Телерадиожурналист Байма СУТЕНОВА: «Мен радиого жаштыгымды, жакшы күндөрүмдү, ден соолугумду бердим»

Ушу күндөрү кыргыз радиосунун уюшулганды-гынын 80 жылдыгы белгиленип жатат. Биз бул жөнүндө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү телерадио-журналист Байма СУТЕНОВА менен маектештик.

Байма Жапаровна, сиздин «Мамыры гүлдөгөн жерде» деген биринчи повестиңиз кезинде катуу дүң болуп, бирок өзүңүз андан ары жазуучу катары жигердүү иштеген жоксуз, анын себеби эмне?
«Мамыры гүлдөгөн жерде» — жаштыктын, толкундангандыктын, тазалыктын, анан ошол учурдагы баркы бийик сүйүүнүн символу эле. Мен эмнени көрсөм, эмнени билсем ошону жаздым. Ал кезде 21 жашта элем. Китебим аркылуу ошол курагымда элге таанылып алдым. Бирок адабияттагы шарттуулук деген түшүнүк болорун кийин билдим. Ошол повестти жазып бүтүп, ал китеп болуп басылып чыгып элге тарагандан кийин адабияттын теориясын окуп чыгып, анан төбө чачым тик турбадыбы. Азыр ал китеп мага чоң форматтагы репортаждай сезиле берет.

Адабият теориясын, андагы шарттуулукту билбей деле чоң жазуучу же акын болуп жүргөндөр бар да. Сиз деле андан ары китептеп китеп чыгарып жаза бербейт белеңиз?
Албетте адабият теориясын билбей деле чоң жазуучу болгондор бар дегениңе толук кошулам. Залкар жазуучу Түгөлбөй Сыдыкбеков менен жолугуп, сүйлөшүп калдым. Аны менен бир чети туугандык жайыбыз бар эле. Ошол кишинин тамаша-чынын аралаштырып «мен өз чыгармаларымды жөн эле жазып койгом, андан кийин эле адабиятчы, сынчылар чыгып, жазуучу тигини айтайын деген, муну айтайын деген деп эле чоң нерселерди айтып жатышат, бирок чыгарманы жазып жатканда оюмда эч нерсе деле жок болчу» деп айткандары эсимде. Андан улам кийин ойлоп көрсөм, «Мамыры гүлдөгөн жерде» повестинде жогоруда айткандай, мен эмнени билсем, жүрөгүмдө эмне болсо ошону жазган элем. Ал чыгарма мага азыр деле таза, өспүрүм баладай таасир калтырат.

Андан кийин кайсы чыгармаларды жаздыңыз?
Кийин деле эки-үч повесть жаздым. Бирок баштагы толкундоомду, жигеримди, жалынымды таппай калдым. Бул учурда радиодо иштеп жүргөн элем. Андыктан кийинки чыгармаларым радиопостановка катары эле жазылып калгансыды. Мисалы, «Жашоо мыйзамы» — жашоо, турмуш кыйынчылыгына кабылган адамдардын ой-жорумун чагылдырган психологиялык повесть эле. Мен аны жазып бүткөндөн кийин басып чыгарбай эле радиодон окуш керек экенин сездим. Аталган чыгарманы Советбек Жумадылов чын дилинен берилип, өзүн арнап окуду. Мен анын окуусунда угуп жатып ал повестти башка бирөө жазгандай туюп, көтөрө албай кетем. Учурда ал радионун алтын фондусунда сакталуу.

Сиздин жазуучу болбой калышыңызга журналист болуу, анын ичинен тегирмендей тынбай айланып турган телерадио тармагында иштеп калышыңыз себепкер болгондур?
Башында журналистика тармагында иштеп жүрүп көбүрөөк фактыларды жыйнап, жаңы бир нерселерди билип, чоң сыноолордон өтүп атам, ушунун баарын кийин китеп жазганда пайдаланам деп ойлочумун. Бирок телерадио тармагында жүргөнүмдүн жакшы жагы да болду, ошол эле учурда убакыттан да уттурдум.

Бул жакка кантип келип калдыңыз?
Эмгек жолумду «Ленинчил жаш» гезитинен баштагам. Чындыгында жакшы эле иштеп, аракеттенип жаткандай болгом. Бирок анын ошол кездеги жетекчилиги менен табыша алган жокмун. Эмнегедир мен ошондо жумуштан кете тургандардын тизмесинде турат экем. Редактор улам эле жазган макаламды жаратпай жаткандыктан мен арызымды жазып кетип калдым. Анан радиого келип бир жыл штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштедим. Бир жылдан кийин штатка кирип, анан ошол боюнча бул мекемеде иштеп калдым. Учурунда мени «Ленинчил жаш» гезитине иштетпей койгон башкы редакторго аябай капалангам. Азыр ал кишинин көзү өтүп кетти. Бирок кийин ага мени жумуштан кетирип коомдогу өз ордумду тапканыма шарт түзүп бергенине ыраазычылык билдирип, чоң ыракмат айттым. Эгер ал киши мени ошондо кодулап түртүп койбогондо тагдырым кандай болот эле?.. Мени чоң тегирменге ошол киши апкелип койду.

Канча жылдан бери КТРде иштейсиз?
Бул мекемеде иштеп жатканыма быйыл 32 жыл толду.

Сиз радио тармагында да, теле тармагында да эмгектенип келесиз. Өзүңүзгө алардын кайсы канаты жакын?
Кудайым мага ушунчалык жакшы шарт түзүп берди. Мен гезиттин кухнясын билдим, андан жазганды үйрөндүм. Радиодо иштедим, мындан сүйлөгөндү үйрөндүм. Эгер сен жазганды билсең, микрофон алдында сүйлөгөндү үйрөнсөң, телени андан ары алып кеткенге болот экен. Эгер менде жетишкендиктер болсо, анда мага ушул баскычтар жардам берди. Андыктан мен булардын бирин өтө жакшы көрөм, бирин азыраак жакшы көрөм деп айта албайм.

Бүгүнкү күндө кыргыз радиосунун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Артка бир кылчайып өтпөйсүзбү?
Мурда телекөрсөтүү менен радио бир эле болчу. Биз күндүз радиодо, түнкүсүн теледе иштечүбүз. Ал убакта программа да чектелүү эле дегендей. Кийин 1991-жылы радио менен теле толугу менен бөлүндү. Мен башында эки жыл теле боюнча, андан кийин радио боюнча орунбасар болуп турдум. Ошондо радио деген өзгөчө мамлекет экенин түшүндүм. Бул тегирменге дайыма бир нерсе таштап туруш керек экен. Муну менен катар радионун пайдубалын орнотуу, кышын коюу өтө узак мектеп экенин билдим. Аны көптөгөн инсандар коюшкан экен. Жаш кезде өзүң билесиң, эч нерсе жакпайт, кычырап эле турат эмессиңби. Ошондой көз караш менен караганда, радио жөн эле нерсе. Бирок тереңден, айрыкча алтын казынаны эске алып карасаң, анда сен аты-жытын билбеген адамдар таштап кеткен опол тоо эмгектер турганын көргөндө кыргыз радиосу мактана турган узак тарыхы бар тармак экенин билесиң. Чындыгында мен жандилим менен иштедим. Радиого өзүмдүн жаштыгымды, жакшы күндөрүмдү, ден соолугумду бердим, ага өкүнбөйм. Ар бир нерсе мага чоң мектеп болду. Радиодо иштеген журналисттер баш көтөрбөй эле эмгектене берсе, анын андан башка турмушу жоктой сезиле берет. Ошол 1991-92-93-жылдары элдер айлык албай, бир кесим нанга жетпей, жумушка кийип келе турган бут кийими, жол киреси жок калган күндөр болду да. Бирок ага карабай көпчүлүк журналисттер жумушун таштабай, анын ысык-суугун ийиндеше көтөрүп келишти. Мен ошого ыраазы болом. Радиого келгенде дагы бир чындыкты түшүндүм. Радиожурналист идеянын айрымдарын бериш керек да, айрымдарын жыйнап отурушу керек экен. Эгер идеяларымды улам эле бере берсем, анда маалымат деле, музыкасы деле, адабияты деле Байманын стили, Байманын көз карашы болуп калмак. Мен анткен жокмун. Ошондуктан ар түрдүүлүк кетти. Айрыкча жаштар өзүн ар тараптан ача алды деп айта алам. Ушундай бир жаш толкун келди, учурда алар радиодо, теледе, ар тармакта жүрүшөт. Жаштар көп нерсени алып кетти. Бизге ошондо Кудай даанышмандыкты берип, улуу муунду сактап калдык. Алар бизге көпүрө болуп берди.

Радиожурналистикада өзү-ңүзгө устат болгондордон кимдерди айта аласыз?
Мен келерим менен эң жакшы мектепке туш келдим. Ал учурда радио тармагында кыргыздар аз эле иштечү. Негизинен орустар менен татарлар көп эле. Мен орус, татар, еврейлердин арасына келип отуруп калдым. Бир жыл штатка отурганга чейин аларга чай куюп, кофе берип, алардын сөзүн угуп гана жүрдүм. Алар кийинчерээк мага жардам бере башташты. Текст жазгандан, монтаждан жардам беришти. Мындан сырткары, улуу муундардан жакшы сөзүн айтып, кемчилигимди билдирбей түздөгөн Неля Рахматуллина, Диляра Пивоварова, Алиса Голобокова жана Бегайым Жайчиева болду. Алар мага режиссер катары да, көркөм окуу жагынан да жол көрсөтүп турду. Ошондой эле Сейит Алтымышев, Аман Нааматов, Эралы Айылчиев агайлар да өз билгенин үйрөттү. Негизи радиодо жалгыз иштей албайсың. Өзүңө жасап жаткан ишиң дайыма эле туурадай сезиле берет. Ал кездеги улуу муун жакшы жолго багыттай турган сөзүн аябай сыпаа айтышар эле. Ошол адамдар мени өстүрүштү.

Өзүңүз тарбиялап өстүргөн кадрлар кимдер?
Мага чынында күчтүү кадрлар келген. Азыр айрымдарынын аттарын атай албай калсам таарынышы мүмкүн. Алардын арасында учурда эл артисти болуп калган Роза Аманова бизге музыкалык редактор болуп келди эле. Элмира Ажыканованы эл билет. Учурда редактор болуп отурган Таалайгүл Чабдарова бүгүнкү күндө маданиятка эмгек сиңирген ишмер болуп калды. Булардын арасында Чынара Бостонова деген ушул жерде мыкты иштеп жатып кетип калган жакшы окуучум бар эле. Бул кыз учурунда бардык тарабынан мыкты чыккан. Бирок кийин турмуш жагдайга байланыштуу, жолдошунун кызматына жараша Ошто, Жалал-Абадда жүрүп калышты. Бул кыздан аябай көп нерсе күтчү элем. Негизинен башка иштеп жаткан окуучуларымдын айрым жактары менен менден мыктылары бар.

Союз мезгилиндеги телерадиожурналисттерге коюлган талап менен азыркы талап тууралуу эмне айта аласыз? Учурда эфирге тантыктар деле чыгып атканы айтылып калат.
Бизде бул тармакта 1991-жылы чоң реформа башталган. Улуттук деген статус алганыбыздан кийин мекемеге кыргыздын мыкты жигиттеринин бири, демократиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Сатыбалды Жээнбеков жетекчи болуп келди. Ал киши диктор эмес беле. Жээнбеков келери менен теленин да, радионун да дикторлор институтун толугу менен жоюп салды. Ал эфирге ар ким өз эрки , өз энергиясы менен чыксын деген талап койду. Бул чындыгында бир жагынан чоң жоготуу болду. Бир жагынан туура болгон. Себеби дикторлор элдин эркеси эле. Ал эми башкаларыбыз көшөгөнүн артында калып калчубуз. Натыйжада радиодо иштеп, өзү текст жазып, өзү окуй ала турган кадрларды алып калдык. Анте алышпагандары режиссер, редактор болуп, иштөөнү каалабагандары кесибин өзгөртүп кетишти. Мен сенин айтканыңа кошулам, бизде чындыгында эфирден кеткен үндөрдү тескей турган көркөм кеңеш иштей албай койду. Себеби ар кими өз алдынча кыйын болуп калат экен.

Сиз жөн эле аялзаты катары кандай кожейкесиз?
Мени баары эле жумушка баш-оту менен берилип кеткен адам катары билишет. Чындыгында мен үйүмдө көбүрөөк болгонду, жакшы тамак жасаганды, бир туугандарым менен отурганды жакшы көрөм. Бала кезден жумушта жүрсөм деле үй-бүлөлүк тынч турмушту эңсей берем. Канчалаган убакыт жок, жумуштан колум бошобогон кездер болду, бирок үйдөн чыкпаган жалкоо мышыктай болгон адатым сакталып калды. Кээ бир адамдардын үйгө баргым келбей турат деген сөзүн уксам жүрөгүм шуу дей түшөт. Ал сөздүн артында бир чоң балээ бар. Мен өз үйүмө дайыма эртерээк баргым келет.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий