Турпанга качкан эл

Кыргыздын чыгаан, кыраан уулдарынын бири кеменгер Жусуп менен 1938-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп жашырылган улуттун тунгуч жазма тарыхчысы Белек Солтоноев мындан туура 95 жыл мурдакы 1916-жылкы кандуу окуяларды мындайча жазып калтырган экен.

1916-жылдын 20-августуна Сарбагышы элдери Чоң Кеминден качып, 9-сентябрда Бедел ашуусун ашышкан. Кара сазга барганда Тоң элинен Ысакалы Алматаев кайтадан Көлгө көчкүлө же Кара-Сууда жата бергиле, орус менен урушабыз дегенде, Атаке Сарбагышы көчүп жөнөгөн. Элдин артына карабай көчүп жөнөшүнүн себеби: Ыбрайым түшүргөн мылтыктардан (Кеминдик Ыбрайым деген адам Боомдун капчыгайынан бир нече адам менен орустардын бир араба мылтыгын колго түшүргөн. Ж.Т.) ар бир айылга бирден бергиле, ушул бардаңкелерди айылдан чогулган кедейлер огожо кылышсын, аскер менен урушалы дешсе, Шабдановдор (Шабдан баатырдын балдары. Ж.Т.) Ыбрайым жана башка манаптар бардаңкени бербеген дагы, мурдатан кызмат кылып келе жаткан жигиттерине жылкычыларына бөлүп берген.

9-сентябрда 80 чамалуу киши Беделди ашып кечинде көчүрүмдү аша турган кең жылгага жакындадык. Биз көчтөн мурун баралы деген максатыбыз — биринчиден жерин чалуу, экиничиден, Кытайдын улугу менен сүйлөшүү эле. Беделди ашканыбызда белде жана орто кароолдо Кытайдын кароолчусу жок экен. Ооздогу бир кашааттын башында Кытайдын кароолчусу бар экен. 10-сентябрда ал Кытайга аз-маз акча берип өттүк. Бизден мурун Сарбагыш кыргызынан эч ашпаган. Бугу, Саяктардан ашкандары бар экен. 10-сентябрда көч Беделди ашып конуптур. 11-сентябрда биз Жаман — Суудагы бир черикке түштөнүп жатсак, Турпандагы Абналдан жигит келип: «Сиздерди Абнал чакырды» деди. Эт жеген соң мени, Балыкчы Боронбаевди Токтопосу Сарбозовду алып барып Турпандагы чериктин болушуна кондурду. Эртең менен Абналдын канцелярийине алып барды. Канцелярийди «жамыл» дейт экен. Биз эшиктен киргенде үйдүн алдына чоң бети жайык 40 жаш чамасында бир кытай чыга келди. Артынан 15 чамалуу Кытайдын улуктары ээрчип чыкты. Бизди кулдук ургун деп жүгүнттү. Бир уйгурду чакырып алып тилмеч кылды. Ошондо астыда келген Кытай: «Силер ким болсуңар? Мында эмне үчүн келдиңер?» деп добушун катуу чыгарып сурады. Мен: «биз кыргыз деген элбиз, орустун букарасы элек, орус өкмөтү мурда жерибизди алды эле, эми эр-бүлөөңөр кызматка, солдатка барасыңар деди. Биз барбайбыз дедик. Улуктары камап өлтүрө баштаган соң биз чыдай албай көтөрүлдүк. Начар букара болгонубуз үчүн жабдыктуу аскер бизди басып, өзүбүздү аесуз кырып, мал-мүлкүбүздү талап алгандыктан жанды куткармакка Кытай мамлекетине, сиздерге баш пааланап жериңиздерге турууга уруксат сурап тиленип келдик дегенде баягы чоң Кытай: (кийин сурасак ал Аксуунун Дөтайы жандралысы экен. Б.Солтоноев) «Биз орус падышасы менен элбиз, силерди мында келтирбейбиз» деди. Ошондо менден мурун жанымдагы жолдошум Токтопосун: «Катын-бала, эл-журт ачкадан кырылып абар жатат. Мал арыгынан өлүп жатат. Тоо суук болду. Казак-орус элди артынан кууп кырып бере жатат, бизге ырайым кылыңыз, жериңизге өтүшкө уруксат кылыңыз» дегенде өздөрүнчө бир аз сүйлөшө калып: «андай болсо тоо арасында тургула. Калаага топурап келбегиле, мында орустун Кашкардагы консулу тарабынан коюлган аксакалдары бар, аларга көрүнсөңөр кармап алат. Баягы күнү Нурманбет Чекиров деген кыргызды кармап кетти» деди. Биз ыраазыбыз, жакшы болуңуз деп кулдук уруп эле алар өтүнө басып бизди кайткыла деди. Кайтадан Жаман-Суудагы жолдошторубузга келсек үч-төрт кишиден башкасы: «Кытай кармайт экен» дешип качып кетишиптир. Ушул күнү 12-сентябрда кайта келип, Беделдин оозуна кондук. 14-сентябрда ооздогу кароолго көчүп келсек баягы картаң кытай көчтү өткөзбөс болду. Акча, кой берели десек өткөрмөк болду эле, Черик кыргыздарынан мителүү мылтыктары бар беш-алты жигит жана бир абышка: «өткөрбөйбүз» деп көчтү токтотту. Акча, мал берели десек да өткөзбөйбүз» деди. Ошондо күч менен өтөбүз десек Чериктер жулкунду, бирок аталбады. Көчкөн эл өткөн соң Чериктерге бир аз теңге бердик. 15-сентябрда Беделдин оозуна чыга конуп, 16-сентябрда минген аттарыбыз, унааларыбыз жүрбөй араң дегенде Сапарбайга жетип кондук. Ушул 16-сентябрда Беделдин белин тосмокко бара жаткан жүз чамалуу Кытай чериги жолукту. Биздин көчтөн (Атаке Сарбагыштан алдыда бара жаткан биз элек) мал, пул алган жок. Биздин артыбыздан ашкан элден. «Белден өткөрбөйм» деп канчалаган айгыр, ат тартуу алган экен. Ал тартуу менен токтоп калбастан мал-мүлктү, жууркан, таза кийим жана башкаларды тартып алышкан. Жакшы камчы болсо да аны алышкан. Эгер сураганын бербесең: «Кайтадан Россиянын жерине сүрүп таштайбыз» дегенде эл коркконунан сураганын берген. Кыскасы, көзү көргөндү койбой алган.

Казак-орус жана мужуктар артынан кубалап, жакын калып, алардын Кытай өткөрбөй талаганын уккан соң, бир далай эл Тьянь-Шань тоолорунун ары жагы, бери жагыларындагы капчыгайларга жашынышып калган. Элдин көпчүлүгү Бедел эмес башка майда ашуулардан жашынып ашып түшүшкөн. Кашкардын консулу койгон аксакалдары кармап алат деген сөз менен кыргыздын баш кишилери калаага көп кирбестен тоо арасында болду. Болсо да жаман кийим кийип, аттарын буруп жашырып жүрдү. Орус жеринен арып, (орус колониясы дегени го Ж.Т.) ачка болуп, канчалык ашуу ашып, канчалык суулар кечип, суукка тоңуп, күндүз-түнү тыным жок кенен уктабай качып барган эл ичээр-жээр тамак жок, кийээр кийим жок, арыктаган малын арзанга сатты. Делбе чөп жеп малдын көбү делбеден өлдү. Көпчүлүгү малайлыкка жалынды. Бозо салып сатып, ала кийиз шырдак жууркандарын ээр токумун сатты. Үй-мүлкүн сатып болгондон кийин катын-кыздын мончок-шуру, сөйкө, билерик, шакек, чолпу сатылды. Кичине эркек балдарын сатуучулар болду. Акырында дунганга, уйгурга кыздарын сата баштады.

Мына ушундай окурман, мындан туура 95 жылкы кыргыздын тагдыры. Өзүңүздөр баамдагандай кандуу, кайгылуу окуянын Белек Солтоноев өз башынан өткөргөн. Кечеки чечен сепаратистеринин түндүк Осетиянын Бислан шаарындагы мектептеги кыргынды Осетиндер, Нью-Йорк шаарындагы 11-сентябрдагы тероррдук чабуулду Америкалыктар 1915-жылкы феодалдык Түрк мамлекетинин Армян элине карата кыргынын армян эли жыл сайын аза күтүү менен эскеришет. 1941-1945-жылдардагы немецтик фашизмдин еврей элине карата Освенциумдагы, Холохостогу геноциттин жер бетиндеги еврейлер кайгылуу коңгуроо кагышып, шам жагышып аза күтүшөт. Кыргыздын мындан 95 жылкы эки улуу империясынын дөшүсүнүн ортосундагы кыйың-кезеңди эскерген жан жок. Бийлик деп аталган топ жөнүндө ооз ачып кереги деле жок. Бирок, ММКларда, айрым кур чечендер «улуттун элитасы», «каймактары» деп аталгандар кайда? Улуу үркүндүн 95 жылдыгына карата бир кече, илимий тарыхый конференция өткөргөнгө жарабаган адамдарды «элита», «каймак» деп аташка ооз барбайт, канчалык ооз көптүрүп, кооздоп сүйлөгөн менен.

Жолдошбек Токоев, “Айгай” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий