Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек АБЫКЕЕВ: “Идеологиясы жок мамлекеттин келечеги болбойт”

– Суроону мындан баштасак, билишибизче республика боюнча 12 миңден ашык коомдук уюмдар, фонддор бар. “Улуттук” деген статусу бар экенине карабай, Жазуучулар союзу да ошол коомдук уюмдардын катарын толуктап турат. Маселен, көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө “Жазуучулар союзу” деген жок. Биз баягы коммунисттик системадан калган салтты улантып “союздарды” кармап келаткан жокпузбу? Деги эле ушундай союздардын кереги барбы?
– Сөздү мындан баштайлы. Бул коммунисттердики” деп эле жалпы адамзаттан баштап мамлекеттик деңгээлге чейин пайдалуу жакшы иштерди талкалап, жокко чыгаруу тура эмес дейт элем. Туура айтасыз, “союздар” принцибинде коммунисттердин салтынан калган көрүнүш. Бирок бул союздардын эгер туура жолго коюп пайдалана алсак улутубуздун келечегине, мамлекеттик идеологияны жүргүзүүгө кошкон салымын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес.

Эми сиз сөз кылган “Өнүккөн мамлекеттер” тууралуу айта кетели. Аларда бизге окшоп системаны түп тамырынан бери талкалап таштаган революциялар болгон жок. Туруктуу табигый жол менен өнүгүп келатышат. Маселен, Америкадагы китеп чыгарган бай басмалар таланттуу жазуучулардын баарын астын ала келишим түзүп “менчиктеп “ ээлеп алышкан. Калем акысын олчойто төлөйт. Ал түгүл астын ала да каражаттык камкордук көрсөтүп турушат.

Маселен, мен  келишим менен иштеп жаткан басмага үч жылдан кийин көлөмдүү романымды жазып бүтүп тапшырууга убада кылсам, ал басылма келечекте ала турган калем акымдын эсебинен мени бага берет. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө таланттуу жазуучулар эң бай жашаган катмарга киришет. Басылмалар болсо алардын чыгармаларын өздөрү билгендей сатып бизнес кылышат. Анан ошондой табигый өсүш жолуна түшүп калган өлкөлөр менен бизди салыштырып болобу.

Бирок, бир нерсени белгилей кетели, баарын бизнеске, кандай да болбосун материалдык байлыкка жетүүгө басым жасоонун кесепетин бүгүн батыш катуу тарта баштады. Ачыгын айтуубуз керек азыр батышта руханий кризис. Адамгерчилик, ыйман деген жоголуп, туңгуюкка кептелишүүдө. Себеби, адамдарды рухий азыктандыруунун, тарбия берүүнүн батышта интеллектуалдык системасы жок. Ар ким өз билгенин кылат.

Эми кайра бизге келсек, калем акы төлөп китебиңди чыгара турган бай басылмалар барбы? Жок. Демек биз өз жолубуз менен өнүгүүгө аракет кылышыбыз керек. Бул уюмдашып союз болуу аркылуу чыгармачыл тармакты колдоого алуу болуп эсептелет. Мамлекет руханий маданияттын өксүбөй өнүгүшүнө кам көрүүгө милдеттүү. Ал эми чыгармачыл тармак өнүкпөсө мамлекет, улут руханий жакырчылыкка кабылат. Руханий жакырчылык бул коркунучтуу жакырчылык.

Экономикалык жакырчылыктан көз ирмемде чыгып кетсе болот. Маселен эртең кайсыл бир бай мамлекет биздеги “Жетим тоону” иштетүүнү 300 миллиард долларга сатып алса ошол замат кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин катарынан орун алып калабыз. Бир жылга жетпей материалдык жашоо турмушубуз жомоктогудай өзгөрөт. Бирок кедейленип кеткен руханий байлыгыбызды толтуруш үчүн узак-узак жылдар керек болот. Айрым убактысын коё берип жибергендерин кайра толтура да албайбыз.

Мына, эгемендүүлүгүбүздүн жыйырма жылдыгын белгилеп жатабыз, артыбызга бир кылчая карайлычы. Жетишкенибизден жоготконубуз көп болууда. Бир эле мисал, өткөн жыйырма жыл ичинде балдарыбыз жомок китеп көрбөй чоңоюш-ту. Себеби балдарга, бө-бөктөргө арналган китептердин чыкпай калганына жыйырма жыл болду. Биз кантип чоңойдук эле, нечен түстүү жомок китептерди, балдарга арналган журнал, гезиттерди окуп чоңойбодук беле. Ошентип кыялыбызды, мекенге болгон сүйүү-бүздү өстүрбөдүк беле.

Демек, жыйырма жылдык муун мекенчилдикти, улутун, ата журтун, мамлекетин сүйүүнү, жашоодо ыйманды, адамгерчиликти жогору коюуну бала кезинен мээсине сиңирип сезимине чөгөрүп өскөн жок. Ушул муун арадан дагы 30,40 жыл өткөндөн кийин мамлекетти башкарат. Келечегибизди кимдердин колуна тапшырганы турабыз? Мына мен айткан руханий байлыктын орду толбой турган коркунучтуу жагынын бир үзүмү. Себеби, бүгүнкү жыйырмага чыккан балага кайра бөбөктүн түстүү жомокторун окута албайсың. Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, биздеги мамлекеттик жетекчилердин, саясатчылардын рухий байлык анын маани маңызы жөнүндө түшүнүктөрү жок сабатсыздыгы болууда.

Рухий маданияты төмөн, материалдык байлыкты биринчи орунга койгон саясатчылар коомго өсүш алып келбейт. Алар тескерисинче коомдук өсүштү артка тартып чиритет, кыйратат. Себеби мамлекеттин, демек элдин байлыгын ыйманы жол берип эч кейибей туруп ичип жемейге баруучулар ушундайлардан чыгат. Кандайдыр бир деңгээлде билими болсо эле рухий маданиятка ээ экен деп ойлой бербеш керек. Чыныгы интеллектуалдык рухий тазалыкка жылдаган үзгүлтүксүз тарбиянын аркасы менен гана жетүүгө болот. Бул эми узак сөз.

– Деги эле бул кризисти чечүүнүн түйүнү барбы?…
– Бар. Аны толук  айтууга гезит бети чак келбейт. Мен колдон келишинче кыскача айрым идеологиялык орчундуу факторлорго токтолоюн. Жазуучу деген журттун жазган эмгегинен китепкана деген тармак түзүлүп, мамлекеттин багуусунда турабы? Жазуучулардын  жазган драмаларын коёт элек деп драма театрлар салынып, канчалаган артисттери менен мамлекеттин багуусунда турабы? Жазуучулардын мыкты чыгармаларын кино кылып тартат элек деп килейген тармак түзүлүп мамлекеттен жардам алып жатабы?

Акындардын ырларына обон чыгарып ырдайт элек десең, филармонияң барбы? Жазуучулардын эмгегинен опера балет деген килейген тармак жашап жатабы? Кыргыз тилин өстүрүп-өнүктүрөт элек деп тил комиссиясы деген иштеп жатабы? Эми карап көрүңүздөр, жогоруда аталган тармактардын баары бүгүнкү күндө кризисте. Себеби эмнеде? Оору башатында. Жазуучуларга көңүл бурулбагандыгында. Эгер китепканаларга жаңы жазылган китептер түшпөсө, акыркы түшкөн жаңы деген китеп мындан 30 жыл мурдакы болсо китепканага ким барат? Мыкты драмалар жазылбаса театрга ким барат? Мыкты чыгарма болбосо, “кыргыз чудосу” деген кинолор кайдан тартылат? Акыркы жаңы опера качан жазылды болду экен? “Тилибиз кедейленип жок болуп баратат. Бийлик башындагылар, депутаттарыбыз бүтүндөй келегей сүйлөп калды” – дейбиз. Көркөм сөз булагы болгон чыгармалар чыкпай турса, жазылгандары элге жетпесе, тилибиз кайдан байыйт? Адамдардан ыйман кетти, элдин пейили бузулду дейбиз. Ыйманга чакыра турган рухий байлык кароосуз калса кантип адамдарда ыйман болот? Деги эле биз кайда баратабыз? Келечегибиз кайда? Мамлекет катары өсүп өнүгүүгөбү же акырындан барып чачылып жок болуугабы? “Кыргызстан келечеги жок мамлекет” – деген өңдүү сөздөр ушундан улам чыгууда. Мына мамлекеттик идеологиянын жоктугу кайда алып барат.

– Экономикабыз эңшерилип, маданий тармакка эмес пенсияны күнүмдүк керектөөнүн дең-гээлине  көтөрө албай жатпайбызбы.
– Экономика жөн гана шылтоо. 1920-50-жылдарды  карап чыкчы. Экономика гүлдөп турду беле. 1934-жылкы Москвада өткөн декада жөнүндөгү телефильмди көрдүң беле. Сахна, филармония деген эмне экенин билбеген кыргыздар бүт Москваны дүңгүрөткөн. Жок жерден драматеатр, филармония, балет түзүлгөн. Согуш мезгилинде Манасты кино кылып тарталы деген аракет болуп Жоомарт Бөкөнбаев ошол иш менен жүрүп аварияга кабылып жатпайбы.

Согуш мезгилинде жазуучуларды согуштан калтырып китептери байма бай чыгып, драмалар, балеттер коюлуп жатпайбы. Андагы жетекчилер мээси ордунда эмес, акылы кемдигинен ушул ишти жасашыптырбы. Кийим жыртык, курсак ач кезде руханий байлыкты көтөрүү колго алынган. Жалпы эл ошондуктан биригип келечекке ишеним менен кадам таштаган. 99,9% караңгы эл жарым кылымга жетпей ошентип дүйнөдөгү билимдүү элдердин катарына кошулган. Маданий жактан да рухий жактан да болуп көрбөгөндөй өсүшкө жетишкен. Бүгүн биз эмне кылуудабыз. Колубуздагыны талкалап жоготуп жатабыз. Демек келечекти мамлекеттик, улуттук деңгээлде туруп көрө билүүгө  акылыбыз жетпей түркөй болуудабыз.

– Ушул мамлекеттик идеология жөнүндө өтө көп сөз болгон менен майнабы жок болууда. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Кандай гана мамлекет болбосун анын келечегин аныктаган туура идеология жүргүзүлбөсө, андай мамлекет эч убакта өнүкпөйт. Келечеги да жок болот. Бүгүн кыргыз мамлекетинде “Эртең тетигил жерге жетебиз” – деген астыга койгон максат барбы? Жок дегенде: “Кандай гана болбосун, кыйналсак да ушул ишти келечек үчүн жасайлы”  деген так сөз барбы. Жок. “Келечек муундарга мына бул багыттагы тарбияны берели. Эртең алар мамлекеттин ээси болот. Ошондо мамлекетти минтип башкарат” – деген программаларыбыз барбы? Жок.

Бир гана сөз, “Экономиканы оңдошубуз керек” – деп коюшат же анысы жыл сайын артка кетпесе оңолбойт. Карызга улам барган сайын белчеден батып баратабыз. Эң коркунучтуусу элибиздин интеллектуалдык деңгээли өткөн жыйырма жылда  бир канча төмөндөп, улутубузду жалпы билимсиздик баса баштады. Башканы койдук азыр “застой” деп сындап жүргөн биздин учурдагы мектептен, анан жогорку окуу жайынан алган билим менен бүгүнкү мектеп менен жогорку окуу жайы берген билимди салыштырып болобу. Асман жердей айырма го.

Атын атабай эле коёюн өткөндө бир белгилүү эле жалпыга маалымдоо каражатынын кабарчысы мага телефон чалат: “Жазуучу Ашым Жакыпбековдун телефонун берип коюңузчу? Маектешейин дедим эле”, – деп. “ Тобо-о, чөнтөк телефон тигил дүйнөгө да жетип калыптырбы?” – десем түшүнбөй биртоп турду да анан телефонду таштап койду. Ушундай кабарчылары бар ЖМКдан эмнени күтөсүң? Мына бүгүнкү муундун билим деңгээли. Ал кабарчы жогорку окуу жайын бүткөндүр да.

Демек идеология жөнүндө көп сөз болуп бирок бул багыттагы иштин колго алынбагандыгынын кесепетинен  мамлекеттик деңгээлдеги мурастан-мураска өтө турган “Келечек муундарга тарбия берүүнүн багыттары” деген түшүнүк болбой жатат. Улам кийинкиси мурункунун жакшысын да жаманын да талкалап жокко чыгармай, мамлекет үчүн эң керектүү делген иштерди да “мурункулардан калган” – деп жаап салмай салт¬ка айланып баратат.

“Мурда эле кокуй элек, эми алат болдук” дегендей, парламенттик башкаруу кирип бийлик үч бутакка ажырагандан бери мамлекеттик идеологияга бийликтин кайсыл бутагы жоопкер экени белгисиз болду да калды. Мурда кантсе да мамлекеттин келечегине Президент жоопкер экендиги так болчу. Азыркы Баш мыйзамды оодарсаң бул маселе жөнүндө эч нерсе таппайсың. Бүгүн мамлекеттин келечегине ким жоопкер? Эгер үчөө тең бирдей идеология жүргүзө берет десек демек эч ким бул ишти жүргүзбөйт деген түшүнүккө ээ болобуз.

Эми эмне кылабыз? Иш ушул бойдон улана берсе келечегибиз бүдөмүк. Коомчулукка бул маселени түшүндүрүп рухий кризистин тереңдешине бөгөт койбосок кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан  күздө өткөзө турган жазуучулардын пленумубуздун күн тартибине да “Мамлекеттеги рухий кризис жана андан чыгуунун жолдору” дегенди маселени коюп талкуулого даярдануудабыз. “Аракет кылсаң берекет” – дейт элибиз. Балким жылдап чымырканып иштесек бир майнабы чыгаар.

– Жоопкерчиликтүү иш баштап жатыпсыздар. Ийгилик каалайлы. Бүгүнкү күндө союздун каржылык абалы кандай?
– Азыр ишти жаңы баштадык бул темада жаман же жакшы деш эртелик кылат. Себеби, жазуучулардын коомдогу орду так аныкталып мамлекетке да коомчулукка да түшүнүктүү болгондон кийин жазуучулардын каржылык абалы жөнүндө сөз да болбойт болсо керек. Жогоруда кеп болгондой улуттун, мамлекеттин рухий байлыгын үзбөй толтуруп туруштан каражатты такыр түшүнүгү жок чектен чыккан түркөйлөр гана аяшы мүмкүн.

Маекти даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 13.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий