Элдин тарыхын залкарлар айтат

Мен ушул кезге чейин кыл калемден жаралган чыгарманы окуганды анчалык билчү эмесмин. Борборубуз Бишкек шаарына жумуштап барып калып, сүрөтчү, кыл калемдин чебери, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Асан Турсункуловго жолугуп калсам: “Мен эки чоң эмгек жаздым эле, ушуну көрө кетиңиз”, – деп калды.

Көргөзмөдө Асандын эки чоң эмгегин көрүү бактысына туш болдум. Биринчиси – «Мурас», «Эл сыймыгы» деп эки бөлүктөн турган бир чыгарма, экинчиси «Улуу эл», «Баян» деген эки бөлүктөн турган картина экен. Мен бул эки чыгарманы ар бирин бир бүтүн катары эле «Мурас – эл сыймыгы», ал эми экинчисин болсо «Улуу Эл-баяны» деп алып окудум. Эки сааттан ашык карап окуп олтуруп Кыргыз элимдин кылымдар бою басып өткөн жолун карап  көз алдыма келтирип, көзүмө жаш тегеренсе, экинчи жагынан кубаныч, сыймык, аталар баскан улуу жолго  толкундануу, шерденүү көкүрөгүмө толуп чыкты. Кыргыз эли не деген гана татаал жолду басып, ташыркабай, каржалбай, ысык-сууктун баарына чыдап, ошону менен бирге санжыргалуу тарыхын байытып, нарк нускасын сактап, каада-салтын жоготпой, улуулукка таазим кылып, улууларын сыйлап келе жаткан, өз эркиндиги үчүн күрөшүп, Ала-Тоонун эркин шумкарындай жашап келе жаткандыгы бул чыгармалардын өзөгүн түзүп олтурат.

Чындыгында Кыргыз кылымын баяндаган бул чыгармада Асан Турсункулов ат жалына казан асып, нечен кылымдарды басып, чыгыш жагы Эне-Сайдан баштап, батышы Алпы тоолоруна чейинки аралыктагы жашап өткөн, кылымдарды карыткан турмушун бир чоң сүрөт романында камтый алган. Көрсө элдин тарыхын элден чыккан залкарлар айтат турбайбы. Мына, карап көрүңүз,  сүрөтчү Асан Турсункуловдун «Мурас-эл сыймыгы» картинасында  он жети  инсандын бейнеси чагылдырылган.  Картинанын түпкүрүндө Ысык-Көл, андан бери ак кар баскан касиеттүү Ала-Тоо, анан Ала-Тоого жарашкан Кыргыздын туусу, Жети дубандын  тарыхый, жер берметтери Апшыр-Ата шаркыратмасы (Ноокат), Бурана (Чүй), Манас Атабыздын күмбөсү  (Талас), Токтогул ГЭСи (Жалал-Абад)  сол тарабында Айгүл гүлү (Баткен), Таш Рават (Нарын) анан  сол тарабында Курманбек Баатырдын эстелиги (Жалал-Абад), борборубуз Бишкек шаарынын борбордук аянты   (Бишкек), Сулайман Тоосундагы музей (Ош), картинанын эң түбүндө элибиздин басып өткөн жолун чагылдырган таш китептин турушу бул көп нерсени кыска-нуска берип турат. Анын үстүнө бир гармонияга биригип, бир элдин тарыхын сүрөттөп жатат.  Алдыңкы планда: Ак карлуу,  касиеттүү жерибизден чыккан Кыргызга ак кызмат кылып, төбөсү көрүнгөн  Ала-Тоолуу аймагыбыздын дубанынан элге кадыр-барктуу жети залкар инсандарыбыздын бейнеси берилген. Алар  жер тамыры менен айкалышып, эл тамырындай болуп, Кыргыз элинин бекем тамыры сыяктуу элдин биримдигин, кутун кармап турушат. Ортодо залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов (Талас), оң жагында Болот Миңжылкыев (Ысык-Көл), Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев (Ош), Муратбек Рыскулов (Нарын), сол жагында Сүймөнкул Чокморов (Чүй), Тургунбай Садыков (Баткен), Жунай Мавлянов (Жалал-Абад), Алыкул Осмонов (Чүй) сыяктуу залкар инсандарыбыздын руху, элеси турат. Боз үйдөн жүзүндө кубаныч ойноктоп, бирөөнү тосуп чыккандай элес берген Бүбүсара Бейшеналиева эжебиз, Ал эми боз үйдүн сыртында Сабира Күмүшалиева энебиздин Каныкейдей болуп ак элечек менен турган элеси, андан ары таланттуу обончу, залкар музыкант, композитор Жумамүдүн Шералиев менен ырдын пири Рысбай Абдыкадыровдун жана Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу залкарлардын жаркын элестери берилген. Ал эми картинанын төрүндө жез таңдай ырчы Жеңижок менен тоо булбулу Токтогулдун жаркын элестери кө­рүнүп турат. Бул картинадан Кыргыз элинин кылымдардан бери жашап келе жаткан уңгусунун угуттары, элибиздин сыймыктанар уулдары бир бүтүн кыргызстандын жаркын образын жаратып, мына ушул картина аркылуу кыргыз эли ким экендигин ааламга жар салып турат. Жараткан Алла ааламдын пардасын ачып, «кыргыз ааламын» дүйнөгө тартуулап, алаканга салгандай кылып көрсөтүп турат.

Андан сырткары картинаны жакшылап карап олтурган адамга оң жагында дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен Кыргызстандан космосту багындырган Салижан Шариповдун элестери берилип, Кыргыз эли жөнөкөй эл эмес экендигин баяндайт. Жети инсандын алдында турган «Алтын такта» тарых барактарын ачып жайылып турат. Ал эми анын алдында Кыргыздын ыйык символикасы: алтын таажы, оң жагында кут сандык жөн эле берилип калган эмес. Бир картина менен мынчалык улуу ойду берүү, аны чагылдыруу, бул картинаны көргөн адамдын жүрөгүндө Кыргыз улуу эл экендигине сыймыктануу сезимдерди жаратып, мына ушундай залкарлар менен чогуу жашап, иштешип калгандыгыма сыймыктануу сезими пайда болуп, адамга улуу Рух жаратып турган бул  чыгарманын баасы жок деп койсок жаңылышкандык болбойт.

Ал эми «Улуу Эл-баяны» сүрөтү бул элибиздин таралыш тарыхынан башталат. Асмандан кут түшүп, ошол кут жааган нур менен Кошой, Манас, Бакай аталарыбыздын руху кошо түшүп, кыргыз элибиздин басып өткөн санжыргалуу тарых баяны башталса, андан Кан Манас атабыздын киндик каны тамган Алтайдан Ала-Тоого көчүшү элестелет. Андан кыргыз атанын таркалышы чагылдырылып, Ак уул, Көк уул, Кызыл уул аталарыбыздын символикасы өз түстөрү менен берилип, алардын алдында кут коюлган алтын чөйчөк, оң тарабында Ак шумкардын турушу көп нерсени баяндайт.

Кыргыз баскан сан кылымдагы жол менен басып олтуруу оңой эмес тура. Мында Ак уул, Көк уул, Кызыл уул түп аталарыбыздын элеси берилип, залкар Манасчы Саякбай Каралаевдин жанында жаш бала эртеңки келечек, Манастын тукуму, ал эми Кыдыр Ата менен Умай эненин, анын артында Курманжан датка жана боз үйү, арткы планда кыргыздардын Алтайдан Ала Тоого көчүшү, асмандан кыргыздарга Кыргыз рухунан кут түшүшү, Манас, Кошой, Бакай аталардын элесинин берилиши Кыргыз Ала Тоосу, ал эми сол жагында Кокон хандыгындагы кыргыздардын бийлиги толук чагылдырылган. Бул картина бери дегенде он кылымдык тарыхты боюна камтып, Улуу кыргыз элинин басып өткөн жолун чагылдырып турат. Картинадан өнүгүп өскөн Кыргыз мамлекетинин турмушун көрүүгө болот. Кыргыз басып өткөн татаал дагы, сыймыктуу дагы жол кеңири жазылган.

Жакынкы жылдарда жаралган 33 чыгармасынын кайсынысын болбосун карап олтурсаң, кут даарыган кыргыз элинин бай санжыргалуу тарыхы, улуулугу, бийиктиги даңазаланып олтурат. Мисалы, «Аян», “Манас баяны”, «Алтын уютку», «Ай сыры», «Датка», «Алтын тутка», мисалга келтире берсе арбын. Ар бир чыгарма өзүнүн өзөктүү ою, айтып бүткүс баянынын бар экендиги менен баалуу.

Ал эми Аксы жана 7-апрель окуяларынын каармандарын тарткан 97 сүрөттөн турган бул көргөзмөсү чоң ийгиликке арзуу менен, Асандын элдин чыныгы уулу экендигин далилдеди.

Мына ушундай инсандын чыгармаларынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатышы эң туура болгон жана татыктуу чыгармалар деп эсептейбиз жана бул биздин пикирибизди урматтуу, кадырлуу комиссия мүчөлөрү эске алат деген ойдобуз. Сөздүн ток этер жерин айтканда, Асан Турсункуловдун эмгектери мамлекеттик Токтогул атындагы  сыйлыкка толук татыктуу.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын-жазуучу, «Арча» сыйлыгынын лауреаты,
Аксы району, Кербен шары,
«Кыргыз туусу», 23.09.2011-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий