Мамайдын “Манасы” кыргыздарга келди

Кытай кыргыздарынан чыккан Жүсүп Мамай бул кезде кыргызда “Манасты” сегиз урпакка жеткирип айткан жападан-жалгыз манасчы болуп эсептелет. Атүгүл, дастандын буга чейинки эң ири версиясын түзгөн атактуу Саякбай да Манастын бешинчи урпагынан ары ашкан эмес. Ошентип, Жүсүп Мамай ушул тапта “Манастын” он сегиз томдон ашкан теңдешсиз вариантынын автору болуп олтурат. Болгондо да, өзүнөн мурдагы улуу манасчылардын мурасын иргеп, ийине келтирген дүйнөдөгү эң керемет варианттын ээси.

Залкар манасчы Жүсүп Мамай 1918-жылы апрель айында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз Автоном облусунун Ак-Чий ооданына караштуу Кара-Булак айылынын Меркеч кыштагындагы Ат-Жайлоо деген конушунда туулган. Атасы Мамай аксакал 27 балалуу болуп, алардан үчөөсү – эң улуу уулу Балбай, ортончу кызы Рапыйкан жана эң кичүүсү Жүсүп аман чоңоюшуп, калганы чарчап калышкан.

Жүсүп Мамайдын атасы билимге өтө маани берген, Жүсүптү алты жашынан эле Ыстам кожо деген молдодон окутуп, кат тааныткан. Жүсүп Мамай Ыстам кожонун эки аялы тең сабаттуу кишилер болгондугун айтат жана Ыстам кожонун чоң аялы Кенжекандын өзүнө көп жардам бергендигин эскерет. Жүсүптүн өз агасы Балбай да жаш кезинен эле жогоруда аталган  Ыстам кожодон окуп, сабатсыздыгын жойгон. Балбай да билимге кызыгып, өз алдынча китептерди жыйнап, өзгөчө “Манас” айткан кишилерден дастанды жазып алганга көп аракет кылган. Ал ошол чогулткан китеп жана кол жазмаларынын айрымдарын Жүсүптүн окуу аракетин көрүп, инисине берет. Жүсүп Назар молдо кеткенден кийин да окуганды өз алдынча уланта берет.

Атасы Мамай карыя да Жүсүпкө агасы Балбай үйрөткөн “Манасты” айттырып, сынак алат жана дастанды айтып жаткан учурда айтылып жаткан эпизодго ылайык үндү басаңдатуу же бийиктетүү, кыймыл-аракетти ошого жараша ылайыкташтыруу сыяктуу ж.б. ыкмаларды үйрөткөн. 1934-жылы айылга мектеп ачылып, Жүсүп Мамай андан окуп, жазганды мыкты үйрөнүп чыгат. Жүсүп Мамайдын  “Манас” айтып калуусунда агасы Балбайдын салымы көп. Анткени, агасы окуп жазганды билген сабаттуу киши болгондуктан кыргыз элине тиешелүү бардык китеп жана кол жазмаларды чогултуп жүргөн эле. Ал “Манастын”  белгилүү  үч урпагынан  сырткары дагы беш урпакка уланганын угуп, аларды издей баштайт. Балбайдын көктөн издегени  жерден табылып, таякеси Ыбырайым деген кишинин “Манастын” сегиз урпагын билгенин угуп, андан айтып берүүсүн суранат. Ошентип, Балбай таякеси Ыбырайымдан киши жок жерге барып, жазып отуруп, “Манастын” сегиз урпагын толук жазып алат. Агасы Балбай 1934-жылы өзүнүн чогулткан китеп жана кол жазмаларынын баарын Жүсүпкө берип, анын “Манасты”  окуп, жаттап айтып калышына  түздөн-түз себепкер болгон. Жүсүпкө Мамай карыя насаат иретинде мындай дейт: “Манас болсо бир тирүү олуя. Жашың кырктан ашмайынча келсе-келбес жерде “Манас” айтып жүрбө, болбосо олуянын ойлогонуна кайчы, өзүң балаа таап аласың”-дейт.  Жүсүп атасынын насаатын эсинде бекем сактап, “Манас”  айткысы келип турса да оозун басып, кыйла узун убакытка чейин элдин алдында “Манас” айтпай жүрдү.  Айткысы келип чыдабаганда, тоонун  арасына жалгыз барып, бугун чыгарып алып келчү экен.

1961-жылга чейин “Манасты”  айтууга батына албайт. 1962-жылдан баштап Жүсүп Мамайдын  айтуусундагы “Манасты”  жазып алуу иштери башталып, манасчынын айткан “Манасынын” айрым бөлүмдөрү кагаз бетине түшүрүлө баштайт. Бирок, 1966-жылы өлкө ичинде күчөгөн “Маданий төңкөрүш”  манасчыга жана манас изилдөөчүлөргө өз залакасын тийгизип, ошол жылга чейин чогултулган жана жазылып алынган    “Манастын”  бөлүмдөрү жыйналып, алынып кеткен, ал эми Жүсүп Мамайга жалаа жабылып, камакка алынган. Ошентип Жүсүп  Мамайдын айтуусундагы  “Манастын”  кагаз бетине түшүрүлгөн алгачкы нускалары дайынсыз жок болгон. Манасчы Жүсүп Мамай башка залкар манасчылардан айырмаланып, “Манасты” өзү жазып, кагаз бетине түшүргөн  жазгыч  манасчы. 1978-жылдан 1995-жылга чейин “Манастын” сегиз урпагын кагаз бетине түшүрүп, толуктап бүтүргөн.

“Манастын” Жүсүп Мамай варианты 1984-жылдан тарта араб ариби менен Кытай Эл  Республикасынын Син-Цзянь  провинциясында жарык көрө баштады жана бардыгы 18 том басылып чыкты. Ал эми 2004-жылы “Манас” эпосунун  Жүсүп Мамай вариантынын жогоруда айтылган 18 тому бириктирилип жана айрым түзөтүүлөр  киргизилип, “Шинжаң  эл басмасында”  кыргыз араб ариби менен эки том болуп жарык көргөн. Ошол эле жылы “Манас” эпосунун бул варианты азыркы кыргыз графикасында, тактап айтканда кирилл графикасында бир китеп болуп “Шинжаң эл басмасында” басылган. Бул араб арибинде окуй албаган окурмандарга, өзгөчө кыргызстандыктарга абдан ыңгайлуу болгон. Бирок Манас университети тарабынан жарыяланган Коомдук илимдер журналынын 21-санында жарыяланган макалада дурус жактары менен бирге “буруш” жактары айтылып, жазылып жүрөт. Ушул себептен улам Жүсүп Мамайдын вариантын кайрадан кирилл графикасына араб графикасын окуй алган жана бул варианттын үстүндө иштеген адистер жана Жүсүп Мамайдын небереси Акылай Мукаш кызы менен биргелешип, оодарып, мурункуда кетирилген каталарды түздөп, оңдоп басууну туура көрдүк.

Эмне болгон күндө да “Манас” эпосу элге жетип окурмандарын табууда аз нускада чыккан бул китеп да кумга сиңген суудай кыргызстандыктарга жеткени өтө аз. Бул сиздин колуңуздагы Жүсүп Мамайдын вариантында араб графикасында кандай берилсе ошол бойдон түп нусканы эч бирин өзгөртпөй бергенге аракет кылдык.

Кирилл графикасына өткөнчө бизде “х”, ”ю”, “я” тамгаларын илгерки кыргыздар колдонбогонун байкайсыз. Хан дегенди кечээ улуу октябрь революциясынан кийин айтканыбызды кытайлык кыргыздар дале “кан” дешет экен. Тил маселесине келгенде манасчы Жүсүп Мамай кандай айтып, араб графикасында кандай жазылса, оодарган учурда дал өзүндөй берилди. Бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып бир да өзгөртүү берилген жок.

Дастанда кээ бир биздин кыргызстандыктарга тааныш эмес сөздөр, аталыштар учурайт. Ал сөздөр, же диалектилик жана архаикалык сөздөрдүн тобуна кирет, же бизде учурабаган айрым жаныбар, түшүнүк ж.б. аталыштар болуп, манасчынын эс тутумунда сактап, айтканы деп түшүнсөңүз болот. Мисалы: оорук, керич, мышык айуу, тербелүү, кешел, зал ж.б.

Буга чейин биз экономиканы гана көтөрүүнүн камында болуп, жалаң гана материалдык байлыкты эске алып, руханий баалуулуктарыбыздын баарын экинчи орунга коюп келиптирбиз. Бул-биздин эң чоң жаңылыштыгыбыз деп түшүнөм. Жада калса биздин материалдык эмес мурастарды караган мамлекеттик фондубуз жок экен.

Убагында атайы сапар алып, батасын алып тирүүсүндө көзүн көрмөккө Жүсүп атага барганбыз. “Манас” эпосундагы “Сыргактын мүрзөсүн”, “Музбурчактын бейитин” же “Көкөнышык мазарын”, “Кырк чоронун кырк терегин” көрүп, ошол учурдан баштап кыргызстандыктарга Жүсүп Мамайдын “Манас” эпосунун вариантын жеткирүүнү максат кылып койгонбуз.

Чолпон СУБАКОЖОЕВА, Эл аралык Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы сыйлыктын лауреаты, жазуучу,
“Кыргыз Туусу”, 30.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий