Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Ажибай КАЛМАМАТОВ: “Салттуу билим – элдик жана табигый баалуулук…”

– Ажибай Айтиевич, ушул жылдын ноябрь айында салттуу билимдер боюнча улуттук семинар өткөрөт экенсиздер. Деги эле  салттуу билим деген эмне? Аларга кайсы билимдер кирет?
– Салттуу билимдер – конкреттүү бир элге жана ошол эл жашаган аймакка тиешелүү болгон, муунданмуунга өтүп, курчап турган чөйрөгө жараша үзгүлтүксүз өнүгүп-өсүп турган ыкмалардын, усулдардын түр­лөрү. Аларга улуттук тамак-аштан баштап улуттук дарылоо, улуттук оюндар, мүнүшкөрлүк, күлүк таптоо, тайган салуу өнөрлөрү, ыйык жерлер, генетикалык ресурстар, өсүмдүктөр, жаныбарлар ж.б.у.с. жергиликтүү калкка тиешелүү бардык билимдер кирет.

Салттуу билимдин объектилери – аныктыгы такталган, иш жүзүндө текшерилген, кандайдыр бир практикалык көндүмдөргө, ыктарга ээ болгон билимдер болушу керек.

Бизде салттуу билимдер мыйзам менен корголобу?
– 2001-жылдан бери Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунда Интеллектуалдык менчик жана генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана маданияттын салттуу көрүнүштөрү (фольклор) боюнча өлкөлөр аралык комитет иштейт. Анын максаты – салттуу билимдерди коргоо жаатында эл аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу. Буга чейин Индия салттуу билимдер боюнча санариптик китепкана түзүүнүн үстүндө иштеп келди. Түштүк Кореяда жана Индияда салттуу билимдер боюнча атайын журналдар чыгарылат жана ал журнал өтүнмөлөрдү карап чыгууда эксперттер тарабынан пайдаланылат. Кытай, Корея Республикаларында салттуу билимдер  боюнча маалымат базаларын түзүштү. Бизде болсо азыркы учурда бирдиктүү маалымат базасын түзүү  боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ишти мезгилдүү басма сөздөрдөн, журналдардан, китептерден алынган маалыматтарды санариптештирүүдөн баштадык. Маалымат базасына 130дан ашык объектилердин маалыматтары киргизилди.

Ошондой эле 2007-жылдын 31-июлунда кабыл алынган “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы бар. Ошол мыйзамды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы буйрук боюнча төмөнкү уюмдарга жана мекемелерге салттуу билимдин категориясын, иш жүзүндө колдонуучулугун, аны колдонуунун оң натыйжаларын аныктоо укуктары жүктөлгөн.

Алсак, өнөр жай жана отун-энергетика комплекси жаатындагы билимдер – КРнын энергетика министрлигине; агроөнөр жай комплексинин чөйрөсүндөгү мал чарбачылыгы, ветеринария, балык өстүрүү, өсүмдүк өстүрүү, мелиорация, жер кыртышын семиртүү, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу, айыл чарба сырьелору жана азык-түлүк, тамак-аш, алкоголдук жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча билимдер – КРнын Айыл чарба министрлигине; дартты аныктоо жана дарылоо, дары-дармек каражаттары, медициналык техника, дары чөптөрдү колдонуу ыкмалары туурасындагы билимдер – КРнын Саламаттык сактоо минис­трлигине; калкты чукул кырдаалдардан коргоо, техногендик, гидрометеорологиялык жана агрометео­рология­лык болжолдоого байланыштуу билимдер – КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине; билим берүү, тарбиялоо жана илимий чөйрөдөгү ишмердүүлүк жөнүндө билимдер – Билим берүү жана илим министрлигине; жол, транспорт, байланыш жана маалымат чөйрөсүнө тиешелүү билимдер – КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине; маданият, искусство, көркөм жана элдик кол өнөрчүлүккө тиешелүү билимдер – КРнын Маданият жана маалымат министрлигине; курулуш, архитектура, курулуш материалдарын даярдоо жана турак-жай курулуштарын конструкциялоого байланыштуу билимдер – КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине; кен казып алууга жана тоо-кен өнөр  жайына, геологиялык тармакка тиешелүү билимдер – КРнын Жаратылыш ресурстар министрлигине; курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, биомаданий ар түрдүүлүктөрүн сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча билимдер – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине; спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билимдер – Дене тарбия жана спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине; табигый, техникалык жана коомдук илимдер жаатындагы билимдер – КРнын Улуттук илимдер академиясына жүктөлгөн.

Буйруктун 2-пункту боюнча ошол министрликтерде жана мекемелерде өтүнмө менен кайрылган жеке жана юридикалык жактарга акысыз корутунду берүү маселелери боюнча атайын комиссия түзүү каралган.

Ал буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлгөн.

Булардын баарын толук айтып жатканыбыздын себеби, жаран- дарыбыздын бардыгы эле мындай маалыматты толук биле бербейт.

– Маалымат базаларын ким чогултат?
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (Кыргызпатенттин) Эксперттөө башкармалыгында Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер сектору иштейт, анда салттуу билимдердин бирдиктүү маалымат базалары бар.

– Салттуу билимдер ким тарабынан каттоого сунушталышы мүмкүн?
– “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык бир, же бир нече юридикалык, же жеке жактар салттуу билимдердин ээлери болуп каттала алат. Ал менчигинин түрүнө карабайт. Тактап айтсак, салттуу билимдерди каттоого же пайдаланууга укук берүү боюнча өтүнмө берүү укугуна ээ болгон тараптар катары жергиликтүү жамааттар, Кыргыз Республикасынын юридикалык же жеке жактары, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана мекемелер эсептелет.

– Каттоого жана салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берүүнүн жол-жоболору кандай болот?
– Өтүнмөнү Кыргызпатентке түздөн-түз алып келип берсе болот, же почта аркылуу жөнөтсө да болот. Биз өтүнмө боюнча тишелүү министрликтен корутунду алабыз.

– Өтүнмөнүн кандай түрлөрү бар?
– Салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүнү каттоого өтүнмө, мурда катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө болушу мүмкүн.

– Өтүнмөдө эмнелер камтылышы керек?
– Өтүнмөдө салттуу билимди каттоо жөнүндө же катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыз, өтүнмө берилип жаткан салттуу билимдин конкреттүү, толук сыпаттамасы болушу кажет.

Андан сырткары: компетенттүү орган тарабынан ошол салттуу билимдин иш жүзүндө пайдаланылышын, тигил же бул ишмердүүлүк чөйрөүндө колдонууда жакшы натыйжасын тастыктоочу расмий документ; компетенттүү органдын өтүнмө ээсинин салттуу билимге тиешелүү географиялык объектиде тургандыгы же жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналгандыгы жөнүндө корутундусу,  чет элдик өтүнмө ээси үчүн салттуу билим чыгарылган өлкөнү тастыктаган документ ж.б. документтер тиркелүүгө тийиш.

Өтүнмөнүн документтери кыргыз жана орус тилдеринде берилет. Эгерде өтүнмөнүн документтери башка тилде даярдалса, анда ага  тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн кыргыз же орус тилдериндеги котормолору тиркелиши керек.

Өтүнмө эки нускада, ал эми өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет.

– Салттуу билимдер менен иш алып барган уюмдар менен кандай байланыштасыздар?
– Өкмөттүк мекеме-уюмдардан сырткары, “Жашоо дарагы” (“Древо жизни”)  адамды өнүктүрүү борбору, Айылды өнүктүрүү фонду, “Айгине” маданий-изилдөө борбору, Кыргызстанда кол өнөрчүлүктү коргоо боюнча Борбордук Азия ассоциациясынын ресурстук борбору, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын “Мураскер” биомаданий ар түрдүүлүк борбору салттуу билимдер жаатында иш жүргүзүп келет. Алар салттуу билимдер боюнча маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана жарыялоо боюнча бир топ иштерди жасап жаткандыгын белгилеп кетүүгө болот. Алсак, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясында 2010-жылы “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык жаатындагы кыргыздардын салттуу билимдери” аттуу сабактар аралык курс уюштурулуп, студенттерге өсүмдүктөрдү, мал чарбачылыгын салттуу билим боюнча өстүрүү ыкмалары сабак катары окутулуп келүүдө. Ал эми Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулары улуттук оюндун 500дөй түрлөрү бар экендигин айтып жатышат. Алардын баарын маалымат базасына топтоо керек.

Салттуу билимдер боюнча үзгүлтүксүз, план-ченемдүү иш алып баруу үчүн Кыргызпатенттин 2011–2015-жж. “Салттуу билимдер коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн” аттуу долбоору иштелип чыкты.

– Ажибай Айтиевич, буга чейин салттуу билим катары сиздерден каттоодон өткөндөр барбы?
— Бар. Алсак, Кыргызпатентке салттуу билимдерге негизденген өнөр жай менчиги объектилерин каттоого 40 өтүнмө келип түшкөн. Алардын ичинен 30 өтүнмө ойлоп табуу; 7 өтүнмө өнөр жай үлгүсү; 3 өтүнмө пайдалуу модель боюнча болуп саналат.

Ысык-Көлдө жашап, иштеген энелердин “Бугу эне” жамааты шакар самынды жасоо боюнча салттуу билимге өтүнмө беришкен. Шакар самындын элдик билимге дал келип жасалгандыгын далилдеген корутундуну Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясы берди.

– Эл арасында салттуу билимдерди билген жарандар көп эмеспи. Сиздер аймактар менен кандай иш алып баруудасыздар?
– Ооба, “Эл ичи – өнөр кенчи” деген сөз бар элибизде. Анын сыңарындай, республиканын аймагын кыдырып, эл менен жолугушуп, эл арасынан таланттуу ойлоп табуучулар, авторлор, салттуу билимдин ээлери менен жолугушуу максатында мекеменин кызматкерлерин иш сапарларына чыгарууну пландаштыруудабыз.

– Салттуу билим жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек эмеспи?
– 2011-жылдын 5-апрелинде “Салттуу билимдерди документтештирүү жана санариптештирүү маселелери” деген темада кереге кеңеш уюштурдук. Ага өкмөттүк мекеме-уюмдардын, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү ж.б. катышты. Замандын дүйнөлөшүү шартына жараша көңүл бурулбай калган, турмуштук зарылчылыктардан улам келип чыгып, атадан балага, укумдан-тукумга өтүп келген салттуу билимдерди сактоо, турмушта колдонуу, ал боюнча бирдиктүү маалымат базаларын түзүү ж.б. жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле 2011-жылдын 12–14-ноябрында ИМБДУнун адистеринин катышуусу менен салттуу билимдер боюнча улуттук семинар өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ошого даярдык көрүп, тиешелүү мекеме-уюмдар, ЖОЖдор, борборлор ж.б. менен байланышта бирдиктүү маалымат базасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдөбүз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сиздердин гезит аркылуу жалпы коомчулукка кайрылып кетким келет. Салтуу билимдерди каттоо иши жалпы коомчулуктун колдоосуна муктаж. Унутулуп бара жаткан билимдерди билген жарандарыбызды кызматташууга чакырабыз.

Ж.ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 20.09.2011-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий