Таштагы жазуу

(жомок)

Илгери-илгери бир айылда кичинекейинен бери дос болгон Адылбай жана Жаркынбек деген эки киши жашаптыр. Алар кайда барбасын, чогуу барып, чечилбеген маселелерди да чогуу чечишчү экен. Бир күнү алар чөлгө саякатка чыгууну чечип, сапарга даярданышат. Тамак-аштан мол алып, жолго чыгышат.


Күн ысык. Экөө көпкө жүрүшөт. Кимисинен кеткени белгисиз, айтор, бир убакта эки дос уруша кетишип, Адылбай досун шапалак менен эки-үч жолу катуу чаап жиберет. Таарынып калган Жаркынбек үн катпай тултуюп кете берет. Бир убакта бадалдын түбүнө эс алганы отурган маалда Жаркынбек кумга “Досум мени шапалак менен чапты” деп жазып коёт. Аны окуган Адылбай унчукпайт.

Ошентип, эки дос сүйлөшпөй дагы көпкө жүрүшөт. Бир убакта катуу шамал болуп, Жаркынбекти алып учат. Ошондо Адылбай болгон күчүн жумшап досун сактап калууга үлгүрөт. Кайрадан алар жол улашып, чоң таштын жанына келгенде эс алмай болушат. Жаркынбек отурардан мурун ошол ташка“Мени досум өлүмдөн куткарып калды” деп бадырайта жазат. Досунун бул кылганына таң калган Адылбай:
– Жаркынбек, мен сени урганда кумга “досум мени чапты” деп жаздың. Эми болсо ташка “досум мени өлүмдөн сактап калды” деп жазып койдуң. Неге минтип жазып жатасың? Айтчу нерсең болсо бетиме эле айтпайсыңбы?- дейт.

Анда Жаркынбек:
– Ээ, досум, мында бир чоң сыр жатат. Эгер жамандыкты кумга жазсаң, аны шамал бир заматта учуруп салат. Ал эми жакшылыкты унутпаш үчүн ташка жазуу керек,- деп жооп берет.

Ошентип, Жаркынбек досун сөзгө жыгат. Ал эми досунун акылына баа берген Адылбай Жаркынбектен кечирим сурап, аны мурдагыдан да сыйлап, урматтап калган экен.

Дамира Арстанова, «Супер инфо», №463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Таштагы жазуу: 1 комментарий

Добавить комментарий