Мамлекеттик тил – улуттар аралык тил болгондо гана…

“Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым…”

(Манас)

Ушул жумада, мамлекетибизде мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын  20 жылдыгы белгиленет. Бирок, жалпы коомчулук тарабынан дагы, серепчилер, адистер тарабынан дагы, эгемендүүлүктү алганыбызга ушунча жыл болгонуна карабай, алигиче мамлекеттик тил өз деңгээлинде өнүкпөй, баягы эле “таз кейпинде” тургандыгы, иш кагаздары али күнчө толук кандуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөй, барган сайын  тилди, дилди билбеген “киргиздердин” саны арбып бара жаткандыгы  баса белгиленүүдө.

Мунун себептери эмнеде?

Ушул суроо бериле калганда, дароо эле ыраматылык советтик система эсибизге “кылт” этет. Бирок, Советтер Союзунун кулаганынан бери дээрлик 20 жыл өтүп жатпайбы? Ошондон бери эле, биз менен “советтеш” болгон башка коңшуларыбыздын дээрлик бардыгы өз арбайларын мамлекеттик тилде согуп, өзүн-өзү таануу  деңгээлине жетип калышканына карабай, биз али күнчө эле өз эне тилибизге “тишибиз өтпөй”,  дагы эле тилибизди чайнап, чулдуруктап келе жатабыз.  Деги, эмне себептен мамлекттик расмий “улуу орус тилинин”  көлөкөсүндө калууда? Же эмне, ага башка улуттар же сырттан кимдир бирөөлөр тоскоолдук кылып, тилибизди “бурап” жатабы? Жок. Анда, кыргыз тилинин душманы – тилди, дилди билбей, маңкуртташып бараткан  өзүбүз – айрыкча, эптеп эле элдин эсебинен байыганды максат кылып, башканын бардыгына башын оорутпаган атка минер киргиздер эмеспи?! Албетте!

Айрыкча, бул маселе Кыргызстандын  как жүрөгү болгон Бишкек шаарында жана анын тегерегинде жайгашкан облус, райондордо өтө көйгөйлүү, бирок анча-мынча гана адамдарды эске албаганда, эч кимдин деле башын оорутуп, акылын жоорутпай турган көп көйгөйдүн бирине айланды.  Анткени, жогоруда айтылгандай, буга баш оорута тургандардын, тактап айтканда бийлик бутактарына отурган айрым тиешелүү чиновниктердин, адистердин көбү, өздөрү мамлекеттик тилди жакшы билишпейт. Мунун дагы бир себеби, баштагы, совет мезгилиндегидей эле башкаруу кызматтарында азыр  да орус тилдүү киргиздер басымдуулук кылышат.

“Балык башынан сасыйт” болуп, мамлекттик деңгээлдеги расмий чогулуштардын, болжолдоп айтканда  90%ы (керек болсо облустарда, райондордо) расмий тилде өткөрүлөт.

Эгерде кимдир-бирөөлөр (кээде кабарчылар) тарабынан мамлекттик тилде сүйлөп берүүсүн өтүн­гөн  же талап кылган учурларда, айрым адистер ийнин куушуруп, алакан жайышат. Ал түгүл, ал адамга: “А эмне, орусча түшүнбөйсүзбү?” – деп таң калуу, кемсинтүү менен карап, кыргыз тил менен  өлкө өнүгө албай тургандыгын айтып, акылдуусунушат.

Баарынан өкүнүчтүүсү,  өзүнүн эне тилин билбегендик – өзүнүн ким экендигин, менталитетин, тарыхын, аларда жаткан не бир керемет касиеттерди, анын ичинде нарктуулукту, салттуулукту билбегендик деген сөз экенин ошол, эл тагдырын чече турган жерде отурган киргиздин түшүнбөгөндүгү! Ал эми бул – анын өз улутуна, өз мамлекетине карата толук кандуу патриот эмес экендиги, ал тургай душманы экендигин аңдабагандыгы! Андан ары эмне болот десеңиз,  тил менен дилди жоготуу – акырындап улуттун жоголушуна алып барарына: “Кыргыз тили – жакынкы аралыкта жок болуучу тилдердин бири”  деген дүйнөлүк статистика да айтып жатпайбы!

Дүйнөлүк адабияттын алпы, тээ келечекти көрө билген ойчул жазуучу Чыңгыз агабыз бир канча жылдар мурун маңкурт жөнүндөгү икаяны жөн жазды дейсизби?.. Анын жазылганына канча убакыт өттү? Бирок, ошондон бери эл башында тургандардын арасынан “оор уйкудан ойгонуп”, жүрөгү “зырп” этип, безге сайгандай селт этип баш көтөрүп, акылына келген, элди туура жолго баштаган бирөө-жарымдын чыкпай келгени кандай арман?!.

Бир жолу Кыргызстанга күйөө бала болгон, кыргыз тилинде түш жоруган, андан сырткары он алты тилде эркин сүйлөп, эркин жазган бир венгер жигит биздин гезитке маек куруп берип жатып,  көзүн алайтып, таң калганын жашырбай туруп айтканы бар:

– Мен бир нерсеге таң калдым, кыргыздар көчөдө туруп  алышып, эч уялбай эле бири-бири менен орусча сүйлөшө беришет экен.(!) А бизде андай эмес, мисалы мен англисче абдан жакшы билсем дагы, айрым изилдеп-иликтөөлөрүмдү ал түгүл англис тилинде жазсам дагы, эч качан өз мекенимде башка тилде сүйлөбөйм! Анткени, мен мамлекетибиздин эң биринчи белгиси болгон – мамлекеттик тилди сүйөм, сыйлайм! Мен ошого милдеттүүмүн!

Башкасын айтпаганда да, мамлекетибиздин күзгүсү болгон көчөлөрүбүздө көрнөк-жарнактар ар кайсы тилдерде ойкуштата-кайкыштата шөкөттөлүп,  илинип турат. Шаар ичиндеги эң ири мекемелер – кафе, ресторандардын ж.б. аттары англисче, французча, орусча, түркчө…

Мындай көйгөйдүн күнөөкөрү ким? Албетте, ар бирибиз. Эң башкысы, ушул убакка чейин мунун баарын көрбөй, көрсө да элес албай, көңүлдүн сыртында калтырып коюп, өзүнүн гана көмөчүнө күл тартып келген, бийликтин башында тургандар. Антпегенде, таалим-тарбия туура болгонунда, Кыргызстандын аймагында жашап жатып, эч бир бей­күнөө наристе: “Менин мекеним – Өзбекстан!”  деп айтмак эмес. Мамлекеттин башында турган башчыларыбыз Манасты билгенде, анын маани-маңызын жан дүйнөсүнө, тулку боюна сиңирип турганда: “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” дегендей, өлкөбүздөгү көп улут эчак эле жуурулушуп, бир эл болуп калмак!..

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 20.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий