Мурза Гапаровдун жубайы Алмажан Осмонкулованын күндөлүгүнөн: «Мурзакем Галя экөөңдү бирдей сүйөм деп айткан эле…»

Таланттуу жазуучу Мурза Гапаровдун байбичеси Алмажандын күндөлүгүн окуп калсаңыз, аялдын турмушунда кезиккен адамгерчилик сапаттары, ажырашкан күйөөсүнүн кийинки аялына жасалган мамилеси тууралуу турмушта эмес эле, көркөм адабияттан окуп жаткандай туюлуп, ишене албай кетет экенсиң. Бирок арабызда сүйүүгө бек, ушундай аялдар да кездешээрине таң калбай кое албайсың.

Жоголуп кеткен жан дептер
Өткөн күндөрүмдүн урунттуу учурлары жоголуп кеткен дептерде жазылган болчу. Секелек кезимдеги оттуу сезим коштогон ар бир күнүм, ар бир саатым… Мурзакемдин мени алгач көргөндөгү кезди сүрөттөп бергени. «Дирилдеген музыка ойнолуп жатыптыр, ошол музыканын коштоосунда булуттан чыккан Айга окшоп сен чыгып келдиң» … Жүрөгүмдү кенен салып, мажүрүм талдын бутактарындай салаалаган сезимимди түгөл төгүп, Мурзага окшоп, ойлогонумду дал ойлогондой кылып кагазга тизмектеп түшүрүп бере албасам да, чын дилимден чыккан саптар болчу ал жазгандарым. Эринбей, күн сайын калемди колго алчумун. Өзгөчө Мурза башка аялга кетип калганда бугумду, таарынычымды, ыйымды кагазга төгүп салсам, алда немедей жеңилденип, мени түшүнгөн кимдир-бирөө менен сыр чечишкендей болуп, бугум бошой түшчү. Эч кимге айтып бергис сырларым ачылган болчу ал жерде. Бир күнү эле күндөлүк дептерим жоголуп кетти. Издеп-издеп такыр таппай койдум. Аны Мурза келинчеги менен келгенде катып кетип окуп алгандай сезе берем. Менин сырымдын андан башка кимге кереги бар эле? Күндөлүктү эми кайра баштан жазсам, кандай чыгат, билбейм, бирок ошол кездеги уйгу-туйгу абалым азыр кагазга ойдогудай түшпөйт болушу керек.

Кайран гана кайнатам!
«Мурзанын атасы кайтыш болуптур» деген телеграмма келип калды.

Кайнатамдын кабарын угуп, бышактап ыйлап да жатам. Ал кишинин кебетеси Мурзага окшош, бирок андан катуу киши эле, жарыктык. Үйдө өзү кожоюн эле. Мурзакем мени адеп Ноокатка алып барганда, айылга таштаган боюнча сегиз ай бою келбей койбодубу… Апамдар мага башка бирөөнү таап койгондо, көнбөй кетип калбадым беле. Бук болуп жүргөн күндөрүмдө кайнатам эч нерсе деп айтпаганы менен, капаланганымды, кусалыгымды сезип эле жүрүптүр, Мурза кайтып келгенде «Бул да бирөөнүн баласы. Сен эмнеге аны калтырып кетип зарыктырып күттүрөсүң? Кайда жүрсөң да өзүң менен кошо ала жүргүнүң» деп аябай урушкан. Ал убакта борбор шаарда биздин үйүбүз жок, жалдама квартирада жашачубуз. Ошондон кийин, Мурза атасынан корктубу, айтор, мени такыр таштабай, кайда барса да ээрчитип алчу болгон.

Кайнатам акыл-эстүү, молдо чалыш, жакшы киши эле. Бирок жини келгенде, жанына киши жолой алчу эмес, жарыктык. Бир күнү кайненеме аябай жини кайнап, сабап кирсе болобу! Минтип аялын сабаган кишини көрө элек болчумун. Кайненем ал күнү үй-жайын мага таштап, айылчылап кеткен. Же тырмалаңдап айылда кечке оокат кылып жүргөн мага жан тартып сабаганыбы. Мурунку эки аялы каза болуп калгандан кийин алган бул кайненем кайнатамдан отуз жаштай жаш экен, эми ойлосом, балким кызганганыбы, айтор сабап атат, сабап атат… Жүрөгүм түшүп калбадыбы. Акыры качып, менин жаныма келгенде кайненем байкушка боорум ооруду: «Ушул кичинекей абышкадан коркосузбу (кайненем олбурлуу киши эле), эки колун мен кайрып турайын, сиз сабап алыңыз» деп айтыптырмын. Анда кайненем мага ыраазы болуп «Аа, балакетиңди алайын, бала эле бойдон турбайсыңбы. Экөөбүз үйдүн кожоюнуна кол көтөрмөк белек» деп басып кеткен.

Галя менен жолугуу
90-жылдагы Ош окуясы жаңы эле басылган, самолетко билет жок. Аэропорттун начальнигине кирип жатып, араң билет таптык. Аэропортто бир аял баласы менен Ноокатка билет издеп жүргөнүн көрдүм. Бир байлам кара жоолук байланып алыптыр. Дароо эле тааныдым. «Мурзакемдин колуктусу ушул болушу керек». Экөөбүз тааныштык. «Галя» деп атын айтты. Кызынын аты -Айкыз экен. Мен да «Алмажан» деп атымды айтып, уулдарым -Азиз менен Исраилди аларга тааныштырдым. Алар менен башка шартта көрүшсөм, кандай болот элем, билбейм, бирок ушундай күнү көрүшүп, Галяны кучактап, ага көңүл айтып да жибердим. Ошентип, билет табылып, Ошко учуп кеттик. Жеткен жерибизде кайним бизди машина менен күтүп туруптур. Бири-бирибизге көңүл айтып, көзүбүзгө жаш алып, кучакташып көрүштүк.

«Жеңе, олтургула, — деп кайним жеңил машинасынын эшигин ачты. Ичинде дагы кишилер бар экен. «Тигинде дагы бир жеңең турат, чакыр» дедим.

Кайним болбой койду. «Биз менен барбаса адашып кетмек беле, ал башка машина таап жетип алар».

«Кой, кичинекей баласы бар экен, үшүп калат» деп кызын балдарымдын катарына олтургузуп, машинага эптеп жатып батыштык. Жолдон Ош драмтеатрына токтотуп, ал жерден дагы бир машина сурап алдык да, эки машина менен кысылбай жетип бардык.

Канча жылдан бери Ноокатка каттай элек элем. Кайындарымды кучактап, кайнатамды жоктоп, «атакелеп» ыйлап калдым. Биз барганча кайнатамды жайына берип коюшуптур. (Бул жакта киши каза болгондо баары ыйлап, эшиктин алдынан тосуп турушат). Ыйлап басылгандан кийин, абышкамды издеп, эки жакка моюн созсом, ал көрүнбөйт. Галя көзүмө урунду, тээ алыста, кызын ээрчиткен орус келин , бүрүшүп, эмне кылаарын билбей босогого туруп калыптыр. Ичкери киргизип, кызынын колун кармасам, абдан үшүп кетиптир, мештин жанына олтургузуп, чай бердирттим. Сыягы, алар айылга келе элек окшойт.

Башкаларга окшобогон Мурзакем
Ошол жолугушуудан кийин Мурзакемдин жаңы бүлөсү менен катышып калдым. Галя, Айкыз үчөө конокко келгенде, Мурзакем кеткиси келбей, анан баары биздикине калып калышчу. Галя кыргызча сүйлөй албаганы менен тилди жакшы түшүнчү. Эстүү экен. Бир күнү анан мен Мурзакемден «Сизден ушуну күткөн эмес элем, эмнеге Галяга кетип калдыңыз?» деп сурасам. «Жакшы көрүп калсам, эмне кылайын» деп жооп берди. «А меничи?» дедим. «Сени да сүйөм». Ушул сөзүнө такыр ишенбедим, «Кантип эле бир адам эки аялды бирдей жакшы көрсүн?». «Байбиче, чайың барбы» деп жетип келип калганда, жайкысын болсо, самоорго чай коюп, таза абага олтуруп, чай ичип калаар элек. Биздин жер тамыбыз шаардын сыртындагы айылда болгондуктан, шаар ичинде, анын үстүнө көп кабаттуу тамдан тажашчу окшойт.

Айкыз да биздикинен кеткиси келчү эмес. Кээде эки-үч күндөп жатып калчу. «У тебя есть папа, а бабушка одна, я ей нужнее» деп айтчу апасына. Эси киргенден кийин ал бизге катышпай калды. Турмушка чыккандан кийин мени «бабушка» деп атаганын да койду.

Ошентип, биз Мурзакемден айрылып калдык. Тажиясы алардын көп кабаттуу үйүндө өттү. Кайнилер, туугандар чуркап кызматын кылышты. Өзүм болсо күндүз кара кийип Галянын жанында олтуруп, түнкүсүн оокатын кылып жүрдүм. Кайран гана абышкам ай, кыялкеч, ак көңүл, адамдан башкача жан эле.

Даярдаган Айгүл Бакеева, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий