Төө-Таш сүрөт жазмасы

Кыргыз эли экономикалык курч кырдаалга, башкача айтканда, рынок шартына аралашкандан баштап батышты туурап, аны ээрчип улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү алып жүргөн ата-бабалардан калган рухий дөөлөттөрдү унутуп бараткандай сезилет. Биз эгемендүүлүк жылдарына чейин «бардык нерсени, анын ичинде, жазуу-сызууну орус элинен үйрөнүп, үлгү алдык жана буга чейин бизде жазуу-сызуу болгон эмес» деп келгенбиз. Бирок бул ойду жокко чыгаруу менен окумуштуулар бир топ изилдөөлөрүндө так натыйжаларды чыгарышты.

Мезгилдин өтүшү менен илим-билим өнүгүп, тарыхыбыз такталган сайын, кыргыз элинде кеп маданияты менен бирге эле жазуу маданияты да болгондугу аныкталды. Кээ бир жазма эстеликтерибиз атайын тамгалар же шарттуу белгилер менен берилсе, кээ бирлери сүрөт аркылуу чагылдырылып, таш бетине чегилген. Мына ушул сыяктуу байыркы эстеликтердин бири катары Төө-Таш сүрөт жазмасын профессор Л.А.Боровковдун эмгегинин негизинде изилдөөгө аракет жасадык.

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Төө-Таш базарынын түштүк-чыгыш тарабында мындан бир нече кылымдардан бери турган чоң-чоң таштар бар. Эч бир адам капарына албаган бул табылганы бүгүнкү күнгө чейин жаш балдар тебелеп- тепсеп, үстүндө ойноп жүрүшөт. Карт тарыхты өз ичине камтыган ошол таштарда б.з.ч. коло дооруна таандык сүрөт жазма эстеликтери бар экендиги далил.

Төө-таш сүрөт жазмасы эки геометриялык фигурадан жана айбанаттардын сүрөттөрүнөн турат. Геометриялык фигурада уйдун мүйүзүнө окшогон эки түз сызык бар. Жаныбарлардын сүрөтү чегилген карта система профессор Л.Жусупакматовдун «Древние карта схема земли в пиктографии петроглифов юго Кыргызстана» (Ош-2006) аттуу эмгегинде да жазылган. Алгач көпчүлүк кадырын билбеген баалуу ташыбыздын пайда болуу тарыхына кызыгып көрдүк. Аталган жерде топуракка көмүлүп жаткан таштар жөнүндө илимий эмгектердин жоктугуна байланыштуу биз жергиликтүү элдин оозунда айтылып жүргөн уламыштарга гана таяна алабыз. Бул таштардын пайда болуу тарыхы эки вариантта айтылып жүрөт:
Биринчи вариант катары Ош шаарынын Цун-Ятцен көчөсүнүн 11-үйүнүн 85 жаштагы тургуну Иляханова Райхан эненин айтканына караганда, «Сулайман (Соломон) пайгамбар өз мезгилинде дөөлөрдү башкарып, иштетип калат. Күндөрдүн биринде Сулайман пайгамбар колундагы аса таягын ташка сүйөп, селдесин илип коюп, эл кыдырып кетет. Ал эми дөөлөр болсо Сулайман пайгамбардын кеткенин билсе да, ал баары бир бизди көрүп турат деп иштей беришкен. Арадан көп убакыт өтүп, аса таяктын түбү чирип, кулап түшкөндө гана дөөлөр: «Сулайман өлдү, дөөлөр кутулду», — деп колундагы таштарды туш тарапка ыргытышкан. Демек ошол дөөлөр ыргыткан таштар — ушулар, ал эми бул таштардын Төө-Таш деп аталып калышынын себеби катары да таштар өтө чоң болгондуктан ошондой аталып калган.

Экинчи вариант катары, филология илимдеринин доктору, профессор Л.Жусупакматовдун келтирген мисалын алсак, анын айтымында, өткөн доорлордо аталган жерде алакандай дөң, дөңдүн үстүндө чоң-чоң таштар болгон. Эки жакка өткөн соодагерлер (кербенчилер) ошол таштардын түбүнө төөлөрүн чөктүрүп, эс алчу экен. Аталган ташка төөлөр көп байлангандыктан Төө-Таш деп аталып калган деген уламыштар да бар.

Азыр мына ошол таштардын үчөөсү гана турат. Алардын бири толук бойдон сакталып, ал эми экөөнүн болсо үстүнкү бети эле калган. Ошол таштардын бир гана толук сакталганын изилдеп чыгып, бул табылганы элибизге жаңылык катары сунуштоону туура көрдүк. Ал таштын капталынын чыгыштан батышка карай узундугу — 3 м., калыңдыгы — 1 м., 24 см. Батыш капталынын түштүктөн түндүккө карай узундугу — 3 м. 40 см, калыңдыгы — 1 м. 20 см, ал эми түндүк капталынын чыгыштан батышка карай узундугу — 1 м. 82 см, калыңдыгы — 2 м. 45 см, чыгыш капталынын түндүктөн түштүккө карай узундугу — 3 м. калыңдыгы — 1 м. 57 см. Ал эми таштын үстүңкү бети чыгыштан батышка карай узундугу — 1 м. 55 см, түндүктөн түштүккө карай — 1 м. 15 см.

Таштын бетинде 114 оюкча, башкача айтканда, жетинчи кылымга таандык Орто Азиядагы шаарлар түшүрүлгөн. Буга кошумча жаныбарлардын сүрөтү чегилгендигин көрөбүз. Бул жер чындыгында соодагерлердин жолу болгон. Алар бири- биринен, жолдон адашып калбоо үчүн жолдогу таштарга жаныбарлардын сүрөтүн (теке, уй, эчки) тартуу менен «мен бул жолду басып өттүм» деген сыяктуу белгилерин калтырышкан. Ал таштагы оюкчалардын эң узуну жана тереңдиги, түштүктөн түндүккө карай узундугу — 40 мм, чыгыштан батышка карай — 47 мм, тереңдиги — 25 мм. Орточосунун көлөмү чыгыштан батышка карай — 45 мм, түндүктөн түштүккө — 40 мм, тереңдиги — 15 мм. Ал эми эң кичинекейинин чыгыштан батышка карай узундугу — 20 мм, түндүктөн түштүккө карай узундугу — 15 мм, тереңдиги болсо — 2 мм. ди түзөт. Бул таш бетиндегилерди Л.А.Боровковдун «Запад Центральной Азии по II веке д.н.э — VII н.э» (Москва, 1989) аттуу китебиндеги карта схемага салыштырып караганда, б.з.ч. VII кылымга таандык Орто Азиядагы шаарлардын карта- схемасы түшүрүлгөндүгү далилденди. Ал шаарларга төмөнкүлөр кирет:

1. Цяньцюан (Фрунзе)
2. Далосы (Кара-Балта)
3. Сус (Рыбалыс)
4. Дцинчи жэхай (Ысык-Көл)
5. Байшучень
6. Гуныой
7. Нучнцэянь
8. Чжеши / ши
9. Бухань (Ош)
10. Мимохэү ми
11. Цеушуанна / ши
12. Железние Дорога
13. Дами (Душанбе)
14. Бухэ / ср ань/ нюми
15. Фади /запад ань
16. Хэань / д ань
17. Хэ / цюишанницэя
18. Гуйшуан
19. Самоцеань / кан (Ленинабад)
20. Холисимоцея (Чарджоу)
21. Цилисэмо
22. Сымодэпо
23. Иньврцеянь
24. Шиндцнин / шими
25. Дамошпеди /хуми
26. Уша (Таш-Куган)
27. Цюнша/шуле (Кашгар)
28. Чжоцзюцуэя (Яаркенд)
29. Хотон
30. Аньдофу (Файзаба)
31. Учан (Сиртал)
32. Цеспаньто (Сархад)
33. Цуилин
34. Цеябиши
35. Ланьпо
36. Наэслохэ (Набул)
37. Парапамиз
38. Цеяньмо /цянньто
39. Пурушапур (пешадар)
40. Месицеянь (Маяари-шериф)
41. Жуймитр хэлусиминь — цеянь
42. Посидо
43. ПинШань (сеосориос)
44. Начало Цунлин (музарт)
45. Балуцэа (Гумо)
46. Цюжи Гуйцы (Куча)
47. Уша таш Куган
48. Фатцызань
49. Касидо
50. Наэслохэ (Кабул)
51. Бүлөлү

Л.А. Боровковдун карта схемасында VII кылымга таандык жогорудагы 52 шаар түшүрүлгөн болсо, ал эми Төө-Таш карта схемасында 114 шаар түшүрүлгөн. Биз бул карта схемаларды салыштыруу менен бир топ окшоштуктарды таптык. Мисал катары айтып өтсөк, Л.А.Боровковдун карта схемасындагы «Гиндикуш» тоосун Төө-Таш карта схемасында куштун сүрөтү аркылуу чагылдырып берген. Л.А.Боровковдун китебинен карта схеманы (9-13-бет) салыштырууда профессор Л.Жусупакматовдун «Древние карта схема Земли в пиктографии петроглифов Юго Кыргызстана» (Ош-2006) деген эмгегинде да киргизген. Мына ушул карта схема Төө-Таш сүрөт жазмасына дал келерин изилдөөдөгү жеке иш аракеттер көрсөттү.

Л.А.Боровковдун карта схемасында жогорудагы 52 шаар түшүрүлгөн (1- таблица) болсо, Төө-Таш карта схемасында 114 шаар ( 2-таблица) түшүрүлгөн. Бул изилдөөлөргө дагы бир канча толуктоолорду киргизүү аракеттерин максат кылып алдык.

Бул изилдөөлөр жаңы табылга катары археология, тарых, география, филология илимдеринин кеңири изилденишине башкы булак катары чоң кызмат кылат деген ишеничтебиз.

Исмонали Муратов, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти,
«Заман-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий