Кыргыз үнү Роза Аманованын үнүндөй

Мындай улуу бааны мен кыргыз поэзиясынын асманында жарк этип чыккан жылдыз, маркум Жолон Мамытовдун «Кыргыздын өңү Чокморовдун өңүндөй» деп, айткан асыл оюн улап, Роза Амановага арнап, анын чыгармачылыгын кош колдоп жазып жатам.

Айрымдар, бул Какеевдин салттык музыка дүйнөсүнө кандай тиешеси бар, деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан, мындай ойлогондорго алдын ала айтаарым төмөндөгүдөй.

Биринчиден, мен кыргыз адамымын. Мен музыка жандуу адаммын. Кыргыз үнү, ыры, музыкасы, тили, тарыхы, философиясы, айтор, бардык рух дүйнөсү үчүн жаны күйгөндөрдүн сабындагы адам катарында менин дагы үн кошууга албетте укугум бар. Мындай укукту сөз эркиндиги салтанат курган менин, сенин, баарыбыздын 20 жылдыгын белгилеп жаткан, биздин демократиялык мамлекетибиз берген эмеспи.

Экинчиден, мен окумуштуу, аалым катарында өз оюмду айтууга милдеттүүмүн.

Анын жөнү мындай. Менин иштеген жерим, биринчи Президентибиз А.Акаев негиздеген эл аралык атактуу жогорку окуу жайлардын бири Кыргыз-Орус Славян университетинин илимдин философиясы кафедрасы. Бул кафедрада бардык илимдердин, атап айтканда, табият таануу, техникалык, коомдук, гуманитардык илимдердин, алардын ичинде кыргыз музыкасынын тарыхы жана философиясы багыты боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт, лекциялар, семинарлар өткөрүлөт. Демек түздөн-түз тиешеси бар. Кыргыз үнү Роза Аманованын үнүндөй деген жогорку бааны далилдөө иретинде, анын чыгармачылыгынын өзөгүн түзгөн, кайталангыс парадигманын өзгө­чөлүктөрүнө кайрылалы.

Роза Аманованын чыгармачылык жүзүнүн өзөгүн салттык музыка, дастандар түзөт. Эч бир тартынбай эле Р. Аманова бүгүнкү замандагы кыргыздын салттык ырларынын, дастандарынын кайталангыс улуу жарчысы деп айтаар элем. Ырчы, обончу, комузчу, ал гана түгүл өңү-түсү келишкен, биздин замандашыбыз Роза Аманованын кээ бирөөлөр үчүн кол жеткис ийгиликтеринин пайдубалын элдик дастандар, ырлар, күүлөр, бийик философиялык ойлор түзөт.

Ырчынын элдин, музыка жан-дуулардын сүймөнчүлүгүнө жетишине, бөлөнүшүнө тайата, тайэнеси, устаттары Болуш Мадазимов, Эстебес Турсуналиев, Асек Жумабаев өзгөчө салым кошушкан.

Ырчылардын үнү, өңү, тили, дили, жүрөгүндө терметкен асыл ойлору, албетте алардын койгон концерттеринде ачык-айкын көрүнөт. Мындай концерттердин бири, менимче «Кылым кайрыктары». Бул концертте «Кылым дастаны» да ырдалган. Дастан 1937-жылы эли үчүн, анын мамлекеттүүлүгү, кыргыз тили, адабияты, маданияты, музыкасы, ыры үчүн репрессияга учураган, баштарын өлүмгө сайган Баялы Исакеевдин, Касым Тыныстановдун, Төрөкул Айтматовдун, Ишеналы Арабаевдин, Токчоро Жолдошевдин, Эркинбек Эсенамановдун элес­терине арналган. Жүрөк титиреткен дастандын сөзүн белгилүү адабият ишмери Ильгиз Гильязетдинов, музыкасын Болот Токтобаев жазган.

Сүйүктүү ырчы кызыбыз Роза, баса, анын асан чакырып коюлган аты Ырыс, бизди караан туткан, улуу тоосундай тирек көргөн Кытай Эл Республикасындагы боордошторубуздун, кандаштарыбыздын «Бактылуу жашай берели», «Жаштык кездин баяны», «Ак бала» сыяктуу ырларын ырдап, алардын көңүлүн көтөрөт. Кытайлык белгилүү профессор Макелек Өмүрбай: «силердин ар бир ийгиликтериңерге төбөбүз көккө жете кубанабыз», — дегендей, биз дагы боордоштурубуздун ийгиликтерине кубанабыз, сыймыктанабыз. Алардын ырларын ырдайбыз.

Ырчы кызыбыз эл достугун даңазалаганга өзгөчө көңүл бурат. Аталган багыттагы ырлары өзгөчө мак-тоого татыктуу. Мисалы, «Алматыга бараткан кыз» ыры буга айкын күбө. Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы менен биздин мамлекеттердин ортосундагы бир туугандык байланыштарды, болгондо да руханий байланыштарды күчөтүү ишинде зор салым кошууда.

Мени өзгөчө кубандырган нерсе, бул – биздин Роза Аманова сыяктуу маданий, илимий ишмерлерибиздин салттуу музыкага гана эмес, жалпы эле салттуу маданиятты изилдөөгө, даңазалоого кайрыла баштаганы. Маданий салтты изилдөө, өзгөчө түрк маданий дүйнөсүн изилдөө ишинин накта борборуна айлана баштаган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жамааты жүргүзүп жаткан аракеттер атайын сөз кылууга татыктуу. Албетте, биринчи кезекте университеттин консерваториясынын деректири Роза Аманованын иштери мактоого татыктуу. Университетте түзүлгөн оркестр, анын жетекчиси Р. Жумакуновдун аракеттерин белгилөө зарыл.

Биздин ырчы кызыбыздын чыгармачылыгынын өзөгүн албетте, элдик ырлар түзөт. Айтылуу Барпынын «Ала Тоо көрккө келбейт, эл болбосо» деген салттык ырдын үлгүсү болгон чыгармасындагы асыл ойлорду окумуштуу-философ профессор, маркум Б. Аманалиев жазып кеткендей, акын бул ырдагы дүйнөнүн тынымсыз агымын түшүнгөн залкар ойчул болгон:

Дайралар толкуп-ташыйт, сел болбосо,
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо.

Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!

Бул белгилүү ырдагы филосо-фиялык мүнөздөгү ой-толгоолорду Роза Аманова угуучуларга ойдогудай жеткирип, элдин көңүлүнүн борборуна орнотту. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, Барпы дайыма Токтогулдун ырларын, ойлорун элге таратууну өзүнүн асыл милдети деп эсептеген. Биздин сүйүктүү ырчыбыз дал ушул ойду өзүнүн чыгармачылыгында ырааттуу улап келет.

Акыйкат сөздү айтканда, Р. Аманованын чыгармачылык жүзүнүн, үнүнүн кайталангыс өзгөчөлүгүн зор философиялык ойлор түзөт. Бул пикирибизди далилдөө иретинде улуу Токтогулдун «Дүнүйө» деген чыгармасына ырчыбыздын кайрылгандыгын, болгондо да дегеле кайталангыс салттын нугунда кайрылгандыгын айтаар элем. Бул ойдун дагы бир далили ырчынын элибиздин эпикалык мазмундагы «Сарынжы-Бөкөйүнө», баатырдык дастаны «Курманбекке» кайрылуусу. Элге кеңири белгилүү болгондой «Курманбек» дастандын башкы идеясы бүгүн биз жутап, тилеп турган ата журтту коргоо, эл биримдигин сактоо идеясы. Роза айымдын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнөн анын сүйүктүү өмүрлүк жары, академик К.М. Жумалиевдин таасири ачык байкалып турат. Кезеги келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт, дегендей биринчи Президентибиз Аскар Акаевдин заманында салттык маданиятыбыздын туу чокусу болгон «Манастан» баштап, кенже эпосторго, элдик ырларга, айтор оозеки адабиятыбызга зор көңүл бөлүнгөндүгүн эч бир танууга болбойт.

Кыскасы Роза Аманова өзүнүн кереметтүү үнү, аткаруучулук чеберчилиги, жаратмандык касиети, келишкен келбети менен элдик улуу дастандарга, эл достугун, биримдигин даңазалап, ынтымакка чакырган жалындуу одаларга, Кытайдагы, Түркиядагы боордошторубуздун салттуу ырларына, элибиздин жүрөгүнөн түнөк таап, кылымдарды карыткан романтикалык, лирикалык, махабат ырларына жаңы дем, жаңы көрк, шаң берип, алардын дээрлик бардыгын биздин эгемендик салтанат курган, заманга бап келген, жандуу музыкага айландырууда. Ырчыбыз катардагы эле обончу ырчы эмес, ал элдик жана салттык мурасты ажырата билген, салттык ырдын тарыхын, теориялык жана методологиялык, философиялык маселелерин изилдөө ишине өз салымын кошкон, маданият таануу илиминин өкүлү – культуролог окумуштуу жана таланттуу педагог-насаатчы.

Өз мезгилинде кыргыздын салттуу музыкасы боюнча биринчилерден болуп, «Кыргыздын элдик кесипкөйлүк ырчылык өнөрү» (Алматы, 2006) аттуу кандидаттык диссертацияны жазып, аны ийгиликтүү жактаган. Дагы бир кыстара кетүүчү сөз биздин ырчы кызыбыз кадимки Токомдун шакирти Чоңмурундун чөбөрөсү.

Жыйынтыктап айтканда Адабият, искусство жана архитектура боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комиссия биз жогоруда кеп козгогон таланттуу кызыбыздын музыка дүйнөсүнө кошкон салымын эске алат деген үмүттөбүз.

А.Какеев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги,
Кыргыз-Орус Славян университетинин илимдин философиясы кафедрасынын башчысы
“Кыргыз Туусу, 13.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий