Бишкек баатыр баяны

Эгемендүүлүк алган жылы борбор шаарыбыз тарыхый атын алган. Жер,суу аттары өзүнүн тарыхына байланыштуу коюлары чындык. Акыркы кездерде баш калаабыздын атын өзгөртүү керек деген пикирди жараткандар жок эмес. Борборубуз Бишкек деген баатырдын ысымын алып жүргөндүгү жөнүндө көпчүлүк биле бербесе да керек. Мына ушул туурасында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корр-мүчөсү, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун Бишкек баатыр жөнүндөгү баянын сунуш кылмакчыбыз.

Моңголдордун 300 жылга созулган каар заманында чачылган кыргыз элин XV – XVI кылымдарда кыргыз хандыгын кайрадан түптөгөн айтылуу Тагай бийдин улуу уулу Боогорстон, андан Эштек. Эштек бир нече аялынан 30 уул көрүптүр. Ошончо баласынын ичинен Солто деген баласы тың чыгат. Ушундан улам эл ичинде “Боогорстондон болгону–Солто” деген сөз калган. Солтонун Күнтуу, Култуу жана Чаа деген 3 уулу болгон. Чаа кичинесинде башы калдайган, курсагы чоң, буттары ичке, 7 жашка чейин баспаган бечел болгон экен. Ошондуктан Солто Күнтуу, Култуу деген балдарына өзгөчө көңүл буруп, аларды кулпунта кийинтип, жакшы ат мингизип, барган жерине ээрчитип, жер таанытып, экөөнөн эл бийлеген азаматтар чыгат деп үмүттөнчү экен. Солто бир курдай Санчы деген сынчыны мейманга чакырып, Күнтуу менен Култууну сынатат. Ошондо сынчы Күнтуу жөнүндө:”тукуму өсөт, көбүнесе алардан аштык айдаган дан багар чыгат, тукумдарынан жакшы, ак ниет адамдар көп болот, бирок алды элге тутка болуучусу ичинде жок” деп кесе айтып, анан Култууга өтөт. Аны да тиктеп олтуруп:”аттары күлүк, кыздары сулуу, жигиттери оюн-зоокко жакын, ырчы, комузчулар көп чыгат. Тукуму өсөт, бирок мындан да элге тутка болуучу көйкашкалар чыкпайт” дегенде Солто бий бозоруп олтуруп калат. Бийдин көңүлү чөгө түшкөнүн байкаган Санчы сынчы:”сенде дагы бир уул болушу керек эле, алып келчи ошону” дегенде Солто бий:”ээ, койчу ошону, уул сыягы деле жок, баспаган бир бечел жатат да” деп кейип калат. Аңгыча обочо жерге тигилген боз үйдөн эптеп жөрмөлөп чыгып, меймандар отурган чоң үйдүн кырчоосун кармап, тизелеп отуруп босогого жеткен Чаа баш багат. Башы калдайган, мойну ичке, маңдайы жарык, көзү чуңкур, бүркүт тумшук, белине чейин жылаңач турган баланы бир карап алып, Санчы сынчы шашкалактап: “кокуй үстүнө чапан жапкыла, сын тайып кетет” –деген экен. Ошондо Чааны ары көтөрүп барышып, жөн эле отурбайсыңбы дешип, бети-башын жуумуш болуп, үстүнө чапан кийгизип, сынчынын астына алып келишет. Ал баланы көпкө карап олтуруп: “Мынакей элдин уюткусу. Душманга намыс бербеген көкжал кабылан, ат качырбас боз айгыр, аң качырбас буудайык, ар-намыстуу баатыр, бийлер ушундан чыгат. Колу ачык, тукумдары жоомарт болот. Элиңдин туусу, туткасы ушул уулуңдун белинде жатат. Муну жакшы кара, атыңды ушул уулуң Чаа чыгарат” деп батасын бериптир. Чаа ушундан 2 жыл өткөндөн кийин, 9 жашында жүгүрүп каптап келе жаткан жылкылар тепсеп кетээрде коркконунан туруп, басып кеткен экен.

Санчы сынчы айткандай эле бүтүндөй манап солтолор, баатыр солтолор мына ушул Чаадан тарагандыгын мезгил өзү тастыктады.

Баса баштагандан эле Чаа тез торолуп, күчкө толуп, өзү теңдүүлөрдөн алп мүчөсү, балбандыгы, эч нерседен тайманбаган курч мүнөзү менен айырмаланып, эл көзүнө көрүнүп, эл башкарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштайт. Кийин өлөр-өлгүчө аттан түшпөй эли-жеринин намысын коргогон, кыргыздын башын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Тарыхый маалыматтар боюнча Чаа бий тарыхый инсандар XVI–XVII кылымдардагы кыргыз-казактын ханы Эшим, арка кыргыздарынын улугу Манап бий, Көкүм бий, Ташкент менен Самарканддын ортосунда жашаган кыргыздарды бийлеген Турсун хан менен замандаш болгон. Манап бий калмактар менен согушта курман болгондон кийин арка кыргыздарын ушул Чаа бий жетектеген.

Чаанын Бөлөкбай (Каракчы), Талкан, Жоочалыш жана Таата деген төрт уулу болгон. Биз сөз кыла турган Бишкек баатыр Чаа бийдин Жоочалыш аттуу уулунун небереси. Жоочалыш калмактар 1635-жылы Жунгар хандыгына биригип, кыргыз менен казактын жерлерин басып алууга аракет кыла баштаган мезгилде, т.а. XVII кылымдын 30-жылдарында туулган. Жоочалыштын балдары Кенен менен Белек эр жетип калган мезгилде, 1640–1650-жылдары калмактар арка кыргыздарын түштүктү карай сүргөн. Кыргыздын сарбагыш-солто уруулары бүт бойдон өз ата конушу Чүй, Ысык-Көл, Теңир-Тоону таштап бери жагы Таш-Көмүр, андан ары Аксы, Ала-Бука, Анжиян менен Наманганга чейинки жерлерге жайгашкан. Аталган эки уруунун бийлери Тынай менен Талкан Ала-Букадагы Сафит-Булон мазарынын айланасын жердегени айтылат.

Санжыра маалыматтары боюнча Кенен баатыр Ала-Бука жергесинде уулдуу болот. Энесинин толгоосу ал сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат. Ошентип баатыр болжол менен 1702-жылы түштүк жергесинде жарык дүйнөгө келип, ошол жерде эр жетип, калмак баскынчыларына каршы күрөштө түштүктө баатыр катары таанылган.

Бишкектин энеси Кубул(Көпуул) кадимки “Олжобай менен Кишимжан” дастанындагы Олжобайды өлтүрткөн жедигер уруусун бийлеген Канкочкордун уулу Кудакенин кызы экендиги такталган.

Кенен баатыр менен Кудаке бийдин өз ара мамилелери мыкты болгон. 45 жашка чейин көргөн уулдарына ичи чыкпаган Кенен тектүү жедигерден үйлөнсөм, тукумум өсөт деген ниетте Кудакенин кызынын колун сурап, ага үйлөнгөн. Кенен баатырдын тилеги кабыл болуп, Кубул болочок баатыр Бишкекти төрөгөн.

БИШКЕК БААТЫРДЫН ЭРДИКТЕРИ
XVII кылымдын 40-50 жылдарында калмактар Кыргызстандын алгач түндүгүн, кийин түштүгүн басып алышкан. Өз мезгилинде Бишкек баатыр менен катар айтылуу Базыл, Нияз жана Жайыл баатырлар кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн жунгар хандыгынын баскынчы саясатына каршы күрөшкөн. 1733-жылы кыргыз-казактын колу биригип, Анархайдагы болгон согушта Бишкек баатыр душмандын гвардиясын жарып өтүп, алардын туусун жыгат. 1746-жылы калмактар Кыргызстандын түштүгүн басып алышат. Бул согушта да Бишкек, Нияз, Базыл, Шажыгай, Жайыл, Садык баатырлар башында турган кыргыз эли калмактарды Фергана өрөөнүнөн кууп чыгышат. 1757–1758-жылдары кытай менен калмак согушунан аман калган калмак жоокерлеринин чоң тобу Ферганага кире качышат. Буларга каршы күрөштү жедигер уруусунан Чоң Мамбет, сарбагыш уруусунан Маматкул, кушчу уруусунан Нарбото бийлер жетектеген. Салгылашуу Көк-Арт өрөөнүндө болуп, солто уруусунан Бишкек, Жайыл баатырлар, сарбагыштан Маматкул бийдин уулдары Болот менен Темир, Чоң Мамбеттин Канай жана Алтай деген уулдары, Нияз, Базыл, Шажыгай баатырлар күрөшкөн. Бул согушта эки тараптан катуу кыргын болуп, кыргыз эли жеңишке жетишкен. Шажыгай баатыр курман болот. Кийин бул жер “Калмак кыргын” деп аталып калган.

Бишкек баатырдын түштүк жергесинде катышкан акыркы согушу 1759-жылы калмак качкындарын жазалоо шылтоосу менен Фергананын чыгыш тоо этектерине чейин кирип келген кытай армиясы менен беттешүү согушу болгон. Бул күрөштө да кыргыздар менен кокондуктардын биргелешкен колу кытай аскерин кырып, ошону менен Цинь империясынын Орто Азияга карата согуштук экспедициясы биротоло токтогон. Ошондой эле Бишкек баатыр Жайыл баатыр менен 1770-жылы 30 миң аскери менен кыргыздарга кандуу чабуул жасаган казактын Аблай ханынан Чүй өрөөнүндө жашаган кыргыздарды сактап калган. Бирок Жайыл баатыр душмандын курчоосунда калып, Аблай хан тарабынан өлтүрүлгөн.

БИШКЕКТИН КОНУШУ
Бишкек баатырдын жай турмушка өтүшү жунгар хандыгынын биротоло талкаланып, кыргыз жеринин душмандардан бошотулушуна байланыштуу. Биз айтып өткөндөй Бишкек Кыргызстандын түштүгүндө төрөлүп, түштүк кыргыздарын калмактардан бошотуудагы эрдиктери үчүн “Туу жыгар” деген атак-даңкка ээ болгондугу санжыра, тарыхтарда айтылып келет.

Солто уруусу Чүй өрөөнүнө көчүп келип, кыштоо, жайлоо бөлүштүрө баштаганда Бишкек баатырдын энчисине адегенде Аламүдүн өрөөнүнүн үстүндөгү Чуңкурчак деген чакан жайлоо тиет. Түштүктө жашап дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүк менен сооданын маанисин жакшы түшүнгөн баатыр жаз алды менен Аламүдүн суусунун куймасындагы Төрт-Күл деген түзөңгө (азыркы Ысык-Көл кинотеатры, эски автобекет турган жер) болжол менен 1760-жылдары өзүнүн 5 уулу менен көчүп келип, адегенде анжияндыктардыкына окшоштуруп ылайдан сокмо там, короо-сарай курат. Ал конуш алган жердин тегерегине акырындап башка адамдар да көчүп келип, Бишкектикине окшоштуруп там салып отурукташа баштайт. Бишкек устачылык менен катар аштык айдап, бакчачылыкты өздөштүрүп, бул кесипти элге жайылтат. Ошентип, Бишкектин конушунун айланасында дыйканчылык менен кесип кылган жарым көчмөн эл жашаган кыштак пайда болгон. Бул тарыхый фактыны азыркы борбор калаабыздын пайдубалынын түптөлүшү катары кабыл алууга толук негиз бар.

Жазып алган Бактыгүл КУЛАТАЕВА, «Эркин-Тоо»

Соц тармактар:

Добавить комментарий