Кыйлоңжыяңдык кыргыздар

РЕДАКЦИЯДАН: Кытайлык кыргыз, белгилүү окумуштуу, профессор Макелек Өмүрбай Кыргызстанга келген күнү Үрүмчүдөн учактан түшөрү менен эч жакка кайрылбастан “Кыргыз Туусуна” сүйүнүчтүү келгендигин билдирди. Профессордун ашыкканынын жөнү бар экен. Көрсө, ал кыргыз тарыхынын Энесайдан башталганынын накта тамырын таап алган кубанычы менен окумуштуулук куржунуна чоң жаңылыкты сала келиптир. Бул жаңылык жалпы кыргыз улуту үчүн баа жеткис эмгек. Анда аны кытайлык кыргыздардын тили менен өзгөртүүсүз окурмандарга жеткирүү үчүн төмөндө гезитибизден орун бердик.

Кыйлоңжыяңдык кыргыздар жөнүндө жаңы ачылыштар

1. Кыйлоңжыяңдык  кыргыздардын жайгашуу орду
Кыйлоңжыяңдык кыргыздар Кытайдын чыгыш түндүгүндөгү Кыйлоңжыяң дубаны Чычыкар
шаарына караштуу Фуйү ооданын уюру дайрасынын жээгинде: географиялык чыгыш узундук 124° 24- 125° 6′ 2, түндүк кеңдик  47°20′ 20-  47° 20 “ 10 жайгашкан.

Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын жайгашуусу Вужазы (беш түтүн) аталган кыштак (Фуйү ооданынын достук айылына карайт) менен Чыжазы (жети түтүн) аталган кыштакта (Фуйү ооданынын Фухай айылына карайт) бир кыйла чогуу отургандан бөлөк, негизинен Фуйү ооданынын ар кайсы айылдарында таракай жайгашкан.

Кыйлоңжыяң кыргыздары 300 жылга жакын убакыттан бери Кытай, Моңгул, Дагур, Манжу сыяктуу улуттар менен аралаш жашайт.

Кыйлоңжыяң кыргыздары Энесай өрөөнүнөн ооп келген кыргыздар болуп, алардын аякка ооп барган убакты так 1733-жылы деген жыл барган сайын такталып жатат. Ал эми жакынкы жылдарда табылган манжуча архывдик материалдар бизди сөз козготуп, бул кыргыздардын жөн-жайын жаңы ачылыштары менен тааныштырууга түрттү.

2. Кыйлоңжыяңдык  кыргыздардын жан саны
Кыйлоңжыяңга 1733-жылы алгач сүргүндөлүп келгенде 276 чамасы киши болгон. 1958-жылкы коом текшерүү материалында кыйлоңжыяңдык кыргыздардын жан саны 154 түтүн, 640 жан киши болуп, алгач сүргүндөлүп келген 200 жыл алдындагыдан үч эсеге жуук көбөйгөн (бул маалыматтарын кайнарын караңыз, 1958-жылы жазылган «кыргыз коом тарыхын текшерүүгө”).

2001-жылкы жалпы жан санакта кыйлоңжыяңдык кыргыздар 1473 киши деп катталган. Булардын Чычыкар шаарына караштуусу (Фуйү ооданында) 1332 киши болуп, 90 пайыз кыргыз ушул жерде жашайт. Мында айрым-айрым айтсак, Вужазы кыштагында 276 киши, Чыжазы кыштагында 151 киши, калгандары таракай жашайт (караңыз, Ву Жанжу кыргыз түзгөн «Нынжаң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу китептин 63-бетине).

3. Кыйлоңжыяңдык  кыргыздардын коомдук жагдайы
Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын коомдук турмушка аралашуусу, жазма маалыматтарда, 1945-жылдан башталган түрү бар. Эң алгачында, 1945-жылы аяк оона айында, кезиндеги совет кызыл армыясы Фуйү ооданына киргенде, ал жердеги Вужазы кыштагындагы кыргыздарга туш болгон. Ошондо, 10 нече кыргыз жаштары кызыл аскерге жол баштоочу болуп жүргөнү жазылган. 1946-жылы Вужазы кыштагындагы кыргыздар Кытай азаттык армиясин тосуп алышкан.

1947-жылы бүткүл кыштак боюнча 200 жан санына жетпеген кыштактан 13 киши Кытай азаттык армиясина жоокер болуп, алардын ичинен Хан ёңчаң ысымдуу кыргыз жигит «жалгыз атчан баатыр» атагын алган (караңыз, 1958-жылы жазылган «кыргыз коом тарыхын текшерүүгө”). 1948-жылы көктөмдө Вужазы кыштагында «көмөктөштүк группа» курулуп, коллективдешүүгө бет алган. Ошол эле жылы кыргыздар тунгуч жолу шайлоо өткөрүп, өздөрүнүн кыштак бийлигин шайлоого жетишкен. Ошондо Вужазы кыштагынын биринчи баш кишиси Ву тефаң аттуу кыргыз болгон. Ал 1949-жылы Кытай коммунисттик партиясина мүчө болгон. Бул Кытай кыргыздарынын ичинде тунгуч Кытай коммунисттик партиясинин мүчөсү болуп эсептелсе керек.

Кыйлоңжыяң кыргыздарынын автономия алышы Кытай кыргыздарынан эң эртеде болуп, 1953-жылы көктөмдө Кыйлоңжыяң Фуйү ооданынын Вужазы кыштагы кыргыз автономия кыштагы болуп курулган. Бул Кызылсуу кыргыз автоном областы болуп курулуудан бир жыл мурдагы иш эле. 1958-жылы коммуналашууда Вужазы кыштагы Фуйү эл корпарациясинин бир өндүрүш атирети болгон.

Кыйлоңжыяң кыргыздарынын коомдук орду көтөрүлүп, 1950- жылдан кийин, дубан, шаар, оодан даражалуу партия курултайына өкүл болгондор 9 киши, дубан, шаар, оодан даражалуу эл өкүлү болгондор 6 киши, дубан, шаар, оодан даражалуу саясы кеңешке мүчө болгондор 18 киши болгон. Ал мансап кармагандар: бөлүм даражадан жогору мансап кармагандар 14 киши болуп, мунун ичинде, орун басар назыр даражалуу бир киши, оодан даражалуу кадир 4 киши, бөлүм даражалуу кадир 9 киши болгон, ал эми кыргыздар автономия алган вужазы кыштагынын башчысы үзүлбөй кыргыздардан болуп келген (караңыз, Ву Жанжу кыргыз түзгөн «Нынжаң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу китептин 8-бетине).

1992-жылы Чычыкар шаарында кыргыз уюшмасы курулган. 1996-жылы кыйлоңжыяң улуттар изилдөө коомунун кыргыз изилдөө тармак коому курулган. Кыйлоңжыяң кыргыздары мына ушул эки коомдун тутумунда изилдөө иштерин алып барып, Ву Жанжу баштаган кыргыз жана башка улуттун окумуштуулары кыйлоңжыяңдык кыргыздарды изилдөө боюнча ондогон макалалар жана бир нече арналуу китептер жазып басмадан чыгарышкан. Анын ичинде эң орчундуусу жана беделдүүсү «Нынжыяң жайлоосундагы кыргыздар» атуу китеп болуп, бул китепти Ву Жанжу (кыйлоңжыяңдык кыргыз) менен Ма Руй түзгөн. «Карбын басмасы» 2009-жылы басып чыгарган кытайча китеп болуп эсептелет.

4. Кыйлоңжыяңдык  кыргыздардын уруулары
Кыйлоңжыяң кыргыздарынын уруулары жөнүндө өздөрү кылымдан бери унутпай айтып келген «Жаныбарым, буурулат» деген ырында мындай ырдалат:

Тоо этектеп чапканда,
Дабындар карап макташат.
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!
Жайлоодо чалкып чапканда,
Гапкандар карап макташат.
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!
Атыздан алыс чапканда,
Үчиктер карап макташат.
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!
Сай бойлото чапканда,
Сайындар карап макташат.
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!
Белес ылдый чапканда,
Белдирдар карап макташат.
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!
Кыр бойлото чапканда,
Кыркыстар карап макташат,
Эми кайдан табамын?
Жаныбарым буурулат!

Бул ырда айтылган кыйлоңжыяңдык кыргыздардын уруулары: «дабын, гапкан, үчик, сайын, белдир, кыркыс» уруулары болуп, буларды Хакас (Энесай) кыргыздарынын урууларына салыштырып изилдеген хакас кыргыздарынын профессору Бутанаев 2005-жылы Кыйлоңжыяңга келип, ал жердеги кыргыз уруулары менен таанышкан соң, мындай карашты ортого койгон: «кыйлоңжыяң кыргыздарынын ушул жогоруда аталган уруулары Энесайдагы хакастардин (байыркы кыргыздардын-мен) дабын, бөлтүр, ичек, сайын болуп айтылган урууларынын катмарында бар» экен (караңыз, Карбын эл басмасынан 2009-жылы басылып чыккан Ву Жанжу, Ма Руй түзгөн «Нынжаң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу кытайча китептин 5-бетине). Ал эми атайын айтып коё турган бир жайыт, ушул күндөгү кыйлоңжаңдык кыргыздардын мурдагы уруулары кытайча фамилыяга келтирилип, дабын (беш) уруусундагылар-ву, белдир (бөлдүр-бөрү) уруусундагылар-лаң, үчек (ичеги) уруу­сундагыла-чаң, кыркыс (кыргыз) уруусундагылар-сы, сайын (саян) уруусундагылар-ча болуп аталып кеткен.

Кыйлоңжыяңдагы урууларды атаганда, «Сары уйгурлар» деп аталган, байыркы Орхон алабынан көчүп келген, азыркы Кунандагы уйгурлардын урууларында да «кыргыс жана саян» деген сыяктуу уруулар бар.

5. Кыйлоңжыяңдык  кыргыздардын маданияты
1940-жылдардан берки маалыматка, 1958-жылкы кыргыздардын коомдук жагдайын текшерүүдө, кыйлоңжыяң кыргыздары алгачында келгенде ак боз үйдө жашашкан. Кийин ак боз үйлөрү жоюлуп, бүт там үйлөрдө турат. Азыркы там үйлөрү бышырылган кыш менен куралган там үйлөрдө турат да, бардыгынын эшигинин алды корук менен курчалган болот.

Бул кыргыздардын кийимдери илгери өздөрү териден жасап алган кийимдерди кийишсе, эми заманбап кийимдерди кийишет. 1980-жылдан кийин Шинжаңдагы кыргыздар менен барды- келдисин улагандан кийин, улуттук кийим катары ак калпак кийгендер маарекелерде көрүнө баштаган.

Тамак-ашы өздөрү менен кошо айдап келген малдын жана кайберендердин этин басым кылган эт азыктары негизги тамагы болуп, этти салып жеш ыңгайы менен, башка кесме, талканды, нанды кошумча оокат катары азыктанган. Кийин эгинчилиги күчөп, аштык тамактар орчундуу орунга өткөн. Аш катыгына көбүнчө жашылча керектемей басым болгон. Азыр кыйлоңжыяң кыргыздары эгинчиликти негиз, малчылыкты кошумча урунуу оокатына өткөн.

Кыйлоңжыяң кыргыздарынын той иштери алгачкы кездеринде башка улуттарга үйлөнбөөнү бек карманган. Ал кийинки кездерде, аны эргеп- тергеген иштер азайган. Тойдо куда болуу, андан соң үйлөнүү тоюн берүү али бар.

Кыйлоңжыяң кыргыздары өлүм узатууда шаман динин негиз этип, шамандар өлүмдүн сыйнатын, жосунун башкарат. Ал сөөктү жерлигине берүүдө бейитке көмүү жана өрттөө эки түрдүү болгон. Кө­мөөрдө ламалар жорумун окуп көмөт, көмгөндө жыгач табыт сандыкка салышат, ал сандыктын ичине өлгөн кишинин тирүү кезиндеги тутунган майда-бараттары кошо көмүлөт. Ал өлгөн кишинин оозуна күмүш, коло теңге же бермет шуру салып коюшат. Сөөктү өрттөөдө ламалар өлүүчүнүн жашын эсептеп көрүп, өрттөөгө ылайыкпы же көмүүгө ылайыкпы өкүм кылышат. Сөөк өрттөлүп узатылган болсо, күлүн таш кутуларга салып, кайрадан жерге көмөт.

Кыйлоңжыяң кыргыздары ислам динине кирбеген. Алар шаман дини боюнча кала берген, шамандарды алар илгерки кыргыздар сыяктуу эле «кам» дешет. Камдар оору- сыркоону эмдеп- домдоо аркылуу айыктырганга аркеттенет. Эртерээкте, алардын тооп кылганы жылан пири болгон экен. 1940-жылдан мурда алар кагаздан жыландын кебетесин кыйып алып, дубалдарына чаптап ошого тооп кылып жүрүшкөн. Кийинче лама дининин таасири кыйла көп болгон. Алар түлөөнү «обоо» таштарга, терек пирлерине беришет. Жылдыз пирине атаган «шам жагуу» салты да бар.

Кыйлоңжыяң кыргыздарынын тили
Кыйлоңжыяң кыргыздарынын тили жөнүндөгү маалыматты 1980- жылы профессор Ху Жынхуа текшерип, тил өзгөчөлүгүн майдалай жазып чыккан (караңыз, «Тил жана Котормо» журналынын Кыргызстан жазуусундагы 2009-жылдык кошумча санына). Ошол тилдик материалдарга негизделгенде, кыйложыяңдык кыргыздар байыркы энесай кыргыздарынын тил өзгөчөлүгүн сактаган. Бирок кыйлоңжыяңдык кыргыздардын мансаптары, окумуштуусу Ву Жанжу 2006-жылы тил жагдайын текшерип көрсө, азыр кыргызбыз деп катталып турган 1473 кишиден 22 киши гана өз тилин билет дегенге кирет экен. Анын ичинде сүйлөмдөрдү жана бир кыйла турмуштук сөздөрдү биле тургандар 3 киши гана болгон. Азыркы колдонгон тили Кытай тили болуп эсептелет (караңыз, Ву Жанжу кыргыз түзгөн «Нынжаң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу китептин 244-бетине).

Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын элдик адабият-көркөм өнөрү өзүнчө жазылып калган болуп, кытай тилинде «Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын элдик адабият-көркөм өнөрү» аттуу арналуу китеп «Кыйлоңжыяң кыргыз уюшмасы» жагынан 1997-жылы басмадан чыккан. Бул китепте «Ак боз аттын уламышы», «Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын көчүп келүү уламышы» сыяктуу 7 уламыш, «Жерди сагынуу», «Жаныбарым, буурулат» сыяктуу 14 ыр, «Кыргыз бийи» сыяктуу эки бийи, «Тоодон түшкөн ак боз ат» сыяктуу 2 театр бар. Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын ушул күнгө жеткен улуттук адабиятинин «ала каптын кагынчыгы» болуп турганы – ушулар.

Кыйлоңжыяң кыргыздарынын окуу-агартуусу 1940-жылдардын соңунан баштап оозго алына баштаган. Андан мурда, алар жазуу жана окуу дегенден кабарсыз бойдон калышкан. 1949-жылы кыргыздар жыйнакы конуштанган Вужазы кыштагында тунгуч башталгыч мектеп курулуп, 18 окуучу мектепке кирген. Окуу тили кытай тили болгон. Ал мектептин башчысы Ву Бада аттуу кыргыз болгон. Ушул жерде атайын айта турганы, 1940-жылдары кыйлоңжыяң кыргыздарынан Ву Фучаң деген кыргыз жигит жапонго окушка барып, жогору окуу жайында окуган. Бирок бүтөрбөй жатып кырсыкка кабылып мертинген. Ал кыйлоңжыяңдык кыргыздар ичинен тунгуч жогору окуу жайында окуган окуучу болуп эсептелет.

2000-жылкы маалыматта толуксуз ортону окуган 530 киши, толук ортону окуган 189 киши, жогору окуу жайынан арналуу кесип бүткөн 44 киши, толук курс бүткөнү 23 киши, аалым шакирттикте окуган 7 киши болгон (караңыз, Ву Жанжу кыргыз түзгөн «Нынжыяң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу китептин 6-бетине).

Кыйлоңжыяңдык кыргыз-дардын азыркы жашап жаткан конуштарына жакынтадан бери жаңы улуттук маданият түсүн киргизүү жумушу да иштелген. Вужазы кыргыз кыштагында кыргыздардын этнографиялык жаңы конушу салынып, анда кыргыздардын улуттук турмушу көрсөтүлгөн «Кыргыз этнография сарайы» салынган. Ал эми кыргыздар отурукташкан Фуйү фирмасина «кыргыздардын чыгышка ооп келүү эстелик балбал ташы» коборулган.

6. Кыйлоңжыяңдык кыргыздарды изилдеп таануу
Кыйлоңжыяңдык кыргыздар 1733-жылдан баштап, 1757-жылдар аралыгында эки жолу Кыйлоңжаңга ооп келгени менен, ошондон 200 жыл чамасы, коомчулукка ал кыргыздар жөнүндө маалымат берилген эмес. Кадиресе өздөрүн «кыргызбыз» деп айтууга чамалары келсе да, башка улуттар аларды ойроттор, моңгулдардын бир уруусу деп айтып жү­рүшкөн (караңыз, «Кыргыздардын коомдук тарыхын текшерүү» аттуу кытайча журналдын 1987-жылы «Шинжаң эл басмасынан» чыккан нускасынын 99-бетине).

Ал эми кыйлоңжыяңдык кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалымат 1940-жылы жапондар чыгыш түндүк архив мекемесин ээлеген, ошондогу маалыматтарга таянган «Инген дубанындагы 4 оодандын жер маселеси» аттуу баянында Кыйлоңжыяң ооданында 8 түтүн, 49 жан кыргыз бар деген маалыматы болуп, бул маалымат эң алгач басма бетине жарыяланган кыйлоңжыяң кыргыздары жө­нүндөгү кабар болуп эсептелинет. Андан кийин, 1943-жылы жапондук окумуштуулар Манжу-рыядагы моңгул элин иликтеп жүрүп, Фуйү ооданы Вужазы кыштагынан кыргыздарды кезиктиргенин «Чычыкар гезити» аталган гезитке жарыялаган. 1944-жылы жапондук Ши юанжың деген окумуштуу Фуйү ооданы Вужазы кыштагына барып, кыргыздарды иликтеп, «Кыргыздарга айылчылап» аттуу макала жазып, «Түндүк кашаа» деген маалыматтын 1945-жылдык 5-санына жарыялаган. Бул 40-жылдардагы маалыматтар ошол кездеги Манжурыяны ээлеген жапондар ичинде гана билинип кала берген түрү бар.

1952-жылы Нынжыяң аймагынын төрагаси Ю Йыфу текшерүү гуруппасин уюштуруп, кадиресе өзү кыйлоңжыяң кыргыздарынын Вужазы кыштагына барып коомдук текшерүү алып барган. Ал кыргыздар жөнүндө «Нынжыяң жайлоосундагы кыргыздар жана алардын мекен сүйөр өндүрүш планы» аттуу макаласын жазып чыккан. Анын ичинде, кыйлоңжыяңдык кыргыздардын коомдук түзүлүшү боюнча иликтөөсүндө, кыргыздардын алты уруусу бар экенин, алар: «Табын, ичек, гапкан, сайынлы (сайын), болторы (бултур), кыргыс». Алар Кыйлоңжыяңдын ар кайсы айылдарында таркай жашарын баяндаган.

1958-жылкы бүткүл Кытай мамлекети боюнча аз улуттардын этнографиясын текшерүү зор кыймылы кыйлоңжыяңдык кыргыздарды жалпы текшерүүгө жакшы жагдай жараткан. Мында атайын алты кишиден куралган бир текшерүү гуруппасы кыйлоңжыяңдык кыргыздар жайгашкан Фуйү ооданында бир айлык текшерип изилдөө алып барып, «текшерүү баяндамасын» жазып чыгып, 1963-жылы ырасмий жарыялаган. Бул эмгек 1986-жылы «Кыйлоңжыяң улуттар желелеш журналы» аттуу Кытайча журналда жарыяланган. Ошол эле нускасы 1987-жылы «Шинжаң эл басмасынан» чыккан «Кыргыздардын коомдук тарыхын текшерүү» аттуу Кытайча жыйнакка киргизилип жарыяланган. Бул 1958-жылдагы текшерүү материалы бүгүнкү күндө кыйлоңжыяңдык кыргыздарды жалпы жагынан билүүгө алып барган беделдүү баян болуп эсептелет.

Ал эми ушул жолку кыйлоңжыяң кыргыздарын текшерүү материялинда 1. Тарыхы өзгөрүштөрү 2. Экономикаси 3. Заттык турмушу (маданияти) болуп үч чоң жагынан баяндалган. Бирок ошол кездин шартына жараша көбүнчө ал кыргыздардын коллективдешүү, кооперациялашуу жагын баяндоого көп орун берген, ал эми кыйлоңжыяңдык кыргыздар Шин- жияңдин памыр   бийиктигинен келген деген жаңылыш тыянакты келтиргенине карабай, бул материал бир кыйла толук маалыматтары менен беделдүү текшерүү  баяндама болуп калган.

1980-жылы борбордук улуттар университетинин профессору Ху Жынхуа кыйлоңжыяң кыргыздарынын тилин текшерип, алардын тилинин фонетикасы, лексикасы жана грамматикасы боюнча жанжактылуу маалымат берген. Андан кийин да Ху Жынхуа профессор көп жолу кыйлоңжыяң кыргыздарын жанжактылуу текшерүүдө болду. Мисалы, 2002-жылы, кыргызстандык таанылуу түрколог Кадыралы Коңкобаевди, 2005-жылы Хакас окумуштуусу В.Бутанаевди баштап келип, кыйлоңжыяң кыргыздарын тааныштырып, алардын көөнүн бул кыргыздарды изилдөөгө бурду. Бутанаев азыркы Хакастар менен кыйлоңжыяңдык кыргыздардын уруулук байланышы жана тил тутумдаштыгы бар экен деген баамын айткан.

1986-жылдан кийин кыйлоңжыяң кыргыздарынын тегин териштирүү изилдөөсү тереңдешкен. 1986-жылы Жу Гошин аттуу окумуштуу (кыйлоңжыяң тарых изилдөө ордунун мурдагы башчысы) «Фуйү ооданындагы кыргыздардын ооп келүү себеби, жылы жана келген жолу жөнүндө» деген макаласын «Кыйлоңжыяң улуттар желелеш журналында» жарыялаган. 1990-жылы Йү Шөбиң окумуштуу (кыйлоңжыяң университети ажайыпканасынын изилдөөчүсү) Кыйлоңжыяң Вужазы кыргыз кыштагына текшерүү- изилдөө алып баруу аркылуу «Чыгыш түндүк кыргыздарынын өзгөрүштөрү жана жалчышы», «Чыгыш түндүк кыргыздарынын балыкчылык, аңчылык өндүрүшү», «Чыгыш түндүк кыргыздарынын дене тарбиясы жана элдик оюндары», «Чыгыш түндүк кыргыздарынын ата-баба арбактарына сыйы­нуусу» сыяктуу 10 нече барча макала жазып жарыялаган. 1991-жылы Жаң Тайшаң сыяк­туу окумуштуулар (кыйлоңжыяң архилогия текшерүү ордунун изилдөөчүсү) «Энесай дайра боюнан келген кыйлоңжыяңдык кыргыздар» аттуу макаласын «Кыйлоңжыяң улуттар желелеш журналында» жарыялаган. Булардан бөлөк, кыйлоңжыяңдык кыргыздардын окумуштуусу жана мансаптары Ву Жанжу кыйлоң- жыяңдык кыргыздар боюнча ондогон макалалар, үч китеп жазып тааныштырган (ал макалаларын караңыз, «Нынжаң жайлоосундагы кыргыздар» аттуу китебине).

2001-жылы, кыйлоңжыяң кыргыздарынын теги боюнча изилдөөнүн жаңы ачылышы болгон. Ошол жылы Ву Юанфың аттуу манжу окумуштуу (мамлекеттик 1-тарыхы архив мекемесинин манжу тил бөлүмүнүн башчысы) «кыйлоңжыяң улуттар желелеш журналынын 2001-жылдык 1-санына «Кыргыздардын чыгышка ооп Кыйлоңжыяң районуна келгендигин ырастоо» аттуу макаласы жарыяланып, ал макалада, кыйлоңжыяң кыргыздарынын чыгышка ооп келген убакты, келүү себеби, келген адам саны жөнүндө манжу тили архивында сакталып калган материалдарга негиз далилдегенге далалат жасайт. Бул макаланын майнабы кыйлоңжыяңдык кыргыздардын түбү-теги, байыркы конушу аныкталып, байыркы Энесайдагы кыргыздар менен бул кыргыздардын түбүн барып кошууга алып барат.

7. Кыйлоңжыяңдык кыргыздардын чыгышка ооп келиши
1) чыгышка ооп келүү жылы. Архив окуган Ву Юанфыңдын маалыматы боюнча, Кытай мамлекеттик 1-тарыхы архив мекемесинде чың падышалыгы доорунан калган (Кытайда 290 жыл бийлик жүргүзгөн падышалык) 200 миңге жакын манжу тилинде жазылган архив сакталуу экен. Ошонун ичинде кыйлоңжыяңдык кыргыздарга байланыштуу 26 архив окул­ган болуп, бул архивдарда азыркы кыйлоңжыяң кыргыздарынын бул жерге келүү убакты жана сүрүлүп келүү себеби жазылган.

Манжу тилиндеги 26 архивдагы маалыматта кыйлоңжыяңда азыр жашап жаткан кыргыздар биздин санактын 1733-жылы 28-апрель моңгул жоокерлеринин коштоп айдап көчүрүүсү аркылуу, 28-август 1-түркүмдөгү 200 кыргыз 3 ай чамасы жол тартып, Кыйлоңжыяңдын Чычыкар шаарынын четине жеткирилип, жергиликтүү бийликке өткөзүп берилген. Жергиликтүү бийлик аларды бештен бөлүп таратып конуштанткан.

Ал  экинчи түркүмү биздин санактын 1757-жылы 4-май 281 кыргыз үч топ кылынып, ар бир топту 30-40тан моңгул жоокери айдап 26-июн, үч ай жол тартып, Кыйлоңжыяңдын Колунбор деген жерине жеткирилген. Ал жерлик бийлик аларды да таратып жайгаштырган (караңыз, Кыйлоңжыяң жаңжүн бийлик башкаруу мекемесинин манжу тилиндеги архивдын 1733- 2 – номуруна? Ву Юанпың).

2) Чыгышка ооп келүү себеби. Архивдик материалды окуган манжу окумуштуу Ву Юанпың ушул эки түркүм боюнча айдалып көчүрүлүп келген кыргыздардын көчүрүлүү себебин мындай чечмелеген:

1-түркүмдө кыргыздардын көчүрүлүү себеби. Өз кезинде, Энесайдан түштүккө оогон кыргыздардын бир бөлүгү Эдил жайыгында малчылык менен жашап турушкан. Бирок, ал кыргыздар барган сайын батышка бет алып, Тес дайрасынын алабына жыла баштаганын ошол кезде ал кыргыздарды бийлеп турган чың бийлигинин жергиликтүү мансаптары «кыргыздар дагы батышка ооп кетчүдөй, бизден алыстап бара жатат» деп чың эмпираторуна чагым жасайт. Эмпиратор дароо коолу түшүрүп, ал кыргыздарды жер оодартып, чыгышка сүрүп келүү коолусун түшүрөт. Анда Бокой, Бадай сыяктуу кыргыз аксакалдары «өлтүрсөң да көчпөйбүз» деп бекем турушканда, бийлик черүү салып, аларды үч топко бөлүп, черүүнүн бекем кайтаруусу менен көчүргөн. Мында, биринчи түркүмдөгү кыргыздарды көчүрүүнүн себеби башка бийликке кошулуп кетет деген ой менен, өзү башкарган чөлкөмгө айдап барып тоздурган. Көчүрүп барган соң аларды таратып жайгаштырып, качырып жибербөө үчүн катуу көзөмөлгө алып, атайын жоокерлер кайтарып жүрүшкөн.

Архивдик маалыматта, 1-түркүмдө айдалып көчүрүлгөн кыргыз 276 жан киши болуп, алардан эрлер 51, ургаачылар 61, уул балдар 77, кыз бала 57. Мындан кулу 6, күң 12 болгон. Кул бала 9, күң кыз 3 болгон. (караңыз, Кыйлоңжыяң жаңжүн бийлик башкаруу мекемесинин манжу тилиндеги архивдын 1733- 2 – номуруна ? Ву Юанпың). Бул кишилер Кыйлоңжыяңга айдап барылгандан кийин, Чычыкарга 116 кишини, Моргинге 72 кишини, Кыйлоңжыяңга (азыркы Фуйү) 88 кишини бөлүп берген. Алар андан ары ар кайсы кыштактарга таратып конуштанткан. Ал тургай архивда кайсыл кыргызды кайсыл кыштакка, кимдин колуна бөлгөндүгү да ысмы боюнча жазылып калынган. Ал бул түр­күмдөгү кыргыздар Эдил дайрасынын батыш жагындагы Тес дайра алабынан айдалып, Эдил дайрасын кечип өтүп, Карка моңгул жайлоосун тепчий басып, андан соң бүгүнкү Кыйлоңжыяңга жеткирилген. Архивда айтылышынча, бул түркүмдөгү кыргыздарды малы менен кошо айдаган түрү бар.

2-түркүмдө кыргыздардын көчүрүлүү себеби. 1757-жылы чың бийлиги Жуңгар Дабачынын козголоңун тынчытып болгон эле. Бирок кийин Жуңгардан Амурсана козголуп, чың эмпириясынан бөлүнүп чыгуу козголоңун көтөрөт. Аны тынчыткан чың бийлиги Жуңгардагы кыргыздар да бир күнү «бет бурат», «алардын да ою бөлөк» деген чагым менен, ал жердеги ойрот моңгулдар менен кошо кыргыздарды да чыгышка сүрүү коолусун түшүргөн. Бул жолу кыргыздардан 181 киши сүргүндөлгөн. Алардын мал-дүйнөсү тартып алынып, үч ай убакыт ичинде Кыйлоңжыяңдын Колонбор деген жерине жеткирилип, ал жерден таратып жергиликтүү Солондорго кул кылып бөлүп берилгени жазылган.

Ушул жерде атайын эскертип өтө турган бир жайыт, кыргыздардын чыгышка сүрүлүүсү, 13-кылымда, Юан падышалыгынын тушунда (1293-жылдары) кыргыздардын Орусту (аз, азык) уруусун негиз кылган бир тобун Кубулай чыгышка сүрүп, Жавжу аймагына жана Корумду деген жерге эгинчиликке салганын юан тарыхы дегенге жазганы бар. Мында, ойго келген нерсе, ошол 13-кылымда сүрүлүп барган кыргыздар менен баятан айткан 18-кылымдын башында сүргүндөлүп барган кыргыздардын кандай байланышы бар? Ал Кыйлоңжыяңга аралыктан 20 нече жыл өткөн экинчи түркүмдө барган кыргыздардын 1-түркүмдө айдалган кыргыздар менен байланышы болгонбу? деген суроонун жообун улантуу изилдөөгө арзыйт.

Мен жогорку материалдарды өбөлгө кылып, кыйлоңжыяң кыргыздарын кыргыз тилинде тааныштыруу максатында бул макаланы материалдардан кураштырып жазып чыктым. Пайдаланган эмгектердин ээлерине ыраазычылык билдирем.

Кармиштегин Макелек ӨМҮРБАЙ уулу,
Кытайдан чыгуучу «Тил жана котормо»  журналынын  башкы редактору,
профессор, филология илимдеринин доктору
“Кыргыз туусу”, 30.09-04.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий