Жамиля Муратова:»Бизде музыкалык мыйзам иштебейт»

Белгилүү ырчы, обончу, композитор Жамиля Муратова азыр Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда мугалим катары жаш таланттарды тарбиялоодо. Жамиля айым чыгармачылыгы тууралуу сөз кыла отурганча, азыркы жаш ырчылардын абалына баа берди.

— Кыргыз кыздарынан композиторлору дегенде эле, Каныкей (Эралиева) эже экөөңүздөрдү элестетебиз. Башка көрүнүктүү эч ким жоктой… Эмне үчүн бул тармакка кыздардын кызыгуусу аз?
— Элдин баарына эле композиторлук талант, жөндөм бериле бербейт экен. Ой толгоосу башкача, деңгээли боюнча да айырмаланып турган адамдар композитор боло алышат деп ойлойм. Чыныгы профессионал композиторлор сейрек кездешет десем да жаңылышпайм. Бирок, азыркы жаштардын арасында өзүнчө бир оригиналдуу чыгармаларды жазган таланттар да жок эмес. Балким, алар көмүскөдөдүр. Профессионалдуу обондорду чыгарбаса дагы жүрөгүндөгү бир кайрыктарды обон кылып чыгарган кыздар бар. Бирок, алардын обондору профессоналдуу эмес экени билинип турат. Ошон үчүн өнөргө кызыккан, музыканы өзүнө максат кылып койгон жаштарга убагында билим алгыла деп дайыма айтып келем. Анткени, билим алгандын дагы өзүнүн убактысы, ирети, өзүнчө бир аспектиси бар. Ошондуктан фундамент бекем, катуу, күчтүү болушу керек.

— Учурда аткаруучунун аты чыгып, композиторлордун эмгеги көмүскөдө калгансыйт. Буга кандай карайсыз?
— Бул композиторлордун күнөөсү эмес да, көпчүлүк ырлардын баары телевидение, радиолордон берилет. Ошол жерде иштеген редакторлор, режиссерлор буга көңүл бурушу керек. Сөздүн, музыканын автору, ырдын аты айтылып анан ырчынын аты аталышы керек эле. Азыркы учурда андай нерсе жок болуп калды. Бизде музыкалык мыйзам иштебейт. Ырчынын аты жана ырдын аты чыгат да, сөздүн, музыкасынын автору белгисиз бойдон калат. Анткени, ырчылар арасында мен композитор эмесмин, бирок, бул ырды өзүм жазгам деген «келесоолор» толтура. Анан ырларынын же музыкасынын мааниси жок, ырчынын аткарган жөндөмү жок болуп чыга келет. Алардын чыгармачылык мезгили кыска. Бүгүн бар, эртең жок. Кайсыл кесип болбосун, билими жок болсо, бийик деңгээлге жете албайт. Билим алган адамдын чыгармачылык жөнү башкача болот.

— Музыкалык билими жок ырчыларды бир тартипке салып тарбиялоого болобу?
— Биз руханий байлык, чыгармачылык менен коомчулукту тарбиялап жатабыз да. Музыканы уккан адам өзүнө сөзсүз түрдө бир нерсе калтырат. Өнөр адамдарынын чыгармаларын өстүрүш үчүн профессионал адамдар менен кеңешип, иш-чаралар уюштурулса же улуттук саясат болсо деп ойлойм. Бул тууралуу мыйзам болбосо дагы, телевидение же радиого киргизилген тартиптер болуш керек эле. Телевидениеден берилген ар бир ырдын, музыкасынын автору жазылышы шарт.

Азыркы ырчылар кичине болсо да мыйзамга карап иш кылышса жакшы болмок. Адам бир нерсе жасай турган маалда «сен мага эмне кылдың эле»-деп сурабастан, «мен элге эмне жасадым, ушул ишти аткарганга татыктуумунбу же татыктуу эмесминби, бул ырды ырдаганга укугум барбы, жокпу, элге жагып атабы, жаккан жокпу, чыгармаларымды андан ары өркүндөтүүгө дагы кандай аракттерди кылышым керек?»- деген суроолорду алдыга коюш керек. Негизинен бийик тараза, сындоочу бул эл болуп эсептелинет.

— Сизден жардам сурап кайрылган жаштар барбы?
— «Мен ырдайт элем, ырдабасам өлүп калышым мүмкүн, менин жашоо тагдырым сахна» деген жаштар кайрылышат. Аларга жок дебейм, кабыл алам. Оюн угам, өнөрүн көрөм. Ал өнөрүнүн деңгээли өтө примитивдүү. Анан музыкалык үнү жок болуп чыга келет. Сөз жазуунун, акындык чеберчиликтин, аткаруунун, ырдоонун дагы өзүнүн ирети бар да. Мындай талапка жооп бере албаган бирок, ырдайм деп оолуккан жаштарды мен билим алууга үндөйм. Алардын табигаттан берилген үнү жок болсо дагы ырдайм дешет. Алар ырдаганды эмес музыка укканды абдан жакшы көрүшөт. А бирок, өз үнү, деңгээли менен профессионалдуулукка жете албайт. Элдин баарына тең бирдей музыкалык өнөр берилбейт. Андай адамдар өтө сейрек.

— Чыныгы таланттар каражаттын жоктугунан улам чоң сахнага чыга албай келишүүдө. Сиз тарбиялап жаткан таланттар чоң сахнаны багындыра алышабы?
— Менин продюсерлик борборумдан окуп, билим алган жаштардын тар чөйрөдө калып калышпасына аябай аракет кылам. Менден сабак алып жаткан жаш таланттарга эстрадалык вокалдан гана сабак бербей, аларга дүйнөлүк классикалык музыкадан да түшүнүк берип, музыкалык билимин тереңден өстүрүүгө болгон күчүмдү, билген билимимди жумшайм. Анткени билимдүү адам эч качан көмүскөдө, бирөөнүн көлөкөсүндө калбайт. Кандай гана кырдаал, учур болбосун билими терең адамдар жеңишке ээ болушат. Буга мен толук ишенем. Жаштарга продюсерлик кылуу менен акча табайын деген оюм жок. Менин максатым — чыныгы таланттарды колдоо. Бизде өнөр адамдарын колдоо деген жок. Колунда бар, акчасы самандай сапырылган ишкерлерибиз искусство, маданият, өнөр туурасында такыр ойлонушпайт.

— Азыр бизде жаш ырчылар көбөйүп кетпедиби. Бирок, арасында чыныгы таланттуулары деле аз эмес. Сиз жаш ырчылардын кимисинин талантын баалайсыз жана кандай кеңештериңизди бермек элеңиз?
— Чыныгы таланттуу жаштарга чыгармачылык колдоо, билим берүү менин азыркы убакытта кылып жаткан эң маанилүү ишим. Жаш ырчылар чынында эле өтө көбөйүп кетти. Бирок, кандай заман болбосун, кайсы мезгилде болбосун азыркыдай көрүнүш биздин убакта деле көп болчу. Бирок кимдин кандай деңгээлдеги чыгармачылык инсан болорун, бир гана эл таразалайт. Андыктан ар бир чыгармачыл инсан, өзүнүн искусствого болгон көз карашына, алган билимине, коомчулуктагы жүрүш-турушуна чоң маани бериши керек. Азыркы жаштардын арасында Каныкей деген кыздын талантына баа берет элем. Анын бир өзгөчө сезими, түшүнүгү бар кыз. Чыгармачылык аракети жаңы форматта деп айтсам болот. Ал эми коомчулук бир стандартка айланып, өзүнчө нукка бурулуп, бир калыпка түшүп калган. Ошондуктан, арасында Каныкейдин ырларын туура эмес кабыл алгандар бар. Бирок, ар кимдин таланты ар башкача да. Каныкей болсо, чыгармачылыгы да, мүнөзү да бир кызыктай кыз. Жан дүйнөсүндө жөнөкөй адамдардыкындай эмес, башкача ою бар. Мына ушундай өзгөчөлөнгөн таланттар да бар.

— Карапайым элге түшүнүктүү болуш үчүн улуу композиторлордун классикалык татаал чыгармаларын жеңилдетип аранжировка кылса болобу?
— Албетте, болот. Ыр чыгарда биринчи сөз болушу керек. Сөздөн ой толгоо жаралса, композитор ага музыка жазат. Анан ошол композитор, аркестр менен аранжировка жасатыш өзүнчө чоң эмгек талап кылынат. Анан аягында ырчы чыгарып, элге тартуулайт. Канча адамдын ички сезими кошулуп анан даярдалып жатат. Бир ыр чыгарыш зор эмгек. Ыр чыгарыш, өнөр эмгеги абдан зор. Бул президенттин ишине караганда дагы жогору турган иш деп айтса болот. Анткени, бул руханий чыгармачылык чөйрөнү мен элдин үстүнкү катмарында турган, деңгээли бир аз жогору калк деп эсептейм.

— Коммерциялык фирмалардын кандайдыр бир салтанаттарына же майрамдарына атайын композиция жазып бериңиз деген заказдарына кандай карайсыз?
— Андай учурлар көп эле болот. Мен үчүн бул оорчулукту деле жаратпайт. Көп эле учурларда жазып берем. Майрамдардын ачылышына презентация болгондо үйлөнүү үлпөт тойлорунда сурангандарга жок дебейбиз. Акыркы учурларда ушундай заказ иштер менен эле жан багып калдык. Кандай гана иш болбосун бардыгына адамдык сапатыбызды жоготпостон, маданияттуу түрдө аткара билсек жакшы жыйынтыктарды чыгарабыз деп ойлойм. Маданияттуу адам коомчулукта, үйүндө, ишинде да бардык жерден маданияттуу болушу керек. Азыр абдан кыйын заманда жашап жатабыз, керек болсо нанга акча таппай калган адамдар бар. Ошондо дагы адамкерчиликтүүлүктү жогору коюп, бири-бирибизге кайрымдуу болсок ийгиликтерге жетишебиз. Азыркы чоң жетекчилерибиз да «Кийинки кылым — кыргыз эли үчүн руханий байлык тапкан кылым болот» деп айтып атпайбы. Буюрса, биз да өнүккөн мамлекеттердин арасына кирип калабыз деген үмүттөмүн.

Нургүл ИБРАЕВА, “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий