Бейшенбек Муканбетов, Татар республикасындагы улуттук маданият жана ынтымак уюмунун төрагасы: «Татарлар башка улуттарга караганда кыргыздарды баалашат»

Бул рубрика аркылуу ар кайсы элдердин өзгөчөлүктөрү, чет мамлекеттер тууралуу бизди кызыктырган суроолорго жооп издейбиз. Татар элинин жашоосу, адаттары, ал жактагы кыргыздардын абалы тууралуу Казань шаарында жашаган мекендешибиз Бейшенбек Муканбетов менен маектештик.

Бейшенбек Аскербаевич, маегибизди сиздин Татарстанда кантип жашап калганыңыздан баштасак…
Татар өлкөсүнүн борбору Казань шаарында жашаганыма мына 20 жылдын жүзү болду. Өзүм Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынанмын. Мектепти бүтүргөн соң Ысык-Көлдө техникумда окуп калдым. Ал жерде эң мыкты баа алган балдарды Москвага окууга жибермей болушту. Жанымда 4 көлдүк досторум бар эле, жаштык кылып билетти эртелеп алып коюу эч кимибиздин оюбузда жок. Москвага жөнөр убакыт келгенде билет таппай калдык. Анан поезддин узатуучулары (проводник) менен сүйлөшүп алып «коёнек» болуп жашырынып алып Москвага жеттик. Бирок биз кечигип калганыбызды айтып кабыл албай коюшту. Казань шаарына жибермей болушту. Ошентип, Казанда ветеринария факультетинде окуп калдым. Татар кызы менен үй-бүлө куруп, жашап калдык.

Анда, кыргыз кыздарында жок сапатты татар кызынан таап алгансыз го?
Нарындын тоолорун сагынып, мекениме кайтып барып мал багып чабан болом деп эле кыялданчумун. Ал убакта совет доору. Улут аралык бөлүнмөй жок. Студенттер чогулуп кечинде дискотекага, клубдарга барабыз. Ошентип жүрүп жубайым менен таанышып калдык. Анын татар кызы экенин көп элес албадым. Анан калса, Казанда ал убакта саналуу 5-6 кыргыз кыздары бар эле. Биз жеткенче алардын баары «ээленип» кеткен экен. Ошондой эле татар жана кыргыз кыздарынын ортосунда орчундуу айырма деле жок. Татар кыздарында деле айылда жөнөкөй тарбияланган, кең пейилдүүлөрү көп.

Ал жактын жашоо-шарты кандай экен?
Оо, Татарстан деген совет доорунда эле дүркүрөп аты чыгып турчу эмес беле. Учурда бул республика гүлдөп-өнүгүүнүн чегине жетти десем да болот. Себеби ал жакта, нефть, табигый газ бар. Завод-фабрикалардын баары иштеп жатат. КамАЗ, учак, вертолетторду курган заводдору бар. Баары мыкты иштеп жатат. Учурда өнүккөнү боюнча Казань шары Россия федерациясында 3-орунда, б.а. Москва, Ленинграддан кийинки эле орунда. Ал эми спорт боюнча биринчиликти Россия боюнча эч кимге бербей келет. Волейбол футбол, хоккей ж.б. спорт түрлөрүндө алдыга эч кимди салбайт.

Татарлардын өзүнө тиешелүү улуттук спорт оюну барбы?
Ооба, татар күрөшү. Ал боюнча да мөөрөйдү эч кимге алдырышпайт. Айрыкча, «Сабантуй» деген улуттук майрамында спорт боюнча татарлар болгон өнөрүн ортого салышат. Бизде Ноорузду кандай шаани менен өткөрсөк, алар Сабантуйду укмуш майрамдашат. Бул майрам жаз мезгилинде, эгиндер эгилип бүткөндө өткөрүлөт.

Чет жерликтерге кандай мамиле жасашат, бой көтөрмөй адаттарын байкай алдыңызбы?
Мен да алгач барганда «бөтөн жер, бөтөн эл болсо… кыйналабыз го» деп кооптонгом. Бирок, татар калкы аябай ак пейил келет экен. Айрыкча мусулман элдерине аябай жылуу мамиле жасашат. Ал эми кыргыздарды болсо башка улуттарга караганда жакшы көрүп баалашат. Себеби, кыргыздар татар улутунун тарыхын, адабиятын, маданиятын, үрп-адатын жакшы билип, урмат менен мамиле кылгандарына ыраазы болушат. «Кыргыздар аябай акылгөй, жакшы калк экен» деп айтып жүрүшөт. Андыктан, жарандык берүүдө кыргыздарга көп жеңилдиктер каралган. Динди катуу карманышат.

Динди катуу кармашса анда саясаты да таза, акыйкат болсо керек. Бирок коррупциядан таптакыр алыс деп айта албастырсыз…
Албетте, коррупция бар. Бирок, биздегидей эмес. Алардын жетекчилери, өкмөт, президенттери баштап мыйзамды катуу сакташат. Коррупциялык жолдор менен кандайдыр өлчөмдө жесе да, мамлекеттин калктын кызыкчылыгын унутта калтырышпайт. Мисалы, «бабайыбыз» деп эркелетишчү Минтемир Шаймиевдин президенттик мөөнөтү бүтсө да, калк аны кетиргиси келген жок. «Кайра ордуңда кал, иште» деп суранышты. Бирок, Шаймиев ордуна премьер-министрди дайындап, президенттик орунду бошотуп берди. Көрдүңүзбү, мыйзамды кандай сактаганын.

Таң калыштуу… бизде булар тескерисинче да, демек, алардын жетекчилери эл алкышына арзый тургандай иштешет турбайбы?
Президент, премьер-министринен тартып элдин кызыкчылыгы үчүн эмгектенишет. Көрө-албастык, буттан чалуу жок. Башкалардын эмгегин да баалашат. Жалаң татар эли эмес, башка улуттарга да ушундай эле мамиле жасашат. Маселен, 2005-жылы Казандын миң жылдыгын белгилеп жатып президент М. Шаймиев өз колу менен Путиндин указына ылайык мага орден тапшырды. Бул биздин ассамблеянын кылган иштерине ыраазылык иретинде берилди.

Татарстандагы кыргыздардын абалы тууралуу айтсаңыз, ал жерде да «черный» макамында эсептешпейби?
Биз алгач барганда (совет доорунда) кыргыздар 1500 чамалуу болчу. Андан бери ал жакка барган кыргыздардын саны өстү. Кечээки Ош окуясынан кийин 6000ден ашуун болуп калдык. Кыргыздардын көпчүлүгү ал жакта жарандык алып жайгашып, үйлөрдү салышып, автоунааларды алышып өз жериндей эле чардап жүрүшөт. Кыргыздык каадабызды карматып чоң ресторандарда дүңгүрөтө аш-тойлорду беришет. Көпчүлүгү базарларда иштейт. Мамлекеттик иштерге аралашкандары да жок эмес. Ал эми аларды «черныйсынтып» текебер мамиле кылгандар деле жок.

Ошентсе да, көйгөйлөрү кантип жок болсун?
Албетте, бул маселе бар. Ал жактын жарандыгын ала элек, документи же жумушка уруксат кагазы жок кыргыздарда депортация көйгөйү бар. Мыйзамдуу документи болбогон соң аларды убактылуу түрмөлөрдө кармашат. Мени кээде түнкү сат 3тө чакырган учурлары болот. Мекендештер үчүн «кыңк» этпей түн болобу күн болобу дароо жетем. Камоодо калган кыргыздардын туугандарын таап, акча таап Кыргызстанга жиберүүгө аракет кылам. Туугандары, таанышы болбогондоруна өз чөнтөгүмөн төлөп мекенге узатам. Болбосо, алар түрмөдө 40 күн кармалышат. Андан соң Кыргызстандын миграция кызматы аркылуу жол акысын төлөтүп алып, биякка депортациялашат. Ушуга жеткирбөөгө аракеттенебиз.

Маектешкен Анара ДЫЙКАНОВА,
“Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий