү, басмага даярдоо, үгүттөө, башка тилдерге которуу, жана ошолордун манасчылык өнөрүн изилдөө болуп келди. Анан менин Бишкекте “Семетей” боюнча кандидаттыкты жактап калуума дагы бир себеп болду.

Кыргызстанда болсун, Жуңгодо болсун “Манаска” жана фольклор илимине кызыккан азаматтар аларды көп жактан изилдөөгө алып, сөз козгоп келди. Бул жакта Айнек Жайнакулова эже, менин жетекчим, ыраматылык Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев (ал аксакал да өтүп кетти)-ошол кишилер бир кыйла жакшы эмгектерди жазган болчу. Анан тиякта мен Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манастын” сегизинчи урпагы “Чегетейди” басмадан чыгаргам. Ошол боюнча ”Мекен сүйөрлүк баатырлыкка даңаза” деп бир илимий макала жазгам. Анткени, Кыргызстан жергесинде беш урпакка чейин айтылды делген менен үч эле урпак менен чектелди, үч урпактын китеп текстин окуп келдик. А бизде сегиз урпагы чыкты. Сегизинчи урпак Жусуп Мамайдын варианты боюнча менин колумдан басмадан чыккан. Андан кийин биздин Улуу-Чат ооданынан өткөн, өз кезинде Тыныбек Жапыйды ээрчип жүрүп, Сагынбай менен курбалдаш, Жусуп Мамайдын устаты Жусупакун Апай менен курбалдаш Эшмат Мамбетжусуп деген киши болгон. Бул деле үч урпакты айткан, бирок анын “Манасы” бизде азырынча табылбай кетти.

Аралыктан он беш жылдык опуртал маданият көңтөрүшү болуп, ал сиздерге белгилүү. “Манас” табылбаган соң “Семетей” менен “Сейтектин” текстин мен кайта карап чыгып, басмага даярдап, баш сөзүн жазып, 2003-жылы Кызыл-Суу басмасынан чыгарган болчумун. Ал китеп сатылып, жакшынакай бааларга ээ болуп, 2009-жылы кайта басылып чыкты. Кыргызстанда бир топ окумуштуулардын колунда бар, буюрса, сиздерге деле жетип калаар. Сатыбалды Аалы деген бугу уруусунан бир манасчы болгон, ал киши 2006-жылы өтүп кетти. Мен жаңы кызматка отурганда Жусуп Мамайдын, Сатыбалды Аалынын варианттарын үналгыдан кагазга түшүрүү кызматтарында бир топ жыл иштегенмин. Бир топ залкар манасчылар менен таанышуу, алардын вариантын окуу, түздөн-түз өздөш­түрүү деген мага буюрган бир таалай болду.

Ошентип отуруп, Эшмат Мамбетжусуптун “Семетейи”, “Сейтеги” бириктирилип, бир том китеп болуп калды. Эшмат Мамбетжусуп Жуңгодогу манасчы болсо, эртеден көзү өтүп кеткен болсо, Тыныбектен канчалык үлгү алды деген нерсе кызыктырды да мени. Тыныбек Жапыйдын Чокон Валиханов жазып алган “Көкөтайдын ашы” деген варианты биздин колдо бар. Жусуп Мамайдын, Саякбайдын варианты болуп, төрт “Семетейдин” негизинде өзөктүк окуяларды салыштырып көрүү, Эшмат Мамбетжусупту дагы бир изилдөө аянтына алып чыгуу менин түпкү максатым болду. Ошо менен диссертациямды 18-мартта Жусуп Баласагын университетинде коргоп алдым.

Төрт вариантты салыштырып көрдүм деп жатпайсызбы. Алардын ортосунда өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар көп бекен?
– Бир кыйла эле бар. Мисалы, Семетей баатырдык образ катары төрт вариантта төрт башка сүрөттөлөт. Тайбуурул деле ошондой. Айчүрөк менен Семетейдин, Айчүрөк менен Чачыкейдин, Канчоро менен Күлчоронун мамилелерин сүрөттөөдө да өзгөчөлүктөр бар.

Жусуп Мамайдын он сегиз томдугу басылып чыкты деп айттыңыз. Жусуп Мамай аксакалдан башка да манасчылардын варианттары жарык көргөнбү?
Адыл Жуматурду
: – Бизде Темир деген көзү сокур манасчы болгон. Ошол кишинин “Манасы” эң алгачкы жолу 1961-жылы гезит бетине жарыяланган. Андан кийин чыныгы басма бетине түшкөнү Жусуп Мамайдын варианты болду. Аралыкта он беш жылдык маданият төңкөрүшү деген башаламандык болуп, токтоп калды бул жумуштар. “Манас” эпосу өзү деле жакшы эмес бааланып келип, Манас кызматы биротоло токтоп калган. 1979-жылдан баштап кайра “Манас” деген элдик эпос, кыргыз элинин дүйнөгө жараткан маданий салымы деп отуруп кайта жумуш башталган.1984-жылы Жусуп Мамайдын вариантынын 1-тому басмадан чыкты. Ошондон тарта ар жылы бир, эки томдон чыгып отуруп, 1995-жылга жеткенде 8 урпактан куралган 18 тому чыгып бүткөн.

2004-жылы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун элүү жылдыгы болуп, 18 томду үч формат кылып кайрадан чыгардык. Андан кийин башка варианттардан Эшмат Мамбетжусуп деген Кызыл-Суунун Улуу-Чат ооданында жашаган манасчынын сакталып калган “Семетей”, “Сейтек” вариантын Токтобүбү Ысак кызы басмага дайындап, чыгарды. Текес ооданынан Сатыбалды Аалы деген манасчыны мен иштеп жаткан кездерде Үрүмчүгө чакыртып келип, кассетага жаздырып, анан кайта кагазга түшүрүп, ал жумуштарды дагы Токтобүбү Ысак, Асанбай, Макелей дегендер иштеген. Жакында “Манастын бабалары” деген ат менен басмадан чыгып отурат. Андан башка бизде 1961-жылдан баштап сексенге жакын манасчынын материалдары жазылып калган экен.

“Шиньжан кыргыз адабияты” дейбиз, “Кызыл суу адабияты” дейбиз, ошондой журналдарда кичине –кичине бөлүктөрү берилип, өмүр баяндары тааныштырылып келатат. Башка манасчылардын да варианттарын басмадан чыгарууга, эч болбоду дегенде бирден бөлүгүн алып, тааныштырып, ошо сыяктуу китепти да иштейли деген оюбуз бар. “Манасты” кыргыз эли гана окубай, башка улуттар да окушу керек деп ханзу тилине которуу эң зарыл жумуш болгон. Ал 1961-жылы эле башталган, бирок которулган бир топ материалдар жок болуп кетип, кайрадан колго алынып отуруп, Жусуп Мамайдын вариантынын “Манас” бөлүгүнүн төрт том болуп менин котормомдо басмадан чыкканына эки жыл болду. Ошол он сегиз том боюнча ханзу тилине которуу азыр жүрүп жаткан жумуштардын бири.

– ЮНЕСКО демекчи, “Манас” Эпосу бул уюмдун тизмесине кытайдын атынан катталганына байланыштуу Кыргызстанда кичине түшүнбөстүктөр болуп, ортодо жакшы-жаман сөздөр, таарынычтар да айтылып кетти.
– Бул жакка келгенде кээ бир окумуштуулар, кээ бир кишилер менен биргелешсек, чогуу-чаран аракет кылсак деп сүйлөшкөнбүз ал жөнүндө. Бул мамлекеттик жумуш, жеке изил­дөөчүлөр сүйлөшө турган иш эмес деген сыяктуу сөздөр болгон. Бирок кийинчерээк балким кээ бир маселелер бет маңдай отуруп, бирдикте чечилбей калган болуш керек. ЮНЕСКОнун 2009-жылдагы кезегинде билинген акыбалы мындай: Андан мурда жолдогондо бир мамлекеттен бирден-экиден эле жолдош керек деп белгилеген экен. Бирок 2009-жылы кээ бир мамлекеттер: эки жылда бирден жолдонот, эгер биз бирден жолдосок биздин мамлекетибиздеги коргоого тийиштүү мурастар эл ичинен жоголуп, жоюлуп кетет.

Эл ичинде эң маңыздуу деген мурастарыбызды санын чектебей эле бир кезекте жолдосок деген сунуш киргизген экен. Ошондо калып калса болбой турган эң зарылын жолдогула дегенде  Кытай “Манасты” да киргизген. Ошол жылы Жуңгодон эпостордун 21 түрү ЮНЕСКОнун ошол тизимдигине алынды. 21 түр деген эл ичиндеги бейзат маданиятка кирген эң баалуу нерселер болуп жатат да. Мамлекетте 56 улут болсо, эң жакшыларын санап келгенде “Манас” кыргыздын бейзат маданияттык бийик чокусу, элге таанылган маданият түрү болгондуктан 21 түрдүн ичине кирип, ЮНЕСКОго өтүп келди. Анан биякта Ханзу, жуңго деп кыргыздарды эске албаган эле жагдайда кичине туура эмес тушүнүктөр болуп калган окшойт.

Кытайда “Манас” дегенде бүт эле кыргыз жөнүндө сөз болот. Кыргыз дейт “Манас” дейт, “ Манас” дейт кыргыз дейт. Эч качан кыргыздан алып, башка улуттар же башка мамлекеттер ээлик кылып алыш деген максат деле жок. ЮНЕСКОго кыргыздын аты менен жөнөтүлүп жатат. Башка улуттардыкы кетип, биздики калып калса “Манас” баа жактан ушуларга жетпей калабы? – деп биз деле айтмакпыз да. Аны бүт Жуңгодогу илимпоздор билгендиги үчүн, “Манас” биздин кыргыздын бир гаухары болгондон кийин улуттук маданият чөлкөмүндө ошо түшүнүк менен кеткен.

Манас барган жеринде жоону чаап, жеңип чыгат да. Ошон үчүн “Манас” эпосу өзүнүн мазмунунун тереңдиги, баалуулугу менен ЮНЕСКОГО барып, башка түрлөр калган болсо дагы ал калбай өтүп кетип жатат да. Анан биздин Жусуп Мамай аксакалдын көзү бар болгондуктан Жуңгодо “Манас” изилдөө жумушунун көп жылдан бери уланып келип жатканынын натыйжаларында тизимге алынып келди. Дегинкисинде кыргыздын эле “Манасы”, эч качан башка улуттар “Манас” биздики деп айтышка акысы жок, экинчиден, айтууга мүмкүнчүлүгү деле жок.

Эгер Кыргызстан, Жуңго “Манас” боюнча биргелешип, ЮНЕСКОго мындай бир орток жол менен жолдонуп калса эң жакшы болот эле, биз деле ошону каалайбыз. “Манас” жалпы кыргыздын рухий азыгы, сыймыгы болгондуктан, орток болгону эң жакшы да. Кыргыздын руху Манас деп согот, Манас кыргызга бир тирек болуп турат.

– Кытай бизге салыштырмалуу байыркы жазмасы бар өлкө эмеспи. Ошондон улам Манастын тарыхый инсан болгонун тас­тыктаган, маалымат берген документтер бар бекен?
– Жусуп Мамайдын вариантын биз тарыхый эпос деп чыгарганбыз. Тарыхый эпос дегендеги себеп, “Манас” кыргыздын тарыхы менен тыгыз байланышып келген, тарыхты аркалаган эпос да. Манасчылар өтө көркөм айтат, бирок “Манас” өзү тарых менен тыгыз байланышта. Кыргыздын тарыхы “Манас” аркылуу элестейт бизге. Бирок, тилекке каршы, Манас деген ат Жуңгонун узун тарыхый материалдарында азырынча кездеше элек.

– Кытайда илимге умтулган кыргыз жаштарынын саны көппү?
– Ал жагынан жакшы. Бээжинде өзүм аспирант жетектейм. Токтобүбү да быйылдан баштап аспирант жетектөө боюнча тастыгын алды. Шиңьжан технологиялык университетинде болсо Мамбет Турду деген бир азамат бар. Ошол бир нечебиз магистр жетектөөчү болуп келатабыз. Буюрса, мен доктор жетектөөчү да болушка дайындык көрүп жатам. Менин аспиранттык жетектөөмдө Кыргызстандан да барып окуса болот. Жакында эле мен өзүмдүн секторума кыргыздан дагы бир изилдөөчү алдым.

Мурун мен жалгыз болчумун. Бээжинде деле студенттердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Мейли, Бээжин болсун, Шанхай, Үрүмчү болсун, кыргыз студенттердин саны көп эле. Ар кайсыл университетте бар. Жогорку илим боюнча жетилүүгө да жолдор ачылууда. Быйылдан баштап Шиңьжан педагогика университетинде кыргыз тили жана адабият боюнча бөлүм ачылып жатат. Мен өзүм Шиңьжан саясий кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп жүргөн кездерде өкмөт жагына сунуштарды бергенбиз. Ошонун натыйжасында, аксакалдардын жана башкалардын көп аракетинин жыйынтыгында ушуга жетиштик. Өкмөт менен партиянын колдоосу жакшы эле.

Токтобүбү Ысак кызы: – Жогорку окуу жайларда уул балдарга караганда кыздардын саны көп. Магистратура, докторантурага аттангандардын арасында да кыздардын саны көп болуп жатат. Мындан кийин да көбөйөт деп ойлойм. Жаштардын арасында тунук адабиятка кызыккандар, ыр жазгандар арбын. Ушул жакка биртике берилип жатышат. Нака илим жагынан жан саныбыз азы-раак. Бирок жакшы бир топ кыздар келатат. Омоктуу бир эмгектерди жарата алат деп ойлойм. Келечекте болуп калаар.

– Канча балаңыздар бар?
– Экөө. Бир уул, бир кыз. Улуусу 21де. Бээжиндеги университеттин 3-курсунда окуйт. Кызыбыз он бешке келди. Бекзат, Перизат деп аттарын Жусуп Мамай атам өзү коюп берген.Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Бирок-таалим тарбия ханзуча. Сыртта кыргыз жок да, мектеп да, сабак да бүт ханзуча.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 13.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий