Балбай Алагушов: «Чоң теректин түбүндө туруп, Айшакандын колунан өптүм»

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгынын урматына карата президенттин жарлыгы менен кыргыз элинин руханий музыкалык өнөрүн иликтөөгө, өнүктүрүүгө зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу туңгуч музыка изилдөөчү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуунун отличниги, ардактуу профессор Балбай Алагушовго КРнын Эл артисти деген наам ыйгарылды. Агайдын бул ардактуу наамды канча жыл күтүп жүрүп алганы жана чыгармачылыгы жөнүндө кепке тарттык.

Балбай агай, наамыңыз кут болсун!
Рахмат,»Обон» гезити жаңыдан чыга баштаганда мен да ар кандай макалаларды жазып жүрдүм. Гезиттин башкы редактору Дүйшөндү терең урматтайм. Адабиятты, музыканы жакшы түшүнгөн жигит. Кызым, кептин ачыгын айтсам, сыйлыктан мен «жолдуумун». Советтер Союзунун учурунда, 1986-жылы композиторлор союзу «Ардак белгиси» орденине, композитор Сатылган Осмоновду «Эмгектеги артыкчылык» медалына көргөзүп калды. Маркум Н. Давлесов Ак үйгө барып: «Балбайга Эмгектеги артыкчылык» медалын бериш керек», — деп орден албай, медаль алдым. С.Осмонов болсо «Ардак белгиси» орденин алган. 1996-жылы Маданият министри, СССРдин Эл артисти, бийчи Ч.Базарбаев мага «Эл артисти» наамын берүү жөнүндө коллегиянын чечимин, 27 аттуу-баштуу шайырлардын Президент А.Акаевге жазган кайрылуусун жөнөтсө, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчысы С.Жамакеева «жобо оңдолуп атат» деген кур шылтоо менен комиссияда каратпай койгон. 2004-жылы композиторлор союзу мени 3-даражадагы «Манас» орденине, Кыргыз филармониясы Уркаш Мамбеталиевди «Даңк» медалына көргөзүшүптүр. Комиссия мүчөлөрү «манасчыга «Манас» орденин бербегенде Балбайга беребизби?»- деп, мага «Даңк» медалын беришти. Кайрадан композиторлор союзу мага «Эл артисти» деген ардактуу наам бериш керек деген чечим чыгарып, кесиптештерим президентке кайрылуу жолдошту. Композиторлор союзунун төрагасы К.Асанбаев чечимин көтөрүп алып Маданият министри С. Раевге барса,»Балбай агай ырдайбы?»- деп, коллегияда карабай коюшту.

ак кагаздын сахнасында ырдап жүрүп…
1973-жылы музыка таануучуларды даярдай турган бөлүм жоктугунан улам, М.Күрөңкеев атындагы Кыргызстан Мамлекеттик Музыкалык хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспабы адистигин бүтүрүп, оркестрдин артисти, ДМШнын мугалими деген диплом алдым. 1974-жылы СССР композиторлор союзуна музыка таануучу катарында мүчөлүккө кабыл алындым. Мен 55 жылдан бери сахнада ырдабасам да, ак кагаздын сахнасында ырдап жүрүп, кыргыздын элдик профессионалдык музыкасынын тарыхына, этнографиясына ж.б. арналган кырктан ашык китеп жаздым.

Агай,сиз композитор М.Абдраев менен бирдикте биринчи жолу жалпы билим берүүчү мектептердин 5-6-7-8-класстарына «Ырдоо», «Музыка» окуу китептерин, алгачкы жолу музыкалык терминдердин сөздүгүн түздүңүз, 2007-жылы 33,25 басма табак көлөмдөгү туңгуч «кыргыз музыкасы» деген энциклопедиясы жөнүндө монографияларды, очерктерди жаздыңыз. Эмне үчүн сизге академик наамы берилбейт?
Кызым, мен кыргыздын туңгуч музыка таануучусумун. Мага академикти берүү жөнүндө көрүнүктүү композитор М.Бегалиев баштаган белгилүү тогуз музыка ишмерлери, композиторлор союзу өткөн жылы Президентибиз Р.Отунбаевага кайрылуу жолдошкон. Тымтырс, көрсө, башы жок бака, көзү жок көгөн заманда ушундай болот тура.

Журналист Алагушовду жакшы таанышат, а бирок сиздин жеке жашооңуз жөнүндө билгендер аз. Айшакан апага кантип баш кошуп калгансыз?
Мен жетим өстүм. Жети жашымда атаман, он төрт жашымда энемен айрылдым. Онунчу классты бүтүп, шаарга келип окууга өттүм. Экинчи курстан баштап, университеттин комитет комсомолунун бюро мүчөлүгүнө шайлап коюшту. Жаңыдан окууга өткөн студенттер комсомолдук учётко отурушат. Анан ал жакка ар кандай студенттер келет. Бир күнү жадыраган-жайнаган, жапалдаш бойлуу, күлүп сүйлөгөн кыз келип калды. Кайсы факультетте окуйсуң десем, экономфакка өттүм деди. Ошол күндөн ал кыздын артынан түштүм. Бир жолу жаңы жылдык концертке чакырдым. Концерт бүткөндөн кийин «кайда жашайсың?» десем, «темир жол вокзалынын жанында» жашайм деди. Жеткирип коёюнбу десем күлүп койду. Үйүнө жеткирип келип, чоң теректин түбүндө туруп колунан өптүм. Ошентип, акырындык менен махабат оту жана баштады. Кийинчерээк энеси, эжеси, туугандары менен тааныштырды. Гүлмайрам деген эжеси күйөөгө чыгып калды. Экөөбүздүн атыбыздан деп гримм күзгүсүн белек кылдык. Ошентип бешинчи курсту 1959-жылдын 25-июнунда бүткөндө, айылдан жеңелер, эжелер келди. Мурун күйөөгө чыккан Сакен деген курбусунукунда диплом жууп отурабыз. Бир убакта эле комузчу, мени менен жатаканада бирге жаткан Өмүрсадык: » Эки диплом албайсыңбы?- деп калды.

Орустун машкесин агытканда
Кудайберген Жапаров да жоолук салгыла деп калды. Айшакан болсо күйөөгө чыкпайм деп, Кудайбергенди жакка чаап ийди. Жоолук салдык, ал ыйлады, таң аткыча аны кайтарып, орустун машкесин качып кетпесин деп агытып салдык. Кошунаныкына кирип телефон чалып, Айша турмушка чыкты деп айттык. Прокуратурада тергөөчү болуп иштеген жездеси келип, экөөбүздү отургузуп алып сүйлөшө баштаганда, Айшакан: «Мен өзүмдүн каалоом менен турмушка чыктым», — деп тил кат жазып берди. Чынын айтканда, мүнөзү жароокер, күлүп сүйлөгөн, жүрөккө чок салган кыз болчу. Үч айдан кийин үй алдык. Байбичем экономика илиминин кандидаты, доцент, жер менен иштегенди, гүл өстүргөндү жакшы көрөт. Эки уул, бир кызыбыз бар. Уулум Таалай Кыргызстан Аба жолдорунда өкүл болуп иштейт. Кызым Элмира экономист, беш-алты жылдан бери Калифорнияда жүрөт. Кичүү уулум Бакыт ишкерчилик менен алышып жүрөт.

«Азаттык» радиосунда канча убакыт эмгектендиңиз?
«Азаттык» радиосунда ардактуу эс алууда жүрүп, 13 жылга жакын иштедим. Радиодон кеткен берүүлөрүмдү, музыкалык очерктеримди, сүрөттөмөлөрүмдү, баарлашууларымды жакында «Таланттардын тагдыры» деген атта китеп кылып чыгардым. Эфирден кеткен берүүлөрдү СDге жаздым. Мында атактуу шайырлардын өмүрү менен чыгармачылыгы тууралуу 260 наамдагы берүү, 13 СД. Аларды он мүнөттөн эсептегенде 1260 мүнөт. «Азаттыктан» жаманчылык көргөн жокмун. Ырас, мунун дикциясы начар, бул сөздү жакшы айта албайт, суроо бергенди билбейт деп ачык айтып жүрсөм, жетекчилерге жакпадым. Мен ага өкүнбөйм, кейибейм. Өзүмдүн ойлоп жүргөн көп нерселеримди «Азаттык» аркылуу айттым, бир сөз менен айтканда. «Азаттык» чыгармачылыгыма дем, күчүмө күч кошту.

Чыгармачылыгыма 60 жыл деп атасыз, журналисттик кесибиңизди кайсы гезиттен баштадыңыз эле?
Үстүбүздөгү жылы менин чыгармачылыгыма 60 жыл толду. 1951-жылдын 2-мартында «Кыргызстан пионери» газетасына «Тилегим» деген макалам чыккан. Ал М. Горькийдин «Эне» деген романындагы башкы каарман Павелдей мыкты, баатыр болом, эл үчүн күрөшөм деген кичинекей макалам эле. Ошол макаладан кийин, райондук, областтык, республикалык газеталарга кабарларым, очерктерим чыга баштады. 1954-жылы КМУнун филология факультетине өттүм. Өткөндөн кийин, «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери», «Советтик Кыргызстан ж.б. гезит, журналдарга макалаларым чыга баштады. Котормолорду котордум. Бир эле мезгилде көптөн бери көкүрөгүмдү өйүп жүргөн улуу эл шайырлары чыгармачылыгы жөнүндөгү макалаларымды чыгара баштадым. 1949-жылы 2-январда М.Күрөңкеев дүйнөдөн өттү, 9-майда М.Баетов, 20-декабрда А.Огонбаев, 1953-жылы К.Акиев өткөн экен. Андан башка Карамолдо, Ыбырай, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Мыскал, Токтонаалы, Асек ж.б. менен ата-баладай бирге жүрдүм. Алардын чыгармачылыктары жөнүндө жаздым.

(Уландысы кийинки санда)

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий