Өмүрдүн өр жолунда бара жатып…

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кадыркул Өмүркуловдун бейнесине сүртүмдөр.

Улуттук жазма адабиятынын белгилүү ысымдарынын бири – СССР кинематографисттер жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург Кадыркул Өмүркулов. Анын “Жылдыздуу түн”, “Жер касиети”, “Акжолтой”, “Миң булак”, “Мөңгү муңу”  аттуу повесттер жана аңгемелер жыйнактары, орус тилинде онго жакын китеби которулуп басмадан жарык көргөн. Ал эми кино жаатында анын сценарийи боюнча тартылган 50дөн ашык кинотасмалар бар. Ошонун ичинен 12 көркөм тасма, калганы даректүү, илимий популярдуу жана телефильмдер. Алардын дээрлик көпчүлүгүнө эл аралык кино фестивалдарда байгелер ыйгарылган. Алтоосуна режиссёрлор дипломдук иш жактаган. Ал Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиев, Г.Базаров, Ү.Ибраимов, Ж.Сооданбек ж.б. кыргыздын мыкты кинорежиссёрлору менен иштешип келген. Анын башкалардан айырмасы чыгармаларын кыргызча, орусча бирдей жазат. “Эл достугу” орденинин, “Даңк” медалынын ээси. Чыгармачылык менен катар  маданият тармагында анын сиңирген эмгеги зор. Кыргыз Мамкино, Мамлекеттик телерадиосунда, Жаңылык басылмалар агенттигинде жооптуу кызматтарды аркалаган.  КУУнун профессору,  учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде  киноискусст­восунун жаш таланттарына устат катары узанууда.

Нуркамал акындын уулу
Мына ушундай чоң тагдырдын ээси болсо дагы Кадыркул агайдын улуу жөнөкөйлүгү суктандырат. Жупуну турушу менен жумшак мүнөзү, ар качан кең пейили менен адамгерчиликтин бийиктигин билдирип турган жылдыздуу жүзү аны жакшы адам катары дагы  өзүнө жакын тартып турат. Анын өмүр таржымалы дагы кызык.

Кадыркул Өмүркулов азыркы Сокулук районундагы Жыламыш айылынын кулуну. Өмүрдүн жолу балалыктан башталат эмеспи.

Кадыркул Өмүркуловдун өмүр таржымалын маданий чөйрө бүт билет. Ант­кени ал чыгармачыл үй-бүлөдө туулуп-өсүп, өзү дагы чыгармачылыктын кенч издегендей керемет жолуна түшкөн тагдыр тапкан. Апасы Нуркамал Жетикашкаева кыргыз кыздарынын ичинен биринчи чыккан акын. Атасы Өмүркул Жетикашкаев  режиссердук кесиптин алгачкы карлыгачтарынан.  Өкүнүчтүүсү согушка кетип, келбей калган. Белгилүү режиссер катары анын брону болгонуна карабастан, Ленинграддагы алааматка өзү суранып кеткен. Ошондо  болочок эл жазуучусу Кадыркул 1 жашка гана кадам коюп, атасынын жүзүн элестете албай калды.

Көргөндөрдүн айтуусунда Нуркамал эже уулун көтөрүп алып, өмүрлүк жары Өмүркулду вокзалдан узаткан экен. Ошондо бир жаштагы уулу кичинекей алаканы менен  апасынын көзүнүн куюлган жашын аарчыганын көрүп,  карап тургандар ыйлашкан экен. Согуштан курман болгон  Өмүр­кул Жетикашкаевдин кабары башкалардай эле бул үй-бүлө үчүн чоң жоготуу эле.

Кийин Нуркамал эже белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшевге турмушка чыгып, Кадыркул агай ошондон а кишини  “ата” деп өстү. Касымалы Жантөшев да баланы өз бооруна тартып, аталык мээримине бөлөп чоңойтту. Билим, тарбия берди. Нуркамал эже катуу ооруп, 34 жашында ааламдан көзү өтүп кетти. Жаш калган уулу он алты жашка чейин Кадыркул Жантөшев деп аталып жүрдү. Мектепти бүтөрдө паспорт алууга камданып , ошол арада ага өгөй энеси Касымалы анын өз атасы эместигин айтып салды. Жүрөгүн экиге тең бөлгөн чындыкты ошондо билди, ага чейин атам Касымалы деп жүргөн.

Өгөй апанын сөзүнөн кийин ата-баланын ортосунда  олуттуу сөз болду. Канткен менен К.Жантөшев талант­туу жазуучу катары да, адам катары да таза, бийик инсан болгонун көбү айтып жүрүшөт. Бул тууралуу Кадыркул агай мындайча эскергени бар: “Ортобузда ошондо психология­лык татаал мамиле түзүлүп калды.

– Менин атам башка киши беле? – деп сурадым.

– Уккан турбайсыңбы? – деп койду. Кимден уктуң, ал эмне үчүн айтты, дагы эмне деди деп бир сураган да жок. Мен атамды жакшы көрчүмүн, ошо ата деген бойдон калдым. Атам эртеси документимди жаздырып алып келип берген. Кыйын абалда калганын сездим, ошондо дагы жаман сөз айткан жок. Ал абдан таза пейил адам болчу. Замандаштары ушул кезге чейин Касыкемдей таза пейил адам чанда болот деп калышат.  Түз сүйлөгөн, түз жүргөн, калыс, жазуучулардын арасындагы болуп келген интригаларга кошулбаган, болбогон иштерге аралашпаган адам экен. Кай жерде болбосун оюн ачык айтып, кең пейил болгон. Бир факт.

Ушу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун илгери “Жамийла” повести Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп жатканда бир топ жазуучулар өздө­рүнчө каршы иш уюштуруп, бул чыгарма андай сыйлыкка татыктуу эмес деп кат даярдашып, ар кимге кол койдурушуптур. Ошондо атама да келишкенде, кол койбой койгон экен.  “Мындай болбойт, койгула” деп макул болбой басып кеткен экен. Кийин, кийин Чыкем да кези келгенде мага “Атаңдай калыс, түз сүйлөгөн киши чанда болот” деп көп айтып жүрдү.

Чыкеме ошондо атам батасын бергендей болуптур. Чыкем ошол учурда жаш эле да. Атам улуу муундагы жазуучулардан эмеспи”, – дейт Кадыркул Өмүркулов.

Тарыхый үйдүн тагдыры…
Азыркы Бишкек шаарындагы “Россия” кинотеатрынын каршысындагы жолдун аркы өйүзүндө эки кабат чакан үй турат. Бул эски үйдүн улуттук маданиятыбыз менен искусствобузда өзүнчө тарыхый орду бар. Кыркынчы жылдары эки кабат үй деген бул шаарда  укмуш көрүнчү.

Экинчи жагынан алып караганда ал үй ыйык сезилет. Анткени анда маданият менен искусствонун залкарлары Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Осмонкул Бөлөбалаев, Касымалы Эшимбеков, Саякбай Каралаев, Шаршен Термечиков, Мукаш Абдраев, Касымалы Жантөшев, Асылбек Эшмамбетов деген залкар комузчу ж.б. жашачу. Атай Огонбаев, Райкан, Мидин бул үйгө ат тезегин кургатпай келчү экен. Ошондон бул үй мен деген таланттар келген көркөм өнөрдүн куттуу ордосу болгон. Бирок ошол үйдүн тарыхый орду унутулуп, колдон-колго өтүп, азыр базар экономикасынын шартынын шылтоосу менен башка максаттарга колдонулуп калган. Мына ушул үйдө Кадыркул Өмүркуловдун таттуу кыял бала чагы өтүп, ада-бият менен искусствого тартылган эле.

“Биз жашаган үйдү азыр көрсөм дагы ичим сыдырылат, – деп калды биз бир маектешкен кезде, – ошол залкарларды көрүп чоңойдум. Күн сайын чогулуп, жолугушуп, укмуштуу меккедей болгон үй эле. Ушул үй тууралуу бир нече ирет мэрияга, президенттерге чейин кайрылып келе жатам.  Ушул үйдү өзүнчө бир маданий музей кылып ачса сонун болот эле. Ар бир бөлмөдө залкарлардын изи бар, касиеттүү жай. Азыр ал үйдүн касиетин кетиришип, ар кандай жарнама ж.б. максаттарга жумшалган абалда турат. Жанынан өтүп бара жатканда жүрөгүм ооруйт. Муса Баетовдун үйү азыр түрктөрдүн кафесине айланыптыр. Эгерде маданий музейге айланса улуттук намысыбыз болот эле.  Дагы эле кеч эмес, мамлекеттик деңгээлде коргоого алынса болот.  Жок дегенде ошондо жыйырмага жакын залкарлардын аты аталып, жаш муундарга тарбия болмок”, – дейт эл жазуучусу.

Киного кеткен жолдо
Кадыркул Өмүркуловичте алгач кино жагына багыт алам деген ой жок, тарых факультетине барам деп жүргөн. Мектепти бүтүп жатканда Москвадан киночулар келип калышты. Көрсө атасы Касымалы Жантөшев “Тянь-Шандын кыздары” деген алгачкы көркөм тасманын сценарийин жазган экен.

Ошого кинорежиссер, операторлор келген экен. Ошондой кесиптердин бардыгын ал биринчи угушу. Ошол алгачкы кыргыз киносундагы башкы ролдордо Муратбек Рыскулов менен Жамал Сейдакматова ойногон. Ошондо кино тартуунун кызыгы аны сыйкырлап алгандай болду.  Мурун мектепте сахнага чыгып, оюнга катышып, кээде балдарга оюндун жүрүшүн жазып берчү. Москвалык режиссерлор, операторлор Жантөшевдин үйүндө жүрүп калышкан эле. Кээде алар менен сүйлөшө калганда, анын ышкылуусун сезишкендей  киносценаристтик окууга барууну сунуш кылып калышты. Ошондо терең маани берип, көңүлдөнүп, мурун жазгандарын кайра карап, ойлонуп калды. Окууга барыш үчүн чыгармачылык конкурска катышуу керек экен. Бир сценарий жазып, калың дептерге көчүрүп Москвага жиберсе, жооп келсе болобу. Кандай кубаныч, анткени конкурстан өтүптүр. Анан экзамен тапшырууга чакыруу келди. Барып, экзамендерге да жакшы даярданып, окууга өттү. Бирок, ошол учурдагы мамлекет башчысы Н.Хрущевдин Жарлыгы бар эле. Анда чыгармачылык окуу жайларына эки жылдык эмгек тажрыйбасы менен келиш керек. Ошон үчүн аны кайра жиберишти. Фрунзе шаарына келип “Красный металлист” деген заводдо үч жыл слесарь, токарь болуп иштеди. Ошондон кийин кинематография институтунун  сценаристтик факультетине барып окууга өттү.

Эң алгачкы жолу “Бурма” деген аңгемеси экинчи курста окуп жатканда  “Советская Киргизия” гезитине чыкты. Мына ошол аңгеменин тагдыры кызык болду. Таланттуу режиссер Динара Асанова да ошол жерде окуп жаткан. “Мага сенин ушул аңгемең жакты, муну мен дипломдук ишке кино кылып тартайын” деп сунуш кылды. Макулдашып, кино тартууга Кыргызстанга келсе, жакшы кабыл албай коюшкан экен, тартылбай калат.

Бирок баягы аңгеменин тагдыры уланат. Кино режиссер Жалил Сооданбек жаңы окууну бүтүп келип, дипломдук ишине баягы “Бурманы” киностудияда сценарийи кабыл алынгандыктан, кино тартып калат.   Азыр Жалил Сооданбек Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү режиссер. Бул аңгеме негизи эле ак жолтой чыгарма болот.

“Бакайдын жайытына” 45 жыл болду
Кадыркул Өмүркулович өзү дипломдук курска келгенде “Эски тегирмен” деген киносценарий жазган. Бүтөйүн деп калганда Төлөмүш Океев менен таанышып калып, Фрунзе шаарына келген. Ал ошол учурда жогорку режиссердук курста экен.

Сүйлөшүп олтуруп, чыгармачылык көз караштары дал келгендей жакын мамиледе болуп калышат. Жылдыздары келишкен эки талант кийин дипломдук иштери тууралуу бир бүтүмгө келишет. Экөө тең улуу тоонун боорунан учуп чыккан айылдын балдары. Балалык кездерди эстеп олтуруп, ошо тууралуу жакшы кино тартууну максат кылышат. Башкы каарманы жылкычы болуш керек. Бирге олтуруп алып кеңешип, ойлонуп, күн сайын пикир алмашуу, талаш-тартыштар менен жарым жылда “Бакайдын жайытын” жазышат. Түшкө чейин күнүгө сырдашып, талашып-тартышып, түштөн кийин өз-өзүнчө ишке киришишет. Ошо менен Кадыркул Өмүркулович дипломдук ишине деген мурунку сценарийин токтотуп “Бакайдын жайытын” жазат.

Москвада сценарийди жактырышат. Ошентип дипломдук иши – “Бакайдын жайыты” жаралат. Ал кино тасманын даңазасын кыргыз журтчулугу жакшы билет. Союздук деңгээлге чейин сөз болуп, азыр дагы миң-миңдеген көрүүчүлөрдүн кайра көрсө да кайталап көргүсү келген сүйүктүү чыгарма болуп жашап келет. Мына ошол кино тасмага быйыл 45 жыл толот. Ушул чыгарма үчүн  ага Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Андагы баш каармандарды ойногон кыргыз искусствосунун залкарлары Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозова, Советбек Жумадылов арабызда азыр жок, ааламдан өтүп кетишсе да ошол образдары аркылуу тирүү бойдон экранда жашап калышты. Ошондогу  Бүбүсара Рыскулова, кичинекей бала-Дубашов кандай сонун, турмуштун дал өзүндөй ойногон.

Эң кызыгы Кадыр- кул Өмүркулович чыгармачылык тагдырдан үй-бүлөлүк тагдыр таап, Бүбүсара эжекебиз өмүрлүк жолдош болуп калды.

Баланын ролун аткарган Дубашов деген бала башка тармактан тагдыр буйруп, азыр чоң фермер, жакшы турат, баары бир турмуштан өз ордун тапкан мыкты жигит болду.

Ал эми баягы  “Эски тегирменди” кийин жазып,  Үсөн Ибрагимов деген режиссер сценарийди жактырып калды да, дипломдук ишине алган.

Экинчи кесип жана кутман курактын жарыгы
Эгемендүүлүк келгенде заман оош-кыйыш болуп, кино тартуу деген токтоп калбадыбы. Анткени кино чоң каражат менен байланыштуу да. Сценарийлер да ошонун айынан кабыл алынбай калды. Тагдыр деген кызык.

Ошол учурда Кадыркул Өмүркуловду Мамлекеттик телевидениеге чакырып,  Эгемендүүлүк орногондо КТРдин биринчи президенти болуп иштеп калды. 1994-жыл эле. Ошол жылы  Улуттук университетте радио-телевидениеге жаңы факультет ачылмай болуп, “Сиздин тажрыйбаңыз бар, келип иштеп бериңиз, жаңы кадр­ларды даярдоо керек” деген өтү­нүчтү кыйбай педагогдук кызматка өтүүгө туура келди. Мугалим болом деген ою жок Кадыркул агай ошондон бери педагогдук экинчи кесип тапкан.

– Бул дагы ыйык кесип экен, көнүп калдым. Балдарга тарбия бериш, кесипке үйрөтүш да кызык экен, “Манас” университетинде  таланттуу жаштар дипломдук иштерде мыкты даректүү тасмаларды жаратып жатышат. Булар Актандан кийинки муун, жакшы өсүп келе жатат. Кудай буйруса арасынан чыгаандар жаралат.  Бирок, колдоо керек. Колдоо болбой калса, өзүнчө сүрөөнчү таап, ошонун кызыкчылыгы үчүн кино ар кандай тартылып калышы мүмкүн.

Төлөмүш менен Болоттун убагында андай сүрөөнчүгө көз карандылык жок болчу, сапатка гана максат кылышчу, – дейт Кадыркул агай аңгемелеше калганда.

Быйыл агай жетимиш жашка кол берип, өмүрдүн өр жолунда бара жатса дагы, акыл байкап турганына карабай жүрөк деген көкүрөктү көтөртүп, чыгармачылыктын деми отуз жашы менен жүргөндөй сезгенин угуп кубандым. Бир чети кызык, ушу чыгармачылыкты берген Кудайга рахмат айтуу керек. Негизи эле чыгармачыл адамдар карыбайт. Бирок, бардык нерсени иргеп, ойлонуп карап калганы бар. Буга агайдын акыркы жылдарда жараткан “Мөңгү муңу” чыгармасын мисалга тартсак болчудай. Анда адамзаттын жашоосундагы чоң маселелер камтылган. Ал өзүнчө чоң сөз болору алдыда.

Эң негизгиси Кадыркул Өмүркуловдун кутман курагынын жарыгы бийиктей берсин. Улуттун сыймыгы болгон мындай агаларга кылымдын жашын тилек кылалы.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 30.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий