Түгөлбай Казаков, КРнын Эл артисти: «Студент кезде мугалимдерден коп тапчумун»

Кыргыз Эл артисти, обончу, композитор агабыз Түгөлбай Казаков быйыл 60 жашка чыкты. Анын чыгармалары кыргыз музыкасында классикага айланып, улуу-кичүү муунду толкутуп турган убагы. Агайдын жеке жашоосу да күйөрмандарын кайдигер калтырбаса керек…

КАЗАКОВ ТҮГӨЛБАЙ ТОКТОГУЛОВИЧ
ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Учурда Коомдук каналдын “Улутман” телеберүүсүнүн редактору, алпаруучусу.
  • «Мурда бир түндө бир китеп окуп койчумун» дейт. Азыр көзү ооруганын айтып капаланат.
  • Бала кезинде акындык кылып ыр жазчу. Ошол таланты ойгонуп, акыркы күндөрү кайра ыр жарата баштады.
  • Шахмат жана бильярдды жакшы ойнойт.
  • Үйдө электрик, сантехник аткарчу иштердин баарын өзү жасайт.
  • Макоолук менен түркөйлүктү көргөндө ошол жерден жарыла ачуусу келип кетет.
  • Мектепте окуп жүргөндө жаман окуган окуучуларды “эмнеге окубайсың?” деп сабачу.
  • Мүнөзү токтоо, өтө кыялкеч адам.
  • Ушул айдын аягында “Эсимде” аттуу китеби жарык көрмөкчү.
  • Казактар ырларынын көбүн ырдап жүрүшөт. Ал үчүн композитор казактардан калем акы алып турат.
  • “Кичинебизде биздин боз үйдү чылым чеккен трактористтер өрттөп жиберип документтер күйүп кеткен. Мектепте Токтогулов болуп окуп, паспорт аларда гана Казаков экенимди билдим”,- дейт Түгөлбай агай.
  • Акыркы күндөрү багбанчылык менен алектенүүнү каалап жүрөт.

«ТАШТАРГА ЫРДАП БЕРЧҮМҮН»
– Менин балалыгым Таластын Көпүрө-Базар деген айылында өттү. Атамдын аты – Токтогул, апам – Бермет. Эки агам, бир эжем, эң ки­чүү­сү мен элем. Апам “эрте турган адамдын бир ырыскысы ашык болот, күн нурун ким биринчи көрсө, ошол бактылуу болот” дечү. Бактылуу болуу үчүн эрте турар элем.

Ал кезде апам үрүл-бүрүлдөн баштап 22 уй саачу. Мен сааган сүттөрүн коруп турчумун. Бир күнү эле турсам, бирөө эки колтугумдан алып ыргытып жиберди. Карасам күрөң бука экен. Кошуна аталар көрүп калышып, “Токомдун баласын сүзгөн кандай бука, атаңды?!” деп аны кубалап жөнөштү.

Анан да кичине кезимден эле ыр жандуу болчумун. Бирок өтө уялчаак элем. Короого таштарды тизип алып (алар эл болсо керек) ырдап берчүмүн. Ошентип ойноп жатканымды бирөө көрүп койсо, уялганымдан ыйлап жиберер элем.

Мектепте жакшы окудум. Беш жарым жашымда эле эки агам китеп окуганды, миллионго чейин санаганды үйрөтүп коюшкан. Кийин математика, физика, химия сабактарынан олимпиадаларга барып жүрдүм. 6-классымдан баштап гезиттерге макалаларым чыгып, 8-класста штаттан тышкаркы кабарчы болуп да иштей баштагам. Ошол кезде Москвадан чыккан “Правда”, “Известия” гезиттерине макала жазчумун. Ал кезде мен журналист болом деп калган элем.

«ЫРЧЫЛЫККА АДАШЫП БАРЫП ЖАНАШТЫМ»
– Мен китеп көп окуп, жазмакерликти жактырганым менен, агам Аман Токтогуловдун (акын, котормочу) “Токтогулдун эки баласы адабиятта тытышып жүрөт белек. Сен башка тармакка багыт ал” дегенинен Политехтин тоо-кен факультетине тапшырып окуп калдым. Окуу жылы жарымдап калганда Искусство институтуна айылдашымды издеп барган элем. Ал жактан бала кезде уктап калган «иттерим» ойгонуп кетти. Окуумду таштап, Искусство институтунун маданий агартуу факультетине тапшырдым. Асанкалый Керимбаев экөөбүз чогуу тапшырып, жатаканада да бирге жашап калдык. Ошентип өнөрдүн көрөңгөсүнө келип, күчтүү мугалимдерден сабак ала баштадым.

“АЛГАЧ ОБОН ЭМЕС, ПЬЕСА ЖАЗГАМ”
– 2-курска чейин обон жазган жокмун. Бирок ойлорум бар эле. Бир күнү агайым “пьеса жазып кел” деп калды. Мен эмнени жазмак элем, баягы эле жайлоо темасын алып, “бир атчан тоодо жыргап баратат. Ашууга келгенде бороон-чапкын болуп кыйынчылык көрүп, ашууну ашкандан кийин кайра жыргап түшүп кетти” деген мааниде жазып бардым. Мугалимим көрүп, “сен пьеса эмей эле обон жазып алыптырсың. Биринчи бөлүгү – куплети, ашууга келген жери кайырмасы болот” деди. Аны иштеп чыккандан кийин “Алтын балалык” деген ырым жаралды.

Мен обондорго өтө кылдат мамиле кылам. Бир эле жери жакпаса, аны аягына чейин иштеп чыкмайынча ырдабайм. Ошол себептен азыр да 30 жыл мурун баштаган эки ырым аягына чыкпай, ырдалбай турат. Бүтүрүп, 60 жылдык мааракемде ырдасамбы дедим эле, такыр эле болчудай эмес. Күчкө салып, тажрыйбага салып ырдап койсо болот, бирок көөдөндөн күчтүү каалоо менен чыкпаган ыр элге сиңбесин билем. Эл жактырбаган ырды кор кылбай, чыгарбай эле койгон жөн.

“РЕСТОРАНДА ИШТЕП ТАЖРЫЙБА ТОПТОГОМ”
– Студент кезде Гүлсүнай аттуу кыз менен бир жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал да Искусство институтунда окучу. Экөөбүз үйлөнгөн күндөн тартып башыбызга түшкөн бардык маселелерди чогуу чечип, кыйынчылыкты да, жыргалчылыкты да кол кармашып көрүп келебиз. Студент кезде көп деле кыйналган жокпуз. Окуу жайдын жатаканасында турдук. Анткен менен ошол кездеги атактуу “Ак-Суу” ресторанында музыкант болуп иштеп, институттагы мугалимдердин айлыгынан 3-4 эсе көп табар элем. Ресторанда иштегеним айлыгыма караганда тажрыйба жаатында мага чоң пайдасы тийди.

Ошол кезде Гүлмира аттуу кыздуу болдук, окууну бүтүргөндөн кийин уулум Мурат төрөлдү. Кийинчерээк Мунара аттуу кызым дүйнөгө келди. Учурда жубайым Гүлсүнай Кыргыз радиосунда баяндамачы, редактор болуп иштейт. Чоң кызым Гүлмира Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу. Уулум банкта иштейт. Ал эми кичүү кызым Мунара окуусун аяктаганы менен, иштегенге үлгүрбөй, оорунун азабынан 27 жашында дүйнө салды. Ошол кызымдан калган Данияр аттуу 9 жаштагы неберем бар.

«КЫЗЫМДЫ БҮГҮН ЖОГОТКОНДОЙ ИЧИМ КУЙКАЛАНАТ»
– Кызым көкүрөгүнөн рак оорусуна кабылып, аны менен 4 жыл алышып, сактап кала алган жокпуз. Эки жыл бою жума сайын гүл көтөрүп анын мүрзөсүндө жүрдүм. Акыры жакындарым “сен кыздын арбагын жайына койбой кыйнап жатасың. Анте берсең, башка балдарыңды же кызыңдан калган небереңди оорутуп алышың мүмкүн. Арбакты коё бер” дешкенинен бир аз сейрегирээк бара баштадым. Бир жолу, жазында алыстан баратып эле көрүстөндүн үстү гүлдү үйүп койгондой кыпкызыл кызгалдакка толуп турганын көрүп, жүрөгүм болк этти. Тимеле атайылап сээп койгондой жыш чыгыптыр. Ошондо толкунданып ыр жазган элем:

Жума сайын гүл көтөрүп барармын,
Мезгил өтөр, дарымын деп бизди алдап.
Бейишиңди берген окшойт, каралдым,
Бейитиңе жайнап чыкты кызгалдак.
Жалган өмүр жылып барат дарылап,
Жаратканга түшүнө албай арыдым.
Жанымда эле жүргөнсүйсүң ар убак,
Жапжаш бойдон кала бердиң, жарыгым…

Кызым мага абдан жакын эле. Бир жолу командировкада жүргөнүмдө телефон чалсам, Гүлсүнай “Мунара тумоолоп калыптыр. Доктурлар эмне болгонун билбей жатышат” деди. Анда кызым үч жаштар чамасында эле. Эртеси учуп келсем, уктап жаткан экен. Аңгыча кошуна эже кирип калды. Жайды түшүндүрүп айтсак, “аа, бул куса болуп жаткан турбайбы, көйнөгүңдү чечип, кызыңды денеңе тийгизип алып отурсаң эле жакшы болуп калат” деди. Ошентип алып отурсам, 6 саат уктады. Ойгонгончо мен кыймылдабай отура бердим. Көзүн ачып эле мени карап күлүп жиберди, көздөрү гана бир аз киртийип калганы болбосо эч нерсе болбогондой ойноп кетти. Дагы бир жолу Германияга командировкага кетип жатып “кызым, сага эмне ала келейин?” деп сурасам, “мага атамды тезирээк алып келиңизчи” деп жатпайбы.

Чоңойгондо Мунара кең далылуу, эркек мүнөз кыз болуп чоңойду. Көптөр эле “ушул кызың уул эле болуп калса болмок” дей беришер эле. Акыркы күндөрү ошол сөздөрдү да кызымдын өлүмүнө күнөөлүү сезе берчү болдум. Балким, Жараткан “силерге уул эле керек беле?” деп кызымдын баласын бизге калтырып, өзүн алып кеттиби дейм да.

Анан да кызым өтө кайраттуу эле. Кайраттуулугуна ал ооруп жатканда таң калдым. Мен рак оорусунан катуу кыйналып, жумалап кыйкырып жаткан адамдарды көргөм. Бирок Мунара кыңк этип үнүн да чыгарган жок. Күн сайын бир органы иштен чыгып жатса да ооруну басаңдатуучу дарыларды сайдырбай койду. Акыркы күндөрүндө “кызым, кандай?” деп жанына барсам, тишин кычыратып гана жата берчү болгон. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Ошентсе да эстеген сайын кызымды бүгүн жоготкондой ичим куйкаланат.

“КУУГУНТУКТАЛГАН ДА КҮНДӨР БОЛДУ”
– Чыгармачыл адам чындыкты бетке айтып, каяшачыл болуш керек. Мен чындыкты айтам деп Акаевдин маалында канча куугунтукталдым? 2001-жылы 50 жылдык кече өткөрөйүн десем, “ким Казаковго маданий имарат берсе, ошол күнү жумуштан айдалат” деп эскертүү беришкен экен. Башкаларга зыяным тийгенче өткөрбөй эле койгонум жөн деп кала бергем. Ошол кезде эгер эле бир кыйшык баскан жерим болсо чукуп чыгышмак. Изилдеп жүрүшүп эч нерсе табышпады. Кийин Бакиевдин заманында да чындыкты бетке айтсам, “бул Майрам Акаеванын айылдашы, Акаевдин кадры” деп чыгышпадыбы кашайтып.

“ОБОН ЖАРАТУУ ҮЧҮН ЖАН ДҮЙНӨ ТАЗА БОЛУШ КЕРЕК”
– Адамдын баскан жолу сыдыргыга салгандай эмес да. Бирде митаамдыкты, бирде мыкаачылыкты, бирде кошоматчылыкты көрүп жатып улгайган сайын жан дүйнөсү кирдейт экен. Ал эми жан дүйнө таза болмоюн жакшы обон жаралбайт. Мен да жаш, оюм таза, дилим таза кезде элге жаккан жакшы обондорду жарата алдым. Азыр андай обондор мага келбейт. Балким, күчкө, тажрыйбага салып жазсам жазылар, бирок мурдагыдай болбосуна көзүм жетет. Ошол себептен обончулукту таштагам. Кээде ойлойм, эгерде менин үй-бүлөлүк муктаждыктарыма жетишерлик киреше тапкан бизнесим болгондо, балким, чыгармачылыкта эле кала бермекмин деп. Чыгармачылыкты багуу үчүн минималдуу болсо да киреше булагы керек экен.

“ЭЛ СЕНИ УКПАСА, ОШОЛ КОРДУК”
– 1981-жылы Ленин Комсомолунун сыйлыгын алдым. 1988-жылы Эмгек сиңирген артисттикти ыйгарышты. 2005-жылы Эл артисти болдум. Мен негизи эле наамга кызыкпайм, наамдын эң бийигин берген күндө да, эл сени укпаса, ошол кордук.
“60 кандай экенинин билбейм, 59 жашым жакшы болчу” деп бир казак акыны айткандай, минтип 60ка да чыгып калдым. Маданият министрлиги менен Коомдук биринчи канал биргеликте менин ырларымдан турган сынак-концерт уюштуруп беришти. Ушул кечени өткөрүүгө чуркап жүрүп мен өмүр бою элден ажырабагандыгымды сездим. Себеби мен эч кимге “демөөрчү болуп бер” деп барган жокмун. Тескерисинче, мага эл арасынан өздөрү чалып, “сынакта бир байгесин мен берейин” деп суранып, “эмне жардам керек?” деп кайрылып жатышты.

Чолпон Сүйүнбаева, “Супер инфо”, №464 23-29-сентябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Добавить комментарий