«Акындар жазган ой толгоолор мезгилге баш ийбейт»

Профессионал ырчылардын белгилүү ырларына мыкты музыкаларды жаратып, кыргыз искусствосуна орду толгус салым кошуп келе жаткан, эл аралык, республикалык конкурстардын лауреаты, композитор Райхан Бейшеналиева менен маек курдук.

— Жолдошуңуз Эрик Кадырбаевдин көзү өткөндөн кийин эмнегедир көрүнбөй кеттиңиз? Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
— Тирүү адамга жашоо өтө берет тура, айла жок, кайрып алганга мүмкүн эмес экен. Учурда Щубин атындагы музыкалык мектепте эмгектенип жатам.

— Сиз ар тармакта иштеп келе жатасыз, негизи, кайсынысы жүрөгүңүзгө жакыныраак?
— Ар бир нерсе өз убактысы менен болот экен. Мисалы, радиодогу жумушка бир киришип калсам, чыгышым тозок болчу. Негизи эле бир жумушка киришсем, өтөөсүнө чыкмайынча жаным жай албайт. Мага эч ким жолтоо болбошу керек. Үйдөгү кырдаалды үйгө барып көрөмүн деп, жумуштун орду чоң болчу. Кийин ыраматылык жолдошум экөөбүз он жылдай продюсерликке берилип, ырчыларды конкурстарга даярдап жүрдүк. Жүрөгүмө жакын деп бир кесипти айта албайм, ар биринин өтөөсүнө чыгууну жакшы көрөм.

— Продюсердик кылып жүрдүк деп жатпайсызбы? Белгилүү ырчылардан кимдер менен иштешип, кайсыл конкурстарга бардыңыздар?
— Эрик 1991-жылдан баштап КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганова менен конкурстарга барып жүрдү. Экөөбүз кийинчерээк биргеликте 2000-жылдан 2009-жылга чейин конкурстар менен иштеп жүрдүк. Ал жумушубуз Эриктин каза болушу менен токтоду, уланткан жокмун. Ырчылардан Айгүл Асангожоева, Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, ыраматылык Роза Адилканова, Асел Кыдыковаларды даярдап, «Славян базары» конкурсуна алып барганбыз. Эң акыркы барганыбыз композиторлордун конкурсу болгон. Ырдын сөзүн, музыкасын, аранжировкасын Эрик өзү жазып, конкурска катышуу үчүн ырды Гүлзинат Суранчиевага ырдатып, Астанага алып бардык. Бул жерде композитор, анын ыры жеңип алган. Жеңиш, эмгек — Эриктики болчу. Аткаруучулук чеберчилик жөнүндө сөз болгон эмес. Ошол кезде Гүлзинат деле Эриктин ооруп жүргөнүн билген, көргөн. Бирок ошого карабастан бул жакка келгенде Эриктин атын көп белгилебестен, атабастан, өзүнүн атына басым кылган. Мен ошондо ага абдан нааразы болуп калгам. Кийин Эрик, Гүлзинаттын ал ырды аткаруусуна тыюу салып койгон.

— Асема аттуу кызды да даярдап жүрдүңүздөр эле, эмнегедир тез эле жок болуп кетти?
— Асема Оморова менен кайра иштешүү боюнча ойлор бар. Ал эми анын чыкпай калганынын себеби Эриктин ооруп калганы. Үч жыл төшөктө жатты, мен үч жыл жанынан эч жакка чыккан жокмун. Ал ооруп жатса да иштеп жатты да. Алтынай Жусупова аттуу кызды ошол эле «Славян базары» конкурсуна, андан башка да жаштардын конкурстарына даярдап жүргөнбүз. Эрик чыгармачыл адам болгон соң, төшөктө ооруп жатканына карабастан, ичиндеги ой — толгоолорун ишке ашырайын деген зор күчү менен иштеген. Ал эми мен студияга барып, анын баштаган ишинин аягына чейин жеткиргенге жардам берчүмүн. Андан сырткары да Г. Сатылганова, Г. Тойгонбаева, Анжелика, А. Иманалиева ж.б.ырчылар менен ыр жазып берип иштешип жүрдүк.

— Ырчылардын чет жерге конкурска катышып жүргөндөрүнө салымыңыздар зор экен, ал эми сиздерге кандай пайда болчу эле?
— Чынын айтсам Эрик Кыргызстан дегенде өзүнүн күчүн, энергиясын, тажрыйбасын жумшап: «Мен кыргыз болгондон кийин башка өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандын атын даңазалашым керек» — деп бүткүл жүктү мойнуна алып алган. Жакында эле эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата ырчылар «Кыргызстан» деген ыр ырдап чыгышпадыбы, ошол-Эриктин ыры. Ал Кыргызстан деп жашап жүргөн жигит болчу.

— Эрик байкенин ырларын белдүү ырчылар ырдап жүрүшөт. Ошолордун башын бириктирип, эскерүү кечесин өткөрүү оюңузда барбы?
— Албетте, оюмда бар. Мен азыр ошонун үстүндө иштеп, Эриктин монографиясын жазып жатам. Элге Эрик жөнүндө толук маалыматты бериш үчүн, кечесин өткөрөрдүн алдында китебин чыгарып алайын деген ойдомун. Анда Эриктин өмүр жолу, чыгармачылык жолу, ким менен кандай иштешкен, ошолордун баары камтылат. Жакында китепти бүтүп, басууга берсем концерттин үстүндө иштейм. Китеп менен чогуу дискин чыгарганга да аракет кылыш керек. Ушул үч нерсе бир кечеге камтылат. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Көпчүлүк адамдар ойлоп жатышат: «Эмнеге Райхан Эриктин эскерүү кечесин өткөрбөй жатат», -деп. Мен жөн эле ырчыларды ырдатып, концерт берип койгум келбейт. Эрик кандай иш болбосун профессионалдык менен аткарчу, мен да ошондой профессионалдык менен жасагым келет. Буйруса, эмдиги жылдын күз айларына деп турам. Кудайым колдосун!

— Эрик байке көшөгөнүн артында көптөгөн эмгек кылып кетиптир, сыйлыктары барбы?
— Өмүрү кыска болуп, «Эмгек сиңирген, эл артисти» деген наамдарына жетпей калды. Анын көзү тирүү, ооруп жаткан кезинде документтерин даярдап, министрликке алып келсем биринчи жылы каралбай калган. Ал эми экинчи жылы көзү өтүп кетти. Министрликтен «көзү өтүп кеткен ысымдарга ыйгарылбайт» деп айтышкан. Бирок «Мамлекеттик жаштар үчүн» сыйлыгынын ээси жана көптөгөн конкурстардын лауреаты болчу. Кыргызстанда туңгуч жазылган мюзикл «Махабат жылдызынын» автору. Ал мюзикл — Эриктин эң биринчи чоң, салмактуу чыгармаларынын карлыгачы. Композиторлордун арасынан эң биринчи мюзикль жараткан Эрик болгон. Андан кийин мюзикл жарала элек, эч ким жаза элек. Либреттосу Кыялбек Урманбетовго таандык.

— Ырыңызды берерде ошол ырчынын деңгээлине карайсызбы?
— Албетте, карайм, ал профессионалдуулукка жатат да.

— Негизи, ырдын сөзүн жазгандар илхом келгенде жазабыз дешет, ал эми обон жазыш үчүн атайын олтуруп жазасызбы, же илхом келиши керекпи?
— Ар кандай болот. Мен көп эле акындар менен иштешем. Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, Биримкул Алыбаев, Кыялбек Урманбетов, жаш акындардан Дүйшөн Акимжанов, Кудрет Тайчабаров, Жазгүл Жамангулова, Тынчтыкбек Шайдылдаевдер менен жаңы иштешип келе жатам. Биринчи ырды карайм да көңүлүмө туура келсе олтуруп музыкасын жазам.

— Жаш ырчыларга «эмнеге белдүү акындар менен иштешпейсиңер?» деп суроо берсек,»алардын сөздөрүнө биздин обондор шайкеш келбейт» дешет. Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү?
— Жок, бул — капкайдагы болбогон сөз. Мисалы, мен А. Өмүрканов, Б.Алыбаев, К. Урманбетов, К. Иманалиевдердин сөздөрүнө музыка жазгам. Алардын ар бир жазып жаткан ой-толгоолору мезгилге баш ийбейт, заманга карабайт. Ал эмес классика — А. Осмонов, Т. Кожомбердиевдердин ырларына да музыка жаратса болот. Ошол обон жазып жаткан адам акындын ой-толгоолорун билсе, жеткире алса, ырларга кайсы мезгил болбосун жакшы обон төп келе берет! Ким айтса да кечирип койсун, бирок мен жеке оюмду айтып жатам да. Бул айтылган сөздү туура эмес деп ойлойм.

— Обон жаратып жатканда, ырдын сөздөрүн өзгөртүп жиберишиңиз мүмкүнбү?
— Мүмкүн, бирок сөзсүз түрдө автордун уруксаты менен. Тексттин айрым жерлери кайрыкка туура келбей калышы мүмкүн, үндүү — үнсүз тамгаларды да караш керек.

— Сизге азыркы убакта жалгыздык кайсыл убакта сезилет?
— Мен иштеп жатканда жалгызсырайм. Мурда Эриктин көзү тирүү кезинде, экөөбүз турмушта да, жумушта да бир болуп, бири-бирибизди толуктап турчубуз. Мен музыка жазып жатып оюн сурасам, кеңешин айтып турчу. Ал ыр жаратканда «келсең, уксаң» деп мени чакырчу. Анын эң биринчи сынчысы мен, менин эң биринчи сынчым ал болчу. Азыр музыка жазып жаткан убактарда өзүмдү жалгыз сезем. Ал эми башка учурларда жашоо өтө берет экен.

— Балдарыңыз тууралуу айтсаңыз, чоңоюп калышса керек?
— Мен балдарыма абдан ыраазымын. Алла ыраазы болсун — аларга. Көп учурда балдарым мени колдошот. Эрик экөөбүздүн ортобузда бир уул, бир кызыбыз бар. Уулум 21 жашта, ал Тоо-Кен институтунда 4-курста окуйт. Кызым болсо кичинекей, 2-класста гимназияда окуйт. Балдарым көзүмдү карап, мага жардам берип турушат. Абдан сезимтал балдарым бар. Атасы кандай киши болгонун билишет. Негизи, Эрик абдан жакшы адам болгон. Мен кыска мөөнөт жашасам да, ошондой адам менен жашап, чогуу эмгектенгенибизди ыйык тутам. Балдарым да биздин атабыз ушундай киши болгон деп билишет.

Динара Чокоева, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий